Жайчылык: адамдын аба-ырайын өзгөртүү касиети

Магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ кишин жайчы деп аталат. Көпчүлүк учурда, аба ырайынын өзгөрүшүнө таасир кылуу үчүн жайчылар магиялык күчкө ээ таш колдонот, ал жай таш деп аталып келген. «Манас» дастанында көбүнчө аярлар жайчылык өнөргө ээ болуп, башкы оң каармандардын ичинен жайчылык өзгөчө Алмамбетке мүнөздүү. Ал жайчылыгы менен агыны катуу суудан өзү тараптагы жоокерлерди аман өткөрүп, душманды суукка үшүтүп, жеңишке жетишкен учурлары болот. Анын жайчылыгы чоң казатта айрыкча элестүү сүрөттөлөт:

Каптап кытай келгенде,
Караандуу жоону көргөндө,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Ала канчык шыбыргак,
Алмамбет жайын салды эле:
Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Асмандан булут сабалап,
Көктөн булут күркүрөп,
Жер жүзүнө камалып,
Тик каптаган кытай журт
Күн көрөргө зар болуп…
(С.Каралаев, 2 т. 194-б.)

Душман бир жагынан суукка тоңсо, экинчи жагынан Манас баатыр баштаган кыргыз жоокерлеринин катуy чабуулунан кырылат. Дастанда жайчынын чагылдырылышы табияттын ар кандай кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон ой-мүдөө болуп эсептелинет (С.Алиев. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.).

«Коомдук өнүгүштүн алгачкы учурларында адам табияттын сырын билип, баш ийдирүүгө кылган аракетинен келип чыккан, жай таштын магиялык касиетке ээ экендиги жөнүндөгү шамандык түшүнүктүн пайда болушуна, биринчиден, эң алгачкы эмгек куралынын болушу, ал таштын көбүнчө суунун түбүндө же башка нерселерде орун алышы түрткү болгон. Жайташ моңголдордо «жада», «яда», казактарда «жайтас», якуттарда «сата» деп аталып, сыйкырдуу магиялык күчкө ээ таш катары сүрөттөлөт. Байыркы кыргыздардын ишениминде жайташ көбүнчө койдун же уйдун карынынан табылган. «Манас» дастанында жайчылык өнөр жылан-ажыдаар менен байланыштырылат. Мифтик мындай ишенимди дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири кездешкен суунун ээси жылан, ажыдаар болуп эсептелген белгилүү салттык сюжеттин бир элеси, көрүнүшү катары кароого болот. Жайташты пайдалана билүү үчүн анын окуусун окуу керектиги түрк-монгол элдеринин оозеки чыгармаларында көп айтылат (С.Алиев. «Манас» энциклопедиясы. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.). Саякбай Каралаевдин вариантында жайташтын аткарган кызматы тууралуу элестүү сүрөттөлөт:

«Алтын айдар, чок белбоо,
Азизкандын жалгызы,
Карыкандын жай ташын
Чап жанынан алды эле,
Бир чөйчөктөй кара суу
Кур дегизе салды эле.
Жаканын баары жамгырлап,
Бөксөнүн баары мөндүрлөп
Жайдын күнүн кыш кылды»
(Манас. С.Каралаев 2 т. 194-б.).

«Семетейде» да жайташ согуш мезгилдеринде же бир зарыл учурларда колдонулат. Мисалы, Бакай баш болуп Семетей, Канчоро, Гүлчоролор он төрт тулпар коштоп алып, Манастын кунун кууганы Бээжинди көздөй аттанып бара жатып, азыркы Ак-Суу районундагы Боз-Учук дөбөсүнө түнөп жатып калганда, Кызыл-Кыяда чек араны кайтарып турган Коңурбайдын сакчысы Мурадыл аларды байкап калып, жай ташын көлгө салып, «булут ээси Буураканды, жердин аты Желшамалды чакырып, жайдын кїнїн кыш кылганын», күндү жайлаганы сїрєттєлєт. (С.Каралаевдин варианты б-ча. – Ф.: Адабият, 2-китеп, – 1989. 152-153-б.). Жайташты колдонгондо жайчылардын атайын окула турган магиялык күчкө ээ дубасы болгондугу да айтылат (С.Алиев. «Манас» энц-сы. Кыргыз Энцик-нын башкы редакциясы, 1995. 194-195-б.).

З.Мамытбековдун «Отражение жизни и борьбы кыргызов в эпосе «Манас» аттуу эмгегинен төмөндөгүдөй кабар ала алабыз: «Жай таштын магиялык касиетине болгон ишеним якут, алтай, жана казак элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгында кеңири кездешет. Жамгыр чакыра турган таш тууралуу окуялар – “Алтай Бучай” аттуу алтай дастанында, “Ер Косай” аттуу казак дастанында жана Фирдоусинин “Шахнамесинде” да сүрөттөлөт». Ушул эле автордун дагы бир эмгегинде бул боюнча мындай маалыматты кездештиребиз: «Түрк элдеринин фольклорунда жай таш колдонуу өтө көп учурайт. Якуттар жай ташын «сата» дешип, ал таш ат, уй, аюу, карышкыр сыяктуу айбандардын ичинде болот. Эң күчтүү жай таш карышкырдын ичинен чыккан таш болуп саналат. 1861-жылы В.В.Радлов Алтайда, Абаканга жакын бир жерде саякат кылып жүргөндө, жамгыр жаап калат. В.В.Радловдун жанындагы төөлөстүк (дөөлөс – алтай уруусу) бир жайчы жай ташын алып чыгып, бир кашык дары (урук) алып отко күйгүзүп, эки колун абага жайып, төмөнкүчө жайлаган:

Кайракан, Кайракан,
Алас! Алас! Алас!
Алаканча ачык бер,
Теменече тешик бер.
Ыйык кишинин үрөнүмүн,
Кедир жыгач уругумун
Абу, Тобу кийдирген,
Өлгөстөй, Кулдурак кыйкырган
Теңирдин киндиги жерде,
Жердин киндиги көктө!
Таш жыгач майды жактым,
Теңирдин жолун ач!
Алаканча ачып бер!
Теменече тешик бер.
Бийик тоону жандап өт!
Абакандын башынан өт!
Улуу кан! Улуу кан!
Алас! Алас! Алас!

Жай ташы Эне-Сай боюнда жашаган кыргыздарда байыркы убакта белгилүү болгону байкалат. Кыргыздардын түшүнүгү боюнча жай таш койдун курсагында болгон. Жайдын дубасы эл массасына гана эмес, жайчы кишинин өзүнө да түшүнүксүз болгон. Күндү жайлоодо ошол сөздөр сансыз ирет кайталанган. Мисалы, жайчы кырк чыбыкка кырк ирет жайы сөзүн (дуба сөзүн) кайталап, анан чыбыктарды сууга салган. Андан соң улам төрт жагына тегеренип, жайын (дубаны) кырктан төрт жолу айткан жайчы мүрзөнүн топурагын алып, ошону айта турган жайын (дубасын) кырк жолу айтып, топуракты асманга чачкан. Мындан тышкары жайчы дагы өзүнүн жайын (дубасын) жети миң жолу айтууга тийиш болгон. Жай ташын кыргыз эли байыртадан бери кургакчылык убагында жамгыр тилөө үчүн гана эмес, жоокерчилик убакта согуштук ык катары колдонулгандыгы «Манас» дастанында көп айтылат (З.Мамытбеков. «Манас» эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери. Ф.: 1966. 75-77-б.).

Кыргыз элиндеги жайчылык касиетти бүгүн да кездештиребиз. Бул тууралуу биз Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, жайчы Жамгырчы кызы Калыйман Данакееваны (1940) мисалга келтирели. 2008-жылы «Айгине» маданий-изилдөө борбору тарабынан Талас облусундагы Нылды-Ата мазарында өткөрүлгөн «Рух көрөңгөсүн сактайлы» аттуу семинардын катышуучусу Калыйман Данакеева элдин өтүнүчү боюнча дөбөгө чыгып, арканды колдонуу менен күн өзгөртүп, жамгыр жаадырганына семинардын бардык катышуучулары күбө болушкан (04. 06. 2008-ж.).

Ысык-Көл районундагы Темир айылынын тургуну Шайакун кызы Мырзакан  Сатылганованын (1951) айтуусу боюнча, тайкеси Садыр Табылды уулу (Мырзакандын энесинин бир тууган агасы) атактуу жайчы болгон. Ал өмүр бою Жети-Өгүздүн Чычкан айылында туруп, кийин гана жашы өтүп калганда Каракол шаарында балдары менен туруп калган. Айылдыктар Садырды тергеп, аке дешчү. Кургакчылык мезгилдерде Садыр чоң таштын үстүнө чыгып, дуба окуп күндү жайлап, жамгыр жаадырчу экен. «Жайчы Садыр Улуу Ата Мекендик согуш жылдары (1941-1945) каза болгон» дейт жээни Мырзакан. Анын көзүнүн тирүүсүндө үйүндө турган даарат алчу кумганына кут түшүп, кийин таштай болуп уюп калган. Азыркы күндө да ал кут балдарынын үйүндө бекем сакталып турат. Жээни Мырзакандын дагы бир айтуусу боюнча, Садыр өтө окумал, сабаттуу киши болуптур. Анын үйүндө араб арибиндеги көптөгөн эски китептер ар дайым бийик текчеде турчу дейт.

Жогорудагы айтылгандарга улай кетчү нерсе, жайчылыкка үндөш дагы бир өнөр ээси байкалат. Андай касиетти алып жүрүүчүлөр дубанын (көпчүлүк учурларда «Курандын») күчү менен кайсы бир табигый кубулуштарды, материалдуу заттардын, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн турпатын, абалын, нугун өзгөртө ала тургандар. Мисалы: шар суунун агымын токтотуу же тескери агызуу, жерге өрт жиберүү, атылган окту токтотуу, баш кийим учуруу ж.б.у.с. Биздин оюбузча, бул өнөр жайчылык касиети менен кандайдыр бир деңгээлде жакын тургансыйт, бирок терең иликтей келгенде, бул эки касиет бири-биринен кескин айырмаланып турат. Себеби, жайчылыктын негизги аткарган кызматы магиялык жол менен (белгилүү бир аспапты колдонуу аркылуу, дуба айтуу аркылуу) аба ырайын гана өзгөртүү менен чектелет. Албетте, жайчылар күн жайлагандан сырткары кошумча дагы башка өнөрлөрдү алып жүрүшкөн, мисалы: төлгө ачуу, алдын ала айтуу, алдын ала көрүү же сезүү ж.б.

Корутундулай келгенде, жайчылык жана анын тегерегиндеги маселелер келечекте жакындан байкоо жүргүзүүнү, изилдөөнү талап кылат. Ал эми буга карата манилүү бир нерсени эске алуу абзел, бардык эле жайчылар өздөрүнүн касиетине ар дайым күбө катыштыра бербейт жана баарына эле касиет сырын ача бербейт, бул түшүнүктүү (муну биз Калыйман Данакееванын мисалында байкадык). Себеби, бул касиет адамдын аалам, табийгат мыйзам ченемдерине кийлигишүүсүн, өзгөртүшүн талап кылат. Ошондуктан болсо керек, мындай касиет ээлерин кездештирүү өтө кыйын. Мындай касиет татыктуу колго гана өткөрүлүшү милдет жана аяр мамилеге муктаж.

Талантаалы БАКЧИЕВ, манасчы, филология илимдеринин кандидаты
«Көк асаба», 08.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий