Жаанбай Асанаалы: Кыргыз адабиятын кытай тилине, кытай адабиятын кыргыз тилине которсок дейм

j_asanaalyЖаанбай Асанаалы – Кытай эл республикасынын (КЭР) жазуучулар коому, КЭР фольклорчулар коомунун жана КЭР «Манас» эпосун изилдөө коому, о.э., ШУАР (жазуучулар коому, фольклорчулар коому, котормо кызматчылар коому) мүчөсү. ШУАР эл өкмөтү тарых маданият изилдөө ордунун атайын сунуш этилген изилдөөчүсү, «Шинжан Кыргыз адабияты» журналынын башкы редакторунун орун басары менен кабарчыбыз Кытай-Кыргызстан ортосундагы адабий алака туурасында сөз курду…

— Акыркы 20 жылдык тарыхыбызда өз алдынча мамлекет болгонубуз менен Кытай кыргыздарын боорго тартып адабият, маданият тармагында анчалык алака мамиле түзалбай келебиз. Ошол эки элдин ортосунда көпүрө болчу адамдардын бири экенсиз. Андыктан Кытайдагы адабий турмуш тууралуу айтып берсеңиз…
— Кытайда, Үрүмчүдө чыга турган Шинжан Кыргыз адабияты журналынын редакциясында иштеймин. Бул журнал чыгып келатканына 30 жыл болду. Жакында эле 30 жылдыгын белгиледик. Анын ичинде 30 жылдык тандалмалардан эки китеп, поэзия боюнча бир, проза боюнча бир китеп дайындадык. Буюрса, бияктан Маданият министрлиги менен сүйлөшүп, медия жана басылмалар менен сүйлөшүп, ушул жылдын июнь айында Кыргызстанда маданий иш-чара өткөрөлү деп турабыз.

– Кытай-кыргыз кылымдардан бери коңшу элбиз. Бирок кытай адабиятынын ири өкүлдөрү Ли Бо, Лао Шэ, Лу Синь өңдүү акын-жазуучуларды орус адабияты аркылуу гана окуп келебиз. Арийне Кытайдын мындай белгилүү акын-жазуучуларынын эмгектерин сиздер аркылуу кыргыз окурмандарына жеткирүү жөрөлгөсүн өзүңүзгө окшогон адистер колго алууга мүмкүнбү бүгүнкү күндө?
— Албетте, бул жакшы демилге, биз кыргыз жазуучуларынын эмгектерин да кытай тилине которчу элек, эми кытай тилинен кыргызчага жайылтсак жакшы эле болмок. Негизи ШУАР жазуучулар союзуна караштуу биздин журнал мен бул жактан баргандан кийин ушул демилгелердин тегерегинде кеңешип, бул ишти ишке ашырсак болот.

— Сиздердин журнал, Кытайдагы кыргыздардын эле адабият-маданияты менен чектелеби же башка улуттардын да чыгармалары которулуп басылабы?
— Негизи кыргыз акын-жазуучуларынын эмгектери чагылдырылат, бирок кээде башка улуттун кытайда жашаган акын-жазуучуларынын эмгектери менен да тааныштырып турабыз. Журналда «Дүйнөлүк адабият» деген рубрикабыз бар, анда дүйнөлүк адабияттын классиктеринин чыгармалары камтылат. Бирок негизги басымды кыргыз акын-жазуучуларына, Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков баштаган көрүнүктүү инсандардан тартып, азыркы замандаш акын-жазуучулардын өмүр баяны, чыгармалары менен толуктайбыз.

Буга чейин биздин журналда «Дүйнөлүк адабият» деген рубрикабызда биякта кыргызчаланган Омар Хаямдын рубаилерин да басып чыгарганбыз. Жакында да бир китеп колубузга тийди, ал Кубанычбек Шарше уулу (Кубанычбек Басылбеков. «24.kg» МА) деген мыкты котормочунун эмгектери. Бул котормочу мурун бизге анча белгилүү эмес эле. Анын китеби Иран мамлекетинен «Чыгыш берметтери» деген ат менен чыгыптыр. Ал киши Омар Хаямды орус тилинен которуптур, корормосу абдан маңыздуу экен, ошондуктан котормону журналыбыздын жакынкы сандарында чагылдыралы деп атабыз.

— Ал жакта кириллицада окуй ала турган адамдар саналуу болсо керек?
— Кириллицада көп эле адамдар окуй алат, анткени союз учурунда ортодогу достук мамиле жакшы болуп, биякта чыккан китептин көбү барып, китепканаларда турчу.

— Бул сапар Кыргызстанга биринчи жолу келдиңизби?
— Ооба, бул жерде уулум окуйт, андан сырткары, дегеле бул жак менен байланыш түзсөмбү дегем, анткени жайында журналдын 30 жылдыгын өткөрүп, иш-чара менен кайра да келем. Ага карата кириллицада жазылган эки альманах бар, ошолорду алып келип, массмедиялар менен байланыш түзүп, андан кийин алты облусту кыдырып саякат жасасакпы дедик эле.

— Дегеле Кыргызстандын жазуучулар союзу менен алака мамилеңиздер кандай?
— Көп эле жазуучулар менен таанышмын, бирок жазуучулар союзуна бара элекмин. «Эркин Тоо», «Жаңы Ала-Тоо», «Кыргыз Туусу» гезиттеринин редакторлору менен жолугушканга үлгүрдүм.

Биз эки тараптын маданий байланышын чыңап, Кыргызстандын адабиятта болгон жетишкендиктерин, ийгиликтерин өз убагында дагы жакшылап Кытай мамлекетине жеткирип турсак дейбиз. Биз менен кошо иштеген уйгур, моңгол, казак, адабияттарын да кыргыз окурмандарына жеткирсек жакшы болор эле. Айтор кыргыз адабиятын кытай тилине, кытай адабиятын кыргыз тилинде которсок деген тилегим бар.

Мунара БОРОМБАЕВА, «24.kg» MA, 16.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий