Жыпар Арыкованын “Тордолгон асманы”

jypara_arykova1К.Бакиевдин татаал доорунда канчалаган кырчындай жигиттер окко учуп, камчыга сап болор канчалаган кыргыздын уул-кыздары курмандыкка айланбады дейсиз. Алардын бири учурда «Замана» студиясынын башкы редактору болуп иштеп жаткан Жыпара Арыкованы Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында улук кеңешчи болуп иштеп жаткан учурунда шпиондук жасады деген жалган жалаа менен бейкүнөө түрмөгө отургузушкан. Арадан 11 ай өткөн соң акталып чыккан. Ошол түрмөдөгү азаптуу күндөр чагыл-дырылган «Тордолгон асман» аттуу китебинин бет ачары улуттук китепканада өткөн апта аягында белгиленип, депутат Бөдөш Мамырова баштаган белгилүү адамдар кеченин коногу болуп жакшы ойлорун бөлүштү.

Менин кол тамгам
Мен абдан бактылуу жашоону жашап өттүм. Менин курагымдагы миллиондогон адамдарга караганда мен жолдуу экенмин. Мен көп азап чектим, жөнөкөй адамдар көрбөгөн нерсени баштан кечирип, сезип, жашап көрдүм. Мен бактылуумун.

Эркиндик тамчысы
Бул менин гана тагдырым эмес, бул миңдеген менин замандаштарымдын, аеосуз чындык деп күрөшүп жеңилип калган же жеңген аялдардын тагдыры. Бул мен тарткан азап эмес, бул бүтүндөй куугунтук жегендер тарткан азап. Бул бүгүнкү биздин жашоо, биздин коом, биздин азап. Демек, мен жазышым керек. Бул жөн эле китептин барактары эмес, жүрөгүмдүн чел кабыгы, андагы тамгалар көз жашымдын тамчылары.

Качан китеп окурмандардын колуна тийгенде анын акыркы барагына жеткенге чейин алардын убактылуу иши да, уйкусу да токтоп калышы мүмкүн. Эмне үчүн? Анткени бул китеп биз жөнүндө жана биз үчүн.

Менин китебим биздин өлкөдө жашагандар үчүн таасирдүү табылга. Ал менин тагдырым болгон менен коомдун тагдыры, анын зар-муңу…
Бүгүн жамгыр жаады. Кадимки жазгы жамгыр
(күндөлүктөн)

Бүгүн акыркы соттук процесс, менин тагдырым чечилет. Эртең менен баягыдай эле кыйналып-кысталып жатып сыртка чыктым. Акыры саргайып күткөн күн келди. Соттун имаратынын алдында журналисттер толо турган экен.

Сот кечирээк башталды. Колдорум муздап, кайра-кайра валидолду тилимдин астына салып отурдум. Соттук ишти алпарган судья дагы үстөккө-босток чылымын чегип ойлуу отурду. Анын абалы да оор, адам тагдырын чечүү оңойбу? Анын кызматы адамдын тагдыры үчүн өкүм чыгаруу. Мына бүттү. Сот өкүмүн чыгарганга кетти. Тыныгуу. Апам жаныма келди, туугандарым кудайлап турушат. Жарым саат убакыт жарым кылымга тете сезилди. Алтургай адвокаттар да толкунданып, тынчсызданып жатышты. Мен кайра темир тордун аржагына кирдим. Ордуман туруп өкүмдү угар убакыт келди. Колдорум темирге бекем карышып, өңүм бозоруп кетти окшойт. Бүт денем калчылдап жатты. Адвокатым Нина Зотова «держись, Жыпара» деди. Аңгыча 20 жылды мойнума илген оор статьяны «акталды» дегенде көзүмө эч нерсе көрүнбөй, кулагым чуулдап делдиреп турдум. Андан аркысын уга албадым. Дендароо болгон абалымды сүрөттөп берүү мүмкүн эмес эле. Кубанаарымды же ыйлаарымды билбей турдум.

Соттук өкүм күчүнө киргенче мыйзам боюнча он күн кайра камерага барам. Он күн аралыгында апелляциялык арыз болбосо мага эркиндик келет. Дагы азыраак чыдашым керек.

Сот залынан кайра камерага алып келишти. Киргенимде эле эмне болду деди жанымдагы кыз. Камерадагылар кечинде телевизордон көрүп алышып, трубаларды, дубалды ургулашып куттукташты. Бул бир жылга чейинки аралыкта биз сөзү жок үн менен сүйлөшкөнгө, ургулаган дабышты окуганга үйрөнүп бүткөн элек. Кечинде чайдын кагазынын бетине «Жеңишиң менен, Жыпара!» деген бир сап сөз жазылган куттуктоо келди.

Оо, жеңишке жетүү үчүн канча көз жаш агып, канчалаган жакындарым зыркырап турушту. Канча сагыныч менен айрылууну сездик. Канча ачуу шор жүзүмдү жууду. Бул жарым жеңиш, жашоодо дагы канча күрөштөр күтүп турат. Азап менен кайгы түбү тешик идиштен үстүмөн ылдый куюлгандай токтоор күнү барбы дейм. Айдын он беши жарык, он беши караңгы дегендин чындыгы бар го. Жатып алып кыялдана баштадым.

***
Эркиндик… Бүгүн жамгыр жаады. Кадимки жазгы жамгыр. Мына мен көчөгө чуркап чыктым. Бала кезде дайыма ушинтчүмүн, жамгыр алдында суу болуп турганды жакшы көрөр элем. Ошол жамгырдын тамчыларынан ырахат алчумун, тазарчумун. Чуркап чыгарым менен тамчылар мага төгүлдү, анан ээгимден жамгырдын даамын сездим, мен жамгырдын эмес, эркиндиктин даамын таттым!

Мен жамгыр менен кошо шамалга каршы жүгүрө бергим келди, жүгүрө бергим келди. Эч ким алдымды тороп чыкпаса экен. Алдымда «кирүүгө уруксат эмес» деген да жазуусу бар тактайды да жолуктургум келбейт, атургай «Кош келиңиз» деген да жазууну жолуктуруу кыйын биздин коомдо.

Бул жалганда эч кандай көрсөтмө, эреже болбосо дейм. Чексиздик болсо… Каалгасы чоң ачылган мейкиндик, аалам болсо. Көйкөлүп чөп өскөн талаа болсо, ага оонасам, гүлдөрдүн жытын искесем. Тоодон ылдый чуркасам. Эч ким мага тоскоолдук кылбаса. Адам менен ааламдын ортосун кытайдын дубалындай дубал менен тоспосо. Эркиндик деген эмне? Бул коркунучу жок, тоскоолдугу жок жашоо. Адамдар эки жагын каранбай эркин сүйлөткөн, аны жана анын үй-бүлөсүн кайсы бир капилет айткан сөзү үчүн же жазган жазуусу үчүн жабыркатпаган турмуштун өзү эркиндик. «Тилиңди тарт!» деп кесмекке албаса. Басканың эркин, дем алууң эркин болсо, мына ошол ырахат. Кимдир бирөө сенин үй-бүлөңдүн же сенин жеке турмушуңдун үстүнөн бийлик жүргүзбөсө ошол эркиндик.

Бирок жашоо мыйзамы андай эмес. Сыягы жашоо мыйзамы деген сөздү өзүбүз токуп алгандай, андай мыйзамдарды да өзүбүз түзүп алган окшойбуз сыягы.

Окурманым, бир адамдын өмүрү менен өлүмү бүгүнкү коомдо чоң көйгөйгө айланган. Биз адамдарды моралдык жол менен өлтүрүүнү адатка айлантканбыз. Акыркы жылдары кыргыздын албан-субан жигиттери жашы 50гө жетпей өмүр менен кош айтышып жатканы, жүрөк-кан тамыр, шишик ооруларынын өсүшү коомдун трагедиясы эмей эмне?! Жер-жерлердеги кенди каздырып ар кандай нурланууну жаратып жаткан бул XXI кылымдын жетишкендик трагедиясыбы? Жашы кыркка жетпей тиштери күбүлүп түшүп, экологиялык бузулуудан жабыркап жаш өлүп кетип жатканы бул коомдун арманы менен азабы! Бул эстутум менин, менин жакындарымдын гана трагедиясы эмес, биздин коомдун да трагедиясы.

8-май, 2007-жыл
Жалыны өрттөй уландар
Ботодой ыйлап теребел,
Боз инген болду энелер.
Бооруна кысып уулуңду,
Боюна алды жер эне.

Бийлик эзип дембе-дем,
Биригип чыккан эл менен.
Бир далайы окко учту,
Тили да, дили жер деген.

Жалыны өрттөй уландар,
Жарыгы өчтү уланбай.
Жайларына киришти,
Жашоонун гүлүн сугарбай.

Жер ыйлайт, жетим дем ыйлайт,
Жери жалгыз кем ыйлайт,
Желбоосу калып өзү жок,
Жесирмин деген тең ыйлайт.

Чырмалды Ата-Бейитке,
Чынардай асыл өмүрлөр.
Чындык үчүн жан берди,
Чырактай жаны сөгүлгөн.

Асманда учат ылаачын,
Айланып издеп уясын,
Атылган окко тостубу,
Ата Журт үчүн кулачын.

***
Көл эңсеп барып толкунду көрсөң,
Көксөгөн менден салам айт.
Көктөмдүү балам, көз жаштуу энем,
Көйкөлгөн жерим, өзүңө жалгыз аманат.

Туз жыттуу туулган жериме барсаң,
Тумарлап менден салам айт.
Турмушу эшек араба болгон,
Туугандар жүрсүн саламат.

Жарылып үйү жаралуу болгон,
Жандарга менден салам айт.
Жашооңо апа, кудайым жөлөк,
Жардамга сага менчелик эч ким жарабайт.

Томсоруп турган тоолорду көрсөң,
Тор кушу менден салам айт.
Томуктай кыздын тагдыры үчүн,
Толгонуп жаның канабайт.

Сайраган куштун эшитсең үнүн,
Саламым айткын сагынып.
Сабалап учпай кайрылды канат,
Саргайдым торго кабылып.

Төшүңө тамса жамгырлуу тамчы,
Төгүлгөн менин арманым.
Төрөлбөй койбой не болдум чиркин,
Төөнөлүп муңга кан-жаным.

Алтынын алып, тоолорун саткан,
Далайлар жүрөт эркиндеп.
Акыйкат жалгыз теңирден болоор,
Ак жолдо турган эрким бек!

Тамара КЫЯЗОВА, апасы: «Көз жашыбыз жалбыракка сиңди»
— Кызымды көргөнүмдө бутундагы тапичкеси куурап калыптыр. Бут кийими куурап калган өзү кантип куурабасын деп боздодум. Апасы баласын басып жыгылгандай эле мен да шаарга келерим менен апа-аа деп Ак үйдү басып жыгылдым. Биздин башыбызга иш түшсө жогору жактагы ата-энебизге келет экенбиз. Ушулардан жакшы сөз угамбы деп келет экенбиз. Ошондо Жыпаранын отурган жерине чейин кирип, жылуу сөзүн арнаган акыйкатчы Турсунбек Акунга рахмат. Эч ким кабыл албай Ак үйдүн алдында сыздап жүргөндө, эч кимден коркпогон Дооронбек Садырбаев кабыл алып «ай, ушул биздин мамлекетте сыр барбы. Каяктагы түшкө кирбеген сырды айтып жатышат. Кенедей кызды, чычкандай кызды кармап алып арстан кармап алгандай маашырлангандарын кара» деп мени кабыл алып, калыс сөзүн айтканына кадимкидей кайраттандым. Ошондо журналисттер тынбай ал-акыбалымды сурап турушту. Кээде ачуум келген күнү аларга да оң жооп бербей ачууланчумун. Чачылып кеткен энемин да. Кийин акырын-акырын жооткотуп сурашып менин сырымды да билип алышты. Аттиң, мен чыгарма жарата алсам бул күндөрүм шумдук чыгармага айланмак. Атасы экөөбүз жетелешип алып мээ кайнаткан ысыкта жүрдүк. Жамгыры куюлган күз мезгилинде жүрдүк. Көз жашыбыз жалбыракка сиңди. Кычыраган кыш келди. Көзүбүзгө кар бүртүктөрү тоңду. Жадыраган жаз мезгили келди. Жазында май айында кызым бошотулду. Ошондуктан май айын жакшы көрөм.

Турсунбек АКУН, Акыйкатчы: «Жыпаранын эрки бекемдигине таңгалдым»
— Айтылып кеткен татаал заманда мен бийликте туруп калдым. Өзүмө ыраазы болгонум, кошомат кылып бийликтин сөзүн сүйлөгөн жерим жок. Акты ак, караны кара деп айтчумун. Жыпара тууралуу кабар кетери менен эле болгон аракетимди жасадым. Жыпаранын апасы, Айжан деген адвокаты да мага кайрылып, түрмөгө кирдим. Жыпара халатчан отуруптур. Башка киши болсо чөгүп, бүгүлүп, бүтүп калмак. Мен түрмөгө далай адамдарга киргем. Ошондо Жыпаранын эркинин бекемдигине таңгалдым. Мен кетип жатканда Жыпара «мен акмын» деп ишеничтүү айткан. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, ошондо минтип Жыпаранын китебинин бет ачарында жолугушабыз деп ким ойлоптур.

Жеңишкүл ӨЗҮБЕКОВА, акын: «Жүрөктөн чыкса жүрөккө жетет»
— Баарыбыз ыйлап алдык. Энесинин сөздөрү жүрөгүмдү оорута тургандай таасир этти. Бул бир эненин кайгысы, бир эненин муң-зары эмес. Бул иретсиздик, калыссыздык, кара мүртөздүк доорундагы көп жарандардын кайгысы. Ошол режим, бийлик, ошол кездеги көпкөнчүлүк. Бирок чындык бир жерди тешип чыгат экен. Алыс деле кеткен жок. Жарк этип адамдын күнөөлүү эместигин Кудай Таалам таразалап, ошол кездеги азаптуу күндөр жазылган китептин бет ачары болуп өттү. Китеп жөнүндө айтсам абдан жакшы жазылган. Муну көркөм китеп деп айтыш да кыйын. Публицистикалык, документалдык чыгарма деп айтыш да кыйын. Экөөнүн ортосундагы синтез. Мында жандүйнөнүн жабыркаганы, ар бир сөзү жүрөктөн чыгып бизге берилип отурат. Жүрөктөн чыкса жүрөккө жетет дегендей, жүрөккө жете турган жери көп. Бул жерде чындык жазылып жатат. Мында кара ойлорун ишке ашырам дегендердин курмандыгы болгон айыпсыз адамдардын тагдыры жатат. Ошо үчүн бул китеп өтө элге жага турган китеп болот. Ушунчалык образдуу, жандуу жазылган. Жыпара ушунчалык көп азап тартса, алдыда көп жыргалчылык күтөт.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА, «Жаңы Агым» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Жыпар Арыкованын “Тордолгон асманы”: 1 комментарий

  • 18.03.2013 в 12:29
    Permalink

    Жыпара, китебиңин чыгышы менен!

    Жөнөкөй кыз эмессиң,
    Жылдыздар тогошкондо
    Тартылды бир элесиң!
    Селдеке соттошкондо,
    Сөзүңдү бек дегенсиң!

    Жөнөкөй кыз эмессиң,
    Керилген ак маралдай,
    Тамшанып, суктанышкан
    Белиңен имералбай!
    Калмаксың бош болгондо
    Оор жүктү көтөралбай!

    Азамат! Туруп кеттиң!
    Апаң бар, көрөрманың,
    Аздектейт окурманың,
    Сезимтал саптарыңды
    Зарлаган угарманың!

    Жөнөкөй

    Ответ

Добавить комментарий