Талип Ибраимов: Биз орус тилине таянмайын кыргыз тили өнүкпөйт (1-бөлүк)

t_ibraimov– Талип байке, мен сизди чыныгы рухий лидер санаган интеллигенция өкүлүсүз. 90-жылдардан кийин коомдук процесстерге активдүү аралашып, көптөгөн публистикалык курч макалаларыңыз менен өз чындыгыңызды айтып турчу элеңиз. Негедир соңку мезгилде коомдук пикир жараткан публицистикага аралашпай калдыңыз… 

– Публицистикадан четтегенимдин кыйла себептери бар. Биринчиден, баарына эле кара жанды карч уруп жетише албай, жан багыш үчүн азыр көртирлик көйгөйү менен алекмин. Ал эми публицистика, керек болсо прозадан да оор. Проза жаратууда фантазияңа таянасың, а публицистикада коомдук агымды объективдүү чагылдыруу үчүн илимий ишенимдер менен фактыга таянып, кеңири алкакта чабытташың керек. Экинчиден, публицистикадагы эмгегимдин мээнети акталган жок. Ошончолук энергия, руханий күч жумшап, жазган эмгегиң башкаларды ойлонтпосо эмне опаа? Эмне убара!

Коомчулук өз дөдөйлүгүнө купулу толуп, ошого канаттанып жашап атса, демек, ага алдыга жылууга эч кандай рецепт да зарыл эместей. Коомчулук талкуусуна жем таштасам, эч жооп болбоду. Анан өзүмөн күмөн санай баштадым: балким мен өз идеяларыма чөмүлүп, коомдук ориентирге түшүнбөй атамбы деп.

– Дегеле биздин коомчулукта илим-билимдүүлөр ооз ачпай, жалаң көңдөй көкүрөгүн дүңкүлдөткөндөрдүн заманы келген жокпу?

– Туура айтасың. Азыр социалдык, руханий бийлик өзүмчүл даңкеселердин колунда. Алардын акылы көңдөй болсо да акыл пештегендерге караганда алдыга озуп өздөрүн көрсөтүүдө, алар өздөрүн патриот сезип төш кагып, ариеттүүлөр бей эстердин артынан сүйрөлүп бараткан кези. Ал ачкөздөр азыр өлкөнү жар кырына түрткөнү калды. Булар жашоо үчүн тырмышып же өлүп калуудан корккон үчүн ушундай кылып аткан жок, булардын мээси бөксө болуп, алдыдагы катастрофаны туйбай атышат. Булар кыргыздын талуу жери болгон эне тил менен «Манас» эпосун курал кылып алды, ага жамынып сын-пикир жетпеген коомчулуктун аң-сезимин бийлеп алды. 20 жылдан бери баардык ЖМК эгер орус тилин расмий тил катары жок кылбасак, кыргыз тили кемсинип, жок болуп кетээри тууралуу сөз кылууда. ЖМКлар 20 жылдан бери «Манас» эпосу баардык доорду камтыган дүйнө даанышмандыгын өзүнө камтыган деп баарыбызды ынандырып алды. Алар ошентип мекенчил сезимибиз менен ойноп, башка пикирлерди четке каккан жагдайга кептеди. Өлкөнүн коомдук пикирин орто кылымдарга сүрүп салышып, ал байкуш чыгалбай, чабалактап атат. Анан өнүгүү жөнүндө кайдан сөз кылабыз? Эгер ушул саздан чыкпасак, эч кандай экономикалык реформалар, таза, акылдуу президенттер, адилеттүү парламент да, өкмөт да жардам кыла албайт. Ал эми мындайда шык-дараметсиз, жөндөмсүз адамдарга ушундай абал абдан ыңгайлуу. Алар кызматынан көтүрүлүп, наам алып, гүлдөп аткан кези.

Кандай чөйрөдө иштебе, орус тилин мыкты билмейин алдыга жылуу кыйын. Ошондуктан замандын талабына жооп берер илимий-техникалык, гуманитардык маалыматтарды кашайып кыргыз тилинде таппайсың. 20 жыл ичинде кыздарым чоңоюп, кыргыз мектебин бүтүрүштү. Азыр алар орус тилинде гана сүйлөөгө мажбур, себеби кесиптик даярдыктарын орус тилинде өнүктүргөн. Неберелерим да ошондой. Эмне үчүн? Анткени, бала чоңойгон сайын интеллектисин жогорулатуу үчүн түрдүү багыттагы билимге каныккысы келет. А биз алардын билимин кыргыз тилинде өстүрө алдыкпы? Жок. Кыргыз тилдүү окуу китептери жарым сабаттуу жазылгандыктан адамды зериктирип ийет. Себеби алар сабатсыз адамдардын калеминен жаралган. Филологдорубуз кызыктуу китептерди жазгандын ордуна жармач патриотко айланып, өзүнчө жарышка түшүп алган, баарын кыргызчалоого үгүттөгөн ошолор. Бул шермендечилик!

Алардын жогорку илимий даражаларга изги мамиле менен жеткенинен шегим бар. Тилди өнүктүрүүнү иш кагаздардан баштабай, адегенде балдар үчүн жеткиликтүү тилде кызыктуу китептерди чыгарып, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн аймагын кеңейтүү, тарых, биология, маданият, философия, техника жөнүндө кызыктуу журналдарды чыгаруу керектигин түшүнүшпөйт. Мунүчүн талантуу инсандарды ушул ишке тартуу керек, булар болсо кыргызбайчылык менен тааныштарын, туугандарын, санаалаштарын курчоолотуп алышат. Кыргыз тили биринчи кезекте кыргыздар үчүн кызыктуу, интеллектуалдык өсүшкө пайда кылсын десек, ага тынымсыз жан үрөшүбүз керек.

Өз убагында депутат Урмат Аманбаева тил жөнүндө мыйзамга жоопкерчиликсиз түзөтүү киргизгенден кийин кыргыз тилдүү ЖМКлар аны улуттук баатырга айлантып алышканынан уяласың. Коомдун аң-сезими төмөндөп, минтип арзан чайкоочулук кылгандарды ээрчип кете берсек, улуттук деградацияга сүңгүп кире беребиз.

ЖОЖдор үчүн окуу китептерибиз жок, кыргыз тилинде илимибиз болбогондон кийин келечегибизден көптү үмүттөнбөй эле коёлу. Дасыккан адис, котормочуларыбыз жок туруп кыргыз тилин өктөмдүк менен башкаларга таңуулай берсек, кайдагы адистерди өстүрөбүз? Биз орус тилине таянмайын кыргыз тили өнүкпөйт. Оюнду токтотуп, тил чайкоочулугун коюп, тилге болгон мамилени конкретүү иштер менен далилдемейин прогресс болбойт.

Көзүм жетип турат, барыбир менин пикириме кулак төшөгөндөр болбойт. Себеби парламентте, кыргыз тилдүү ЖМКларда акылы тайкылар толуп алган, алар тек гана тил жөнүндө чындап күйгөн киши болуп, өздөрүн шумдуктай патриот сезишет.

– Эки жыл мурда «Затмение» аттуу макалаңыз жарык көрүп, коомчулукту ойлондурар омоктуу ойлорду айттыңыз эле. А учурда ошондо айтылган кемчиликтерден коомчулук арылдыбы?

 Эгер андай макалалар же искусство менен адабият адамзаадага таасир тийгизсе, жер жүзү эчак эле акылдууларга толуп кетпейт беле. Менимче, ал макалам көз жаздымда калды. Ошондон кийин жалган ураан, куру пафос жаңырган коомдо өзүмдү артык баш жандай сезип калдым.

– Дегеле коомдук аң-сезимди ойготоор ой айтчу интеллигенция калыптанганбы бизде?

– Тилекке каршы, дидаары тунук интеллигенция калыптанбады. Айрым акылдуу, адеп-ахлактуу адамдар бар дечи, бирок абийирдүү катмар жок. Алар коомдук жашоо, бийик идеялар үчүн күрөшө албайт. Тилдерин салаңдатып, инстанцияларды сагаалай чуркап, ар кимге жагаалданып, наам, сыйлыкка жүгүргөндөрдү кантип интеллигент деп атагың келет. Аларга мен жийиркенем. Азыр илим, искусство, адабият адамдары ушундай болуп калды, алардан кутулуш кыйын.

– Байкап атсаңыз керек, учурда улутчулдук оорусу абыдан күч алды. Сиздин түшүнүгүңүздө улутчулдук кандай багытта өнүгүшү зарыл?

– Туура белгиледиң, парламент менен кыргыз тилдүү ЖМКларда улутчулук басаңдамак түгүл, кайра күч алды. 20 жылдан бери баары уялбай этпей, жапырт бойдон бири-бирин кайталагандан жадабады, мен жададым! Эгер каршылык көрсөтүлбөсө, өзүңдүн атуулдугуң, баатырлыгыңды айтып мактануу кандай ырахат! Ыраматылык Салижан Жигитовдун «Улутчулук – бекерпоздор менен акылы тайкылардын куралы» дегенин эстейм. Бышкырам. Кыргыз тилдүү ЖМКлар караламан калкты улутчулдук менен ууландырып бүтмөй болду. Алар элди акыл-эсинен ажыратып, түбүнө жеткени калды. Бул өтө кооптуу — жоопкерчилик, эмгек сыяктуу нерселер коомдун канына сиңбей калганы ушул.

Улуттук өзгөчөлүк жөнүндө мифтер баштарын айлантып, риторика, пафос – булардын жалганчы бийлик менен элдин ортосундагы куралына айланды. Изги ойлор четке кагылып, өзүн өзү сүйгөндүк вирусун жугузган коомдо эч ким эч нерсе үчүн жоопкерчилик тартпайт. Мындай атмосфера шылуундар менен акылы тайкыларга гана жагат. Алдамчылар куру сөзгө жамынып, өлкөнү тоноп, сый-ургаалга карк болуп, түркөйлөр түрдүүчө баатыр мифтерин ойдон чыгарууда.

Биз, өнүгүп, кыргызча сүйлөбөгөндөр үчүн террор, саясый чайкоочу болгондун ордуна өз колубуз менен тил трагедиясын, коомдун аң-сезим трагедиясын, адеп-ахлак трагедиясын жаратып, пафос, алдамчылык атмосферасында жашоого мажбурлап атабыз. Бийлик «киргиздерди» жаманатты кылган акынды «Манас» ордени жана эл акыны наамы менен сыйлап, улутчулдарды колдоп атат. Бизди эл катары эсептеткен киргиздер өзүнчө катмар экенин бул байкуштар түшүнбөйт. Булар Чыңгыз Айтматов киргиз экенин унутуп калышкан. Ал кыргызча жазган күнү ушул шумдук патриоттор аны жеп, эч жакка чыгарбай, эл сыймыгына айландырат беле? Анда кыргыз адабияты да дүйнөгө таанылмак эмес.

Биз тилди өнүктүрүп, өрнөктүү мүмкүнчүлүгүн кеңейткендин ордуна өзүбүздү көкөлөткөн сайын өз колубуз менен эне тил көйгөйүн жаратып атабыз. Тескерисинче, саясый чайкоочулук кылгандар тили бурууларга террор болуп, аларды патриархалдык түшүнүгү менен жек көргөнү – коомдун трагедиясы. Арбып-дарбыган заманда кызыл кулак саясатчылар кыргыз тилинде сүйлөбөгөндөргө сетиркеп, пафостук атмосфера түзүлүп, жалган түшүнүккө жамынгандар менен бир коомдо жашоого аргасыз абалга жеттик. Коомдук трагедия ушул, бул – трагедиялуу ыйман!

Күйдүргөнү, «киргиздерге» куру жалаа жапкан улутчуларды колдогон бийлик аларды «Манас» ордени менен сыйлап, Эл акыны наамын ыйгарып атат. Бечаралар, «киргиздер» бизди эл катары дүйнөгө тааныткан катмар экенин аңдабайт. Андайлар Чыңгыз Айтматов деле «киргиз» болуп туруп, бирок кыргыз зоболосун көкөлөткөнүнө түшүнүктөрү жетпейт. Кокус Айтматов кыргыз тилдүү жазуучу болгондо деле азыркы шумдук көрүнгөн патриоттор улуу жазуучуну унутуп коюшмак. Аны эч жакка чыгарбайт эле, эч кандай улуттук сыймыкка да ээ болмок эмес. «Киргиздерди» коомдук жашоодон четтеткиси келгендер коомду деградацияга курчап берди. Себеби каалайсыңарбы, жокпу, «киргиздер» элдин авангарды. Өзүн «кыргыз» атагандар, кемтигин жашыруу максатында руханий, интеллектуалдык ишти талап кылган заман талабын байкагысы келбей турганын көп байкайм. Мендей киргиздер эне тилин билип, өз оюн орус тилинде эркин жеткире алат, көбүнчө орусча сүйлөйт, себеби тилди чаташтырбайт. Анткени оюңду таза жана тунук жеткирүүгө аракет кыласың. Чын айтсам, кыргызча сүйлөгүлө деп, баяндамачынын сөзүн улам бөлө берген Жогорку Кеңеш төрагасын көп түшүнө бербейм. Өкүнүчтүүсү, ушундай орой мүнөздөгү патриотторду жемелегендин ордуна, алардын чырагына май тамызып, андайлардын аброюн, мансабын көкөлөтүп отурат.

Улуттук карым-катнашты мындан ары кантип өнүктүрсө болот? Анын сырын карапайым эл билет. Карапайым эл башка улут менен ыйкы-тыйкысы жок эле жашап атат. Айкөлдүк ата-бабаларыбыздан мураска калган касиет. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер», «Таш менен урганды аш менен ур» деген макал-лакаптардын маңызы кандай терең.

Биз – титулдуу улутпуз, биздин негизги милдет – айкөл болуп, өч алуудан алыс туруп, демократия принциптерин унутпашыбыз керек. Адам укугун жана жашоосун өз укугуң жана жашооң сыяктуу урматта.

Мен бир кезде журналистер менен акылы тайкы саясатчылар көбүртүп-жабырткан Оштогу кыргыздар менен өзбектердин кагылышуу себептерин жазгам. Жоопкерчиликсиз макалалары менен алар көп жылдардан бери эл арасына жамандык үрөнүн сээп, элди дүүлүктүрүп турган. Мындай кайгылуу окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек. Бирок кыргыз тилдүү ЖМКларды окуп атып, булар эч нерсеге үйрөнбөгөнүн түшүндүм. Бул өлкө үчүн кооптонуу туудурат. Ушундай абал улана берсе, баарыбыз тукум курут болобуз.

– Жазуучу – ириде ойчул, улут абийири, күзгүсү. Арийне, ушул озуйпаны биздин калемгерлер унутуп атышкан жокпу? Бу туурасында Кубатбек Жусубалиев да «кыргыз акын-жазуучулары адам болбой туруп жазуучу болуп алышкан» деп бекер айтпаса керек…

– Биздин жазуучулар даанышманбы? Элдин намысыбы? Өзүнүн намысы жок туруп, алар кантип эл намысы боло алат? Жазуучулар союзунун төрагасын шайлап атып Турусбек Мадылбайдай интеллектуалдуу, көптөгөн сыйлыктардын лауреаты болгон адамдын ордуна графоман Абыкеевди шайлоо үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек? Мен ошондо каршы чыккам, А.Салиев, Т.Абдумомунов, Ч.Айтматов сыяктуу адамдар төрагалык кылган кызматты булгабайлы деп. Биринчи катарда отурган эл жазуучулары ошондо менин айтканыма боору эзилгиче күлгөн. Мына, ушулардын намысы! Кубатбек Жусубалиев ушулардын жалганчы жүзүн көрбөш үчүн бекеринен Алайга кетип калбагандыр. Тилекке каршы, мен кете албайм, үйбүлөмдү багышым керек.

(уландысы бар)

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 28.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Талип Ибраимов: Биз орус тилине таянмайын кыргыз тили өнүкпөйт (1-бөлүк): 1 комментарий

  • 14.03.2013 в 10:29
    Permalink

    Талип ага менен талаша турган жерлер бар. Бирок ошону менен катар анын айтканында ачуу чындык да көп.
    Ошол ачуу чындыкты эске алып, моюнга алып, кескин сүйлөп, аша чапкандан качып, оңолууга аракет кылсак.

    Ответ

Добавить комментарий