Гүлзия Валий кызы

ch_gulziya

Акын жана жазуучу Гүлзия Валий кызы учурда Шинжаң эл радио станциясы кыргыз бөлүмүнүн көркөм өнөр группасында алып баруучу болуп эмгектенет.

Чыгармачылык тушоосу 1995-жылы «Шинжаң кыргыз адабияты» журналында жарыяланган «Тагдырдын тартуусу» аттуу аңгемеси менен кыйылган.

Мына ошондон тартып «Шинжаң кыргыз адабиятында» «Үзүлгөн үмүт», «Эне мээри», «Урпак» өңдүү он чактуу аңгеме, түрмөктүү дил маек жана 300дөн артык ырлары окурмандар менен бет көрүшкөн. Анын «Шинжаң кыргыз адабияты» журналында жарыяланган «Келиңиз сырдашалы» аттуу түрмөктүү дил маегинен бир түрмөк кызылсуу кыргыз эл басмасы жагынан чыгарылган «Жуңго кыргыздарынын тандалган чыгармалар антологиясында» атайын берилген. Ошондой эле бир түркүм ырлары КЭР курулгандыгынын 60 жылдыгы учурунда аз сандуу улут акын-жазуучулардын тандалган чыгармалары топтомунда ханзучага которулуп таныштырылса, бир бөлүм ырлары Кыргызстан Республикасынын «Аалам кыргыздары» журналында атайын берилген.

2006-жылдан баштап адабий көркөм чыгармачылыктын дагы бир түрү болгон драммага ат салып, Турсун Жумалы менен биргелешип жазган 53 сериялуу «Баатыр Манас» аттуу радио драмасы жана өз калемине таандык «Өрнөктүү өмүр», «Керме тоо кызы» өңдүү радио драмасын жазып, калың угармандарга сунуп, драма жанрындагы өзгөчөлүгүн да айгинелеген.

Жакында Кызылсуу басмасы жагынан «Мунарык таң» аттуу төл романы жарык көрдү. Бул роман кыргыз аялдарынан тунгуч жолу роман жанырына кадам таштап, Жуңго кыргыз аялдарынын романчылык көшөгөсүн ачып, Жуңго кыргыз аялдарынын роман жазбастай тарыхына чекит койду.

Ал эми «Шинжаң кыргыз адабияты» журналынын 2011-жылдагы 4-санына журналы Гүлзиянын экинчи романы «Барса келбес» (дагы бир аты «Бакалуу көл») жарыяланган.

Гүлзия Шинжаң жазуучулар коомунун, Шинжаң адабий котормочулар коомунун мүчөсү.

Ырлары

* * *

Билесиңби билбейсиң сен,
Эч кимге менин жок кегим.
Дүйнөмдү түгөл жылыткан,
Алыста калды күн элим.

Байгеге башы сайылган,
Байланган күлүк кермеде.
Жердүүну ээрчип кетүүчү,
Жери жок байкуш кыз беле?

Жаралган бакка же шорго,
Жаздагы бышкан алчамын.
Тааныбай келип айылдын,
Баптаган багбан бакчасын.

Чөлдөргө келип бак сайып,
Суу коём суусуз жерине.
Кадырым өтсө деп шашам,
Кайын журт деген элиме!

Түшүмө кирбес уктасам,
Бейтаныш элди аталап.
Боор басып тууган кылдырган,
Бир гана сүйүү махабат!

 

* * *

Арбалып ар күндөрдүн кызыгына,
Аттиң-ай өтүп барат жылдар изсиз.
Абалкы аталардын бейитинен,
Армандуу үн угулат оо, уу ыз-гыз.
Агарып таң атканда сүйүнсөм да…

 

 

ЫСЫК КӨЛДҮН АЛМАСЫ

— Ысык көлдүн алмасы деп,
Сатты келин алмасын.
Колума алдым бир кызылын тандадым.
Жыпар жыты каңылжаарды аралап,
Эске салды чоң энемдин арманын.
«Оо көлүмдүн алмасы» деп,
Толкунданып сүйлөчү…-
Ал учурда нурсуз көзү жанданып,
Бир сыйкырга арбалып. `
Тынбай сүйлөп кетер эле чоң енем.
Тыңшачу элем жомок уккан баладай,
«Көл алмасын» элестетип таңгалып.

Колумда алма көздөрүмдү жаш жууду,
Учуп өткөн мезгилдердин канаты,
Алып кеткен чоң энемдин жаштыгын,
Белек кылып карттыгын.
Ѳмүр бойу көкөйүнөн чыкпаган,
Түшүндө да көлүн эңсеп уктаган,
Энекем ай, менин ыйык көлүм ай,
Аттиң тагдыр муң-зарыңды укпаган!
Асман менен эгиздей,
Учу кыйырсыз деңиздей.
Көлүң турат чалкып ташып,
Эч нерсени кенебей!»
Ал сен азыр миң жеринен тешилген,
Сууга түшпөс кемедей!

Билем, билем там-туң баскан баладай,
Таягыңды жөлөп койгон ала албай.
Жүрөгүңду жууп жаш жол карайсың-
Ал анткени, көлдүн ысык саламын,
Мала кызыл алмасын,
Алып келет деп күтөсүң.
Оо периштем, менин ыйык көлүм ай,
Кантип ошол кылыгыңа түтөйүн.
Колумда алма көз жашымды тыйа албай,
Ич-ичимен түтөдүм!

Соц тармактар:

Гүлзия Валий кызы: 2 комментария

  • 26.03.2013 в 10:13
    Permalink

    мен кытайлык кыргыздардан болом.кыргыз маданийат борборун жактырам.

    Ответ

Добавить комментарий