«Кыргыз өзүн жана мекенин тереңинен таанып алса, минтип азап тартпайт эле»

yk_kosmos“Тирүү жүргөн адамга мындай кордук салбасын:
Ата журттан айрылып, адам эмес,
айбан да ар кайда тентип калбасын”
Манастан

Адам эмес, Ата журттан айбан да айрылып, тентип калбасын деген кыргыз кийинки 20 жылда өзү тентип, Ала-Тоого далайы келбес болуп калды…

Мунун бир эле жалгыз себеби бар: кыргыз өзүн жана мекенин терең билбей, тааныбай, баалай, барктай албай калганы болду. Бул улуу  чындыкты толук далилдеп берелик.

I. Мекен

Дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн Кыргызстандын аянты чоң  — 198 миң км2. Маселен, Израилдин аянты 21,9 миң км2 (элинин саны – 7 млн.), ал эми Ош областынын аянты 29 миң км2. Кувейттин аянты — 17,8 миң км2 болсо,  Баткен областынын аянты – 17 миң км2. Дагы айтсак, Ливандын аянты – 10,4 миң км2, Кипрдики – 9,2 миң км2, ал эми Талас областынын аянты – 11 миң км2. Эстониянын аянты – 45,2 миң км2 болсо, Нарын областынын аянты – 47 миң км2. Латвияныкы – 63,7 миң км2, Нарын менен Чүй областтарынын аянты – 66 миң км2. Грузиянын аянты – 69,7 миң км2 (эли – 6 млн.), Азербайжандыкы – 86,6 миң км2 (эли – 8 млн.), Португалияныкы – 92,3 миң км2 (эли 10 млн.), Венгрияныкы – 93 миң км2 (эли – 10 млн.), Түштүк Кореянын аянты 99 миң км2 (эли – 47 млн.), Непалдыкы – 147 миң км2 (эли – 25 млн.), Бангладештики – 147 миң км2 (эли – 129 млн.), Грецияныкы – 131 миң км2 (эли – 11 млн.), Тайвандын аянты – 36 миң км2 (эли – 22 млн.), Жалал-Абад областынын аянты – 34 миң км2.

Кыргызстандын эли – 5 млн. (анын 1-1,5 миллиону сыртта жүрөт, калган 3 миллионунун 2 миллиону күнүнө араң 60 сомго тамактанат).

Айдоо, токой, жайыт аянттарды (нечен миллион гектар), кен байлыктарды мүнөздөбөй эле коёлук (албетте, кыргыз элин алар токчулукта, молчулукта жашатууга толук жетет!!!). Бир эле  таза суу байлыгына токтолоюн. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн арасында 51-орунда турат – бир жанга 13834 м3 суу туура келет. 141 өлкө Кыргызстандан кийин турат. “Отун – олжо, суу кордук”, “суу – өмүрдүн булагы” деп кыргыз сууну өтө бийик баалаган.

Ырас, адам денеси 80% суудан турганын эске алсак, ден соолук абадан кийин, суунун сапатына байланыштуу экени талашсыз. Бүгүн адамзаттын 60%ы таза суу иче албай калды (табияттын булганганына байланыштуу). Индия, кытай элдеринин 80%ы, ири шаарлардын нечен жүз миллион тургундары, Россия, Казакстандын далай областтары таза сууга жетпей калышты.

Алтын, мунай адамга суу болуп, ичкенге жарап бербейт. Адам сууну күндө бери дегенде 4-5 маал ичкенге муктаж. Демек, бир дагы буюм адам үчүн суудай зарыл болбойт (суудан албетте, абанын зарылдыгы гана өйдө). Таза суу байлыгы (бир жанга алганда) Кытайда болгону – 2295 м3 (122-орун), Индияда – 2244 м3 (123-орун), Германияда – 2096 м3 (124-орун), Иранда – 1719 м3 (130-орун), Улуу Британияда – 1222 м3 (138-орун), Египетте – 939 м3, Израилде – 289 м3, Сауд Аравияда – 249 м3, Кувейтте – 95 м3. Франция – 3408 м3 (100-орун) дүйнөлүк таза суу базарынын 20%ын ээлейт.

Кыргызстанда 1 литр суунун баасы 1 кг. ундун баасына барабар, Европада 1 литр таза суунун баасына 2 литр бензин келет, Жапон өлкөсүндө – 3 литр.

5 млн. Кыргызстан эли сан жеткис булактарга, 52 миллиард м3 сууга ээ!!!

Булак сууларын сатууну мамлекет өзүнө алганда гана дүйнөлүк таза суу базарына Кыргызстан кире алат. Жылына 3-5 миллиард литр, кийин 10 миллиард литр суу сатканга өлкөбүз жетишсе, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарын толук каржылап коёт эле. Сөздү кыскартып айтканда, бабаларыбыз бизге бейиштин төрүндөй, керемет мекен мурастаптыр. Чарба (экономика) багытында кыргыз элинин алдында чечилбей турган маселе жок. Бул талкууга жатпаган маселе.

II. Кыргыз элинин түптөлүп, калыптанышы (этногенези) жана өзүн өзү башкаруу тарыхый-тажрыйбасы

Кыргыз – эң байыркы элдердин бири болгонун илим талашсыз далилдеди. Генетика илими кандын ДНК түзүлүшүн иликтеп, 65% кыргыздын канында R1a1 гаплогруппа бар болгонун аныктады. Бул гаплогруппа өзгөчө калыптанган мезгилди генетика илими 14 миң жыл мурун болгонун  ырастады. Демек, кыргыз мезолит, неолит доорлорунда калыптана баштаган эл. Кыргыз тили муну кошумча бекемдеп жатат: кыргыз тилинде эркек-ургаачы сөз белгилери жок, 70% сөз байлыгы кыска, бир муундуу (эң алгачкы сөздөр адам тилинде бир муундуу, кыска болгон, себеби сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелип, жакшы өнүгө элек болчу). Адамдын сүйлөө кудурети ачык тыбыштарды жарата алганга байланыштуу болгон.

М: Ай, күн, жер, тоо, суу, сүт, дан, жан, ит, ат, уй, тай, баш, каш, тил, тиш, сан, бут, бас, ал, жут, ур, тур ж.б. кыргызча сөздөр орус тилинде эки, үч муундуу болуп турат.

Мезолит доорунан бүгүнкү күнгө чейин кыргыз далай белгилерди сактап келди: жилик чагуу, отту, арбакты ыйык тутуу, жерди, сууну жандуу деп таануу, топчу боло элек доордон белдемчи кийими калды, урууларды колдоочу жаныбарлардын аты менен атоо (бугу, багыш, кушчу, бөрү ж.б.), бозо (талаачылык пайда боло элек мезгилде дан өсүмдүктөрдүн отоо түрүн пайдалануу).

Кыргызга таандык Алтайда табылган дөбө маданияты (кемер курлар, чач учтуктар, томпой, чүкөлөр) кыргыз эли энеолит доорунда эле түптөлгөнүн далилдейт. Элде теңдик болгонун мүрзөлөр да ырастайт. Кыргыз, негизинен таш доорунда калыптана баштаган. Таш курал менен дүнүйө, байлык топтоо мүмкүн эмес эле. Ал доордо өзүнчө коомдон бөлүнүп, бийлик жүргүзгөн адамдар болгон эмес. Баары тең укуктуу болгон. Көчмөн турмушка байланыштуу кыргыз кулчулук, феодал доорлорун да билген эмес. Жер, мал дайыма ортодо болгон.

Азыркы учурда Кыргызстандын президенттеринин шору, саясатчылардын такай адашуусу – алардын баары кыргыз элинин тарыхын, коомдук түзүлүш жана башкаруу тажрыйбасын, этногенезин билбегени болуп келатат.

Кыргыз улуту – бул тарыхты, тилди, дил, нарк, салтты, кан түзүлүшүн, рухий дүйнөнү камтыган терең илимий түшүнүк. Бул илимден кабары жок саясатчылар батышты ээрчип, кыргызды 20 жыл бою кыйнап, эзип келатат (бүркүттү тоокканада багабыз деп).

2005-жылы март, 2010-жылы апрель ыңкылаптарын саясий, илимий, чыгармачыл “элита” жасаган жок. Негизи, элеттен келген мекенчил-улутчул кыргыз жигиттери жеңишке жетишкен.

Эң өкүнүчтүүсү, эки жолу тең элдин жеңишин саясатчылар же “уурдап”, же билип-билбей жокко чыгарып ташташты. Албетте, элдин күнөөсү мында жок. Кыргыздын тегин, тарыхын, түптөлүп, калыптанышын билбеген саясатчыларга айла жок дейлик. Бирок эмне үчүн кыргыз эли 20 жыл өзүн басынткан, кемсинткен, тентитип, тозокко салган саясатка үн чыгарбай, балык болуп келди? Анын себеби: бир жарым кылым убакытта кыргыз улуттук эс-тутумун жоготту, бай, байыркы тарыхын унутту. Улуу дөөлөтүн, ыйык мурасын баалабай, барктабай калды, улуттук намысын алдырды, эне тилин жерип, каада-салттарын кармабай, сактабай калды.

Кыргызда элдин даражасы дайыма эң бийик болгон. “Элине пайдасы жок – тирүүнүн өлүгү” – деп айткан кыргыз. Бийлик дайыма элден төмөн туруп, элдин тескөөсүндө болгон. Элге жооп берип, элге көз каранды болгон. Ошол үчүн элге кызмат кылган. Арамза, куулукту билбеген, ишенчээк кыргыз 15 жыл теги калмакка, 5 жыл теги дунганга ишенип, алданып келди. Бабалардын улуу керээзин кыргыз эсинен чыгарып койду: “Эл башкарууга кары-жашына, жынысына карабай, жердин шартын, элдин салтын билген, тектүү, түптүү, теги кыргыз адамды тандагыла. Мамлекет тагдыры жаздык үстүндө, жууркан астында чечилип калаарын эскерип, аялы да кыргыз насили болушу зарыл”.

Саткын, сойку саясатчылар элдик ыңкылаптын үчүнчү жеңишин да чайкоочулук менен жеке кызыкчылыктарына пайдаланаарын эске алып, кыргыз эл өз бийлигин орнотуп, Элдик Курултайды мамбийликтин башына коюшу керек.

Элдин — Элдик Курултайдын тескөөсүнөн, көзөмөлүнөн чыкпаган бийлик гана элге кызмат кылаарына эми көзүбүз ачылып, акылыбыз жетип турат. Жаш баладай саясатчыларга, мансапкорлорго, чириген байларга, ууруларга ишенгенди, эл тагдырын, өлкө келечегин алардын колуна карматканды токтотуу зарыл.

III. Туташ (системалык) кризиске учураган саясий-коомдук, башкаруу түзүлүш жана андан чыгуу жолу

Илим далилдеп, дүйнө өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, туташ – рухий, саясий, чарбалык кризиске учураган саясий-коомдук, башкаруу түзүлүш оңдоп, түзөтүүгө жатпайт. Андан чыгып кете турган бир эле жол бар – саясий-коомдук түзүлүштү түп тамыры менен өзгөртүп, жаңылантуу жолу.

Коррупция, революция, эволюция – угуму окшош сөздөр болгону менен маңызы жагынан коррупция – мамлекеттик бийликти пайдаланып, элди, өлкөнү уурдап, тоноп, жеп, мамлекеттүүлүктүн өзүн ичинен иритип, чиритип жок кылуу дегенди туюндурат.

Эң коркунучтуусу – бул жырткычтык көрүнүштүн башында президенттер, тууган, жолдош-жоролору, ойноштору, депутаттар, сот, прокурорлор, милиция жетекчилери, министрлер турганы. Коррупцияны бийлик жок кыла албайт (ал өзү-өзү менен кантип күрөшмөк эле?!). Коррупцияны эл бийлиги гана, калың элге, ыйман, адеп-нарктарга таянып жок кыла алат. Коррупция бүгүнкүдөй, гүлдөп жашап жатканда кыргыз эли да, кыргыз мамлекети да эгерим эч качан өнүгүп, өспөйт, эл турмушу оңолбойт.

Илгери эле кыргыз айткан: “Адилет болбой эл жарыбайт, эл байлыгы – адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат” деп.

Коррупция күч алган өлкөдө адилет да, акыйкат да, калыстык да байлардын, кызматчылардын таман астында тебеленип жата берет.

Д.Сарыгулов,
коомдук ишмер

Соц тармактар:

Добавить комментарий