Чокой батыр

chokoi_baatyr…Азыркы доордо ата-бабаларыбыздын чыныгы доошун угуучу кез келди. Жаркын, бакубат келечек үчүн кыргыз журту Бейше уулу Чокой баатыр сыяктуу уулдарын кадырлап, урматтап, алардын жасаган иштерин, эрдиктерин кастарлап сактап, кийинки урпактар үчүн жеткире берерине чын дилимден ишенем.

Аталык урматым менен, Сүйүнбай Эралиев, КР Эл Баатыры, 
Кыргыз Эл акыны. Август айы, 2012-жыл, Арашан айылы

Азыркы астрономиялык жаңы доордун бир талабы — дүйнө салган бабаларыбызга таазим этип, өткөн тарыхыбызды эске алып, учур чакты изилдеп, жан дүйнөбуздү байытып, келечекке ой жүгүртүп, бакубат жашоого умтулуу. Ушул себептен, түптүү, тектүү Кыргыз элинин байыркыдан берки бай тарыхын, санжырасын изилдеп кийинки муундарга өткөрүп берүү жана тарыхта калган ата бабаларыбыздын элибизге, жерибизге сиңирген эмгегин даңазалоо жаңы мезгилдин талабына ылайык келет жана ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Ушул ойлор бүгүнкү ар бир кыргыз баласын ойлонтуп, түйшөлтүп келет…

Ал эми БЕЙШЕ уулу ЧОКОЙ баатырдын өмүрү, баскан жолу, өз элине сиңирген эмгеги, эрдиктери, баатырдыгы, даанышмандыгы терең, кенен, жеткиликтүү изилденбей келген. Тек гана айрым адабий басылмаларда Чокой баатырдын эрдиктери даңазаланган. Ушул себептен, 2008-2012-жылдары бабабыз тууралуу ар кандай булактардан материал чогултулуп, Кара-Кыштак өрөөнүндө Коңур дөбөдө Чокой баатырдын жаткан жайына куран окутулуп, Төлөбай чоку, Чокой арык, Көк кочкор, Коңур дөбө, Олуя чоку, Калмак-Кыя, Теңир-Көл, Туткуч-Сай, Сейилкандын үңкүрү, Чыныке бийдин убактылуу жайы жана башка ата-бабаларыбыз жердеген жерлер видео-сүрөткө түшүрүлдү. Сүрөтүн Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев тартып, Кеңкол Кулназаров тарыхчы-санжырачылардан укканын, өзү иликтегенин эске алып, аян алып, Чокой баатыр дастанын жаратты.Чокой атабыздын урпактарынын колдоосу менен өзүнчө китеп болуп жарыкка чыкканын бабаларыбызга таазим катары кабыл алышыбыз керек.

Чокой баатырдын теги, тарыхы, өмүр таржымалы. Бейше уулу Чокой баатырдын теги -кырк уруу кыргыздын тектүү салааларынын бири болгон байыркы Жетиген уруусу. Тарыхка кайрылсак, кылымдар бою кыргыз эли калмак жортуулуна, Кокон хандыгынын баскынчылык саясатына каршы жанын аябай күрөшүп, жер, суу талашкан тышкы душмандарга каршы көтөрүлүп, ата журтун баатырдык менен коргоп келгендиги тууралуу маалыматтар арбын. Ушундай катаал шарттарда Талас жергесинде Эр Солтоной, Бердике берен, Итим бий, Жалаңнайза, Бүргө баатыр, Эр Садыр, Чокой баатыр, Чыныке бий, Сатыкей баатыр сыяктуу белгилүү инсандар өздөрү тууралуу эсте калаарлык из калтырганын ким жокко чыгара алат.

Ал эми, эл ичинен чыккан, эл четинде жоо бетинде жүргөн БЕЙШЕ уулу ЧОКОЙ баатыр 1770-жылы (айрым маалыматтар боюнча 1781-жыл) Талас жергесинде төрөлүп, 1813 (же 1824) жылы, 43 жашында каза болуп, Кара-Кыштак жайлоосунда Коңур дөбө мазарына коюлган. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер Академиясынан алынган маалыматтарга таянсак — Чокой баатыр калмак жортуулунун натыйжасында Таластан сүрүлгөн элди кайра топтоого катышкандардын көрүнүктүүлөрүнүн бири. Бүргө баатыр, Тукал баатырлар менен үзөңгүлөш жүрүп, чилдей тараган элди туулган жерине жыйнаган. Мындан тышкары Чокой баатыр тууралуу тарыхый-көркөм маалыматтар Бектур Исаковдун «Арал санжырасы», Кушубек Качыбековдун «Бүргө баатыр», Чыналы Шакетаевдин «Абалкынын асыл сөз», Болотбек Бөкөлөевдин «Чыныке бий», Болот Рыспековдун «Бүргө баатыр баяны» аттуу китептеринде, Асыранкул Мүсүралиевдин «Урпактар таазими» макаласында, «Эл адабияты» сериясынын 19-томунда, «Талас облусу» энциклопедиясында, Эрмек Үмөтовдун китептеринде, Касым Салымбаевдин кол жазмаларында чагылдырылган. Биз билгенден, оозеки түрдө муундан муунга Чокой баатырдын эрдигин төкпөй-чачпай айтып келген олуя-ойчул Үмөт молдо, санжырачылар -Иманбек, Кулназар, Дүйшөмбү, Райымбек, Медет чечен, сөзмөр-жомокчу Назаралы, кийинкилерден Чыналы Шакетаев, Асыранкул Мүсүралиев, Нурмамбет аксакал, Жумабек Рысбеков болуп эсептелет. Билбегенибиз канча?

Ой жүгүртүп, Чокой баатырдын өмүрүнө, тагдырына, баскан жолуна көз чаптырып, ошол мезгилге кайрылсак, ал өтө татаал мезгилде жашаган. Кокон хандыгынын баскынчылык саясатынан, калмак жортуулдарынын кесепетинен ыдыраган жетиген элинин башын бириктирип, алардын башында туруп, аларга камкордук көрүп, өз элин-жерин тышкы душмандардан коргогон. Мисалга алсак, К.Кулназаров жараткан дастанда, Чокой баатырдын калмактар менен кармашканы мындайча сүрөттөлөт:

…Жакындап калмак келгенде,
Жаман түрүн көргөндө,
Кагып ийип найзасын,
Төшүнө найза салыптыр,
Талпактай болуп талп этип,
Кортук түшүп калыптыр.
…Кортукту жайлап тынган соң,
Жайсаңдарын жайлады.
Элүү беш экен калганы,
Экинчи кайтчу болбо деп,
Жөө-жалаң айдады.

Мындан тышкары, Бүргө баатыр менен үзөңгүлөш дос болуп, чогуу Таластан сүрүлгөн кушчу-жетигендерди бириктирип, туулган жерине топтогону, тышкы душмандардан элин-жерин коргогону, Аксыдан таруу алып келип, арык чаптыртып (Чокой арык деген жер азыр да бар, Кара-Кыштак өрөөнүндө) элин баккандыгы айтылып келет. Чокой баатыр согуш өнөрүн жакшы өздөштүрүп, жаш курагында кытай чалдан сабак алган. Аны Кокон аскерлери, калмак баскынчылары менен болгон кармашта, эр сайышта чеберчилик менен колдоно алган, «Чокмор колдуу, чоң муштум Чокой» деген атка конгон. «Тараза жылдыз бата элек, Бокон, Чокой жата элек» деп жылкы тийүүгө даабай кетип калгандар тууралуу жана өз уруусунун жылкысын тийген курал-жарактуу жыйырма жигитке каршы жалгыз салгылашып, эр өлгөндө «ууру менен бөрүгө кун жок» дегендиги эл оозунда бүгүнкүгө чейин сакталып калган. Далай чабышта алдырбаган аты Сур куладан айрылгандан кийин, Чокой баатыр Сагдан дөө менен болгон эр чабышта оор жарадар болуп, баш сөөгүн жез менен кадатып, кийинчерээк кайтыш болгон. Кыскача айтканда, Чокой баатырдын эрдиктери эл оозунда сакталып, муундан-муунга айтылып, элдик аңгемелер, дастан жаралып, кошок жанры да айтылып келет. Булар тууралуу, Ысык-Көлгө турмушка чыккан Чокой баатырдын кызы Канымдын кошогунда кыска, таамай айтылат:

…Найза болсо хан Бүргө,
Учу болгон бек атам.
Булчуң болсо хан Бүргө,
Күчү болгон бек атам.
…Эки жолборсту өлтүрүп,
Өчүн алган бек атам.
Сур-Куланын кеги деп,
Өтүн алган бек атам.
…Сормо сазга батырбай,
Төө сүйрөгөн бек атам.
Он атчаның тарта албай,
Жөө сүйрөгөн бек атам.
…Бүк түшүрүп буураны,
Башка урган бек атам.
…Тишин сууруп каманды,
Ташка урган бек атам.
…Качкан элди кайтарып,
Жараштырган бек атам.
…Как жарылган баш сөөгүн,
Кадатттырган бек атам.
…Бек атамдан айрылдык,
Жалган дүйнө дегениң,
Ушу беле деп атам.

Чокой баатыр жылдын кандай болоорун, кыш канчага созулаарын, жаздын эрте же кеч келерин, жайдын кургак же жаанчыл болоорун алдын ала эсептеп билген жана «жан-жаныбарлар табияттын сырын, жыл мезгилинин өзгөчөлүктөрүн адамдан жакшы билет, табияттын тилин, дилин билгиле» деп кеңешин берчү экен. Аял затына аяр мамиле кылган, «аялга камчы сунбаган» деп сүрөттөлөт. Мүнөзү сабырдуу, көп сүйлөбөгөн, калыс, адилет, катылгандын катыгын берген, досчулукту бекем сактаган, айткан сөзүнө турган, элин-жерин сүйгөн, антка бекем, тайсалдабаган, намыскөй адам экен.

Чокой баатырдын атасы — Бейше Ата жөнүндө учкай сөз. Эл оозунда сакталып калган улама-аңгемелерге таянсак, Бейше Ата — акылман, сабырдуу, боорукер, чыдамкай, өз тукуму үчүн кам көргөн, элин-жерин сүйгөн мекенчил адам болуптур. Мыкты саяпкер. 2001-жылы Кыргыз эл мугалими Бектур Исаков Бейшенин жасаган эмгегине так баа берген: «Ушул ыңгайдан алып караганда боорукердин боорукери, келечек тукум үчүн жанын үрөп аракет кылган Бейше бабабыздын кылган иштери мактоого арзыйт. Аны унутпай эстей жүрүү парз. Бул ниети да, акылы да тунук бабабыз жыйырмадан ашык (анын ичинде өз балдары да бар) тууганынын балдарын чогултуп алып, аларды тумшуктууга чокутпай, камчылууга чаптырбай асыраган, эрдикке тарбиялаган. Бул — тукум үчүн жасалган улуу камкордук. Мындай камкордукка алынбай ач бел, куу жондо жок болгондору, башка улуттарга малай, койчу, жалчы болуп кеткендери канча дейсиз! Бейше балдарды ошондой тагдырдын кыйчалыш соккусунан аман сактап калган».

Жыйынтыктап айтканда, Бейше уулу Чокой баатыр тарыхый инсан катары айтылууга, санжырага киргизилип, илимий-көркөм китептерге мазмун болуп кирүүгө татыктуу мыкты адам жана артына укум-тукумуна өчпөс из калтырган нукура баатыр, даанышман.

Бүгүнкү учурда, кыргызды кыргыз барктап, ата-бабаларыбызды мактап-даңктап, бөлүнбөй, биригип, кетирген кемчилигибизди кечиришип, бири-бирибиз менен айкөлдүк мамиледе болуп, жалкоолукту, кенебестикти таштап, дилибизди, тилибизди сактасак бат эле оңолуп кетээрибизге ишенем.

Таштан МАМБЕТАЛИЕВ, 
улуттук коопсуздук кызматынын жана
финансы полициясынын запастагы полковниги,
«
Көк асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.03.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий