Тимур Саламатов: Балдар дүйнөсү – «Алтын уя»

altinuyaКыргызстанда балдар адабиятына, балдар фольклоруна көңүл бурулбайт. Дүкөндөрдө балдар адабияты, алардын акыл-туюмун өстүрүүгө арналган китептердин басымдуу бөлүгү орус тилинде. Бир кездерде атайы балдарга арналган «Кырчын», «Байчечекей» аттуу журналдар болсо, азыр алардан дайын жок. Ал эми кыргыз музыкалык театр тарыхында кичинекей балдарга арналган оюн-спектаклдер жокко эсе болуп келди. Бирин-серин балеттерди жана куурчак театрында коюлган спектаклдерди айтпаганда: опера, оперетта же музыкалык комедия жанрлары композиторлорубуздун көңүл сыртында калгандай эле. 

Биз бүгүн «24.kg» МА бул туурасында КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыковед-композитор, А.Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты жана опера-балет театрынын гендеректири Тимур Саламатов менен ушул туурасында ой бөлүштүк…

— Агай, азыркы күндө балдарга арналган театралдык оюн-зооктор, жомоктор барбы сиз жетектеген театр репертуарында?
— Улуттук опера жана балет театрында бирин-экин орус тилдүү «Кошкин дом», «Доктор Айболитке» окшогон оюн-зоок болуп турду. Ушул өңүттөн алганда композитор Турдубек Чокиевдин жана «Ак шоола» балдар хорунун жетекчиси, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, хормейстер Гүлмира Эсенгулованын «Алтын уя» аттуу балдар опереттасынын пайда болушу – көктөн издегенибиз жерден табылгандай эле болду, өзгөчө кыргыз тилдүү балдар үчүн.

— Бул чыгарманын жаралыш тарыхына сизди да жакындан күбө болгондордун бири дешкенин уктум эле…
— Бул чыгарманын жаралуу процесси менин көз алдымда өткөндүктөн күбө катары айтаарым: учур талабына ылайык өтө зарыл муктаждыктан жаралган чыгарма. Ал 2009-жылы башталып 2010-жылдын май айында сахнага чыкты. Чыгарманын сахнага чыккандагы артыкчылыгы – балдар үчүн жаралып, балдарга арналып, ошол кичинекей балдардын, башкача айтканда, «Ак шоола» балдар хорунун лабораториясында бышып жетилип, ар бир ыры, ар бир бийи тыкыр иштетилип, сомдолуп, кынапталып анан сахнага чыгарылды. Спектакль биринчи коюлганда эле кичинекей бөбөктөр сахнадагы окуяларга жандили менен берилип, чыгарманы өтө жандуу кабыл алышты. Аны менен авторлор көздөгөн максатына бутага таамай тийгендей эле жетишти десем болот. Кичинекейлердин жандүйнөсүнө багышталган «Алтын уя», алардын делебесин козгоп, керемет дүйнөгө бөлөп, музыканын, ыргак-бийдин кооз таасирине чөмүлттү.

— Бул аталган чыгарманын авторлору өткөн жылдын соңунда Маданият күнү белгиленип, «Алтын уя» чыгармасы үчүн сыйланышканы бекеринен эмес экен да анда…
— Албетте, мен сыйлык ээсин тапты дээр элем. Чындыгында опереттанын жаш балдарга жеткиликтүү формадагы ырлары, бийлери, хор менен жазылышы чыгарманын ийигилигин шарттады. Кээ бир татаал обондорду, үн секириктерди, хроматизмдерди кичинекей аткаруучулар оңой-олтоң эле аткарып койду. Бул дагы чыгарманын балдардын ички дүйнөсүнө дал келгенин айгинелейт.

Ал эми бүгүн композиторлор Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулова ушул опереттанын клавирин (ноталуу китебин) басмаканадан чыгарганга жетишишти. Муну менен республикабыздын музыкалык, а түгүл жалпыга билим берүү мектептеринин окуучулары ушул китеп аркалуу опереттанын үзүндүлөрүн ойноп, ырдап үйрөнүүгө шарт түзүлүүдө.

Эл тыңдары, интеллигенция каймактары кайра-кайра кеп кылган идеология деген нерсени, азыркы кыйын кезеңде кыргызга өтө зарыл болгон элибизди-жерибизди сүйүү, Мекен деп күйүү идеясын ооз көптүргөн обу жок сөздөр эмес, жөп-жөнөкөй балдар ырынын, балдар бийинин тили менен, көркөм чыгарманын каймана ою менен айтып койгон бул спектакль көптөгөн наристелердин рух дүйнөсүн байытып, таалим-тарбия берип, татаал мезгилибизде таяныч болуп берерине терең ишенем.

Мунара БОРОМБАЕВА, «24.kg» MA, 08.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий