Ырыскыбыз ичтен, аброюбуз тыштан болсун!

til

sarymsakovКенжалы САРЫМСАКОВ, карыя журналист

Дүйнө жүзүндө канча эл болсо, алардын ар биринде өзүнө гана таандык өзгөчөлүк жана бири-биринен айырмаланган жактарын эске алып, өзүбүздүн кыргыз эли жөнүндө эмнелерди айтууга болот?

Журт которгондо коломтосун, таштандыларын көөмп, мизилдете тазалап, табиятка таазим кылып, аны ыйык туткандык – элибиздин жан дүйнөсүндө уюган табигый тазалык;
Сөз кадырын кастарлагандык, сөзгө жыгыла билгендик, сөз атасы айтылды, сөз бүттү деп этегин күбүнүп тарап кетмейлик – кыргыз элдик нарктуулук;

Келиндердин кайын журтундагыларга жүгүнүп, тергеп, ызаат көрсөтүүсү – кыргыздарда кылымдар бою ыйык сакталып келген ыймандуулук;

Арстанбек, Жеңижок, тоо булбулу Токтогул баш болгон ак таңдай акындардын куюлуштуруп айтылган сөз күчү элибиздин элдигинин, эл наркынын сакталышына, өнүгүшүнө жан азык болуп келгендиги, төкмөлүк өнөр түпкүрдөн түрүлүп улантылып жаткандыгы  – канга бүткөн касиет;

Айкөл Манас дастанын жаттабай жатка айтып калгандык – кыргызга гана таандык сыр дүйнө;

Көптүгү, маани тереңдиги, таамайлыгы, тарбиялык таасирдүүлүгү жагынан кыргыз элдик макал-лакаптарга дүйнө жүзүндө теңдеш табылбайт деп айтылып журөт, бул – ЮНЕСКОнун маалыматы делип. Жалаң ырыс, ырыскы жөнүндөгүлөрүн мисал кылалы: “Карысы бардын ырысы бар”; “Жакшы тилек – жарым ырыс”; “Калп ырыс кесет”; “Ынтымак болбой жол болбойт, ырыстуу кары кор болбойт; “Эл ичин ыдыраткан бүлүктөн сакта, жетим- жесирдин ырыскысын жегенден сакта”;  “Ырыскың ичтен, аброюң тыштан болсун”; “Кызыл тилден таңдайлуу, ырыскыдан маңдайлуу бол”; “Ырыскың сыртта чачылса, баарын түгөл терип кайт”; “Ырыс-кешиктүү бол”; “Ырыскыңды жебе”; “Түнүңөр тынч болсун, үйүңөргө ырыскы толсун”.

Мекенибиздин туш тарабындагы, тоо койнундагы мөлтүр-кашка туптунук булак жана тоо ылдый ак көбүк чачып күркүлөп аккан өзөн суулардан баштап, бүт жаратылыш кен байлыктарга чейинкилердин бардыгы табияттын өзүнөн эл журтубузга тартууланган табигый ырыскы.

“Ырыскыбыз ичтен, аброюбуз тыштан“ болууга толук негиз бар. “Ырыскың сыртта чачылса, баарын түгөл терип кайт”. Терип кайта алабызбы же чачылган бойдон кала береби – бул дагы өзүнчө маселе.

Жазылып, айтылып жүргөн таамай айтымдар:

“Жакшы адам ачык сүйлөйт,
Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман адам сасык сүйлөйт,
Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
Адептүү сылык сүйлөйт,
Амалкай былык сүйлөйт”.

“Дармансыз даттанып сүйлөйт,
Дардаңкүү мактанып сүйлөйт,
Жасакер жагынып сүйлөйт,
Орой кагынып сүйлөйт”.

“Филистерлер (өзүнө өзү корстон болгон көр пенде адамды немистер “филистер” деп аташат) бактысыз, бирок өздөрүнүн түркөйлүктөрүн акылмандуулук деп ойлоп, өздөрүн укмуштуудай бактылуу сезишет”. ( Ф.Энгельс)

Демократия деген бул – кандайдыр бир эреже-талаптардын жыйындысы, топтому, алардын колдонулушу гана эмес, эң башкысы – өлкөдөгү саясый күчтөрдүн, коомдук кыймылдардын, элге таанымал адамдардын жүйө негизинде маселени таамай талдоого ала билүүсү. Ушул негизде гана кыргыздар, кыргызстандык эл келечекке түздөнө алабыз. Көбүрүп-жабырган көчө кыйкырыктар, филистерликтер демократия эмес.

“Арын саткан баарын сатат”, “Бутага тийген сөздү бура сүйлөбө” дейт кыргыз.

Эки сөздүн бирин орусчалап, “өнөр алды – кызыл тилди” чанжыратып, ошого жатыга берсек, кыргыз элдик нарк бузулар. Кыргыз болуп туулуп, кыргыз боло албай калуу -кордук. Байыркы бабаларыбыздан берки муундан муунга мурасталып келаткан эң башкы баалуулук бул – тил мурас. Ыйыктыктын ыйыгы ушул!

1987-жылы 4-декабрда республикалык илимий ишкердүүлүк конференциясында улуу инсан Чыңгыз Айтматовдун: “Көйгөйлөргө өз убагында көнүл буруу зарыл. Антпесе коомдук процесс солгундоо коркунучуна тушугат… Солгундоо турмуш чындыгынын фактыларын айтпай жашыруудан, эки жүздүүлүк менен догматизмден, көлөкөгө тон бычуудан, көрүнөө кризистик көрүнүштөрдү моюнга алууну каалабагандыктан башталып, анан биринин артынан бири чубап чыга берет” деп айтканы бар.

«Көк асаба»,  27.03-09.04.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий