Дүйнөдөн биздикиндей салбуурун оюндарын көрө алган жокпуз…

salburun1Кушбегилердин эл аралык федерациясы түзүлдү

Жакынкы Чыгышта жомоктогудай өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири Катар мамлекетинин Доха шаарында 27-январдан 3-февралга чейин «Куш таптоочулардын» эл аралык фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалга Катар, Оман, Бахрейн, Сауд Арабиясы жана Араб эмираттарынан шумкар түркүмүндөгү куштарды, «слюги» араб тайгандарын таптаган ышкыбоздор катышты. Бул фестиваль Катарда жылда өткөрүлүп келе жатат. Бирок, ушул сапардагысында фестивалды уюштуруучулар Монголия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстандан ардактуу мейман катары өкүлдөрдү чакырышты. Кыргызстандан катышканы мен барып, фестивалдын жүрүшүндө өзүм тарттырган «Салбуурун» документалдуу фильминин англисче вариантын эки жерден презентациялоого жетиштим. Андагы кадрларга көрүүчүлөр абдан баа беришти. Фильмде бүркүткө, тайганга карышкыр алдырган эпизоддор бар. Катарлыктардын бизди, орто азиялыктарды чакыргандарынын себеби, кушбегилердин эл аралык федерациясын түзөлү деген ниети болду. Кудай жалгап, ал эл аралык федерацияны да түзгөнгө жетиштик. Ал эмес жаңы түзүлгөн федерациянын биринчи фестивалын сентябрь айында Ысык-Көлдө, Чолпон-Атада өткөрүүнү көздөдүк. Жаңы түзүлгөн федерациянын курамына Катар, Сауд Арабиясы, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия мамлекеттеринин куш сүйүүчүлөрүнүн федерациялары киришти. Бул идеянын башында катарлык мырза Заид Ал-Али болду.

Алтын жалатылган туурга олтурган жеңүүчү куштар 

Арабдардын бул фестивалында ылаачын-ителгилерди чыргага учуруп сынашып, ителгилердин сымбатына баа беришип, андан соң слюги-тайгандарын жарыштырышты. Мелдеш аяктагандан кийин эртеси жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземин өзүнчө бир шаан-шөкөт менен өткөрүштү. Катардын шейхи, ханзаада уулу экөө келип жеңүүчүлөрдү сыйлашат экен (бизде болсо руху-духу төмөн жетекчилерибиз мындай иш-чаралар болсо өздөрү келишпей, кийинки тепкичтеги адамдарын жиберишет, алары болсо эптеп-септеп белектерди тапшырып, эт-аракка шашышат). Жеңүүчүлөрдү сыйлоочу жай шаардын ортосундагы «Вип Борбордо» болуп, өзүнчө эле президенттин инаугурациясына окшошуп калды. Жеңүүчү деп аталган ителги, шумкар, ылаачындарды алтындан жалатылган туурга олтургузуп койушту. Сыйлыктарды тапшырышканда ителгилердикин өзүнчө, шумкарлардыкын өзүнчө, ылаачындардыкын өзүнчө бөлүп тапшырышып, андан соң аягында слюги (тайган) жарыштын жеңүүчүлөрүн сыйлашты.

Куштардын жеңүүчүлөрүнүн 1-орундарына алтындан уютулуп куюлган канат — «Алтын канатты», ага кошумча 50 миң доллар, жана бирден «Ленд-крузер-200» жип автомашиналарын тапшырышты. 2-3-орундардын ээлери дагы 20-30 миң доллардан акчалай сыйлык жана ошондой эле жип автомашиналары менен сыйланышты. Мындан сырткары, өзүнчө дагы кызыктыруучу сыйлыктар берилип жатты. Ал эми тайгандардын жеңүүчүлөрүнө да алтындан куюлган «Алтын тайган», акчалай сыйлык жана жип автомашиналары ыйгарылды. Өнөрдү ушунчалык деңгээлде баалаган элге биз «бали!» дегенден башка эч нерсе айталган жокпуз.

Бизди чакырган уюштуруу тобунун мүчөлөрү Заид Ал-Али мырза менен Халид Ал-Бади мырзалар Катардын баардык жетишкендиктерин көрсөтүшүп, көлүнө, чөлүнө, шаарына алып барышып урмат-сыйга абдан бөлөштү. Бирок булардын да канында көчмөн дух жашагандыктан, бизди өтө сыйлаганы үч жерден кой сойушуп баш тартышты, бир дагы жерден дин жөнүндө сүйлөшкөн жок. Мага жакканы, алардын «биздин ата-бабалардын салты боюнча ушундай» деп сүйлөгөндөрү болду.

Курсак тойсо да, пейил тойбой жатат

Эми биз ойлошубуз мүмкүн, «арабдар бай да» деп. Андай байлык казактарда деле турбайбы, керек болсо казактардын жер байлыгы арабдарды сызга отургузат. Бизде деле байлык көп, кеп бул жерде башкада — казак-кыргыздын чоңдорунда ыйман жок, баарыбыз ачкабыз. Кезегинде уузга тойбой калган жетим козудай болуп, курсагы ток болсо да пейил тойбойт. Ошол үчүн арабдардай болуп элге бериш керек. Бизде, «элге канча берсең, Кудай сага андан жүз эсе ашырып берет» деген психология жок. Араб жетекчилери пендеден коркпосо да, Жараткандан коркушат. Азыркы учурда колу март, элге жардам берейин деген жигиттер кыргызда жок эмес, бирок алар аз болуп жатышат. Мына ошондой жигиттер элде көп болсо, мамлекет көтөрүлөт эле. Дегеле араб элдери, анын ичинен Катар мамлекети алгыр куштарды өтө баалашат, ителги Катар мамлекетинин символу болуп саналат. Бир кездерде арабдар биз сыяктуу көчмөн болгондуктан көбүнчө мал чарбачылыгы, андан соң алгыр куштар менен аңчылык кылуу менен жан сакташкан. Айрым учурларда жыл катаал болуп мал-жандары зыянга учураганда бүтүндөй бир урууну бир ителги сактап калгандыгын көп эскеришет экен. Ителги өзү канаттуунун кырааны болот, ал асманга чыкканда эч бир жандыктан тайманбай кол салат, кээ бир мезгилдерде канаттуулардын падышасы бүркүттү да тээп түшүрөт. Мына ошондуктан ителги-шумкарларга баа беришип, мамлекеттин гербине, символуна айлантышкан.

Биздин гербде шумкар эмес, ным түлөк карчыга…

Кыргыз эли илгертеден бүркүт, куш салып, тайган агытып жашаган. Бул биздин тарыхый мурасыбыз болуп эсептелет, керек болсо алгыр куштар менен аңчылык кылууну дүйнөгө кыргыздар тараткан. Бүгүнкү күнү бизде деле ар бир кыргыз уулу өзүнүн тарыхын билип, ата салттарын үйрөнүп, ар бир алгыр куштардын түрүн билиши керек. Турмушта көп эле кездешип жүрөт, айрым адамдар ителги деп жаман сары менен, бүркүт деп кулаалы менен сүрөткө түшүп жүрүшөт. Анысы аз келгенсип гербибизде шумкарга окшобогон бир куш турат.

Арабдардын гербинде шумкардын мүнөзү, келбети жакшы берилген, биздин гербде болсо шумкарга окшобой эле ным түлөк карчыга кушка окшошуп калган, айрыкча боорундагы шакекчелер. Муну эми алгыр куштардын айырмасын билбеген сүрөтчү тарткан да. Шумкар түркүмү боор жүнүнө биздин гербдегидей шакекче салбайт, ал куш түркүмүндө болот. Ушундай эле кемчиликтерди скульпторлор да кетирип жатышат. Манастан баштап, Кыргызстандагы ат минген эстеликтердин (Ормонхан, Курманжан датка, Манап бий, ж.б) баарына Дон тукумундагы айгырларды мингизип, же болбосо араб тукумундагы жылкыларды мингизет, сүрөтчүлөр дагы жалаң чоочун жылкылардын сүрөттөрүн тартышат. Куйрук жалы бир кучак болгон кыргыз жылкысынын морфологиялык белгилерин бир дагы сүрөтчү, скульптор бере элек. Эми бул нерселердин баары сөздөн-сөз чыгып калып айтылып жатат, бул жөнүндө өзүнчө кеп кылсак болот.

Теледен тамакты үйрөтпөй, жигиттик өнөрдү үйрөтүшсө

Менин баамымда, бүгүнкү күнү ар бир араб арабча ойлонот экен. Канчалык өнүгүп-өсүп жатса дагы эски салттарын чанбай, араб боюнча калып жатышат. Кичинесинен чоңуна чейин канчалык ыңгайсыз болсо дагы чалынышып, узун көйнөктөрүн кийип жүрүшөт. Бизде болсо, кичине эле акча таап жетишип жашап калышса бат эле Европа боло калышат, өткөнүн унутушуп. Менин айтайын дегеним, биз кыргыз бойдон калалы, өнүгөлү десек, сөзсүз түрдө биринчи орунда улуттук идеологияны бекемдешибиз керек.
Эгемендүүлүгүбүздү алганыбызга канча жыл болсо да, дале улуттук идеология жок. Жанагы КТРдин «Заманасынан» эркектер фартук тагынып алып салат жасабай, жигиттерге камчы, жүгөн өргөндү, ээр чапканды, жыгач, темир устачылыкты, ат токуганды, көчөт кыйыштарганды, Манас, санжыра айтканды ж.б. көрсөтпөйбү. Элге көрүнөм деген инсандар ошол жерден көрүнүшсүн. Ата салтынын тарбиялык мааниси бар эмеспи, бул өзүнчө чоң саясат болуп калат эле. Биз 2006-жылы биринчи «Салбуурун» фестивалын өткөзгөндө Кыргызстан боюнча 6 эле бүркүтчү калган. Ошо кезде казактарда жүздөн ашуун бүркүтчүлөр катталган. Мунун чоң себеби бар болчу: 1998-жылы республикабыздын спорт комитети куш салуу өнөрүн улуттук спорттун түрүнөн алып салышкан. Шылтоолору — Ысык-Көлдөн башка жерде калбай калыптыр имиш. Ошол кезде иштеген маңкурттар тынчсызданган эмес, «кокуй муну жер-жерлерде колго алып кайра жандандырбасак болбойт» деп. Ал мезгилде спорт комитети корейлердин, кытайлардын улуттук спорттук түрлөрүн колго алууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн.

Эгерде биз тарыхты карап көрсөк, улуттук спорттун эң байыркысы — салбуурундагы жаа атуу, ит агытып-куш салуу болуп эсептелинет. Себеби, адам баласы жан сакташ үчүн эң биринчи аңчылыкты өздөштүргөн. Алгачкы адамдар үй жаныбарлардын ичинен алгач күлүк иттерди үйрөтүшүп, аларды аңчылыкка колдоно башташкан. Жааны болсо адамдар мезолит доорунда эле пайдаланышкан. Куш салууга токтолсок, төрт миң жыл мурун Орто Азияда пайда болгондугун дүйнөлүк окумуштуулар белгилейт. Жогоруда айтылгандай, 2006-жылдан бери өкмөткө үнүбүз жетпей жүрдү эле, Кудай жалгап былтыр 2012-жылы Спорт агенттиктин алдында уюшулган Республикалык Улуттук Спорттун түрлөрүн өнүктүрүү борбору бизди кубандырып, «Салбуурун» оюнун улуттук спорттун түрүнө киргизди, жана ошондой эле Таласта, Ысык-Көлдө, Нарында салбуурундун машыктыруучуларына айлык төлөнө баштады. Биз муну менен бирге аталган борбордун директору Алмазбек Касеновго терең ыраазычылык билдиребиз.

Буга чейин дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырдык, көп фестивалдарды көрдүк, бирок, биздин салбуурундай кызыктуу программаны көргөн жокпуз. Биздин артыкчылыгыбыз эмнеде? Бизде «Жаа атуу», «Бүркүт салуу», «Ителги-Куш салуу», «Тайган агытуу» оюндары кенен камтылган. Кудай буюрса, Ысык-Көлдө сентябрь айында Катар, Сауд Арабиясы, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия жана Кыргызстандын кушбегилери катышкан фестивалда бул оюндарыбыз менен аларды кенен тааныштырабыз. Максат — ушул программаны эл аралык деңгээлге алып чыгуу. Мурунку мезгилдерде биздин федерацияны мамлекет колдобой жүргөндө өзүбүзгө гана ишенчүбүз. Азыр болсо Республикалык улуттук спортун түрлөрүн өнүктүрүү борборуна ишеним артып калдык. Ылайым эле ишенич акталып турса экен. Биз жаңыдан түзгөн Эл аралык федерация күчүнө кирип иш башталса, биздин салбуурунчулар араб мамлекеттеринде өткөн мелдештерге барып «Алтын канаттарын», акчалай сыйлыктарын жана жип автомашиналарын утуп калуучу күн да келээр.

Алмазбек Акунов, «Салбуурун» федерациясынын негиздөөчүсү,
күрөш боюнча спорттун чебери жана машыктыруучу,
Эл агартуунун отличниги, Ысык-Көл облусу,
Көк Асаба(«Кыргыз гезиттер айылы»), 28.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий