Кызырсөз кыраатын келтирген калемгер

a_sarmanbetovКыргыздын мыкты журналист-публицисттеринин бири, таланттуу жазуучу Айдарбек Сарманбетов кийинки кезде катып жүргөн жүрөк сырларынын дагы бир четин чыгарып, өзүн калеми Жибек Жолдой төшөлгөн көркөм сөз чебери экендигин чыгармаларында рефрен болуп жаңырган “мен кыргызмын!” деген мекенчилдик идеяны чеберчилик менен бапестеп көрсөтө алды. Кеп учугу ушундан болсун дейли.

Мурда-кийин аңгемелери жарыкка чыгып, республикалык жана эларалык адабият коомчулугунда таанылып калган. Бир топ адабий сыйлыктарды жеңип алган. Эми андай учурлар кадыресе боло калуучу окуялар катары көзгө анча көп илинбей кетпедиби. Арийне, бул жерде өзүнчө, чоң маселе бар. Демекчи, Айдарбек Сарманбетовдун жазуучулук таланты өзүнчө дың бузган инсандын бүгүн арабызда экендигинен кабар берет.

Азыркы алгыган заманда өз жолун адабият айдыңында табуу кыйын экендиги шексиз. Эмне үчүн Айдарбек жазмакер катары мурдатан эле жулунуп, эл алдына чыккан эмес? Эми мына, алтымыш жаш курактын алдындагы жазы менен күзүн көрүп турган чакта айтылуу Тайтору сымал куйрук-жалы төгүлүп чоң жарышка түшө баштагандыгынын бир эле сыры бар: Айдарбек көп ойлонуп, түмөн толгонуп, далай жыл өз алдынча ар чыгармасын астейдил бышырып, ар бир сөздүн касиетин талдап, баалап жүргөндүгү байкалат.

Айдарбек Сарманбетов Айкөлдүктүн табиятын ача алган жазуучу катары өзүн даана көрсөттү десек жаңылбайбыз. Кыргыздан чыккан Соно шер менен калмактан Нахсын баатыры касташып турган эки элдин ортосунда көпүрө болуп, күнөө элдерде эмес, саясат кылып, баскынчылыкка баш койгон жалаң бузуку, эсирген ачкөз төрөлөрдө экендигин өз каны-жаны менен далилдей алышкандыгы анын “Баатыр-Таш баяны” аттуу чыгармасында айкын берилген (“Жаңы Ала-Тоо”, №2, 2012). Калыптанып калган көз караш боюнча калмак эли кыргыздын сөөк өчтү душманы болуп эсептелет. Бул жерде Айдарбек Сарманбетов айкөлдүктүн философиясын жетекчиликке алып, ичи кенен кыргыз эзелтен табияты башкалардан бийик болсо бийик, асты кем эмес касиеттүү калк экендигин сөз каражаттары аркылуу далилдеп келет. Аны “Кыргыздар жоодон жеңилген күнү да эзели мекенин алдырбаган эл. Акыры түбү кайтарып алат. Бир – Жараткан, бир – Ата-Журтубуз ыйык!” деп, тарыхий чындыкты таасындап жатпайбы!

Айкөл – “жат” жана “өз”, “чыр-чатак” менен “келишпестик” деген ажырым түшүнүктөрдөн жогору туруп, өзүн пенделик майда мансап менен саясий кутумдуктардан бийик кармай алган инсан катары бааланат. Кечээ эле бейкапар жаткан кыргыздын катуудан кемегесин, жумшактан күлүн калтырбай, айылдарды бүлүнтүп кеткен калмактын эсирген багдыханы өзүнүн эң ишенимдүү канкору деп эсептеген Нахсын баатырды “бар, буруттарга, эки жылдык салыкты төлөгүлө деп өктөмдөн… Кекээр, айбатын көр, эркинин майтарылган-кайтпаганын байка, басынтып кел” деген тапшырмасын кантип аткарарды ойлонуп келе жаткан кезде, келбети аскар зоодой заңкайган Соно шер өзү жалгыз ээн жерде каршы алды да, Ала-Тоодой айбаты, кеменгердик эки сөзү менен аны арбап, жеңди. Чабышып салгылашкан жок, кара күчүн көрсөтүп сынашкан жок, жоокерчилик амалдарды көрсөткөн жок, болгону, кыргыздын намыскөй, теги терең эл экендигине тигини ынандырды. Өз мекени, киндик каны тамган жери үчүн кыргыздар эрөөлдө эч аянбастыгын далилдеп берди. Нахсын өктөм да, өзөктүү да сөзгө муюду, ушундай касиеттүү элге кыянаттык жасап, адилеттиктен тайган өзүнүн калмак ханынын иттигине уялды, кепке жыгылды. Жоо баатырын баалай алган накта эр экен! Андай берендер акыл жагынан да алдына ат салдырбайт, жүйөөнү илгиртпей түшүнөт. “Баатырды сыйлабас баатыр болорбу. Анте албаса пастыгы ошол. Тең – теңин баалай билип, урматтай албаса ага теңдиги кайсыл?” деген эр касиетин туу тутуп, кыргызды кыйратпай, салык салбай, кара башынын камын ойлобой бийик көтөрүп барган Нахсын өз төрөсүнөн ажал тапты. Кыргыздын кыраан сөзүнө ийигендигине, аларга баскынчылык менен баруунун күнөө экендигине, деги эле эл-жери үчүн кыргыз эли акыркы тамчы каны калгыча салгылашып, жеңилбестигине көзү жеткен Нахсындын башын амалы куруп, жаалы келген төрөсү кыя чаптырды. Чыгармада ал баатырдын жоо экенине карабастан эрдик руху, инсандык бийик касиети даңазаланып жатат. Мурда мындай калыс баа, айкөлдүк көркөм чыгармаларыбызда болгон беле? Жоолорду бир беткей кемсинтүү, каралоолор болгон, ал эми душмандардын шерлерин, эрдигин жогору баалап, даңазалап жазууну жолуктурбаган экемин. “Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло” деген көөнө элдик философиябыз дал ушул чыгармада кылдат чечмеленип, кызыл жиптей өзөк болуп турат. Жазуучунун жаңычылдыгы, кылдат чеберчилиги дал ушунда айкын көрүнөт.

Чынында эле, карапайым эки элде не күнөө? Калмак-кыргызды бирине-бирин илгертеден сөөк өчтү душман кылган баягы эле түбү жок мансап кубалоо, баскынчыл тажаал психоз, бирөөнүн куттуу жерине, элине, суусуна, сулуусуна көз арткан арампоз ачкөздөр эмей кимдер эле? Чыгармада козголгон идея азыркы заманга үндөшүп, биздеги саясат төбөлдөрүбүзгө кыйыта айтылып жаткандыгы айкын. Анткени, кайсыл заман болбосун дайыма күн тартибинде болуучу  түбөлүктүү темалар козголгон. Чыгарманын бийик деңгээли, жазуучунун баалуулугу, козгогон өкүт-ийгилиги ошондо.

Бул өңүттөн алып караганда, Айдарбек Сарманбетовдун аталган чыгармасы жаңы ой жүгүртө билген адабият бүркүтү кыргыздын асманында пайда болду деген ойго жетелейт. Мен ага бекем ынандым.

Ал берген баабыздын уландысы катары калемгердин “Мекенсиз” китебиндеги аты уйкаш повесттин карап көрөлү.

Токтогул ГЭСин кураарда суу сактагыч алдында калып кеткен айылдар менен кошо ата-бабаларынан, кыйышпас жакындарынан калган жалгыз элес —  алардын кабырлары сакталган мүрзөлөр да калып кеткендигине кейиген улуу-кичүү калк. Керез менен Жамалдын өчпөс махабаты. Мекендин наркы менен жаран баркы тээ алыскы Куйбышев калаасында күн кечирген Керез үчүн туулган жерге келип, кусалыгын үнсүз сууга айтып жатканда анык билинди го. “Өмүр бою өзгө жерде каңгып жүрүп эмне таптым? Эч нерсе. Миллиондорумдун, наам, шагыраган ордендеримдин кереги эмине? Алардын жарыгы элиме канчалык? Түкчөлүк. Алардын кадыр-пайдасы эли-журтуна тийбесе кереги эмне? Жалгыз башың эч качан каниет албайт тура, эч нерседен. Мекенсиз жашооң курусун!”деген ал “Жолбун иттей мекенсиз калды”. Табият ыроологон мекенге жана ашыгыңа болгон арзуу-сүйүүнүн өлбөс-өчпөс экендиги бир чакан повестте күчтүү психологизм жана сөз батырымдуу усулда берилген! Жаштайында бир жолу бет маңдай сүйлөшүп калбай арманда жүрсө, сезимтал Жамал капилеттен болгон кездешүүдө Керездин көзүн даана ачты бейм. Сүйүүнүн кудурети кандай мезгил жана аралык тоскоол болсо да, ташкын суудай жарып чыгары бул повестте ынанымдуу берилген.

Орус аялынан чет жерде туулган, каны-дили кыргызга жат болуп калган терс кыял баласы мекен деген улуулуктун эмне экендигин билип да койбойт. Узак жылдар жат жерде жашап, туулган жерге куса болгон жүрөккө Өз Жериңдин касиеттүү абасы менен суусу, чөптөрүнө чейин дары эмей эмне? Мекенсиз калуу – адам башына келген шор, жашооңдогу тозок, ал эми Мекениң менен бир жашоо – өмүр керемети, тирүүлүктөгү бейиш тура. Буга не сөз жетпейт, не айтса түгөнбөйт. Эми өмүр акырында Керез анык сүйүүсүн тапты, мекендүү болду. Ушуга шүгүр.   “Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деген олуялар Арстанбек менен Калыгулдун накыл сөздөрүнүн тереңин мына ушундан бил.

Ушуга үндөш башка аңгемеси “Дөбө” деп аталат. Буга бир кириш кеп: “өлсөк бир чуңкурда, тирүү калсак бир дөбөдө бололу” деген бабалардын кыйын кезеңдердеги шерти бар, кеп оролу ошол ойдун тегерегинде өтөт. Кыйбас кишилер гана ушундай сөз бекитишет. Рухий бийиктик менен адамдык парасат бир. Махабат менен достук, адамдардын гана эмес, улуттардын шериктештиги бир таразада салмакталат. Мисалы, кыргыз менен түрк элдери тектеш, боордош экендиги Мустафа менен Шаршемби аксакалдардын ортосундагы ымала-мамилелерден, бирин-бири айттырбай түшүнгөн асылдык менен сезимталдыктан айкын көрүнүп турат. Чыгармадагы тарыхий табылгаларга карасак “Атилланын арстандары” деп атакка ээ болгон кыргыз бабаларыбыздын баатырдык иштерин түрк калкы жакшы билет. Айталык, түрктүн жер солкулдаткан кошууну айлап ала албаган Изник аттуу капкалуу шаардын дарбазасын тапкычтык менен  ачып, бири калбай курман болгон бир ууч кыргыз жоокерлерин дайыма эскерип, урмат-сый менен айтып келишет… Болбосо, Спартанын 300 баатырын гана тарыхта айтып жүрүшпөйбү… Биздин бабалардын да баатырлыгы болгон тура!.. Аңгеменин ушундай тарыхий табылга, далилдер менен негизделгени чыгарманын баркын көтөрүп, окурмандын жүрөгүн козгойт. СӨЗдүн кубат-күчү, касиети ушунда эмеспи. Автордун акыл жүгүртүү дараметинин уюткулуулугу да, чеберчилиги да ошондо.

 Ал эми Түркияда жашап, иштеп келген Назгүл (Назлы ханум) ууз сүйүүсү болгон Касымды таап алгандыгы повесттин сюжеттик линиясындагы махабат темасын ХХ! кылымдын акыл-эс бийиктигине, нравалык жогорку деңгээлге көтөргөн. Чыныгы сүйүү дайыма таза болуп, көөнөрбөйт тура, мезгилдин агымына баш ийбейт тура. Азыркы замандагы көйгөйлүү глобалдашуу менен мекендештиктин ортосундагы карама-каршылыкты жеңип,  эки жүрөк бирин-бири издеп  тапкандыгы автордун адабий кара сөз жанрындагы ийги табылгасы, кенен масштабдуулугу катары кароого болот. Заманбап ой салуу, көркөм чыгарма жаратуу талабы да ошол эмеспи. Адам жан дүйнөсүн уюткулуу дөөлөттөргө, аруулукка үндөгөн чыгармалардын адабиятыбызда аз болуп, Ч.Айтматовдон кийин солгундап калганы жалган эмес.

Китептеги “Кара шаршемби” аттуу чыгарма көркөм публицистиканын жаңы усулун бергендей. Эл ишенип шайлап, өз тагдырын колуна тапшырып,такка олтургузган Закиржон ошол элинин башын аттап, колунан келген жамандыгын тууган-туушкандары менен кошо элине жасады. Бийлик кумары менен дене кумары үчүн бүт абийирин шайтандын аукционунда сатты. Жарышкансып, мелдешке чыккансып анын жек-жааттары биринен бири өтө кумарпоздуктун уусуна ширелип, элдин канын иче башташты. Талоонго түшкөн Өлкө өз падышасынын курмандыгына айлана баштады.

Элден бөлүнгөн Закиржондун ички дүйнөсү бүлүндү. Көз көрүнөө өзү шайлап алган президенти элдин душманына айланганда калк жанынан түңүлүп, акыры көтөрүлүшкө чыгууга мажбур болду. Ошол каргашалуу  күн “Кара шаршемби” атка конду. Нечендеген кырчындай жигиттер адилеттик үчүн төшүн окко тосуп, карачечекей балдары жетим, алмончок келинчектери жесир калып, энелери кара тулга кийди. Бирок, Кара шаршембинин негизги сабагы ушул болду: Намыс үчүн курман болгон кыргыздын жигиттери мекенин кара ниет режимдин дагы боло турган кесепеттеринен сактап калды. Элге үмүт берди.

Ушул жерде Турдубек аттуу жигиттин тагдыры бүт элдин мүнөзүн күзгүдөй көрсөтөт. Кызыл канга боёлгон борбордук аянтта октон жараат алган жигитке өмүрлүк жары ыйлап келип: “Сен неге аякка бардың, өлүп калсаң, биз кантмекпиз?” деп кейисе, тигинде бир аксакал киши: “Эй келиним, бул чыныгы баатыр! Ал, эли үчүн барды. Сен туура түшүн” деп муютат. Эгерде өзүнүн жанын ойлоп, аянттан турдубектер качып кеткенде, эл анык диктатуранын чеңгелине түшүп, мамлекет жоюлуп да кетиши ыктымал болгон! Зөөкүр Закиржон баш көтөргөн адамдарды жок кылып олтуруп, акыры репрессиялык аппарат элди жеп тынмак. Эл өз чындыгын өзү таап, мамлекетин өзү сактап калды. Чыгармада тарыхий чындык, заман оош-кыйышы, мамлекеттик деңгээлдеги олуттуу окуялар  көркөмдүк жагынан жетик чагылдырылган деп ишенимдүү айтууга болот. Бул, өлкөбүздө болуп өткөн 2010-жылдагы апрель окуясын даана, автордун тике катышуусунда документалдуу-көркөм да, жетик да чагылтылган азырынча адабиятыбыздагы жалгыз чыгарма.

Дегиңкиси, А.Сарманбетовдун ар бир эле чыгармасы турмушка тереңден караган баамчылдыгы, көркөмдүк да, талдоо жүргүзүү жагынан да жаңыча, терең  табылгалары менен башка жазуучуларыбыздыкынан кескин айырмаланып турат. Ага мисал катары “Кыраан” аттуу аңгемесин карап көрөлү. Ага саресеп сала карасак, нукура элдик: адам менен табият шериктештиги, бүркүт аркылуу адам баласындагы кыраандык касиет белгиси даана ачылган. Айталык, кыргыз баласы жеринен эле өзү асыраган тайганга, бүркүткө, шумкарга жана башка жапайы жаныбарлардын мыктыларына тиешелүү “Сырттан”, “Кыраан”, “Алгыр”, “Көкжал” деген сөздөргө терең  маани берип келген эмеспи. Бүркүт менен мүнүшкердүн, тулпар менен саяпкердин, тайган менен мергендин жаны бир, шериктеш делет. Алардын ортосунда “адам-айбан” деген ажырым жок, сырдаш келет. Кусалыгы да, кайгы-кубанчы дагы бир булардын. Бирин-бири жазбай сезет, түшүнөт.

Анынсыңары алгыр бүркүтү менен сырдаш, муңдаш Буйлаш анысын кадырлап, дайыма мактанат, сыймыктанат. Ошол эле кезде кыраан бүркүт Буйлашты бир да жолу намыска калтырып, эл алдында бозала кылган эмес! Кыраан албаган бир да куу жандык болгон эмес.  Атүгүл кекээрлеп, “тетиги текени алдырчы” деген башка мергендердин сөзүн эки кылбай, салган. Кыраан бул жерде да ээсин эл алдында сындырган жок. Мындай окуялар эл ичинде илгертен айтылып келет, чыгарма алардын бирин Көл кылаасындагы бир айылынын адамы аркылуу көркөм баяндаган. Жашоонун жалгандыгына, замандын оор оош-кыйышына карабастан адамдык касиетти дайыма бийик тутууга, алтургай ажалга да тике карап, татыктуу о дүйнө салууга ой бурат. Аңгеменин акыл багыты тереңде. Бүркүт – адам, Адам – бүркүт. Эки каарман бири-бирин толуктап турат. Ал, табияттын бузулгус мыйзамы, ал акыйкатты бузуу – табияттан жазасын албай койбойт.

Адам көбө түшкөндө көзүн май басат да, таптап жүргөн жаныбарын кемсинтип же ыза кылып ийген учурлар болгону тууралуу да көп аңыздар айтылып келет. Мүнүшкер Буйлаш ошентип баласындай асырап келген кыраанын камчы менен чаап ыза кылып койсо, алгыр бүркүттүн кеги ойгонот да, аз жерден өз кожоюнун мерт кылып коё жаздайт. Бирок, кайра жаншеригин кыйбай, тырмагын терең матырып, оор жаракат келтирбей, тек гана “көзүңдү ач” деген ишаарат менен эскертет. “Чийип” кеткен жеңил жарасы бир далайда айыгат.

Адам эсирбей, өз баркын бийик алып жүрмөгү парз экендигин болот текөөр  кыраан бүркүт астейдил гана эскертип койду. Ал ой жазуучунун да аңгемедеги тереңге каткан сыры. Чыгармада Кыраанды, Күлүктү, Алгырды, Асылды адам кандай асыраса, алар да адамдын беделин ошончолук көтөрүп, ал эми адам адилеттиктен четтеп бара жатса, аны тарбиялап коюшу, табият менен акылгөй пенденин эриш-аркак болмогу ылаазым экендиги даана көрүндү.

“Кыраан – дайыма кыраан” деп, пенденин өмүр соңунда да табигаттан ыроолонгон касиети менен кетээрин сүрөттөө менен аяктайт автор бул чыгармасын. Рас, мындай жаныбарлар тууралуу жазылган мыкты чыгармалар мурунтан эле болуп келген, жазылып да жатат. Бирок, “Кыраандай” башкы кейипкерлерди бирине бирин-ширелтип, ал аркылуу адам-айбан образдарын толуктап, окурмандарды-журтчулукту адамдык бийик дөөлөттөргө кыйыта үгүттөп, багыттаган чыгарма кыргыз адабиятында чанда гана. Ч.Айтматовдун “Гүлсараты”, А.Саспаевдин “Сарала ити” жазылгандан бери жарым кылым өтүп, эми “Кыраан” менен жаңы бийиктикте улангандай.

Махабат темасындагы Айдарбек Сарманбетовдун жазуучулук ийгилигин даңазалай алуучу дагы бир повести “Катылган чындык”. Мында атагы Алайга, даңкы далайга тараган Курманжан датканын доорундагы сырдуу окуя – Турдубек аттуу улан менен Зуура аттуу селкинин арзуу ыры десек болчудай. Эл башы болгон Курманжан эненин катаал,  бирок кеменгер мүнөзү чыгармада астейдил айтылып, чебер ачылган да, негизги идеологиясы – нукура махабаттын жеңилгистиги, тоскоолдуктарды жарып, адам затын бийиктикке жетелеп кете алуучу касиетке ээ экендиги.

Курманжандын элдик салтты, түшүнүктөрдү бекем тутуусунан кызын тууганы болсо да кедей жигитке бербей коюусу аркылуу эски-жаңы көз караш, ой-тутумдарынын кагылышы сүрөттөлөт. Доор-заман катып турган догма эмес, дайыма алга, токтоосуз өсүп-өнүгүп турат. Ал өзгөрүштөр адамдардын жаңыланып, муун алмашуулары аркылуу туюнтулат. Кары датка менен кыз-күйөөсүнүн ажырымы, каршылашы ошондон улам. Заман талабы, анын улуу чындыгы баарыбир эскини жеңет. Анткени, ал табигат мыйзамы. Кыз-күйөө качып, кайра тутулуп зынданга түшкөн менен, катаал датканын шылтоосубу, же кеменгер сырыбы Чаар бээсинин аман-эсен көз жаруусунан соң арзышкан жаштарга боштондук берилип, энелик улуу мээрими козголуп, тирешүү бактылуу аяктайт. Бул тарыхий окуя тууралуу гезиттерде А.Тыныбековдун айтуусунда деп жарык көргөн. Журналда да ал ырасталган. Кеп, ошол, көпчүлүктөн катылып, билинбей келген чыныгы окуяны көркөм тил, кубаттуу сөз менен жазуучунун баяндап бергендигинде. “Жаңыл мырза”, “Ак Мөөр” сыяктуу дагы бир көмүскө тарых, катылган талаштуу сыр элге ачык, көркөм айтылып берилди. Эзелтен айтылып келген уламыш-аңыздарды адабиятташтырууда да А.Сарманбетов бийик чеберчилигин көрсөтө алган, Бул да анын ийгиликтеринин бири экендиги талашсыз.

Жука болгон менен ар бири ат көтөрө ала турган аңгемелер топтолгон китептеги “Намыс” аңгемеси Манас урпактарынын намыс үчүн бекем туруусу – бир гана кыргыз эмес, башка элдерге да үлгү болуучу сапат экендигин айгинелейт. Адам башына кандай гана сыноо келбесин, биримдик менен намыскөйлүк ар бир кыргызды бийик кылып, кишинин мыкты сапаттары чыдамкайлык, айкөлдүк менен катар элдин ыйгарган наамы ыйык экендигин ашкере кылуучу кандагы негиз бар экендигин биз ушул аңгемеден даана сезебиз. Армияга кызмат өтөгөнү барган кыргыз жигити өзүнөн чебер-күчтүүрөөк, тажрыйбалуураак боксер курбалдашы менен рингге чыгып, чыдамкайлык, тектүү атанын баласы экендиги менен катар, элинин мыкты сапаты саналган намыскөйлүк касиетин туу тутуу менен жеңишке жетишип олтурат. Адамдын ички дүйнөсүндөгү күрөш, өзүнүн кетирип жаткан кемчиликтерин өзү жеңе билүү менен жердештеринин жана “однополчандарынын” алдында маанилүү психологиялык жеңишке жетишип олтурат. Адамдын жеке драмасы менен мамилелештеринин ички ой толгоолору шайкеш келип, чыгармадыгы жогорку чыңалуу окурманды туткундап жүрүп олтурат.

“Жазмыш” аңгемесинде терең философиялык ой катылган. Киши жакшы карыса, башкаларга жүк болбой, эгоизмдин кулу болбой, өз убагында кетсе деле туура болчудай. Албетте, этикалык жактан бул өтө талаштуу маселе. Сенин керегиң өз жек-жааттарыңа канча, сенин бааң менен наркың, баркың менен өмүр сүрдүңбү – кеп ушунда тура. Өзүнүн гана пикири туура, башкалардын айткан жүйөөлөрүн уруп да койбогон эгоист “жаман карыды”. Ал үчүн баары акмак, баары жаман, бир гана ошонуку туура. Белинен кыймылдай албай, кир-богун жуудуруп калган, бала-бакырасы менен келин-кесектерин кошо кууруган тили уу кексе чал Кумаш өз небересин жутуп алып, ага бир өкүнүп да, өкүрүп да койбостон, баланы жерге койгондон бир жума өтүп-өтпөй кайкайып айыгып кетет. А эгер ошол чал урпактарынын жамандыгын көрбөйүн деп Жараткандан тиленип, небересинин алдына кеткенде, ал бала балким жашай берет беле деген ой кетет… Ал да болсо бир Кудайдын сыноосудур.

Албетте, тарыхый-философиялык маанидеги кийинки жылдары жазылган эки чыгармасы Айдарбек Сарманбетовдун жазуучулук дараметинин алгыган деңгээлин көрсөттү. Бул, “Айбанталаадагы адам” жана “Чынгызхан: Жазылбай калган каргыш” повесттери.

Казактын Айбанталаасында жалгыз калып, өмүр үчүн жандалбас уруп жаткан Эсенбек үчүн мекен азаттыгы менен адам эркиндигинин баасы кандай чоң мааниге ээ экендиги өзгөчө көркөм сүрөттөлгөн. Карышкырдын сырттаны менен адам шери айталаада жекеме-жеке чыкканы дүйнөдө адам үчүн да, айбан үчүн да бир үзүм ырыскы, бир ууртам суу, бир көз ирмем жашоо кандай баалуу, кандай татаал экендигин жазуучу көркөм сөз каражаттары жана психологиялык ачылыштар менен терең ачып бере алгандыгы – жамы кыргыз адабиятында кандайдыр бир өзгөчө дүбүрт пайда болгондугун айгинелейт.  Бул дүбүрт – Кызырсөз, башкача айтканда, айтылуу акелерге, эл даанышмандарына тиешелүү жашоонун ар бир күнү канчалык аздектүү экендигине, эл менен жерди сактап, асырап алуу канчалык кымбат болооруна ойжортуул болуп саналат. Кызыр даарыган адамдын тагдыры башкалардан айырмалуу болот; кызырсөз – бул адам касиетин терең ачып бере алган, адам окуган сайын ички дүйнөсүнө бүлүк түшүп, аң-сезиминде өзгөрүүлөр болууга шыкактаган рухий күч.  Пенде башына канчалык оор сыноо келбесин, ал акыркы деми калганча күрөшүп, кишинин пайда боло калып, кайра жок болуп кетип, анан эле жок, кайра шайтандай азгырган пастыгына духтун күчүн, эрктин курчун каршы койсо, бир гана адамдын тагдыры эмес, жалпы элдин, мүлдө адамзаттын келечеги жаңы нукта өнүгүп кетээрин ынанымдуу кылып бере алгандыгы менен авторду куттуктап коюу ылаазым.

Кыдырсөз – кыргыз жолун, тарых-салтын жана келечек болмушун жеке адамдын өмүр үчүн күрөшүн чагылдыруу менен аныктап коё алган тунук чыгарма катары кабылдадык. Авторго “баракелде” деп айтуучу күн келди окшойт.

Канкор, баскынчы, аскердик өнөр боюнча өз заманында эч кимди алдына салбаган Чынгысхандын жана анын урпактарынын триумфу менен трагедиясы катарлаш тарых улап, махабатка багынып, берилгендик менен чыккынчылык, көсөмдүк менен куулук-шумдук үзөңгүлөш болуп, кайнап турган заманда каргыш алып, аны убагында жазып койбой… Ошентип кийинки урпактарынын убалына өзү калган улуу Чыңгысхан дүйнөнү дүңгүрөткөн жеңиштер менен бирге, Чубактын кунундай чубалжыган санаалардын да чордонун түзүп кеткен болчу. Жазыксыз чабылып кеткен беймарал элдердин, таланып-тонолгон шаарлардын, бактысы тебеленип, азапка калган аялзатынын убалы Чынгысханды тирүүсү эмес, көрүндө да уктатмак эмес!

Өзү гана эмес, уулдары, неберелери да чоң атасы мурастап кеткен кара каргыштын капшабында тагдырдын оор ташынын астында калышкандыгын автор ылайыгына жараша ынанымдуу бере алган. Эгер ошол кемпирдин каргышын Жеңгис-хан убагында жаза алганда, Тарых дөңгөлөгү башкача айланаар беле, адамзат тагдыры бөлөк жолго түшмөкпү, ким билет. Бул бир гана эпизод…

Чынгысхан (Жеңгис-хан деп Батыш таптак эле айтат!) деген ким өзү, анын тарыхтагы орду ким – маданият менен цивилизацияны талкалоочу баскынчынын мисалыбы же аскердик өнөрү менен ааламды таң калтырган генийби, деп дамдар талашып келе жатат. Айдарбек Сарманбетовдун берген баасы – бул Чынгыз деген кадимки эле адам пенде, анын өмүр шыбагасына дүйнө дүңгүрөткөн жеңиштер келгени – анын тагдырынын бир гана жагдайы (аспекти). Ар нерсенин төлөмү, куну сөзсүз төлөнө тургандыгын айкын көрсөткөн мазмуну терең чыгарма болуптур.

Эми не дейлик, окурман?

Ак жол, чыйырыңыз байсалдуу боло берсин демекчибиз, Кызырсөздүн кыштарын кынаптаган жазмал устат Айдарбек Сарманбетов. “Баланча айткандай, түкүнчө дегендей” деп мисал тартып олтурбастан, болгон оюбуздун айрым учуктарын ачыкка чыгаруунун эп көргөнүбүз ушул. Айдарбек мактоого, “жарайсың” деп далысынан кошкөңүл таптоого куштар да, муктаж да эмес. Ал – ой чабыты бийик Кызырсөз ээси деп, ушул чакан макаланы жыйынтыктаймын.

Карыбек Байбосунов, катардагы окурман

Соц тармактар:

Кызырсөз кыраатын келтирген калемгер: 1 комментарий

Добавить комментарий