Дагы бир жолу сөз жөнүндө сөз

SarymsakovЭмне көп, азан – казан жыйын көп. Бүйүр кызытма сөздөр көп. Арасында жүйөлүү айтылгандарын, сунуш пикирлерди иргеп, эске алып, ойлонуштурган эч ким жок. Жыйынды башкаргандар, азыркыча айтылып жүргөндөй, алып баруучулар жакшылыктуу тескей алышпай, жыйын кайым айтыш чыр – чатакка айланган учурлар көп.

Көбүрүп – жабырган көчө кыйкырыктарды “көчө демократиясы” деп жүрүшөт. Бул деген – демократиянын маани – маңызын бурмалангандык, коомдук пикирдин, түшүнүктөрдүн туура калыптанышына, келечекке түздөлүшүнө, аң – сезимге, элибиздин элдик нарк дөөлөттөрүнө зыян келтиргендик, сөздүн орундуулугуна маани бербегендик.

Элибизден нарк кеткилик кылбасын. Түшүнүктөр, андан улам көпчүлүк алдында айтылчу сөздөр – коомчулуктун көңүлүн бурууга арзый турган маанилүү маселелердин бири.

Баары сөз таасиринен башталарына турмуш жүзүндө далилдер көп.

Сөздүн күчү, агартуучулук таасири деп 1974 – жылы Москвада он күн усулдук жыйын өткөрүлүп , ошого катышкан элем. Ар бир олтурумга экиден маселе коюлуп, сүйлөй тургандарга 5 мүнөт убакыт берилип атты. Үчүнчү күн дегенде: эл алдына чыгып сүйлөп аткандын сөзүнүн угуп аткандарга таасири кантип, кандайча аныкталат, деген бир гана маселе коюлду.

Дүркүрөгөн кол чабуулар улам кайталанып турса, демек таасир берип атканы ошол деген мааниде бирөөсү ойлорун айтты эле, жок, берилген суроолор аркылуу аныктаганыбыз таамай болот деп, бир топ жүйөлөрдү келтирди, экинчи дагы бири. Кандай болгон күндө да түпкү натыйжа – өндүргүч көрсөткүчтөр, дегендер да болду.

Москва мамлекеттик университетинин профессору Момжян Феликс Никшанович тийешелүү беш мүнөтүн алып: “Академик Орбелини билет чыгарсыңар. Ал киши Армения илимдер академиясынын президенти, жаш кезим, мен окумуштуу секретармын. Эл алдына чыгып сүйлөөгө кай жакка барса да дайыма мени ээрчитип алчу, көрсө үйрөнсүн деп жүргөн экен. Кандай гана маселе жана катышкандар кимдер гана болбосун, ал киши сүйлөгөндө кол чабуу деген болчу эмес, суроо да берилчү эмес, эл нес болуп тунжурап олтуруп калышчу. Өткөндөгү алаамат согуш жылдары. Ооруканадагы жарадар жоокерлерге “Адамдагы ата мекендик жан дүйнө” деп айтарын айтып атканда да, бүткөндө да адаттагыдай эле кол чабуулар жок, суроо берүүлөр жок, атүгүл башкарып аткан офицер бизге рахмат айтканга жарабай, ойго чөмүлгөн бойдон олтуруп калды эле, академик өзү ыраазычылык билдирип, чыгып кетип баратсак, балдакчан жоокер артыбыздан кошо чыгып, академикке: “сиздин айткандарыңыздан улам өзүмдү өзүм жек көрүп, жашагым да келбей калды” деп атпайбы. Көрсө, бир бутуман майып болсом мейли, тирүү болсом болду деп өзүн өзү бутка атыптыр. Буту айыгып, бир жумадан кийин айылына кетмек экен”.

Профессор андан ары сөзүн улап: “дагы беш мүнөт мага убакыт бергиле, бүйрүңөрдү кызытып сүйлөп берем, дүркүрөтө кол чабасыңар, жаадырып суроо бересиңер, анан азыркы беш мүнөткө созулган силердеги делебе көпкө созулбайт, эртеңден баштап өчө баштайт. Ошентип сөздүн өзү жеңил баа болуп тынат, жанып өчкөн шам чыракка окшоп”, деди.

Элибиздеги кылымдар бою калыптанып өнүккөн сөзгө жыгыла билгендик, сөздүн таамайлыгын туу туткандык элдик нарктуулугубуз өчүңкүрөп бараткандай. Себептерин, жон терибиз менен турмуш жүзүндө туйулуп аткан абалды айтып сөздү узартпайын. Бир аныктамага токтолоюн.

“Словарь иностранных слов” деген китепти карасаңыздар “филистер” деген сөз бар. Немистердин сөзү. Кээ бирөөлөргө карата, анын кандай адам экендигин тастыктаган сөз.

Тайкы, пас, бирок опурулуп сүйлөп, өзүнө өзү корстон болгондор бактысыз болсо да, өздөрүн акылман сезип, ошондон улам чексиз бактылуулукка маашыркагандарды Ф. Энгельс филистерлер деп атаган экен.

Филистерлик аң – сезимдин, айла – амалкөйлөнүп сүйлөгөндөрдүн арааны ачылып, карааны калыңдаган абалда жашап аткандыгыбыз түбөлүк боло албайт, болушу мүмкүн эмес.

Бирок, сөз күчү, сөз таасири деген маселе мамлекеттик, жалпы элдик деңгээлде колго алынбаса, турмуш, мезгил оңуна келтирет дей берсек, элибизге жат ошол абал муундан муунга өтүп кетиши мүмкүн. А бул деген – анык эл бузалык көп тескериликтердин бири болуп кала берип, кечигебиз, кемийбиз жана ансайын маселе татаалдашып, өтүшүп жүрүп олтурат. Буга жол берилбеш керек.

СУНУШ: өлкө жана коом турмушундагы жыйындарда, теле – радио аркылуу айтылган сөздөрдөгү маанилер талдоого алынса. Ал максатта маселеге маани бере алгандардан турган атайын топтор түзүлүп, коомдук башталмада иш жүргүзүлүп, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жөнү, жүйөсү келтириле айтылып турса. Ошондо коомдо кандайдыр бир жоопкерчилик, сестенүүчүлүк абал түзүлчүдөй. А бул деген менимче абдан керек.

Кенжалы Сарымсаков, «ЖАНАЗЫК»

Соц тармактар:

Добавить комментарий