Өрүүлүк (көчүп келүү)

Жакын көчүп келген үй-бүлөнүн жакын-алысына карабай, куржун кечеге тамак-аш (бышкан эт, каймак, май, боорсок, кымыз, бозо, ж.б.), айрымдарына кездеме, мал, буюм-тайым (шырдак, туш кийиз, төшөк, кийит ж.б.) алып барып, жаңы конуштагы эшик-төрүн көрүү. Ал үй да жетине албай, бар оокатын аябай, кабыл алат. Жандык союп да коет.

Айрым учурда өрүлүктөп баргандарга кайра кийим да кийгизет. Сыр билги немелер бири-бирин сыйлап турат.  Жакшы кошуналар ырыстуу тамактарына тең орток болушат. Конок келген үйдүн кадырлуу меймандарынын катарында отурушат. Өрүлүктөн таарыныч да, мактаныч да пайда болот. «Жанаша көчүп барсам, беш токоч өрүлүгү болбоду», «Эшик-төрүн көрө элекпис, кошуна-колоңго жок немелер экен» сыяктуу сындар айтылат. Ушундайдан алыс-жакындардын аралары ачылап кетүүлөрү да болуп жатат.

Маалымат булагы: Амантур Акматалиев, “Баба салты, эне адеби” китеби

Соц тармактар:

Добавить комментарий