Элибиздин эл келечеги – эне тилинде

Сөзү алсыз болсо, ал элдин өзү алсыз болбой койбойт. “Олуп — чолуп айтылса, омоктуу ойдон да кут качат”. Сөз бул – жан дүйнөгө себилген үрөн. Сапаттуу болсо – таасири таамай. Сапатсыз болсо – курулай ооздун жели. А бул деген демек, мамлекеттик,жалпы элдик маанидеги маселе.

Өз өлкөбүздө өз тилибиздин кадырына жете албасак, өзөк соолуп, өзгөлөргө жем болобуз. Кыргыздын кыргыз келечегине эне тилибиз аркылуу гана түздөнө алабыз. Телеберүүлөрдүн биринде: “Бишкек менин бир тууган шаарым”, “Бишкек, мен сени сүйөм” деп жарыша айтып жар салып, улам кайталанып атты. Мунун өзү – эне тилибизге жасалган эси жоктук. Мындай мисалдар, мындан да ашкан сабатсыздыктар, эки сөздүн бири орусчаланган учурлар толтура.Көнүмүш адатка айланып баратат.

Эне тилимди кордобоюнчу деген ниет жок, аракеттин өзү жок. Коомчулук алдында жоопкерчилик сезим жок. Өлкө жетекчилери тараптан “кыргыздар, кыргызча сабаттуу сүйлөгүлө” деген талап жок. Мындай шартта улуттук идеология деп маселе көтөрүүдөн майнап чыкпайт.

Ири алдыда эң башкысы-эне тил маселеси. Өткөн кылымдын отузунчу жылдарынан бери чоло жери калтырылбай айтылып бүткөн, жедеп жеперибизге жеткен, кыргызды санааркаткан маселе ушул.

Элибиздин эне тили дүйнөдөгү эң бай тилдердин бири экендигин билип билбей, билгиси келбей, жарды деп аны жеригендер бар. Кыргыз болуп туруп, кыргыз тилине кыянатчылык жасагандар да жок эмес, маселеге карата тескери пикир айтып.

Көп жылдар бою “Билим” коомунда, теле-радиодо, пенсияга чыгып гезитте бул жерде айтылган маселе жаатында иштеп жүрдүм. Жүздөгөн каттар келип атты. Күйүп – жанып жазылган бир каттагы ыр саптар:

Эне тилин өгөйлөп жектегендер,
Эне тил элегинен өтпөгөндөр.
Кыргыздын өзүн чанып, сөзүн чанып,
Кыргызча кымыз ичип, эт жегендер,
Калайык, айткылачы, булар кимдер?

Улуттук ар намысты тепсегендер,
Улуттун кадырына жетпегендер.
Өздөн чыккан жат болуп, дилин сатып,
Өзүнүн маңкурттугун сезбегендер,
Кыргызым, айт чынынды, булар кимдер?

Бабабыз Манас тилин билбегендер,
Балдарына орусча сүйлөгөндөр.
Калкы эмес, керт башынын камын көрүп,
Кыргызга кымындай да күйбөгөндөр,
Оо, журтум, айткылачы, булар кимдер?

Кыргыздын ак калпагын кийбегендер,
Кыргыздын эсебинен күн көргөндөр,
Туя албай эне тилдин улуулугун,
Түбөлүк жан дүйнөөсү кирдегендер,
Эл, журтум, айткылачы, булар кимдер?

Бул кат мага мындан көп жыл мурда келген. Жан кашайганда жазылган бул ыр саптар Кочкор районундагы А.Жалпетеков атындагы мектептин кыргыз тили , адабияты мугалими Самүдүнов Сыдыкбекке таандык. Мүмкүн окуп алып, намысына келгендер, ардангандар болуп калар.

Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин “Духовный стержень нации – казахский язык”(кыргызча айтканда “Улуттун дил өзөчү – казак тили) деп айтканы казак теле берүүсүндө жар салынып, улам кайталанып берилип атат. Бул деген – табылгалуу таасир.

Сунуш“Кыргыздын кыргыз келечеги – эне тилибизде “; “Элибиздин эне тил кутун качырбайлы”, деген ушул эки ураан чакырык ылайыктуу коомдук жайларда жасалгаланып жазылып, теле-радиодонда жакшылап музыкалаштырылып айтылып турса.

Кенжалы Сарымсаков,
“ЖАНАЗЫК” 

Соц тармактар:

Добавить комментарий