Курманалы Бады уулу

Курманалы Бады уулу жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Акын Курманалы Бады уулу (Арашан) 1973-жылы кытайдын Улуучат ооданына (районуна) караштуу Улуучат айылынын Базар-Коргон кыштагында дүйнөгө келген. Чыгармачылыгы айылдык орто мектепте окуп жүргөн 1989- жылы «Кызылсуу гезитинде» жарык көргөн «Апалар» аттуу ыры менен башталган. 1996-жылы «Шинжаң теле-радио» университетин бүтүп 2006-жылга чейин айылдык орто-башталгыч мектептерде иштеген. 2006-жылдан бери оодандык (райондук) орто мектепте адабият мугалими болуп иштейт. Жазган ырлары жана макалалары Кытайда чыгуучу «Шинжаң кыргыз адабияты», «Тил жана котормо» журналдарында жарыяланып келет. Автордун айрым ырларына обон салынып радиолордон уктурулуп турат. Бир бөлүк ырлары «Кызылсуу кыргыз басмасында» 2007-жылы басылган «Жуңго кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан тандалмалар» аттуу эки томдуу Энциклодепияга, 2008-жылы басылган «Жуңго кыргыз акын-жазуучуларынын чыгаан чыгармалары» жыйнагына кирген.

 

Ырлар

КОШ! ЖАШТЫКТЫН СҮЙГӨН ЖАШЫЛ БЕЛЕСИ

Арчаларын ала чоку тескейдын,
Араласам отун алып кеспеймын.
Эмы деле, аралоочу алча жеп,
Эң алгачкы махабатым эстеймын.

Арчалардын түбүндө бир олтурган,
Аруулукка кучагымды толтурган.
Жаштыгымдай сезылесың азыр да,
Жашыл белес, жалгыз айак жол турган.

Жалгыз айак жолго кадам ташталып,
Жашыл белес сүйүү сенден башталып,
Жашынчуубуз далдасына арчанын.
Жамгыр жааса шатыраган шашты алып.

Ал кезектер…, арман! кандай чак эле,
Ачылып гүл, айлана кооз бак эле.
Айтып сырын булагыңа кош жүрөк,
Азыркыдай жарасы жок, сак эле.

Кош! Жаштыктын сүйгөн жашыл белесы,
Кошулбаган болдуң сүйүү элесы.
Атамын мен, турмуш бөлөк, туйум бир,
Алгач сүйүүм ал да кыздын энесы.

 

ТИЛЕНҮҮ

Айлар өтүп… шак сындырган шамалдай,
Алаксытып өз-өзүмдү амалдай,
Эптеп жашап келем ушул жашоодо,
Эмдыгыче этек, жеңым жамалбай.

Мезгыл өтүп… кум сапырган куйундай,
Мен көп ишты көңүл койуп туйунбай.
Коротупмун жаштыгымды куру, сус,
Колумдагы кунары жок буйумдай.

Жылдар өтүп… жыгылчуу там, бороондой,
Жыйса дүйнө, кызыгы тар короомдой.
Тиленерим боору бүтүн адамдар,
Тирүү болсун, “эндей” кепын оронбой!

 

ЧЫЧЫРКАНАК

Узун сай, улуу токой чычырканак,
Уясын чымчыктардын улам санап.
Ташкала ойноп балдар күндө келет,
Таманга тикен кырып кеткен канап.

Жай айы, чычырканак башы сары,
Жандарга чычырканак ашы дары.
Кемыбес эч нерседен айыл болот,
Керектүү суу, топурак, ташы… бары.

Ашы бар чычырканак тилиң жарган,
А балким агаң барган, иниң барган.
Арала, куштан сура тилин билсең,
Апыртып жазган жокмун бирин жалган.

Балдар жеп башкалардан корубаган,
Баш аман, балаа – каза тоорубаган.
Себебы, чычырканак өскөн жердин,
Сездиңби чымчыгы да оорубаган !

 

АК ҮЙҮМ МЕНЫН ЖЕР ШАРЫ

Түшүп нур, кээде тамчы куюлууда,
Түндүгү жер шарынын уюлу да.
Аа, мага кучагында мемиреген,
Ак үйүм жер шарындай туюлууда.

Кол үйлөп үшүүчүдөй коркосуң да,
Коломто жер шарынын ортосунда.
Баарына чыдайт ак үй, жел боолору,
Байлануу жүрөгүмдүн толтосуна.

Кемыре албас азоо сууктары да,
Кереге, сынбас бакан, ууктары да.
Байымдуу кыргызымдай элес берып,
Бар дале, турат кечке жууктары да.

Жаткан кой жүндөрүнөн…, короо мына,
Жасаган үзүк — туурдук оромуна.
Жер шары учкан күнү учат ак үй,
Жер менен кыйаматтын бороонуна.

 

СЕН ЭКӨӨБҮЗ

Сен экөөбүз чыгыш менен батыштай,
Сезбедиңби жүргөнүңдү батышбай.
Жакындардын, жакшылардын тоюна,
Жардай болуп жанашып бир катышбай.

Сен экөөбүз батыш менен чыгыштай,
Сезимдерде жык ажырап чыгышбай.
Кошулганбыз, ошол бойдон жүрөбүз,
Колтукташбай, коштошуп кол сыгышбай.

 

* * *

Сен экөөбүз от менен дал суудайбыз,
Сен экөөбүз арпа менен буудайбыз.
Бирге жашап, бирде жатып бөлүнүп,
Бирге конуп, бөлөк учкан куудайбыз.

Сен экөөбүз уу менен дал балдайбыз,
Сен экөөбүз тикен менен талдайбыз.
Аяагы жок турмуш үчүн үй тутуп,
Анан нееге өзүбүздү алдайбыз!

 

БАРАТАМ ЖОГОТУУНУН САПАРЫНДА

Суйсалып кыздай чачын кырык өргөн,
Сулуу жок мурдагыдай өзүм көргөн.
Закымы ала качып, алаксытып,
Замандын «мода»сына көңүл бөлгөн.

Гирим деп каш – кирпигин чийип алган,
Кийим деп бирдемени кийип алган.
Күчүгү ашташ болуп баласындай,
Күйөө деп бирисине тийип алган.

Шым кийип шымаланып култуңдаган,
Шымы тар куйруктары бултуңдаган.
«Чегы бар шым кийүүнүн, уят болот –
Чеч» десе, капаланып тултуңдаган.

Ачылып киндик тургай тулуп көөдөн,
Алгансып кош өркөчүн сурап төөдөн.
Ыкташып пул, уналуу жигиттерге,
Ыраактап качып калган азыр жөөдөн.

Кыздары үйгө кирбей сотыкеге,
Кыйкырып соорун куруп ботыкеге.
Чал – кемпир үйдө кароо, келин да жок,
Чачылып күлү, күйбөйт оту неге ?…

Кызыган уулу сыртта достор менен,
Кыргызда азыр колу боштор кенен.
Үй – оокат, ата – эне эстен чыгып,
«Үзүрүн» көрөт ичип «кош»тор менен.

Ташташып үй иштерын чала кылып,
Тамакты жада калса бала кылып.
Эр жүрөт соорундарда аялына,
Эл сунган арак үчүн сала кылып.

 

* * *

Кыргыздын өлүм менен тою да мас,
Кыргыздын ойлогон иш ою да мас.
Карматбай кошоктоочу мас койчуга,
Калжактап качып жүргөн кою да мас.

Кыргыздын кызгалдактуу кыры да мас,
Кыз – уулу ырдаган той ыры да мас.
Башында чогуу болуп, сөз талашып,
Баштаган чот көтөрүп чыры да мас.

Күпүлдөп жаштар тургай карысы мас,
Күйгүзүп төркүн, кайын, баарысы мас.
Тирүүлүк ушул болсо деген өңдүү,
Тийишип соолуктарга чарысы мас.

Чалкыган чарба – түлүк, талаасы мас,
Чакчагай үн алышкан баласы мас.
А кокуй, сийүүнү да унтуп калган,
Ачылып сыдыргысы, аласы мас.

Кылыксыз аял менен эры да мас,
Кыжалат, кыргызыңдын жери да мас.
Кудайым адалдыкка туруп турсун,
Куюшуп шайтан менен пери да мас.

 

* * *

Кыргызда айтчы эмне айып калган,
Кыздары уятынан тайып калган.
Кантесиң үйгө кайтбай сыртта түнөп
Каймалдай талааларда кайып калган.

Улутта улуу кыргыз атам жойгон,
Уулдары уурулукка кадам койгон,
Бар беле кан ичерлык, ичкиликтен,
Балдары бүгүн чыкты адам сойгон.

Берген ал мөртүн, түзөө катаалардын,
Бейтыне куран окуп аталардын.
Бет сыйпап колдун учу араң тийып,
Беделын түшүрдүкпү баталардын.

Улууну урматтабай сөгөр болдук,
Уят – сый, абийрди бүт төгөр болдук.
Түгүтүп эл мурасы – каада, салтты,
Түбүнө түркөйлүктүн чөгөр болдук.

Көзүм жаш, көкүрөгүм ириңдеген,
Көп арман көкүрөктө билинбеген.
Салтына таазим эткен кыргызымдын,
Сак жүрөк калбады го тилинбеген.

Ачышат туз куйгандай жараланып,
Ачканга келди кезек жараны анык.
Ак калпак, ар – намыс, бүт тарыхтагы,
Атыбыз калмай болду караланып.

Салтым жок, адеп, инсап, ыйманым жок,
Сатып же тамырынан кыйганым жок.
Оорудум, жан дүйнөм бүт эңшерилип,
Оо, элим өз – өзүмө сыйганым жок.

Өмүрдөн билбеген нее табарын да,
Өлүм жок өкүнүчтү кабарында.
Башым маң, акырына акыл жетпей,
Баратам жоготунун сапарында.

Соц тармактар:

Добавить комментарий