МОЛДО КЫЛЫЧТЫН ОСУЯТЫ же алдыда адамзатты саятчы Каратөлөктүн тагдыры күтүп турабы?

Элдик акындардын акыл-насыят казынасында жашаган өлбөс-өчпөс, бүгүнкү күн үчүн кызылдай актуалдуу бир даанышман нускага көпчүлүктүн көңүлүн буралы деп отурабыз. Молдо Кылычтын көркөм мурастарынын арасында адам-табият мамилеси жаатында жалпы адамзат балдарын ойлонто, толгонто турган улуу идея-осуятты камтыган бир ажайып чыгарма бар. Ал- илгертен келаткан элдик жомоктун негизинде иштелип чыккан акындын «Буудайык» аттуу поэмасы. Мазмунун тереңдиги жагынан «Буудайык» дүйнөлүк классиканын катарында тура турган залкар чыгарма деп айтышка негиз бар.

Поэманын каарманы Каратөлөк саятчы асманда эркин чабыттап учуп жүргөн, эзели кишиге карматпас, канаттуулардын төрөсү деп аталган, багынбас, баатыр кушту-Буудайыкты айласын таап колго түшүрсөм, анан аны ханга тартуулап, төө баштаган тогузду алсам, сандыгымды сары алтынга толтурсам деп ак эткенден так этет, байлыкка суусайт. Акыры Каратөлөк эңсеген тилеги ишке ашып, Буудайыкты кармап, ханга тартуулап, дүнүйө-мүлккө аябагандай туйтунуп, чөмүчү май, көңүлү жай болот.

Бирок бул жерде ойго келбеген көйгөй келип чыгат. Хандын колундагы Буудайык кондурса колго конбойт, таптаса тапка келбейт, үндөсө үндөккө келбейт. Айласы кеткен хан калкына кабар кылып: «Буудайыкты ким тапка келтирсе, самаганын беремин,» — деп жар салды. Кушту тапка келтирүүнү эч ким билбейт. Ошондо элдин ичинен бир кемпир чыгып, каалаганымды орундата турган болсоң, Буудайыктын тапка келээр жолун айтам дейт. Хан макул болот. Кемпир: «Ханым, Буудайыкты ким кармаса, ошол адамдын төш этинен ойгузуп, боор этине тойгузуп, канын көзүнө куйса, ошондо кушуң тапка келет да, көзүнө көрүнгөндүн баарын алат,» — деп сырды ачыкка чыгарат. Хан Каратөлөк саятчыны жигиттерине дароо алдыртып келип, зордук менен өлтүртүп, төшүн ойгузуп, ичин жарып, боор этин алып буудайыкка жем кылып берет. Саятчынын канын куштун көзүнө куйдуртат.

Ошондон кийин буудайык тапка келет да, тоо-талаалардагы жан-жаныбарларга кыргын салып кирет. Аңчылыктын рахатына баткан хан жыргалга тойбой, акыры Буудайыкты жаратылыштын дагы бир төрөсү-алтымыш айры Ак бугуга шилтейт. Бирок Буудайык табият төрөсү Ак бугуга ызаат кылгандай кол салбайт. Буудайык кол салбайт да, хандын чек билбеген кумар-араанын таш каптырып, алтындан жасалган боосун тытып, асманга атып чыгып, ай, күндү карай сызып, көздөн кайым болот.

Поэма ойдогудай көркөм, күтүүсүз сюжеттик бурулуштарга карк болуп, курч жана терең жазылган.

Бирок бизди кызыктырган нерсе, бул жерде Молдо Кылычтын чыгармасынын сюжеттик-логикалык өзөгүнөн сызылып чыгып турган философия болуп отурат. Чыгармадан илгертен келе жаткан табият мыйзамын осолдук менен аттоо, ортодогу тең салмактуулукту бузуу, жаратылышка карасанатайлык, зомбулук кылуу, аны эркинен ажыратып, тебелеп-тепсеп ойго келгенин кылуу, өзүнүн өзүмчүл мүдөөлөрүн жана чектен чыгып кутурган кумарларын, күсөө-суусоолорун кандыруу акыры адамды трагедиялуу финалга алып келбей койбойт деген акылман тыянак келип чыгып жатат. Карачы, бул жерде канчалаган айыпсыз жан-жаныбарлар бөөдө кыргын тапты, асманда Буудайыктын өзү адам баласынын айынан күнөөгө белчесинен батты, Каратөлөктүн өзү өлүмгө учурады.

