Бактыгүлдүн бак-дарактуу ырлары

b_choturovaЖакында КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын “Найман” аттуу көлөмдүү ырлар жыйнагы “Турар” басмасынан жарыкка чыкты. Китептин көлөмү 25,5 басма табак. Сырткы жасалгасы абдан мыкты көркөмдөлгөн. Эми ички мазмуну кандай болду экен? Ошого көңүл буралы. Жыйнак негизинен эки бөлүктөн турат. Биринчи лирикалык ырлар, экинчиси поэмалар:

Чарчоолорду жатканда аста-а көөшүп,
Аттап өткүм келет го-о, аттап өтүп.
Кумурскадай кыбырайм ыр көтөрүп…
Колдон келбейт көрүнөт башка кесип.

Түнбү, күнбү турса да үймөлөнүп,
Түртүп коюп түйшүктү үйгө келип.
Бир тоголок дан түрткөн кумурскадай
Бир сап ырды келатам дүйнө көрүп…

Кумурсканын бир тоголок дан көтөрүп баратканы, акындын ошого тете бир сап ыр көтөрүп баратканы элестүү чагылдырылган. Чыгармачылык чындыгында ошондой. Залкар акын Жолон Мамытов: “Акындык аңды, дөңдү уйкаштырып, ааламдан алдап өтүп кетүү эмес”-деп бекер жеринен айтпаса керек. Акын бардык түшүнүктү түртүп салып, бир сап ырды дүйнө көрүп, тынымсыз изденүүнүн үстүндө келет. Ушул эки куплет ыр китептин эң баш жагына коюлуптур. Жыйнакты аягына чейин толук окуп чыккандан кийин автордун айтканына толук ынанасың.

Сезимде табышмак сырдуу күчтөнбү,
Негедир төгүлүп турат ичтен күү…
Жан дүйнөң жабыркабасын мага окшоп,
Жалгыз тал, жаныңа көчөт тиксемби?

Бул автордун “Жалгыз тал жаныңдан өттүм” деген ырынан үзүндү. Мында акындын тагдырына байланышкан көп  нерселер катылган. Балким зериксең керек, жалгыздык деген жакшы эмес, ошондуктан жаныңа бир көчөт отургузуп койсом деген оюн айтат. Же “Рязандагы жамгырда” аттуу ырын алып көрөлү.

Жамгырда Рязандын асманынын,
Таң супа салса да албай азга тыным.
Куюлат тереземе тармалданып,
Өзүңдөй Есениндин чачтарынын.

Рязандын нөшөрлөп төккөн жамгырынын Есениндин чачтарындай тармалданганын көрө билүүсү акындын өзгөчөлүгүн айгинелейт.

Бактымды билгем акыр көрөрүмдү,
Баладай сени өзүмкү дебедимби.
Эсиңе түштүм бекен ушул азыр,
Ээрчитип күндү мага жөнөдүңбү?!

Ай, күн, жылдыздарды ырларында пайдаланбаган акындар жокко эсе. Аны ылайыгы келсе да, келбесе да пайдалана бергендер арбын. Бирок Бактыгүлдүн “ээрчитип күндү мага жөнөдүңбү?” деген сабы жаңы табылгадай туюлат. Анткени ал жан дүйнөсүндө бышып жетилген нерселерди гана жазат. Чалды-куйду болуп чарпыла бербейт.

Билбеймин убадаңдан эмне корком?
Келем деп айтпагын да келбеген соң.
Кулагым үмүтүмдү укмак эмес,
Куш учуп жеталбаган жерде болсоң.

Алсыздай жакын туруп алыстайсың,
Коркоктой кадамыңды карыштайсың.
Түшүнбөйм ошондо да азгырыктуу,
Түшүмдө карматпаган жарыктайсың.

Түшүндө карматпаган жарыктын өзү чыныгы поэзия. Кулагым үмүтүмдү укмак эмес деген саптын өзүндө чечмелей турган көп нерселер жатат.

“Сөөк мисте” аттуу ырынан мисал:

Сөөк мисте сөөгүнүн ичинде,
Нени көрүп жатат экен түшүндө.
Сөөлөт менен сырын катып зымпыят,
Сөөгүнөн сыртта турган бүт үнгө.

Кантип бышкан, кайдан келген суу ичкен?
Төбөсүнөн кактагандыр күн үстөм.
Канча колдон өтүп келген бир уучун,
Бизге насип буйручудай ким үзгөн?

Акындын көз карашы менен байкап көрсөм жалаң адамдардын эле эмес, сөөк мистенин да өзүнчө бир кызык тагдыры бар экен. Бирок бир карасаң ошол сөөк мисте аркылуу адамдын мүнөзү айтылып жаткандай. Бир туруп жоолукту зымпыйта салынган чыйрак кыздын элесин көрөбүз. Ал сөөк мисте чындыгында эле түшүндө  эмнелерди көрөт болду экен? Акын ушинтип окурманды бир топ ойго салат.  Бул ырды мен кыргыз поэзиясындагы эң мыкты ырлардын катарына кошоор элем. Жаңы табылга, изденүүнүн натыйжасы деп билемин. Маселен сөөк мистени жебеген кишини табыш кыйын. Баары эле жейт. Бирок сөөгүнүн  ичинде кандай түш көрөөрүн ким ойлоптур. Бактыгүл башка акындар көрбөгөн нерсени көрө билет, байкайт. Поэзияга, ырларына жоопкерчилик менен мамиле жасайт.

Керилген келбетиңде өзгөрүү жок,
Байкатпай баягыдай көздөрүң шок.
Чачылып өөп өттү көздөрүмдү
Ойгондум… жалгыздыкта денем бүт от!

Көздөрүң көздөрүмдү өөп өттү деген сапты окуп, окурман көздүн дагы оозу барбы деген ойго батышы мүмкүн. Ар бир акын ар башкача көрөт. Бул китептеги ырлардын басымдуу бөлүгүн сүйүү ырлары түзөт.

Жалбарат неге дарыя,
Азгырып түндү шарына.
Өптүрүп аппак ай нурун,
Кайылдай болуп баарына.

Жалбарат мага акырын,
Дарыя сымал асылым.
Жүрүпмүн билбей жалынуу,
Жүрөккө мынча жакынын.

Агат ой, жооп табылбай,
Артка акпас суунун шарындай,
Кайрылбай катуу тагдырга,
Канакей өтсөк багынбай.

Айлана тегеректеги добуштардын, шыбырлардын баарын басып шаркырап агып жаткан дарыя жөнүндө ар бир куплетте кайталанат. Ошол кайталоо деңиздин толкундары аскаларга улам күчөп урунгандай ырдын маани маңызына дем-күч кошкондой таасир калтырат. Эң акырында автор: кайрылбай каптуу тагдырга, канакей өтсөк багынбай” деген негизги оюн айтат. Анын ырлары кумга сиңип кеткен суудай жок болуп кетпей, дайыма шаркырап агып жатканын байкайбыз.

Иңирде өттү сенин жалынганың,
Имерген колдоруңду сагынгамын.
Ийилип кучагыңда турдум анан,
Иймектей айдын тиктеп жаңырганын.

Жогорудагы төрт сапта ички сезимдерден сырткары даана тартылган сүрөт да бар. Маселен сүрөтчү ушул төрт сапты окуп туруп эң сонун көркөм сүрөт тартса болот. Көз ирмемдерди кармап калуу деген ушу. Негизи поэзия көз ирмемдердеги учуп келген ойлордон түзүлгөн.

(Уландысы кийинки санда)

Карбалас БАКИРОВ, «Эркин Тоо», 05.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий