Толкун Ади. «Тумчуккан сүйүү»

(аңгеме)

Алоолонгон сезимге акылдын бийлиги өтпөй, ойдо жок жерден сиздин турмушуңузга септиги тийип калаар бекен деген кенедей үмүт менен, тестийер кыз кезимен максатсыз түрдө жүрөгүмө уялатып алган «тун сүйүүм» дү ушул күнгө чейин эч кимге айтпай ичиме салып тумчуктуруп жүрүп, соңунда өзүм да билбей сизге ашкерелеп алдым. Ким экенимди билбесеңиз да акыйдемди урматтап, бир топ жылдан кийин болсо да ошол белгисиз катыма жооп жазып, адамгерчилигыңизди билдиргениңизден улам, сиздин жумурдан чыккан жубардай таза ары бийик адамдыгыңызга эт жүрөгүм элжиреп, эрксизден колума калем алып башыман өткөн окуяларды, ойлогон жүрөк сырларымды ак кагазга дагы биржолу түшүрө баштадым.

Мен ошентип, туп-туура отуз жашка толгондо анан той жасадым. Ушул жашыма чейин той жасабай жүрүп эл ичинде аз болбогон айың, кеп- сөздөргө да калдым. Ата- энем, тууган- туушкан, курбу- курдаштарым : «Той жасасаң болбойбу? Неге той жасабайсың? Же сүйлѳшкөн кишиң барбы?» дешып мазамды алып, тынчымды кетиришти. Жашым отуздан ооп кетсе «карадалы» атыгып, багым байланып «олтуруп» калышымды мен дагы абдан билет болчумун.

А бирок, менин еч кимге сыр бербей турган табышмактай мүнөзүм, тубаса түнттүгүм жана көктүгүм менен он беш жыл бою өзүмө эч кандай тийешеси жок бир жигитке сыртынан ашык болуп ,түбү жок туңгуюк сүйүүгө өнө боюм менен малынып, өчпөстүн отун жагып, сымаптай ичимен сызып, куру кыялга алданып күдөрүмдү үзбөй, тагдыр мага тартуулаган алгачкы кыздык аруу сүйүүмдү ушул күнгө чейин унута албай жашап келгенимди ким билсин?!…

Сиздин жогорку окуу жайын бүтүрүп Урүмчүдө кызматтанып калганыңызды угуп, аралыгыбыздын ансайын алыстап, эмы жолугу мүмкүнчүлүгүбүздүн огобетер азайганын билип турсам да күдөрүмдү үзгөн эмесмын. Бир жылга жетпей журтуңузга келип, жөнөкөй эле бир кыз менен той жасап аны Үрүмчүгө жөткөп кеткениңизди угуп жашоомон түңүлүп, ээн жерге барып алып эчкирип ыйлап, өлбөстүн күнүн гана бир көрдүм ошондо. Кийин бир кыздуу болдуңар, андан көп узабай эле дагы бир уулдуу болдуңар. Сиздин экы балалуу болуп, үй-бүлөңүз менен бактылуу жашап жатканыңызды угуп, тагдырыма там берип, арийне ичимен сүйүндүм, бул чындыкты мойундабай да амалым да жок болучу…

Сизди толук орто мектептин 1-жылдыгына барганда жолуктуруп, анда сиздин 3-жылдыкта окуп жаткан «чоң жигит» экениңизге карабай сыртыңыздан сүйүп ашык болуп, анан сиз жогору окуу жайына өтүп Урүмчүдө калып, той жасап аялыңызды жөткөп кетип, эки балалуу болгонго чейин, аралыктан он беш жыл өтсө да эч ким менен той жасоого дитим барбай, тикендей жалгыз жүргөнүм, меники да өзүнчө бир кызык…

Менин башыман өткөргөн сүйүү азабымды жан адам билбейт эле, тиш кагып бырөөнө айтпастыкка ант дагы ичкенмин. Бирок, азыркы күйөөм той жасоонун алдында менин артыман түшүп мага үйлөнүү талабын кайра- кайра коюп аябай тажатканынан улам бир ошого гана актарыман жарылып, сизди бала кезимен тартып сүйүп жүргөнүмдү, сизден бөлөк эч кимге көөнүмдүн түшпөгөнүн айтып, аны менден үмүт күтпөй башка кыздар менен той жасоосун өтүнсөм да болбой  ансайын мага үзүлүп түшүп, мени менен сөзсүз той жасап бактылуу кылаарына ант бергендиктен, жүрөгүм эрип, акыры аны менен баш коштум.

Биздин той жасаганыбызга бир жылдан ашып, эмы эле балалуу болуп, тунгуч балабыздын кызыгына батып бактылуу жашап жатканыбызда, тагдырдын шамалы сизди алыскы чоң шаардан мен жашап жаткан бул чөйрөгө учуруп келди. Кызмат байланышы менен үй-бүлөңүздү алып биздин ооданга жөткөлүп келдиңиз. Он беш жыл бою эсимден эгерим кетпей жанымды кыйнап, оюман чыкпай көкөйүмдө сайрап туруп алган жандай көргөн жакшы кишимди биринчи жолу жакын эле жерден кезиктирип, эмне жасарымды билбей оюм онго, санаам санга бөлүнүп, бир топ күн эсим ооп эндиреп  жүрдүм. Сизге тааныштык берип кайрадан көңүлүңүздү бурушум, же капыстан жолуккан болуп жакшы өтүп калышым толук колдон  келеер эле. Бирок, эми анткенге менин адамдык абийрим жол койгон жок. Акылдын ээлигине көнбөй алып- учуп жаткан шайтан сезимимди, дагы эле сизди көргөндө булкунуп туйлап турган бети жок жүрөгүмдү бек кармап сизге жолобостукка, ашкереленбестикке бекидим.

Алкачкы күндөрдө сиздин биздин ооданга көчүп келгениңиз жаңылык болуп мурдагы тааныш- билиштериңиз, эмики сиз менен аралашып жакын өткүсү келгендер дасторкон жайып сизге ызат- сый көрсөтүп жатышты. Кээ бир шайкелең кыз- келиндер сизге сыртыңыздан ашык болушуп «капкан» куруп,»торго» түшүрмөй да болуп жатышты. Анткени, сиз мен кыз кезимдегы ашык болгон  келишкен келбетиңизден али кетпеген, кишиге жагымдуу сылык- сыпайы мүнөзүңүздөн эч качан тайбаган экенсиз. Алтургай ансайын көркүңүзгө келип, арык денеңызге эт конуп толмоочтонуп, оор басык, салабаттуу көрүнүп, көргөн адамдын урматын козгойт элеңиз. Сиздин үй-бүлөңүз менен бактылуу жашап, күндөн- күнгө эл- журттун урматына алынып, кызматыңызды мыкты иштеп, алигиндей «капкан», «тор»лорго түшпөй абройуңуз менен салакатыңызды сактап жүргөнүңүздөн улам менин өзүмчө ичим жылып, сыймыктанып кандайдыр жетине албай жүрдүм…

Сиздин зоболоңуз күндөн- күнгө жогорулап, кызматтын бийигинен көрүнүп жаткан күндөрүңүздүн биринде, капысынан  үй- бүлөңүздүн бузулуу шум кабары бүтүн ооданды бир алды.  Көрүнгөн эле адамдардын оозунда сиздин ушагыңыз, айрыкча аялдардын арасында бул «талуу түйүн» маселеге ар түркүн жоромолдор айтылып, кулактан- кулакка жеткизилип жатты. Ушул күнгө чейин сиздин үй- бүлөңүз жөнүндө эч кандай жаман кеп уккан эмесмин. Ажырашмакчы болгон эр- аялдардын алдын жамандашып, жака тытышып урушуп, мал- дүнүйө талашып сотко чейин барып абийиринин аттай кетиши бештен белгилүү. Бирок, сиз жөнүндөгү кептер анын тескерисинче. Сиз аялыңыз менен урушпай- талашпай, үй- жай, мал- дүнүйөнү бүт ошого берип, сыртка сыныгыңызды чыгарбай басып кетиптирсиз. Ошондон улам элдин оозунда «аялын бузукулук кылган жеринен кармап алыптыр» деген ушак- айыңдар айтылып жүрдү. Ошондо да сиз деле бир ооз «жаман» дебей, атайын сизден  чукулап сурагандарга «айтаар эч нерсе жок, эп өтө албадык» деп, жөнөкөй гана жооп берип, айың сөздүн баарысын сандыракка чыгарыптырсыз.

Эмнеле болбосун сиздин турмушуңуздун бузулганы бир мезгил тынчып калган менин жан- дүйнөмө күчтүү дүрбөлөң салды. Узун жылдар бою сизге жетүүнү гана эңсеп, сиз менен баш кошуунун кезметин күтүп жүргөн мендей бир тумчуккан сүйүүнүн ээсы үчүн баардык нерседен кечип, өзүмдү ашкерелеп, бир айласын таап сиз менен тил табышуу толук колдон келер иш эле ал кезде. Бирок, бул»кезмет» мага өтө эле кечигип келген болучу. Мен эми өзүмдү чын дилинен каалап сүйгөн  ак жүрөк күйөөмдү, наристе баламды таштап көңүлдүн артына  түшө турган кезден өтүп кеткен элем. Кайра иштин баарысын оңго жооруп, сизди адашкан жолунан кайтып, ачууга алдырган болсо кайта акылына келып, эл- журт салаа кылса жубайы менен жуп калаар деп , калаберсе ошондой болушун чын жүрөгүмөн тилеп жүрдүм…

Аттиң ! Сиз ажырашып бир жылга барбай эле мени менен кошуна олтуручу, күйөѳсүнөн жамандашып ажырашкан, таасири өтө начар бир жубан менен той жасамак болуп жаттыңыз. Кайсыл кезде кандайча болуп ал жубан менен табышып калганыңызга менин акылым жетпей айран. Ошол кабарды укканда, өзүмдү кармана албай эчен ирет сиздин кызмат ордуңузга издеп барып көрүшмөй болуп, кайтара дарбазаңыздын түбүнөн канча ирет кайтып келгенимды өзүм да билбейм. Кандай кылаар айламды таппай соңунда сизге бир парча белгисиз кат жазмай болдум. Менин бул белгисиз катыма сиздин ишенишиңиз да белгисиз болучу. Ошондо да бир урунуп бакмай болдум. Катты кайдан баштап кайдан аяктатышты өзүм да билбей, бир канча күн курулай убара болуп, ойлогон сайын оюм узарып, максатымды кагазга түшүрө албай өтө кыйналдым. «Сөз чынынан бузулбайт» деп, кандай гана болбосун сизге чын сөзүмдү айтып, ак жеримен жарылгым келды. Сиз айткан сөздөрүмө ишенбесеңыз да, ушул катты жазуу аркылуу узун жылдардан беры ичимде толуп жаткан бугумду бир чыгарып алгым келды. Ал белгисиз катты мына бул саптар менен баштадым :

Сиз Чыңгыз Айтматовдун»Жамийла»деген повестин окуган белеңиз? Окуган болсоңуз андагы Жамийланын Даниярды ээрчип кеткенде, кайын иниси Сейиттин эми гана махабат уялаган балалык жүрөгүнөн чыгарып»Жамийла…»деп аянычтуу кыйкырган үнүн элестете аласызбы?

Оттой алоолонгон махабатым, жакшы тилек ойлорум менен сизге ысык салам !

Урматтуу Сыймык агай, мен жерден капысынан чыга калгансып салам- саатка келбей эле сизден суроо сураганыман кандай немедир дегендирсиз балким. Мен ошол Жамийланын кайын иниси сыяктанып, азыркы коё берген аялыңыз менен алгач той жасаган кезиңизде жылгаларды жаңыртып атыңызды атап кыйкырып, жаш кырчын кыз өмүрүм менен кош айтышкым келип, бардык дартымды, жан сырымды ошол ээн талаага айтып каңырыгым түтөгөн, тунгуч махабаттын тушоосунан чыга албай он беш жыл арман ой менен жашап келген жөнөкөй гана бир инсанмын.

Ким экенимди сизге түбөлүк билдиргим келбейт. Бул тараптан сизди үмүтсүз калтырып, ойлонууга аргасыз кылганымды кечирсеңиз экен?! «Бала кездегы махабат өткүн жаан» деп калышат экен башкалар. Эгер чынында эле ошондой болсо, мен бул он беш жылдык сагыныч- кусалык дартын тартпаган болоор элем. Бирок, он алты жаштарымда көңүл тереземди чеккен тунгуч сүйүү сезиминин мага ушунча узун жыл жолдош болоорун оюма да келтирбеген экенмин. Он беш жаз, он беш жай, он беш күз, он беш кыш؛ 180 ай, 5475 күндү бир ооз жан эриткен жылуу сөзүңүздү, же көзгө сүйкүм элесиңизди көрбөй тумчугуу менен өткөздүм…

Эми гана тагдырыма тен берип, күдөрүм да үзүлөйүн деп калганда, тагдыр мага тамаша кылгансып, сизди алыскы чоң шаардан мен жашап жаткан чөйрөгө учуруп келди. Канчалык таңыркаганымды, идыйамда канчалык кыйчалыш болгонун бар болсо бир кудай, андан калса бир өзүм гана билем. Акыры адамдык абийирим, аялдык ар-намысым, ыйык энелик бурчум, кыскасы бүгүнкү коом жактай турган адеп- аклагым менин бир ирет тумчуккан сүйүүмдү ансайын тумчуктуруп, эбегейсиз зор курмандык берүүмдү талап кылды.

Чогуу жашаган чөйрөдө капысынан сизди көрүп калсам, эңсеп, эмнегедир элөөрүп турсам да качууга аргасыз болдум. Антпегенде кантем? Сиздин бактылуу үй-бүлөңүз, кудай сүйүп берген татынакай эки перзентиңиз бар экен. Аларды көрүп терең ой деңизине чумкуп, ансайын ашкереленбестикке бекидим. Бирок, былтыр жаздагы таркалган үй- бүлөңүздүн бузулуу шум кабары сизди кайрадан күзөтүүмө себеп болду. Ѳкүнөрлүүсү сиз ажырашып бир жылга жетпей туруп, тек- жайын түшөнбөй эле эч кандай тартымы жок демейдегы бир жубан менен той жасамак болуп жаттыңыз. Ошондон улам жүрөктүн тереңинде жаткан жандай сырымды(өзүмдүн ким экенимен бөлөк) сизге тунгуч жолу ушундай жол менен ашкерелөөгө аргасыз болдум.

Агажан, сиз менин көңүл төрүмдө эмнегедир бүдөмүктөшүп кеткенсидиңиз. Андай десем, «мен тааныбаган, мен сүйбөгөн бирөөнүн көңүлүндөгү ордумдун кандай болушу менен эмне ишим бар?» деп, менин акмактыгыман күлүшүңүз мүмкүн. Бирок, мен ушундай акмактык жолу менен ичимдеги сырымды, сизге болгон мурдагы жана азыркы көз карашымды төгүп салып, биротоло ичимди бошоткум келди. Убактыңызды алганыма күнөөлүүмүн…

Үй- бүлөңүздүн бузулуш себебин, ажырашкан болсоңуз да аялыңыздын бир ооз жаман кебин кылбай, мал- дүнүйө талашпай үн-түнсүз үйдөн чыгып кеткениңизди элден угуп, «Мен дегеле оңой- олтоң кишини сүйүп, кусалык тартып жүрбөпмүн, чыныгы келбетине жараша акылы менен жаралган чыгаан бир жигитти сүйүпмүн. Он беш жыл эмес түбөлүк сүйүп жүрүүмө арзыгыдай жигитти сүйүпмүн» деп тамшанып, сыймыктанып жүргөнмүн ичимде. Сизди кандайдыр бузулган уясын кайра курууга дайындалып жаткан «кыраан бүркүт»кө окшотуп, ансайын көңүлүм жибиген.

«Ошончо жыл сүйүү, кусалык дартын тартып жүрүп, анан эмнеге аялымды коё бергенде бирер шыбыт берип өзүңдү ашкерелебейсиң?»деген суроо сизде туулбай калбайт. Азыр мен ыйык энелик жүктү аркалаган бир бактылуу апамын. Коомдогу бардык ата- энелердин мага окшош баласынын бакты үчүн эбегейсиз бедел төлөп курмандык берсе да, ынтымактуу үй- бүлө куруп сыймыктуу эмгегинен үзүр алышын кимдер гана жактабайт, кимдер гана каалабайт дейсиз?

Ѳз кезинде азыркы күйөөм мены сүйүп, той жасайлы деп артыман түшүп аябай тажаткан кезде, аны бир ээн жерге баштап барып, сизди бала кезимен сүйүп жүргөнүмдү, сиздин алыскы чоң шаарда эчак эле той жасап бактылуу жашап жатканыңызды айтып, жүрөгүмдүн башта эле бирөөнө арналып болгонун ашкерелеп, анын менден сүйүү күтпөй башка кыздар менен бактылуу болушун талап кылдым. Үнү ичине түшүп үн-түнсүз жоголуп кеткен бул жигиттин ошондон бир ай кийин мага кат жазып айткан мына бул сөздөрү али да эсымде: «Мен сени чын сүйөм, эгер мени менен той жасасаң, сени сөзсүз бактылуу кылам. Кийин мени менен той жасаганыңа өкүнбөй, турмуш жолун түбөлүк мени менен бирге басышыңа ишенем» деп жазыптыр, ал катында. Сиз биздин бул жерге жөткөлүп келгенде, күйөөм бир жолу сиз менен соорунда бирге олтурду. Ошондо мен сиз менен болгон сырымды күйөѳмө төкпөй- чачпай айтып бергенимен катуу өкүнүп, үйгө кайтып келсе бетиме салаар бекен деп уятымдан жерге батпай сыгылдым. Бирок, менин ал кабатырланганым артыкча болуп чыкты. Ал бүгүнгө чейин менин алдымда сиздин атыңызды атаганы жок.

Урматыңыз улуу Сыймык агай! Сиз балдарыңызды түбөлүк ушундай кип-кичи бойдон чоңойбой тура берет дейсизби? Ѳзүңүздү да бир өмүр ушундай жаш, мартабалуу бойдон тура берем деп ойлойсузбу? Азыркы той жасамакчы болуп жаткан жубанды чын эле сүйөсүзбү?…Он беш жылдан берки кызгануу айынан мурдагы аялыңызды ошончолук жек көрсөм да, бирок, татынакай балдарыңыздын болочок бакты үчүн сизди дагы еле ошол балдардын өз энесине кыям, башка бирөөнө эгерим кыйгым келбейт…

Тирүү жетимдик, ѳгөй эне, таңыркоо…буларды түшүнөсүзбү? деги эчтекени билбеген жашына али жетелек балдарыңыздын муң- зарын укпасаңыз экен, күнөөсүз байкуштардын кор болуп бүрүшкөн кебетесин көрбөсөңүз экен деп тилейм сизди. Алмакчы болгон аялыңыздын тек жайын абдан билип турсам да, аны жамандагым келбейт, жамандоого акым да жок. Коомдогу бардык киши өз бакты- таалайын издегенге укуктуу. Бирок, биздин жашыбыз отуздан ашып бала-чакалуу болуп, ата- энелык жоопкерчилигибиз мойнубузда турганда бирдемдик селдеген сезимди басып алып, балдар үчүн курман берүүнүн кымбатын эң жогору орунга койсок эгерим жаңылышкан болбойбуз. «Адашкандын айыбы жок, кайра үйрүн тапкансоң» дегендей, кайрадан туура жолуңузду таап, сүйкүмдүү чүрпөлөрүңүздү өз энеси менен бир уядан учурса экен деп тилейм. «Тойгондо токтунун эти топо татыйт» деп эртедир-кечтир акыры бир күнү өкүнүп, дили сынып, өзөгү өрттөнбөсө экен дейм сизди.

Сиздин турмушуңуз менен мүлдө катышым болбосо да ,өзүм туура деп ойлогон жол менен, сизге ички сырларымды төгүп алганыман өзүмдү жеңил, ары кубанычтуу сезем. Мены жек көрсөңүз да мейли. Сиздин бул жолку жоругуңуз мени ансайын сабырлуу, ансайын акылдуу кылды. Ал үчүн сизге ыракмат айтуу жолум бар арийне…

Сыймык ага, мен мындай эки иштин болооруна мүлдө ишенем. Бири, жакындан бери(мен той жасаган бир жылдан бери) менде баш көтөргөн күйөөмө болгон урматымдын сүйүүгө айланып, аны менен түбөлүк бактылуу өтүшүмө ишенем,дагы бири, мейли кайсыл чак болсун күндөрдүн бирынде тандаган ушул жолуңуздан тажап, өкүнүч менен бир эмес бир канча кишинин жүрөгүн канталатып, «кайран келиндин айтканы келбедиби» деп, баш чайкап каларыңызга мүлдө ишенем…

Калган иштер өзүңүзгө байланыштуу, сизге бакыт каалагым бар эле, бирок, мен канчалык далалаттансам да оозуман чыгара албадым. Сиз менен бетме-бет олтуруп муңдашып, ички сырларыңызды угуп, ойлоруңузга ортоктош, санаңызга санаалаш болгумда бар эле, бирок, бул мүмкүнбү?…

Кайыр-кош агажан! Сизге бекем ден соолук, арчадай жап-жашыл өмүр, ачык асман, жаркыган көңүл тилеп, сөзүм соңуна чыкты.

Катты миң балаада жазып бүтүп , почтодон сизге салып жибердим. Бул белгисиз катымдын сизди кандай ойдо түйшөлтөөрүн билбейм, ошондо да бир укмуш болуп сизди ниетиңизден айнытып, жаңылыш баскан кадамыңызды токтотуп мурдагы жолуңузга кайткан болсоңуз, мен үчүн эбегейсиз зор жеңиш болоор эле.

Ойлогон ойлорум, жасаган аракеттерим баарысы жокко  чыкты. Сиз эч нерсеге карабай акыры ошол жубан менен той жасадыңыз. Бытке өчөшүп көйнөктү отко салгандай эле иш болду, сиздин эмнени ойлогонуңузду билбейм, мен эмес бүтүн оодандагылар сиздин бул кылганыңызга таң калып, сизди дайындуу эле киши экен деп калышты. Алтургай аялдардын оозунда сизди кайын журтуңуздун алдына барып тизелеп олтуруп, «кызыңарды мага  бергиле, аны сөзсүз бактылуу кылам» деп, жалбарыптыр деген сөздөр да айтылып жүрдү. Бул иштер сизге ылайык келбейт болучу. кандай кылайын, сиздин таламыңызды талашып эл менен жакалашып урушкалы болбоду, же сизге барып бет- маңдай олтуруп бардык нерсени ачык- айкын айтып,  сизди түбү жок аңдын кырынан тартып алуу колуман келбей  койду ал кезде.

Бул иштер мурдагы аялыңыздын кыялына кирип чыкпай кадыржам жүрөт имиш, «Мен жаман болсом жакшыларды көрүп баксын, кайда кетмек эле окууга кетти, окуусу бүтсө кайтып келет…» деп, келеке сөз таратып жүрөт дейт. Сиз той жасап апта өтпөй эле экы балаңызды жаңы кармаган үйүңүзгө киргизип коюптур, «Атаңардыкына баргыла,  атаңар менден жакшы катын алды, ал катын силерди өз энесинен артык карайм дептир…» деп, жаңы алган аялыңыздын адамдыгын бир көрмөк болуптур. Ѳгөй эне төбөсү менен жер казган күндө да өгөй балага жакшы көрүнө алмак беле? Азыр эне баланы эмес бала энени өгөйлөй турган заман турса?…анын үстүнө сиздин жакшы деп алган ал колуктуңуздун «жакшы»лыгы бизге бештен белгилүү эмеспи…

Болору балдарга болду, нары барып өгөй энеге, бери келип өзүнүн энесине батпады. Мурдагы аялыңыз балдары жедел кылса жаны кейип,»Атаңардан көргүлө, силерди жетим кылган атаңар. Силер деген тирүү жетимсиңер, жетим туруп эмнеңерге чырлашасыңар?» деп, күнөөсүз байкуштарды жүрөгүн жаралап, ансайын шагын сындырганын кошуналары угуптур.

Сиздин кийинки турмушуңуз деле көпкө барбады көрүнөт, жай той кылып кышка жетпей жамандашыптыр деп уктук. жамандаган катын жөн чыкмак беле? Сизди бир далай чыгымга жыгып, жала жаап, мал- дүнүйө өндүрүп алганы аз келгенсип, күнөөнү сизге артып, өзү куландан соо болуп  басып кетти…

Ушундай бир күндүн келишин мен мурда эле билгенмин. Сиз эмнени ойлодуңуз экен? Эмнеге мындай жасадыңыз экен? Нике менен ойношкондой эле болдуңуз. Болгону өзүңүз жаман аттуу болуп, эки катын коё берди деген атка конуп, абройуңуз төгүлүп, эл ичиндеги кадыр- баркыңыз бүдөмүктөштү да, калды.

Бирок, бизди кичине болсо да сүйүнткөн бир нерсе, сиздин көп узартпай мурдагы аялыңыз менен эптешип, балдарыңыздын жанына кайтып келгениңиз болду. Менин канчалык кубанганымды билбейсиз, мурда эле ошондой болуш керек эле.  Мына бул сиздин чыныгы эрдигиңиз, ак көңүл, кең көкүрөктүгүңүз, чыныгы эржүрөктүлүгүңүз эле. Болбосо  оопасыз аялыңызга өчөшүп, курулай эркектик намысты деп «чекесинен чертип» кыз алышыңыз бүтүндөй мүмкүн эле.  эмне эле болбосун кудай- тааланын сизге берген ынсабына, күнөѳсүз балдарыңыздын бешенесыне буйруган ырыскысына миң- мертебе ыраазы болдум…

Силердин кайра жарашып, үзүлгөн турмушуңарды улап калганыңар аябагандай сонун эле иш болду, колуктуңуз менен бала- бакыраңызды ээрчитип жүргөнүңүздү көрүп, элдин баары кубанды. «Адашкандын айыбы жок, кайра үйрүн тапкан соң» деген ушул, эмнеден кичирет элеңиз? Никесиндеги аялын кордоп талаага карап, балдарына ээ болбой чыркыратып таштап койуп басып кеткен, ичкиликке берилип өлүү болуп көрдө, тирүү болуп төрдө жок жүргөн эркектер деле канча арабызда…

Турмушуңуз калыбына келип, кызматыңызда жакшыланып, өтүп кеткен көңүлсүз иштер унутулуп, баары- жок кадимкидей эле болуп калган. Көчөдөн, той- торопо же чогулуштардан сизди жолуктуруп калсам, кең бешенеңызди жаркылдатып, коюу кара каштарыңыздын алдындагы бир жуп оттуу көздөрүңүздү балбылдатып, жакаңызга кир кондурбай өзүңүздү таза, тыкан кармап жүргөнүңүзгө, беттериңизден нур төгүлүп турганына карап, сиздин бактыңызга ортоктош болгонсуп, ичимен сүйүнүп, мен дагы бакытка балкып жүргөнмүн.

Кечээ жакында кызматташ курбу- курдаштарымдын оозунан белгилүү бир кыргыз тор сайытынан укмуштай бир кызык аңгемени окушканин, кымдир бырөөнүн «Белгисиз катка жооп» деген узун сабак сүйүү баянын жазып, өзүн сүйүп калган белгисиз бир кызга тор аркылуу кайрылганын айтып кеп салышып жатканын угуп калдым. Демейде торго деле көп чыкчу эмесмин, кызматтан сырт бош убактарымда анда- санда тордогу жаңылыктарды да көрүп коёт элем. Кызматташтарым айткан «Белгисиз кат» жөнүндөгү кабарды угуп жан- дүйнөм жанчылып, кулактарым чуркурап, мээмен түтүн чыгып, жүрөгүм саамга какпай катып калгансыды. Ал катты сиздин жазганыңызды дароо сездим, жүрөгүм сизди жазды деп айтып турду. Анан эмнеге ачыктан- ачык тордо жарыялаганыңызга акылым жетпей кабатырланып, миң түркүн ойлор менен ал катты таап окуганга шаштым. Досторуман сураштырып жүрүп компьютеримен ал тор бекетин таап, сиз жазган «Белгисиз катка жооп» деген жолдомону эң бир толкундануу менен кызыгып окуй баштадым.

«Белгисиз бирөөнүн мага жазган бир парча белгисиз каты бир топ жылдардан бери жанымда купуя сакталып жүргөн. Бул катты мага кимдин жазганын билбейм, ошонусуна карабай бул белгисиз катты таштап салууга же менин көөнүм кыйбады, кеп оролу мына ушунда…»деп баштапсыз, ал катыңызды.

«Узун жылдар бою менден жооп күтүп жаткан бул белгисиз катка эми ушундайынча «тор» аркылуу жооп жазып коюунун кезметы келип калды окшойт. Ал жаңылыкка кызыккан инсан болуп, анча- мынча тор бетине чыгып жүргөн болсо бул жазган жообумду көрүп да калаар. Ал ошол белгисиз каты аркылуу жүрөгүндөгү сактап жүргөн сырын мага билдирип кеткен болсо , мен дагы анын ким экенин билбеген соң ушундай жол аркылуу ичимдегини билдирип кетейин дедим,» деп түшүндүрмө берип, анан менин бир канча жыл илгери сизге жазган алиги белгисиз катымды толук нускасы менен бир да сөзүн өзгөртпөй бере салыпсыз. Соңунда катка жооп түрүндө, өзүңүздүн мага айтмакчы  болгон ойлоруңузду мына бул саптар менен баштаптырсыз:

«Сенин мага жазган белгисиз катыңды тапшырып алганымда, менин алдын белгилеп койгон той болчу күнүмө араң эле бир жума калган болучу. Той жасоого бекип болгон кезимде, белгисиз бир каттын айынан кайта айнып кетмек белем? Ортолукта ишиме иритки салып, мени акмак кылган бирөө болуп жүрбөсун? деп ойлодум ал кезде.

Сүйүү деген эмне? Бакыт деген эмне? Бул маселеге ар ким өзүнүн башынан өткөн тажрыйбасына негизденип жооп берсе керек. Ѳзүмдү алып айтсам мурдагы аялымды эч ким мага зорлоп таңган эмес, өзүм таап, өзүм каалап сүйүшүп жүрүп эле той жасаганмын. Көрсө, сүйүү деген  жүрөктөгү «от чачышуу» эмес экен , сүйүү деген- жүрөгү табышкан эки жаштын максатына жетип (никеленип болуп) үй курагандан кийин да, өз ара урматташып, турмуштун ачуу- таттуусун тең татып, кайчылыктардан улам өчүгүшпөй өз ара жол коюшуп, жүрѳктүн тереңинен күйүнүшүп өмүр өткүнчө бирге жашай алса анан ал чын сүйүү болот экен. Бакыт дегениң− чын сүйүшүп баш кошкон экы жаштын бекем ден соолук негизинде тырышып эмгектенип, турмуш менен кызматты(жашоону) өз ара айкалыштырып, перзент сүйүп, аларды чогуу тарбиялап, үй- бүлө жана коом алдында жогору жоопкерчилик менен жашап, бай- байкер, тынгылыктуу турмуш өткөрүү экен.

Эркек менен ургаачынын бири- бирине талпынып, тил табышып махабатташуусу, алтургай той жасап эрды- катын болушу ошончолук оңой болгону менен, чыныгы турмуш кармап, бирин- бири колдоп, өмүр бою ак сүйүүнү аздектеп өтүп кетүү бардык эле адамдарга насып боло бере турган андай оңой- олтоң иш эмес тура.

Сен «кызганган» алкачкы аялым экөөбүз элди суктандырып, «махабатташып»жүрүп той жасаганыбыз менен, бирок, көпкө барбай эле «өтө кызыл бат оңот»болуп турмушка, жашоого болгон көз карашыбыз түптөн окшобой, жасаган кылык- жоругубуз, иштеген иш- аракетибиз   бири- бирибизге жакпай ичибызден тындык да калдык… турмуштун кызыгы менен кээде оомал, кээде төкмөл болуп жүрүп, көздү ачып- жумгунча аралыктан он жыл өтүп, ортолукта алтындай экы балалуу болуп, ыйман соту алдында жоопкерчилигибизди аркалап ошол күнгө чейин жашап келгенбиз.

Мен деле чийки сүт ичкен пенде экенмин, чыдамдуулуктун да эң жогорку чегы болот экен.

Узун жылдар бою ичтен буулугуп ынтымак- ыраасы болбогон, эр- аялдык мээр- махабат калбаган турмуштан тажап, акыры он жылдык турмушума кол шилтедим да басып кеттим.

Аялымды коё берип бир жылга чейин айланбаш торпок өңдөнүп, талаада каңгып жүрдүм. Кайра турмуштанып төшөк жаңыртканды ойломок түгүл курбу- курдаш, теле- теңтуш алдында эркек башым менен турмуштан жеңилгенимен намыстанып, «бир катынды башкара албай» балдарды «тирүү жетим» кылганыман өзүмдү өзүм кечире албай жүрдүм…

Менин экинчи иретки турмуштанышым деле ойдо жок жерден болду. Сүйүүдөн көөнүм суу ичпей жабыгып, көңүлүм түпөйүл тартып жүргөн күндөрүмдүн биринде, сен жактырбаган алиги «жубан» өздүгүнөн кол учун сунуп, «чын сүйүп» калганын айтып «өмүр бою кызматыңызды кылып, балдарыңызды өз энесынен артык карайм» деп өтүнсө, аркы- беркисин көп ойлоп олтурбай эле, жеңилдик менен той жасоого бекиптирмин.

Башынан эле катындан таалайым жок болсо керек. Той жасап жарым жылга барбай эле анын да турмуштан шаабайы сууду. Ѳгөй эне менен өгөй баланын өзөктү күйдүргөн оту жанга баткан кезде, ортолуктагы «жылт» эткен шайтан сезим өчкөн кезде, анан анын чыныгы «адамдыгы» билинди…

Чын айтыптырсың, сенин айтканың келди. Бир жылга барбай экинчи турмушумда бузулуп, ортолукта аз болбогон кыйгыл- кычкыл иштер жүз берип, чынында бир эмес бир канча адамдын жүрөгү канталап, жаман аттуу болгонум болуп, акыры өкүнүч менен ажырашып тындым.

Балдардын күйүтү кыйын экен. Кайда жүрбөйүн аларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай карегимдей асырап чоңойтом деп ойлогон экенмин. Ѳзүнүн энесинен айрып, аларды ыраазы кылмак мүмкүн эмес экен. Ташбоорлук кылып карабай басып кетсе биртаң…бирок, мендей бир боорукер адам үчүн ал колдон келээр иш эмес экендигин бир билдим ошондо.

Кийинки турмушум соңуна чыгып апта- он күн өтпөй эле, жакын өткөн дос- аяштарым ортого түшүп, мени балдардын энеси менен эптештирип коюшту. Биз эмне демек элек?…Жалооруп карап турган балдарыбыздын бозоргон беттерине кызыл жүгүрүп, көздөрүнөн күлкү төгүлүп турганын көрүп, эриксизден биздин да көзүбүздөн жаш кетти… Мына ошентип башта эле башкалардын «эптешип калгыла» дегенине көнбөй, ортолукта мен бир аял алып коё берип, ал жесирликтин азабын жеткинче тартып, башыбыздан аз болбогон ысык- сууктар өткөндө анан эптештык…

Биздин кайта эптешкенибиз балдар үчүн сонун эле иш болду. Алардын кубанычы койундарына батпай бирде апасынын бирде менин моюнума асыла кетишип, чексиз бакытка бѳлѳнүштү да калышты. Бирок, балдарды деп эптешип, бир үйгө кирген менен эле «эрды-катын» болголу болбойт экен. Канчалык жакындашсак да өчүп калган сүйүү отубуз кайра тутанган жок, жүрөктөгү каткан муз эч бир эричүдөй эмес…

Биздин кайрадан эптешип эки баланы ээрчитип жүргөнүбүздөн улам тууган- туушкан,эл- журттун баары кубанып, бизге «куттуу болсун» айтып жүрүштү. Сыртыбыздан эч кимге билиндирбей кайда барсак бирге барып күлүп- жайнап жүргөндөй болгонубуз менен, үйгө келгенде үңкүйүшүп тетир карашып олтурганыбызды ким билсин?…

Балким сен дагы мага сырттай ыраазы болуп, ичиңен жылмайып жүргөн чыгарсың. Балдар үчүн зор «курмандык бериш» сенин менден күткөн үмүтүң эмес беле? Ошондой эле болду… Балдардын энеси экөөбүз эрды- катын болуп жарытпаганыбыз менен, сыртка сыныгыбызды чыгарбайбыз. Эки балам бактылуу, мен балдардын атасы ал балдардын апасы, төртөөбүз окшош эле айрылгыс жакын кишилерденбиз, эч нерседен тарыкпай бир үйдө чогуу жашап жүрөбүз.

Балдарымдын аман-эсен чоңоюп, жакшы окуп кызматка чыгып, коомдон бир кишилик ордун таап, бактылуу үй- бүлө курушун төрт көзүм менен күтөм. Мүмкүн алардын баласын багып, небере күтүп өмүр бою кызматын кылармын. Ошондо алар менин жаштыгымдын күл болуп, көңүлүмдүн зил болуп, жашоомдун шорлуу туз болуп өткөнүн билишер бекен? Эмне үчүн мынча зор курмандык бергенимдитүшүнүшөр бекен? Же чоң болушканда менин бул акмактыгыман кайра күлүшөр болду бекен?…

Мейли, мен эч кимден орунбайм. Балдарым өз ата- энесинен айрылбай бактылуу жашап, соо денелүү өсүп- жетилип, болочокто эл- журттун керегине жараган адам болсо эле болгону. Аялым менын айтканыма көнбөй өз билгенин жасап жүрсө да, анын каалаганы ошол болсо ага деле болуптур, өзүнүн көөнүн өзү жубатып, балдарына жакшы апа болуп, оорубай жүрө берсин. Кайсы бир улуу окумуштуунун колунан эч бир иш келбеген, тажаал аялын «коё берсең болбойбу?» деп башкалар ага боор оорутса, «ал байкушту менден бөлөк ким алмак еле ?» деп, ал кайра аялына боор ооруткан имиш. Мен ага караандай албасам да, «аялымдын жакшылыгынан, бир катынды экы алдым» деп коём, башкаларга…

Менин жеке турмушуман бөлөк, сыртта каржылыгымды казык кылып иштешимди күтүп турган аябагандай көп жумуштарым бар. Эң оболу мен партия менен элдин атайын ишеним көрсөтүп милдет тапшырган бир жетекчи кадрымын. Ѳз кызматымды тынгылыктуу аткарып, адил- калыс болуп, эл- журт үчүн талыкпай эмгектенип, улуу ата мекендин өнүгүп- өсүшү үчүн бир кишилик салым кошуу- менин баш тарткыс ыйык жана бийик милдетим.

Кызматыма байланыштуу төмөнгө түшүп, айыл- кыштактарды аралап жүрүп, эл- журттун, калайык- калктын күндөн- күнгө алдыга басып, дыйкан- малчыларыбыздын турмушунун күн санап жакшыланып баратканын көрүп, эмнегедыр эбегейсиз кубанам. Илгери биз балакай кезибизде, элдер бири- биринен «бүгүн үйүңөрдө эмне тамак жедиңер» деп, сурашар эле. Көрсө, ал кездерде эли- журт жакшы тамак жеп курсагынын тойгонунан, бүтүн кийим кийип үстүнүн бүтүн болгонунан кубанат экен. Эми көрсөк, айылдаштар олтурган үй- жайынын кандайлыгынан, үйүндө электрондук жабдуулардын бар- жоктугунан, короодогу мал- чарбасынын аз- көптүгүнөн, банкеге койгон аманат акчасынын канчага жеткенинен басакелешчү болуптур.

Жакында эле оодандык өкмөт уюштурган, ички өлкөлөргө барып экскурсия кылуу, саякаттоо тобундагы кадрлардын бири катары, мамлекетибиздин өнүккөн райондорун кыдырып келдим. Экскурсия барышында, мекенибиздин дүркүрөп өнүгүп жаткан келбетин, мамелекетибиздин күн санап кудуреттенип, элибиздин бай- ырашкер, ынтымак, биримдүүлүктө жашап жатканын өз көзүм менен көрүп, өзүмдү улуу жуңхуа улуттарынын бири катарында санап, эбегейсиз сыймыктандым.

Ыракмат сага, белгисиз кыз. Менин болочок турмушума көөн буруп жазган «белгисыз» катыңа ушундайынча агыман жарылып « жооп кат» жазып коюшум керек болуп калды. Санагың туура болсо сенин мага көз салып жүргөнүңө жыйырма жыл болуп калгансыды. Ыраазымын сага, сен да болсоң мени сыртыман жактырып сүйүп жүрүптүрсүң. Кудай алдында чын сөзүмдү айтсам, сен жөнүндө менде эч кандай элес жок. Мүмкүн таанышарбыз, мүмкүн ушул эле жерде күндө көрүшүп жүрө тургандырбыз. Сенин өзүңдү менден качырып ачыкка чыкпай жүргөнүң туурадыр, ушунчалык ааламча сүйүүңдү ичиңе катып «курмандык» берип жашаганың, өзүң айткандай бүгүнкү коом жактаган адеп- аклактын жемишидир…

Болуптур эмы, бактылуу жаша ! Ылайым менин бул ачык катым сенин турмушуңа кесирин тийгизбесе экен, мага ушундан башка арга да болбоду, күнөѳлүү болсом кечиргин!

«Катты окуп бүтүп чыгарманын авторуна карасам башкача ат колдонупсуз, бул сырды эмнеге тордо жарыялаганыңызды анан түшүндүм. Тегинде мени өз жагдайыңыздан кабардар кылууну көздөп, андан калса экөөбүздүн башыбыздан өткөн окуялар аркылуу окурмандарга тарбия берүүнү максат кылыптырсыз. Ойлогон оюңузга, жасаган аракетиңизге алкыш айтам. Менин турмушуман кабатыр болбоңуз, күйөөм менин мынчалык жеке кечирмишимди түшүнбөгөн болсо, мени менен той жасабаган болот эле…

Сиздин тордон жазган жооп катыңызды көргөндөн кийин, менин сизге болгон көз карашымда түптөн өзгөрүү болуп, сиздин турмушуңузга кайрадан үңүлүп, сизди башкача бир өңүттөн байкай баштадым. Көрсө, сиздин азыркы башыңыздан өткөзүп жаткан турмушуңуз мен ойлогондой турмуш эмес экен. Мен сизди аялыңыз менен кайра эптешип, бирин бири кечиришип, өткөн иштерди болдуга чыгарып, балдары менен бактылуу жашап жатат деп ойлопмун. Үйүңүзгө кирип- чыгып жүрсөңүз үйүнө кайра караан болуп жүрөт деп катын, балдарыңызды ээрчитип анда- санда көчөдөн кылактап көрүнүп калсаңыз сизден өткөн бактылуу киши жок деп ойлопмун.

Ошондон кийин, мен башкалар аркылуу сиздин ички турмушуңузду түшүнүүгө аракеттенип көрдүм. Уксам, аялыңыз сиздин өздүгүңүздөн келип эптешкениңизден кош болмок турсун кайра сизди мүңкүрөтүп «ары түртсө араба сынды, беры тартса өгүз өлдү» кылып, сизди айласыз абалга түшүрүптүр. Турмуштун оор жүгүн сизге жүктөп коюп, өзү оюна келген оокатын жасап жүрөт дейт. Жада калса тамак жасаганды, кир- кок жууганды да оорлоп, сизге өз жумушуңду өзүң жаса деп басып кетет экен. Жөн айтып, тарбия берсеңиз укпай «каалабасаң бөлөк жаан тутуп, айрылып тур»деп, сизди аябай тажатыптыр. Сиздин коомдогу ордуңуздун жогорулугун, алдыдагы жаман таасириңиздин эми эле жоюлуп образыңыздын араң калыбына келип, кайрадан элдин оозуна алынып калганыңыздан улам, сизди «эми басып кете албайт» деп ойлосо керек. Анын үстүнө балдарыңыз да чоңоюп калган, силер дагы жамандашсаңар «үйдөн мен чыгып кетем»деп, кызыңыз чын эле экы- үч күн үйгө кирбей сизди ансайын коркутуптур. Бул айтканым ушак сөз эмес, аялыңыздын бир сорунда олтуруп досторуна мактанып, саймедиреп айтып берген чын сөзү экен…

Сиздин жан дүйнөңүздүн ушунчалык тазалыгына, ынсап- пейилиңиздин кенен, кечиримчил ак жүрөк, бооруңуздун ошончолук жумшактыгына айран- таң калам! Чачыңызды жаркыратып артына кайрып тарап, жакаңызга кир кондурбай костюм-шымды катырып кийип, көзүңүздөн күлкү төгүлүп, беттериңизден нур жаап турса турмушуңузду бактылуу, аялыңызды күйүмдүү, ууз- ишмер ургаачы болсо керек деп ойлопмун. Кырык жаштан эмы эле ашкан бир эркек киши үчүн турмуштан көөнү суу ичпей, жада галса бир үйдө жашап жаткан аялы менен бир жастыкка баш койбой экөө эки жакта үңкүйүшүп тетир карашып жатса, ал эркекин жүрөгүндө эр- аялдык мээр- махабаттан башка жашоого, өмүргө деген дагы кандай ыйык махабаты бардыр?!…

Сиздин сүйүүгө, бакытка берген аныктамаңызга эми түшүндүм, айтканыңыздын бирөө да болбой, жаш эле туруп турмушта ошончо оор соккуга учурап, өзүңүз айткандай жаштыгыңыз күл болуп, жашооңуз шорлуу туз болуп өтсө да ошонун баарысына чыдап жашап келатканыңызга, жашаганда да  турмуштагы анчейын адамдардын колунан келбей турган чыныгы адамдык касиетиңиз менен жашап жатканыңызга мен чын жүрөгүмөн терең урмат билдирем!

Сыймык ага, бул дүнүйөдө нукура эркек менен аял ортосундагы махабаттан бөлөк , адам баласы үчүн урпак улап, аларды жогору жоопкерчилик менен тарбиялап адам кылуу, талыкпай эмгектенип улут үчүн, мекен үчүн өз салымын кошуу, эл- журттун бейпил куунактыгынан, мекендин ынтымак-биримдигинен, байкер, куунак, ырашкер турмуштан үзүрлөнүүдөй ата-энеге, балага, эл-журтка, улуу ата мекенге деген, салмагын эч нерсеге теңегис ыйык махабат бар. Мындай ыйык махабатты кадырлоо сизге окшош керек болсо жанын кыюуга даяр турган эр жүрөк азаматтардын гана колунан келет деп ойлойм!

Сизге бир топ жылдардын алдында бир белгисиз катты жазып, өз турмушуңузду туура жолго салууга үндөп, тымызын далалат жасаганмын. Мына эми бир далай жылдан кийин сизден ачык- ашкере жооп кат алып, сиздин көйгөйлүү турмушуңуздан кабардар болуп, сизге болгон таанымым өзгөрүп, сизди кайрадан түшүнүп, сиздин чыныгы адамдык касиетиңизге таазим кылып бул катты жазып олтурам. Менин дагы эле өзүмдү ашкерелегим келбеди. Менин тумчуккан сүйүүм ошол бойдон тумчугуп кала берсин (эгер аны чын эле сүйүү деп эсептегели болсо). Мен бул катты тордо жарыялагым келбеди, сизге да купуя салып жибергим келбеди. Бул катты мен калем курбаты жогору, көзгө көрүнүп келаткан бир жазуучу сабакташыма берип, мазмунун өзгөртпөгөн негизде тил жагынан, эмила жагынан көркөмдөп өз атында журналга берип, же болбосо китеп кылып чыгарып коюшун сурандым. Менин тумчуккан сүйүүмдү, сиздин адамдык ыйык махабатыңызды элдин баары  билсин, кийинки урпактарга өрнөк болуп калсын дедим.

Кечириңиз Сыймык агай, сизден бир ооз макулдук албай өз билгенимды жасадым, сизди түшүнөт го деп ойлойм. Ылайым менин бул тентектигим сиздин турмушуңузга, кызматыңызга, жаркын болочогуңузга залакасын тийгизбесе экен, иштериңиз оңунан келип, кызматтын бийигинен көрүнүп, болочокто жасаган акыйдеңиздин жемишин татып, балдарыңыздын күнү- күчүн көрүшүңүздү теңирден тилейм !

Соңунда, сизге деген чексиз урматым менен, мына бул анчейин гана жүрөк тамчымды, гүл десте катарында сизге сунмакчымын:

Түркүгүн тиреп турмуштун,
Түтөгөн, түткөн адам бар.
«Тумчуккан сүйүү»жомогу,
Жүрөктө калган жара ал.

Ѳкүттө өттү өмүрлөр,
Тушалган турмуш, тумандар.
Элестер кетпейт сезимден,
Кеменгер,кенен ойлор бар.

Ѳмүргө өрнөк болуучу,
Сүйүүдөн ыйык сүйүү бар.
Эстешип эсен жүрөлү,
Жүрөккө түйгөн тумар бар…

2012-жыл, 2-айдын 20-күнү

Соц тармактар:

Толкун Ади. «Тумчуккан сүйүү»: 1 комментарий

Добавить комментарий