Байып, бактылуу болом деген Каратөлөктүн ошол кармаган Буудайык куштун өзүнө кайра жем болуп, боору чокулуп, каны төгүлүшү-бул символикалуу. Терең аңдасак, жаратылышты кордоо, туткундоо, жок кылуу-бул ошол эле учурда өзүнө каршы өзү жаа тартуу деген кеп экен. Бул жерде кайра эле алиги Кожожаштын айтылуу трагедиясы кайрадан бөлөкчө вариацияда кайталанып жатат. Демек, жаратылыш менен баланс, биримдик, ынтымак мыйзамы оройлук менен бузулса, ошол жерде ар качандан бир качан сөзсүз кишинин тагдырын жамандык күтүп турат. Улуу чыгарма «Буудайыктын» мазмунунан табият менен болгон мамиледе биринчи иретте, кутуруп, ашып-ташып араанын ачып жибере турган напсиңди тыйып, барга топук, азга сабыр кылып, жаратылыш-эне менен тең салмактуу алакада күн көрүп, баягы акылман Асан Кайгынын «Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же басарга буту жок, жылан байкуш кантти экен?» деген сыяктуу боорукер, мээримдүү, гуманисттик осуятынын сабактарын ичиңден арка-бел кылып жашашың ылайык деген нуска-кеп чыгып жатат го.

Буудайыктын алтын боосун тытып, ай, күндү карай учушу табияттын кишинин өзүмчүл, өкүмчүл эркине каршы козголоң- бунтунун жана багынбастыгынын символу. Ушул ойлорго кошумча, мен сиздерге атактуу адабият сынчысы Кеңешбек Асаналиев менен айтылуу Эл мугалими Бектур Исаковдун «Буудайык» жомогунун маңызын чечмелеп чыгарган бүтүмдөрүн да тартуулап коёюн: «Бул жолу Буудайык адамдын эркине баш ийбейт, анын зордугуна көнбөйт. Эмне үчүн? Анткени, табияттын, жаратылыштын гармониясын бири-бирине ык келишкен эриш-аркагын бузууга болбойт. Жаратылышты зордоп багынтуу үчүн, аны өзү каалагандай жумшап иштетүү үчүн, б.а. жаратылышты өз табигый касиет-сапатынан ажыратуу үчүн адам канчалык аракеттенбесин, ал турмак, канча ирет өз өмүрүнөн кечпесин, баары бир жаратылыш мыйзамын бузууга, же ошол мыйзамга каршы турууга эч мүмкүн эмес. Жаратылыш өзүнүн табигый абалында жашоого тийиш. Анткени жаратылыш ошончолук бийик, ал ай менен теңдеш, күн менен теңдеш. Бул поэманын элдик түп негизинде жаткан адам менен табияттын ортосундагы бөлүнбөс бирдик идеясы, бул анчейин гана кыргыз фольклорунун, кыргыз маданиятынын жекече гана улуттук кенчи, мүлкү эмес, ал жалпы адамзаттык кадыр-баркка толук татырлык окуя, көрүнүш десе болот» (К.Асаналиев). «Бул дастан-эскертүү, адамзатка сабак. Сулуулукту талкалап, ыйыктыкка кол салганга мүмкүнчүлүк түзгөндөр да жазаланат. Демек, «Буудайыктагы» катылган алтын кенч-бул ар бирибизге берилген тапшырма. Болгондо да акылыңды жоготуп, көөп баратканда, эсиңе келтирип туруучу улуу чыгарма.»(Бектур Исаков).
Молдо Кылычтын «Буудайык» чыгармасынан улам калк ичинде илгертен жашап келе жаткан «Карагул ботом» эске түшөт. «Буудайыкта» саятчы Каратөлөк өзүнүн кылган кылыгынын кесепетинен өлүп тынса, элдик поэма, айтылуу «Карагул ботомдо» тектирден теке, будурдан буга атып, бооз деп эчкисин атып, кооз деп элигин атып дуулап келген 70тен ашкан карыган мергенчинин трагедиясы баяндалат. Мергенчи бир күнү аңчылыктан жолу болбой келатып, атасын издеп чыгып, чарчап, арчанын түбүнө уктап калган кичинекей элик тончон баласын кайберендин чаарчыгы экен деп, аңдабай атып алып, тирүүлөй өлүп, ботодой боздоп турат. Кудайга үнү жетип ыйласа адам жанына чыдап тура албайт. Окуйлу:
Байкабай элик экен деп, ботом,
Башын жедим баламын, ботом.
Кара канын чууртуп, ботом,
Кантип үйгө барамын, ботом.
Адырда аркар жатканда, ботом,
Аңдып барып атканда, ботом.
Алыска кетчү куу мылтык, ботом,
Менин ардагыма түз тийип, ботом.
Жериңде жатып атканда, ботом,
Жетпей калчу куу мылтык ботом.
Менин жетимиме түз тийип, ботом,
Жетимиш жаштан ашканда, ботом,
Жерге эле как баш кирсемчи, ботом.
Өлсөм турпак саларым, ботом,
Өксүсөм колдон аларым ботом.
Өчтүңбү күйгөн панарым, ботом.
Каргышына калгамбы,
Кайберен теке, кийиктин, ботом.»

«Карагул ботом» чыгармасы табияттын убал-сообун ойлобогон катаал жүрүм-турумдун айынан туулган трагедияны чегине жеткизе курчутуп, чокусуна чыгара сүрөттөгөн, жаратылыш менен кишинин ортосундагы конфликттен чыккан кайгы-муңду мынчалык деңгээлде сай-сөөктү сыздатып ырдаган бул өңдүү чыгарма дүйнөлүк адабиятта жок болсо керек.

«Карагул ботомдон» чыгаар тыянак, сабак ушул: табият энеге каршы ок атканың- өзүңө ок атканың, андан ары барып балаңа ок атканың. Терең карай келгенде, мергенчинин ыйы-бул ыза-кордук көргөн табияттын өзүнүн ыйы, адамдын жүрөгү менен табияттын өзүнүн сыздаганы. Терең түшүнсөк, бул жерде мергендин баласына териси тон болгон алиги атылган чаарчык чыркырап ыйлап жатат. Молдо Кылыч өзүнүн «Буудайыгында» «Карагул ботомдун» тереңдеги логикасын уланткан сыяктуу.

Бүгүнкү күнгө которуп, кеңири чечмелей айтсак, кыргыз акылмандыгынын эскертүүсү бул: табият эне менен адам баласынын эриш-аркак мыйзамы, өз ара гармониясы сакталбай, унутула турган болсо, жакынкы келечекте өзүнүн цивилизациясы өзүнө каршы ок болуп, жер үстүндөгү адамзат кайгылуу «Карагул ботомду» ырдап калышы мүмкүн.

Биздин ата-бабаларыбыз элдик чыгармаларга түйүнчөктөй түйүп, өйдөкүдөй экологиялык асыл нускаларды гана энчилеп калтырбастан ошону менен бирге көздүн карегиндей сактап келип, экологиялык жактан таптаза, сулуулукка, байлыкка карк ажайып Ала-Тоону да мурас кылып тукумдарына таштап кеткен. Ушундай дартка даба, саламатчылыкка эм мөлтүр кашка сууларын, акактай тунук булактарын, бетегелүү белдерин, берекелүү жерлерин көрүп, улуу Манас атабыз Ысык-Көл жөнүндө : «Пенде көрчү жер экен, ортосу көпкөк көл экен, суусунда миңдей түр экен, жердеген адам бай болоор, түгөнбөс ырыс-кен экен, мындай кызык жер болбос, мындай кызык көл болбос», деп таңгала, тамшана суктанган экен. «Табият менен таттуу мамиледе болуу» жөнүндөгү Манастын осуяты бекеринен эмес. Бирок ошол осуятты аткара алдыкпы?

Бүгүн жер үстүндө башкача заман өкүмүн жүргүзүп жатат. Ата-бабалардын тукумдарга мурастаган сабактары, эскертүүлөрү (мисалы: кыргыздын «Кожожаш», «Буудайык», «Карагул ботом» чыгармаларындагы нускалар сыяктуу) унуткарылып, Асан Кайгынын жаратылышчыл, гуманисттик маданияты өңдүү жан дүйнө наркын жайылта турган элдик таалим-тарбия четке сүрүлүп, кишилерде табиятка карата бухгалтериялык-коммерциялык, прагматикалык-керектөөчүлүк психология, агрессивдүү-жырткычтык мамиле өз бийлигин жүргүзүп, адам табияттын кожоюну деген антропоцентристтик менменсинген көз караш үстөмдүк кылып, адамзаттын маданий-рухий, ыймандык өнүгүшү анын дүркүрөгөн материалдык-техникалык өнүгүшүнөн артта калган заман орноду. Мына ушунун натыйжасында дүйнөнү, анын ичинде Кыргызстанды да (Бир эле Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Түштүк аймактарындагы СССРдин аскердик-өнөр жай комплекси үчүн иштеген уран кендеринин калдыктарынын кесепеттүү көмүндү -«мүрзөлөрү» өзүнүн радиациялык коркунучтуулугу менен

(Уландысы бар)

Советбек БАЙГАЗИЕВ, «Фабула» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий