Арман калтырган ак таңдай

t_abdiev2Үстүбүздөгү жылдын 26-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин 75 жылдык мааракеси белгиленди.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев тирүү болгондо быйыл 75 жашка чыкмак. Кыргыз эл акыны Жолон Мамытовдун “Өткөндөн соң миң жылың да бир күндөй” деген жакшы сабы бар. Ошол сыңары 75 жылың 75 кадамдай эле өтүп кетет окшобойбу. Бирок төкмө акын Тууганбайдын ырлары кыргыз эли барда жоголбойт. Анын саптарын кийинки муундагы төкмөлөр жерге түшүрбөй колдон колго алып кете турган кудурети бар. Тууганбай Абдиевдин өзгөчөлүгү өткөн мезгилдерди айта бербей “учур чакты” так, даана чагылдыргандыгында. Эки акын айтышып жаткан убакта учур чакты” чагылдырып турган акын күчтүү жана дараметтүү. Тууганбай Абдиев менен Замирбек Үсөнбаевдин айтышынан мисал:

З.Ү. – Таланттарды чыгарып,
Тартип менен угалык.

Т.А. – Мас-сасыңар бар болсо,
Мага окшогон кубарып.

З.Ү. – Укпасаң да уккандай,
Уктай бергин суналып.

Т.А. – Керебеттен кокустан
Кетпесең болду куланып.

З.Ү. – Тамашабыз нуска экен,
Тартип менен укса экен.

Т.А. – Элеңдеген жигиттин,
Эси дарты кызда экен.

Негизи кыргыз элинде айтыш өнөрү абдан өнүгүп, 18-19-20 –кылымдын башында апогейине жеткен. Кетмен-Төбө өрөөнү түндүк менен түштүктүн дал ортосуна жайгашкандыктан (биринчиден). Экинчиден Улуу акын Токтогулдун кичи мекени болгондуктан, ага жолугуу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарындагы акын аттуулардын баары анын алдынан өтүш үчүн агылып келгендиктен, Кетмен-Төбө өрөөнү төкмөлөрдүн университетине айланган. Токомдон экзаменден өтүү үчүн барышкан. Бирок кийинки кездери кимдир бирөөлөр өзүлөрүнүн колотундагылардан башкалар билбеген “алптарды” Токтогулдан кыйын көргөзгөнгө аракет кыла башташты. Тууганбай Абдиев кыргыз элинин ак таңдай акындары келип сайраган ошол Кетмен-Төбө өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген.

Кагазсыз ырды жат айткан,
Каналы калбай бат айткан.
Токтогул Калык, Жеңижок,
Толгон бир акын ата айткан. 

Так билесиң баарыңар,
Таяктын эки жагы бар.
Эки деген эсепти,
Эсиңерге алыңар
-деп, ургаачы менен эркек, эки кулак, эки көз, жабык менен ачык, жыттуу менен сасык, коркок-баатыр, бай-жакыр, эшек менен качыр жөнүндө айтып келип:
Батыш менен Чыгыш бар,
Жатыш менен туруш бар.
Бир дегенге өтөйүн, эми
Менде мындай сунуш бар.

Алла өзү бир жалгыз, асмандагы күн жалгыз деп бир саптуу ырга өтөт. Ал чынында талыкпай изденген акын.

КУЛУКЕ КАЛТЫРБАШТЫН КУЙРУЧУКТУ КАЧЫРГАНЫ
(Тууганбай Абдиевди айтканы)

Илгери бир жыйында Куйручук олуя-куудулдун куудулдугу кармап, оюн-чындан тамаша кошуп ырдап, улуу ак таңдай акын Токтогул баштап олтурган акындарды ит атап кеткенде улуу акын Токтогулду ээрчип жүргөн Кетмен-Төбөлүк Кулуке калтырбаш деген өгүзчөн акын чыдай албай ырдап жиберген экен:
Акындарды ит дебе,
Аңылдаган Куйручук,
Дөөдүрөгөн Куйручук.
Дөөгүрсүнүп сүйлөдүң,
Дөбө жакты аңдаган,
Дөбөт болуп жүрбөгүн,
Каңкылдаган Куйручук.
Какшык айтып сүйлөдүң,
Кашат жакты аңдыган.
Канчык болуп жүрбөгүн
, — деп быягын уят сөз менен айтып ийди дейт. Күлбөгөн жан жок. Куйручук теңелбейин деп качып жөнөптүр. Ага болбой Кулуке букасын теминип, демитип артынан кубалап алды дейт.

Ошондо айласы кеткен Куйручук Токтогулга карап:
— Токо! Мунуңду кой де, мунуң ырчы деле эмес, мээси башына чачыраган акмак экен. Токо, кой де. Осоке бий, буга бир ат бербесең басылбайт, -дептир. Анда Током Кулукени:
— Болду эми, калтырбаш дегенде:
— Анан ушунуку туурабы, кара баштуу адамды итке теңейт. Айланайын Токо, кичине кое турсаң эки бутун бир көлөшүнө тыгат элем, — деп ачууланып алыптыр дейт башын калтыратып. Кулуке айыл ырчысы болуп, анча-мынча айыл арасында ырчыларды койчу эмес дешет, өзү Токтогулга туугандык жайы бар экен. Сүйлөгөндө башы калтырап тургандыктан эл ага «Кулуке калтырбаш» деп ат коюп алган тура. Ал эми Токтогул менен Куйручук бир чети дос, экинчиден катуу тамашалашкан азилкечтер экен. Бири-бирин тереңден жакшы түшүнүшүп, биринин сөзүн бири көтөрчү дешет эки залкарды.

Карбалас БАКИРОВ, “Эркин Тоо”, 01.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий