Манасчы жана илме кайып дүйнөсү

Элдин ишеними боюнча «тандалгандар гана манасчы боло алат». Бирок аларды кимдер тандайт? Тандоо учурунда алар кандай сынактардан өтөт? Деги эле бул өзү кандай сырдуу дүйнөгө оролгон кубулуш?

Белгилүү орус окумуштуусу Н.Рерих өзүнүн «Түбөлүктүүлүк жөнүндө…» аттуу китебинде мындай дейт: «Манас – бул жогорку деңгээлдеги аң-сезимдин чыңалуусунун натыйжасында жаралган нур, жарык. Ал эми анын адамзатка, ааламга болгон баалуулугун изилдеп, турмушка колдонуунун учуру келди» (5.172). Ооба, кыргыз сыйынса да, колдоо сураса да, алкаса да, сүйүнсө да, кайгырса да «Манас!» деп, Манаска кайрылат. Манастын өзүн эле эмес, анын дүйнөсүн, энергиясын жана ага тийиштүү бардык кубулуштарды да өзгөчө ыйык тутат. Манас дүйнөсүнүн табигый бир көрүнүшү катары, «Манас» баянын айткан манасчылардын да эл ичиндеги орду обурактуу. Көчмөн кыргыз элинин сыйынганы жана тайынганы Манас. Мунун себеби эмнеде? Өңгөсү өңгө, бирок Манаска болгон элдик ишеним ушунчалык терең, ушунчалык бекем! Мунун төркүнү эмнеде? Эмне үчүн жалпы кыргыз эли (эл ичиндеги кайсы бир уруу эмес) бир Манаска жана анын дүйнөсүнө ушунчалык зор маани бөлүп, аны кыргыз элинин колдоочусу-пири, куту катары тутуп келет?

Минтип собол артынан собол узатып жатып, биз аларга жооп табууга далалат кылабыз. Кыргыз улутунун кайсы бир азыркы өкүлү үчүн мындай суроолор күлкү келтирээрлик, болбогон суроо катары угулушу мүмкүн. Ал эми башка улуттун өкүлү үчүн жана Кыргызстандын урбанизацияланган азыркы жаш муундары үчүн ынандыраарлык кандай жооп кайтарсак болот? Азыркы илим жана азыркы көз караш мындай суроолорго ынандыраарлык жооп бере албайт. Ал эми татыктуу жооп берүү үчүн биз башкача ыкмага өтүп, жаңыча көз караш аркылуу жаңы усулдарды, критерийлерди иштеп чыгып, аларды колдонушубуз зарыл. Себеби, ачыгын айтканда, азыркы Манастаануу туңгуюк-кризистик абалда турат. Буга бирден-бир себепкер болгон – мурдагы материалисттик, атеисттик көз караштагы илимдин принциптери. Азыркы күндө материалисттик багытындагы принциптер жеке эле гуманитардык илимдерди гана эмес, так илимдерди да туңгуюк абалга кептеп салды. Дал ушундай илимдин айынан «Манасты» биз көркөм чыгарма катары гана таанып келдик. Андан арыла албай, нечендеген жылдар бою Манас дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн чектеп келдик. Манасчылыкты болсо, акындык өнөрдүн бир түрү гана деп түшүндүрүп, манасчы башынан кечирген арбак дааруу процессин «курулай мактануунун», «элден өзгөчөлөнүүнүн» аракети, а түгүл «курулай миф» катарында кабылдап жаттык. Ал эми расмий илим, кылымдар бою эл ичинде жашап келген «манасчылык өнөр» деген табигый кубулуш, салттуу көз караш менен эч эсептешпей туруп четке кагып келдик. Ошондуктан болсо керек, Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын бардык адистиктерине милдеттүү сабак катары кирген «Манастаануу» сабагы, көпчүлүк учурларда, азыркы жаштардын талаптарына жооп бере албай келет. Анткени, биз аларга «Манасты» жөө жомок катары түшүндүрүп, анын уңгусуна, философиясына терең сереп сала албай жатабыз.

Кылымдар бою «Манас» баянын айтып келе жаткан «манасчыны» биз табигый кубулуш катары тааныгыбыз келбей, чануудабыз. Мындай мамиле, кыргыз элинин жалпы эле эзотерикалык (грек.тандалган адамдардын купуя сыры), окультизмдик (адамдагы жана космостогу сырдуу күчтөрдүн бар экендигин тааныган окуу), флюиддер (лат. физикалык тирүү жандыктардын жана физикалык заттардын бөлүп чыгарган энергетикалык нуру) жаатындагы кубулуштарга карата болуп жатат. Ал эми Кыргызстандын азыркы расмий илимий чөйрөсү таптакыр эле кежирленип, моюн толгогону толгогон. Мүмкүн, жогоруда аталган кубулуштар табигый кубулуштарга кирбегендир, андай болсо анын чын-төгүнүн далилдеп, аныкташ керек. А мүмкүн, Кыргызстандын азыркы расмий илимий чөйрөсүнүн деңгээли жетишсиз? Кандай болгон күндө да, кайсы бир кубулушту, өзгөчө эгерде ал табигый түрдө келип чыккан кубулуш болсо, чануудан мурда, аны изилдеп, аныктап, жок дегенде байкоо иш аракетин жүргүзүү оң. Ал эми илимдин негизги принциби, милдети табигый кубулуштарды чануу эмес, изилдөө эмеспи? Жок, эгер чама-чаркы чакталуу болсо, анысын мойнуна алып, чечкиндүү түрдө, мурдагы көз караштарды, мамилелерди кайрадан карап чыгып, изденүү процессине өтүшү зарыл.

Албетте, мындай аракеттер сенек болуп калган илим тарабынан түшүнбөөчүлүктү жаратып, өтө терс кабылданышы мүмкүн. Дүйнөлүк илимдин тарыхында мындай мисалдар ого эле арбын болгон. Мындай мамиленин келип чыгышынын бирден бир себеби, эчендеген жылдар, кылымдар бою калыптанып түзүлүп калган моделдерге жедеп көнүп, жаңыны кабыл ала албагандыгында. Себеби, андай көз караштын көп жылдык тажрыйбасы бар, туруктуу модели бар деген ишеним өкүм сүрөт. Мына ошондуктан ал ишенимдүүрөөк, жакыныраак. Ал эми жаңынын иши жаңы. Жаңы нерсе ар дайым кооптонууну, ишенбөөчүлүктү жаратат.

Кыргыз элинин салттуу маданиятынын бир көрүнүшү катары «манасчылык өнөрүн» толук эсептөөгө болот. Ал эми анын келип чыгышынын өзү кыргыз элинин турмушундагы өзгөчө табигый кубулуш. ХХ кылымдын 30-жылдарынан тартып, фольклористтер менен этнографтар манасчылык өнөрүнө кызыгуусун арттырып келишкени менен илимий объект катары изилдөөгө алышкан эмес. Ал эми манасчылык өнөр тууралуу биз азыр эмне билебиз? Колубузда кандай маалыматтар бар? Ооба, манасчылардын аркасынан түшүп, көкүрөгүнө сактап, баяндап келген «Манастын» тексттин үлгүрүшүнчө кагазга, аудио-видеотасмаларга түшүрдүк. Сурамжылап отуруп, кыскача, обзордук түрдө өмүр баянын, чыгармачыл портретин түздүк. Өмүр баяны менен кошо алардын «Манасты» айтып калгандыгынын айрым бир себептери жөнүндө кыскача маалымат алдык. Дагы?

Эпикалык айтуучуларга карата болгон мындай кейиштүү абалды кыргыз эле эмес, жалпы дүйнөлүк илимде да байкаса болот. Бул жөнүндө белгилүү орус окумуштуу-фольклористи Б.Путилов мындай дейт: «Атаганат, моюнга алышыбыз керек. Биздин жана чет элдик илим бул маселенин үстүндө болгон мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу жумшай алган жок. Эпостун тарыхы, генезиси, мазмуну, поэтикасы деп жатып, биз айтуучунун табиятын жана айтуучулук өнөрдүн маселелерин борбордук орунга кое албай келдик. Улам бир айтуучунун вариантын кагазга түшүрүү менен алектенип жатып, биз анын өнөрүнүн калыптанышына, текстти өздөштүрүшүнө, эпосту аткаруудагы өзгөчөлүктөрүнө, вариативдүүлүгүнө, өзүнүн репертуарына болгон жеке көз карашына көңүл бура албадык. Айтуучунун аркасынан сая түшүп, эпостун текстин жазып алабыз деп жатып, анын жан дүйнөсүн түшүнүүгө үлгүрө албай калдык. Жазылып алынган текст аркылуу биз айтуучунун деңгээлин аныктап жаттык. Ал эми эпос жыйноочулардын көпчүлүгүндө, айтуучулук өнөрүн иликтей турган, так иштелип чыккан программа да, методика да болгон эмес. Мына ошондуктан, азыркы күндө сейрек кездеше турган айтуучу жана анын өнөрү жөнүндө кеңири маалымат бизде жок болуп жатат» (4.10-б.).

М.Пэрри (2), А.Лорд (2), Б.Путилов (4) ж.б.у.с. окумуштуулардын айтуучулук өнөрдүн келип чыгышы, калыптанышы жөнүндө ири илимий изилдөө иштерин эске албаганда, абал чын эле кыйын. Айтуучулук өнөр сыяктуу феноменди изилдөөдө азыркы фольклористика илиминин мүмкүнчүлүктөрү өтө эле чакталуу болуп калды көрүнөт. Андыктан, антропология, трансперсоналдык психология, этнология, теософия, философия сыяктуу илимдердин катышуусу менен гана айтуучулук өнөрдүн айрым сырларын ачууга келечекте мүмкүнчүлүк ала алабыз. Бул жагынан алып караганда, манасчынын практикасы (башынан өткөргөн окуялары, тагдыры) табылгыс, баалуу илимий изилдөө объектиси катары кызмат аткарып бере алат.

Манасчылардын «кайыптардын дааруусу» (кайып – ар. жашыруун, көрүнбөс; даары – жандапөтүү, тийип өтүү) жана андан кийинки башынан өткөргөн сырдуу процесстери, башкача айтканда, анын келип чыгышы тууралуу маселелер элдин кызыгуусун ар дайым арттырып келген. Ал эми «кайыптардын дааруусу» процесси тек гана манасчыларга таандык көрүнүш эмес экендиги көпчүлүккө маалым. Дал ушундай процессти өзгөчө бүбү-бакшылардын мисалында да кездештирсе болот.

Ал эми манасчыларга келгенде, дээрлик бардыгы (жаратман манасчы дегеним) кайыптардын дааруу процессинен өтөт. Талапкердин кайыптар («кайыптар» деп жатып, биз «Манас» дастанынын каармандарын айтып жатабыз) менен болгон эң алгачкы жолугушуусу, адатта таанышуу түрүндө өтөт. Андан соң кайыптар талапкерден «Манас» дастанын айтышын өтүнүшөт. Кокус, ал кетенчиктей турган болсо, буйрук беришет, катуу талап коюп, кысмакка алышат. Кайыптар менен болгон бул алгачкы жолугушуу өтө маанилүү ролду ойнойт. Ал эми кайыптар тарабынан тандалып алынган адамдын буйрукка баш ийбей, манасчылык өнөрүн мойнуна албагандыгы, аны келечекте тынымсыз ооруга, кырсыкка же узак мөөнөттүү кыйынчылыктарга алып келет.

Мына ушуга улай, кыргыз элинин классик жазуучусу, сөз устаты Т.Сыдыкбековдун, фольклор жыйноочу Ы.Абдыракманов менен болгон маегине назар бурсак: «Азыркылар түшкө ишенбейт. Эми ишенишпесе өз эрктери. Андан «Манастын» жүгү ообайт. Ачылбаган сырлар, айтылбаган ырлар да мол… Макул. Сырыма калк сыйынсын деп манасчы «түш көрүп айттым» десин. Ал түшүндөгү аянды аткарбай кадимкидей жазаланган кишилер эминеге «сыйынышты» экен?»

Абдыракман аке (Ыбрайым Абдыракманов дегени – Т.Б.) күлө карап менден сурады: «Караколдо окуган экенсиң. Ал жылдары күндө базар болучу. Не мал базарынан, не эски базардын үч Кошконунан атчан бастырган кишилердин арасынан укурук моюн кишини көрчү белең?»

1925-1929-жылдары мен Караколдо окуп жүргөн кезимде азыркы молдокем айтып жаткан укурук моюн кишини далай көргөмүн. Ал киши дайыма атчан жүрөр эле. Мойнунун узундугу жарым кездей. Желдирте бастырганында башы жел тийген ак тикендин топчу башындай ыргалса таң калчумун көз айырбай карап. Абдыракман акенин кебинен улам ошол узун моюн киши көз алдыма келди. «Көрчүмүн. Азыр да көз алдымда турат ал киши» – дедим. Абдыракман аке кубанып койду: «Көргөн экенсиң. Ал киши ошо Күңгөй жактагы корумдулук. Энеден кадимкидей төрөлгөн татынакай эле бала болгон. Бой-келбети келишкен, ырайы ысык бала-жигит кезинде түшүндө Семетей аян берет: «Жал, куйругу төгүлгөн кызыл буурул ат минген Семетейдин жан-жанында бири сыйда жал, көк ат мингени, бириники суналган каракер эки жоокери бар. Карп-курп кездешет. Бала-жигит аларга: «Арбаңыздар, акелер» – дейт. Тигил киши: «Бар бол, уул, – дейт да, тике сурайт: «Бизди таанып турасыңбы, уул?» Бала-жигит мукактанып жооп айталбайт. «Коркпо, уул. Мен – Семетеймин. Бул көк атчан жоокер – Күлчоро. Каракерчен – Сейтек. Айылыңа кайтаарың менен карыялардын батасын алгын. Өзүң дилиңди коюп, наристеги кезиңдей таза олтуруп оозуңду ач. Сөз өзү куюлушат. «Семетейди» айтасың!» – дейт да, ошол замат көздөн кайым болушат. Бала жигит ойгонуп, көргөн түшүн кишиге айтпай койду. Өмүрүмдө ооз ачып ырдап көрө элекмин. «Семетейди» кантип айтамын деп коркту. Экинчи жолу Семетей түшүндө аян берди. Бала-жигит бул жолу да түшүн жашырды. «Коркпо, оозуңду ачканыңда эле куюлушкан сөз өзү келет» – деген. Ага бала-жигит ишенер-ишенбесте эки анжы болуп жүргөндө, үчүнчү жолу түшүнө Күлчоро жалгыз келди да, сумсая карап, чорт айтты: «Сен өз балаңдын наамына шек кетирдиң. Бизден белги калсын!» – деп, акырын кармап мойнун созуп койду. Бала коркконунча болбой Күлчоро көздөн кайым болду. Моюну эч оорубады. Түшүнөн чочуп ойгонсо мойну узарып калыптыр. Коркуп, ошондон кийин көргөн түштөрүн атасына айтты, өзү наристегисиндей боюн таза тутту. Карыялардын батасын да алды. Оозуна кеп кирбеди. «Семетейчи» боло албады. Бул болгон иш, балам, – деди Абдыракман аке, мага. – Көңүлгө шек кетирбе! Азыркылар мындайды өтүрүк дешет. Бул – өтүрүк эмес, сырдуу көрүнүш! Аман бололук. Көрөрбүз» (6.563-564-б.).

Ал эми талапкер макул болуп, талапты аткара турган болсо, анын ай-күнү оңунан тууйт. Буга карата Кубанычбек Алмабековдун (1955) мисалын ортого салсак: «Ошол күнү кыздуу болуп, окуумду ийгиликтүү аяктап, диплом алып, кубанычым ичиме батпай, күнү кечке чейин жубайымдын жанында (төрөт үйүндө. – Т.Б.) болуп, кеч бешимде үйүмө кайтып (Фрунзе шаары. – Т.Б.), жаңыдан тамакка отурайын дегенимде эле, кандайдыр бир зор күч мени отургучтан алып дубалга карай ыргытып жиберди. Бир топко чейин эсиме келе албай, эмне болгонун түшүнө албай, бөлмөнүн бурчунда буту-колумду тарталбай, көзүмө от чагылгандай болуп, жатып калдым. Аңгычакты болбой, маңдайымда сары алтындан зоот-тон кийген, колунда найзасы бар, төбөсү шып тиреген, сүрдүү зор баатыр пайда болуп, мени тике качырды. Мен эч кыймылга келе албай бурчка тыгылып, отурган бойдон калдым: «Мен Семетеймин! Уктуң беле? Ата жолун жолдобой, бизди неге айтпай жүрөсүң?» деди. Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Үн катпадым. Тилим да күрмөөгө келбеди. Баатыр найзасын сунуп, саймакчы болду, билектей түпөктүү төрт миздүү учу төшүмө тиер-тиймексен болуп, демимди тиреп туруп калды: «Айтасыңбы?!» деп, күркүрөдү. Коркконумдан баарына кайыл болуп: «Айтам, айтам, жарайт айтам!» деп, шашкалактап бакырып жибердим. Бул сөздөр оозумдан кантип чыгып кеткенин өзүм да сезбей калдым. Ошо замат баатыр көздөн кайым болду. Атам Касымаалы, бала кезимде далай ээрчип, эл ичинде айткан «Манасын» угуп жүргөн чоң атам Алмабек дароо эсиме түштү. Алардын айткан «Манасы» кулагыма эшилип жатты» (маалыматчы – Кубанычбек Алмабеков, 17-июнь, 1992-жыл).

Мына ошол окуядан тартып, Кубанычбек Алмабеков өзүнүн манасчы аталары Касымаалы (атасы – Касымаалы Алмабеков, 1927-1972) менен Алмабектин (чоң атасы – Алмабек Тойчубеков, 1888-1962) жолун жолдоп, «Манас» айта турган болот.

Демек, талапкердин кайыптар менен болгон биринчи жолугушуусу чоң жоопкерчиликти жана чечкиндүүлүктү талап кылат. Коркуу же чочуунун натыйжасында шашып, туура эмес чечим чыгара коюу талапкердин келечеги үчүн өтө эле опурталдуу.

Арийне, ар талапкердин кайыптар менен болгон эң биринчи жолугушуусу ар башка мүнөздө өтөт. Бирок жалпы жонунан алганда, жолугушуунун сюжеттик өзөгү, бардык учурда тең бирдей окшош. Көпчүлүк учурда калың колдун аттанып бара жатышы же боз үй ичиндеги тамак-аш жайнаган кең дасторкондун үстүндө отурган Манас баштаган сүрдүү баатырлар (кырк чоро), кээде («Манас» «үчилтигиндеги» башкы каармандар) Бакай, Каныкей, Семетей, Күлчоролор көрүнөт. Кээ бир талапкерлер Коңурбайды же Манас менен Коңурбайдын куушуп, бирин-бири качырып жүргөн сценаларын көрүшөт. Дагы бир айрым учурларда көзү өткөн манасчылар да түшүнө кирип же өңүндө көрүнөт. Түшүндө не өңүндө келген кайыптардын баары эле болочок манасчы менен бет алып сөзгө келе бербейт. Алардын ичинен көпчүлүк учурда «Манас» дастанында баяндалган – «кайып болгон беш берен» гана ортомчу милдетин алат (Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро – Шаабай Азизовдун сөзү боюнча). Кээ бир кырдаалдарда ортомчунун кызматын аксакалчан карыя, көзү өткөн манасчылар же жаңырган үн да аткарат. Ортомчулар, оболу болочок манасчынын атынан чакырып, атчан же дасторкон үстүндө отурган баатырлардын бардыгы менен тааныштырып, өздөрүнүн кайда жол тартып бара жатканын айтып, анын атайын тандалып алынып, мындан ары аларды айтып жүрүшүн өтүнүшөт. Ал эми айрым бир учурларда кайыптардын буйрук кылган мисалдарын да кездештирсе болот (Кубанычбек Алмабековдун мисалында).

«Илгери ышкын түптүн кабыгын сууга кайнатып, тери боечу турбайбы. Ошону алып келүүгө Өмүр (Чоюке манасчынын атасы. – Т.Б.) Молтойдун Казакбайына он төрт жаштагы Чоюкени (1864-1925) кошуп бериптир. Жол жүрүп, Кызыл-Кыянын белине барышып, кабык аачый турган жерине келишет. Өзөк жалгашып, эки түп сары жыгачтын түбүнө жатып, экөө тең уктап калышат. Уктап жатканда түшүнө аксакал карыя кирет да, экөөнүн тең оозуна таруу куят. Молтойдун Казакбайы чочуп кетип, бүркүп жибериптир, өзү да кийин: «Эй, экөөбүзгө тең таруу куйду эле, Чоюке жаштык кылып чайнап жутуп, мен чочуп кетип бүркүп жиберип, кур калбадымбы», – деп арман кылчу экен. Таруу берген аксакал киши Чоюкеге: « Мынабу Тулпар-Таштагы кырда кырк боз үй бар, ошол ар бир үйгө кирип чык», – дейт. Чоюке ар бир үйгө кирип, идиш окшогон тай туякка ар бир үйдөн айран ичип чыгат. Ал эми ортоңку үйгө кирсе, бир татынакай алачыктай ак байбиче берметин Чоюкенин колуна берип жатып: «Мына ушунун баарын санап чык. Санай албай, жетише албай калсаң, укум-тукумуңа таштап кет. Минген бээң бооз экен, эки кап кум арттык, ошону төкпөй-чачпай үйүңө жеткиз. Бээң кулун салып койбосун, муну да байка», – дейт. Көзүн ачса, баягы түш» (1.16-17-б.).

Эгерде Чоюкеге кайыптар буюм (бермет), азык (таруу), зат (кум) тартуулап жатса, манасчы Мамбет Чокморовдун денесине кайыптар мөөр басышат:

«Жашы жыйырмага чамалап калган учурунда, Мамбет Тастар-Ата деген жерде уй минип кой кайтарып жүргөн жеринен көшүлүп талыкшып уктап кетет. Көзүнө Манас баатырдын кошуну, көк желек, туу көтөргөн эл көрүнөт. Алардын арасынан бирөө басып келип: «Буларды тааныйсыңбы»? – деп, опузага алат. Тааныбай тургандыгын, алгач жолу көрүп жаткандыгын айтканда, көп элдин ичинен бирөөлөрдүн: «Найза менен сайып өлтүрүп ташта», – деген үнүн угат. Мамбеттин жанына келип опузага алган адам: «Коркпогун, Манас деген ушул болот. Чыгыштан батышка баратат. Эми сен «Манас» айтып каласың», – дегенде, дагы бирөөлөрүнүн: «Жүрөгү түшүп калды, кантип айтсын, мөөрүңдү төшүнө бас», – дегенин Мамбеттин кулагы чалат. «Аттын таноосун бетине кармап, тилчик кылып салбадыңбы», – деген дагы бир добуш чыгат. «Айтат, буулугуп жүрүп эле айтат, бас мөөрүңдү!» – деп, капталдан да бирөө чыгат. Дагы бир добуш: «Айтат! – деп, үн катат. – Бетиңди колуң менен баскын!». Ошондо, куйругу сопол көк аты бар, башына селде чалынган келбеттүү адам атынан түшүп, Мамбеттин төшүнүн оң жагына мөөрүн басып: «Болду, эми бул бала жыйырмага чыкканда «Манас» айтып калат» – деп, жүрүп кетишет» (3.5-б.).

Жогоруда байкалгандай, кайыптар талапкерге азыктын бир нече түрүн тартуулап жатышат: таруу, айран. Азыктын түрү жана химикалык курамы жагынан алганда, белгилүү бир символикалуу маанини аткарып, келечекте дастандын тигил же бул бөлүгүн («Манастын ата-бабалары», «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана андан кийинки урпактары), бүтүн мазмунун же айрым окуяларын айта тургандыгын билдирет. Тагыраак айтканда, тартууланган бул зат – «текст». Дагы, сунушталган азык-заттар сыртынан таруу, айран болуп көрүнгөнү менен, тата келгенде таптакыр башкача бир жагымдуу, мурда татып көрбөгөн даам сезилгени бар. Ал эми кайыптар тартуулаган насип, сөзсүз түрдө болочок манасчылар тарабынан жеп-ичилиши кажет. Анын ооз тийип, жарым-жартылай, баарын жеп-ичиши же таптакыр ооз тийбей коюшу, дастанды ошончолук чыгармачылык деңгээлде айтып же айтпай калышын билдирет. Мисалы, жогоруда Чоюке Өмүр уулунун мисалында баяндалгандай, ышкындын кабыгын аачыганы Кызыл-Кыя тарапка Чоюке менен барган Молтой уулу Казакбайдын оозуна аксакал салып берген тарууну бүркүп жибериши, анын келечекте «Манас» айтпай калышын түшүндүрөт.

Кээде, тескерисинче, тандап алган адамынан кайыптар азык беришин, курмандык чалышын талап кылышат. Залкар манасчы Саякбай Каралаев, Бакай баш болгон «Манас» дастанындагы бир катар жоокерлерге кабылгандан кийин алар: «Жолуңан эки кой айдаган киши чыгат, ошону сатып ал да, үйүңө барып, элден бата алып, союп бергин да, ушул көргөндөрүңдү айтып жүр» – дешкен (1.17-б.).

Жогоруда белгилегендей, болочок манасчы менен кайыптардын ортодогу байланышы ар дайым эле жай өтө бербейт. Мурда-кийин мындайды көрбөгөн болочок манасчы коркуу, чочуу, тартынуу, түшүнбөө, таң калуу, сүрдөө абалына дуушар болот. Демек, алар мындай окуяга мурда даяр болгон эмес, а түгүл дастандын мазмуну менен да терең кабардар болбошу мүмкүн, болсо да кимдир бирөөлөр аркылуу жалпы маалымат гана алышы ыктымал. Ошондуктан кайыптардын: «билесиңби?», «уктуң беле?», «айтасыңбы?» же «айт!», «айтасың!» деп, талап коюп, кыстагандыгы, жаш баланы коркуу сезимине жеткирип, «ооба» же «жок» деп, чукул айта салгандыгы да ажеп эмес. Оозуна насиптин салынганы – кайыптардын баланы дастан айтууга милдеттендиргендиги. Ал эми кандайдыр бир себептер менен талапкер кийин айта албай калган болсо, аны кайыптар жай-жайына койбой, көндүрмөйүн кайра-кайра келе берип, талабын күчөтө беришет. Буга карата Ыйманбек Ысмайыловдун (1938-2008) мисалына токтололу:

«Ыйманбектин 17 жаштагы кези. Бир күнү Ыйманбек айылдан тоого бара жатып, айлананы каптап жаткан отту көрөт. Аңгычакты, кайдан-жайдан жаңырган бир үн: «Токто! Тээ-тетиги маңдайыңдагы калың колду көрдүңбү? Түмөн колдун башында чоң кула ат минген Манас турат. Бул Манас атаңдын колу. Сен Айкөл баатырдын колунун астынан кез келдиң. Аттан түшүп, батасын ал!» – деп буйрук берет. Ыйманбек аттан түшүп, сандаган кол тарапка жакын барып, салам берет. Алик алган эч ким жок. Анын ордуна кайрадан баягы үн: «Эй жигит, ушул отту, ушул топту эсиңден чыгарбай, тилиңди таптап, кебиңди тактап айтып жүр! Тукумуң курч, эл ээси болсун! Жээниң жер ээси болсун!» – деп, көздөн кайым болушат. Айлананы каптаган от жалындап күйө берет. Ыйманбек чөнтөгүнөн макисин алып, өзү турган жердин бетин тегерете чийип чыгат. Мына ошондо гана эч нерсе болбогондой болуп, от өчөт. Ыйманбек тоодогу атасына эптеп жетип, болгонун болгондой кылып айтат. Атасы Ысмайыл уулунун «Манас» айтышын туура көрбөй, тыйып коет. Кийин Ыйманбек 35 жашка келгенде, баягы үн кайрадан угулуп: «Биздин талабыбызга көнбөй койдуң. Энчилүү нерсени ээсинен ала албайбыз, тукумуңа оодарабыз, ошондо аяна турган болбо!» – деп, жоголуп кетет. Кийин айткандай эле, манасчылык өнөр Ыйманбектин тун небереси Уланга өтөт» (маалыматчы – Улан Исмаилов, 29-март, 2007-жыл).

Ушуга эле улай, заманыбыздын залкар манасчысы Шаабай Азизовдун (1927-2004) башынан өткөн окуясына кайрыла кетсек:

«Адаттагыдай эле эртең менен атам Азиз өзүнүн бээсине ээр токуп, мени мингизип, энем Асылкан түштө иче турган жол азыгымды канжыгага байлап берип, анча-мынча малды астыга салып, жөнөтүшөт. Кара-Бөлтөктөгү (Ак-Суу районундагы Маман айылынын түштүк тарабында жайгашкан дөбө) Ак-Марчанын оозундагы Чоюке атамдын мүрзөсүнүн шилисине коюмду жаям. Күндөгүдөй көнүмүш адатым менен тузакка түшкөн чилдерди бирин мойнунан, кээ бирин бутунан канжыгага байлап камына баштаганымда эле Үч-Салаа жактан кыйкырык, сүрөөн салган, чубаган адамдар келе жатат. Биздин айылдын адамдары го? Жаман-Карагайдан отун алып келе жатышкан го дейм. Элдин карааны жакындагандан жакындай берет. Андан кийин эмне болгонумду билбейм, ошол жерде жатып калган экемин. Баягы кой-эчким короого келгенден кийин: «Бала эмне болду?» – деп, ата-энем издеп чыгышып, Кудук деген жерден мени таап, үйгө алып келишиптир. Көзүмдү ачсам төшөктө жатыптырмын. Жанымда отурган атам менин эсиме келгенимди көрүп: «Аксарбашыл, аксарбашыл!» – деп, ыйлап жиберди. Бүткөн боюм оор тартып, салмактанат. Атам сүйүнүп, кой сое коюп, баабедин өткөрдү. Мен болсо тынч ала албай, бир жерге туралбай, өзүмчө эле элеп-желеп болом. Оозум өзүнөн-өзү кыбырап, ырдагым эле келет. Айылдагы элдер: «Шаабайга жин тийиптир» – деп, айың сөз таратып жибериптир. Ырдайын дейм, уялам. Атайылап эл жок, ээн жер издеп, моокумум кангыча күпүлдөп алам. Ошондон кийин гана денем жибип, жеңилдеп калам. Бир күнү: «Сени кечке бага беребизби, бол айт!» – деп, көк жорго минген, бир ак сакалчан адам пайда болуп, үйгө кирип келди. Ошондо оозумду бир ачканымды эс-мас билем, андан кийин эмне болгону эсимде жок. Көзүмдү ачсам, күн чыгып калган экен, эл топурап тарап жатыптыр. Ошондон кийин элдир-селдир айтып жүрдүм. Мына ошентип, чолуп-чолуп айтып жүргөнүмдөн улам, бир жылча ооруп калдым. Мени көргөн атамдын айласы алты кетип, эл чогултуп, мени кыйнап айттыра турган болду. Ошентип, тогуз жашымда анык айта баштадым. Көп өтпөй түшүмдө Чоюке атамды көрдүм. Үйдүн төрүн көрсөтүп: «Мынабу бурчта кум, мобу седеп-мончок, ошолорду санап чыгып, элге айтып жүр», – деди. Экинчи, былкылдак куурай бышканда, күз убактысында, Чоюке чоң атам дагы түшүмө кирди, бир чоң ак боз үйдүн ичи экен. Чоюке атам айылдагы аксакалдардын баарын жыйып, жыйналыш өткөрүп жатыптыр. Жогору оң жагында Алмамбет баатыр, сол жагында Семетей баатыр турган экен, анан: «Болгон дасмыямдын баарысы Шаабайда калсын» – деп, Чоюке атам айтып калды» (1.16-17-б.).

Манасчы Шаабай Азизовдун бул мисалынан улам, дагы бир өтө маанилүү нерсени байкоого болот. Ал – болочок манасчынын оорусу. Болочок манасчынын оорусу узак убакытка, а түгүл бир нече ай, жылдар бою созулушу ыктымал. Манасчынын «оорусу» деп жатып, илимий чөйрөдө кеңири белгилүү болуп калган бүбү-бакшылардын (шамандардын) «оорусуна» кайрылсак болот. Себеби, эки «оорунун» ортосунда кандайдыр бир жакындык бар экендиги байкалат. Бул тууралу 1999-жылы Кыргызстанга келип өзүнүн изилдөө иштерин жүргүзүп кеткен, мажар этнографы Д.Шомфаи Кара мындай дейт: «Бир нерсени эске алып коюшубуз абзел, элдик баатырларды баяндаган ыйык жомоктор менен шаманизм тыгыз байланышта. Манасчылар бүбү-бакшылар сыяктуу эле, көп оор кыйынчылыктарды башынан кечирет. Балалык чагында алар бийик тоолорго чыгып, ал жерден жоголуп кетип, жомоктун колдоочулары – кайыптар менен (көпчүлүк учурда аксакалчан карыя) жолугушат. Кайыптар алардын жомок айтышын талап кылышат. Бул процесс «аян» деп аталат. Алар жомок айтып жатып, кайыптар менен байланыш түзүшөт. Мына ошол жомокту айтуу менен гана, алар кайыптарды ыраазы кыла алышат. Бүбү-бакшы менен манасчынын ортосундагы жакындык бар экендиги тууралуу, дагы бир далил менен түшүндүрсө болот: казак, кыргыз жана уйгур тилдеринде «бакшы» деген сөз – «шаманды» түшүндүрсө, каракалпак, түркмөн, өзбек тилдеринде «бакшы» деген сөз – «дастан айтуучуну» түшүндүрөт» (7.13-б.).

Ооба, ортодогу окшоштуктардын бар экендиги күмөнсүз. Кайыптардын даарып кетиши аркылуу, тандалгандардын ички жан дүйнөсүн, аң-сезимин сырткы дүйнөдөн чектетип, манасчылык өнөрүнө жат, көрпендечилик сапаттарынан тазалап, манасчылык индивидуалдуулугунун түзүлүшүнө алып келет.

Ал эми манасчылык өнөрүндөгү оорунун түрлөрүнө кайрылганыбызда, анын ар кандай түрлөрү байкалат, көбүнчө: баш оору, талма, депрессия. Бул тапта, болочок манасчы жалгыздыкты каалап, айланасындагы адамдарга, турмуш-тиричиликке мамилеси кайдыгер, өзү да түнт болуп, ээн, адам буту баспаган жерлерге, күндүзү же түнү болобу, жайы, кышы болобу, бир нече убакытка чейин эч кимге айтпай качып, кайыптар дүйнөсүндө жүргөн учуру.

Ушундай кезде, сыртынан көргөн адам, анын өзү менен өзү болуп, күңгүрөнүп, ичинен үн кайрып, кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп, дастандын айрым бир ыр саптарын оозеки айтып жүргөнүн байкаса болот. Бул психикалык оор абалды ал өзү да түшүнбөй, башкаларга да түшүндүрө албайт. Денеси өз калыбында козголбой кала бергени менен жан дүйнөсү, аң-сезими Манас дүйнөсүнө же Манаска тийиштүү ыйык жерлерге саякаттап кеткен мисалдар да кездешет. Ушуга карата, манасчы Шаабай Азизовдун бир айтканы эске түшөт: «Мен үйдө уктап жатып эле, бир түндө Айкөлүмдүн баскан жерлерин кыдырып чыгам же мурда-кийин ал жерлерди барып көрбөсөм, кантип айтмакмын, калпычы болуп». Негизинен, бул көпчүлүк эле манасчыларга тийиштүү көрүнүш. Мына ушундан улам, андай кубулуштарды мурда угуп-көрбөгөн болочок манасчынын жакындары аны «оорукчан» деп да кабыл алышат. Баарынан кызыктуусу, профессионал медицина да мындай кесел-оорунун туура, так диагнозун коюп, терапиялык жактан дарылоого же жөнгө салууга кудурети жеткен эмес.

Болочок манасчынын бул «оорусун», Манас дүйнөсүнө кирүү жана трансценденталдык күчкө ээ боло башташы деп түшүнсө болот. Бул процессти дагы, манасчылыкка өтүүдөгү, кирүү сынагы деп түшүнүү керек. Кайыптардын даарып турган учурунда, жаш талапкердин ата-энеси калыптанган манасчынын колуна тапшырып, курмандыкка мал чалынып, манасчыдан бата алат. Себеби, кыргыздар: «Манасты Кудайдан кийинки бардык жогорку күчтөрдөн бийик турган күч» катары кабылдаган. Ошондон улам, Манас дүйнөсүнө таандык жогорку күчтүн каалоосун, талабын эки кылбай аткарууга далалат кылышкан.

Кайыптардын алдынан өтүп, элден (сакалдуу жакын урук-туугандарынан), устатынан (калыптанып калган чебер манасчыдан) бата алып, эл ичинде «Манас» дастанын айтып калган күндөн тартып, кайыптар маал-маалы менен (белгилүү жыл мезгилинде, белгилүү айдын, аптанын күндөрүндө) манасчыга руханий күч-кубат берип, туура жолго салып, өмүрүнүн акырына чейин жылоолоп келет.

«Оору» процесси, кайыптар тарабынан тандалып алынган талапкердин «Манас» дастанын айта башташы менен басаңдайт. «Ооруну» токтотуунун бирден-бир дабасы да ушул. Анткени, дастан айтуу – манасчынын негизги милдети, жолу, тагдыры. Ал эми дастан, айтуучунун сыртына чыгып, элге тартууланып турбаса, ал «ийри жыландай» ичинен жей берет.

Азыркы медицина, мындай «ооруга» ар кандай невроздук, психопатиялык илдеттеринин диагнозун коюп келет. Бирок ал мистикалык, метафизикалык күч-кубат да бере турган өзгөчө тариздеги «оору» экендигин кабылдап, так аныктоону каалабайт. Тескерисинче, «жин оорусу», илимий сөз менен айтсак, «шизофрения» деп кабылдашкан (Шаабай Азизовдун мисалында).

Арийне, бир туруп кадимкидей соо адам болуп, бир карасаң акылынан азып, күңгүрөнүп, талыкшып жатып калып, адам буту баспаган жерлерге тентип кетиши, таптакыр эч ким менен сүйлөшпөй, өзү менен өзү болушу, сыртынан байкагандардын үрөйүн учурат. Андай «ооруга» чалдыккан болочок манасчы үчүн, дагы бир чексиз кайыптар дүйнөсүнүн эшиги ачылат. Манасчы – бул өзү жашап, өмүр сүрүп жаткан дүйнө менен илме кайыптар дүйнөсүнүн ортомчусу, эки ортонун көпүрөсү сымал. Манасчынын илме кайыптар дүйнөсүнөн алган кабары, реалдуу өзү жашап жаткан дүйнөгө жар салынат. Ал эми кайыптар дүйнөсүнүн бары-жогун аныктоо келечектин иши. Буга чейин батыш илимпоздору белгилегендей, аны аныктоонун азырынча эки гана жолу бар сыяктуу, бири эксперимент жолу, экинчиси субъективдүү (8.149-150-б.).

Ал эми манасчылыкка карата, «оору» деген термин иретинде колдонулган сөз көп коошо бербес, эл ичинде аны «кайыптардын дааруусу» деп атап келишкен. Андыктан «манасчынын оорусу» эмес, «манасчыны кайыптардын даарышы» деп кабыл алгандыгыбыз оң.

«Түш», «оору» бу бири-бирине өтө жакын, адам баласы менен бирге жаралган жана ар дайым бирге жашап, бирге өмүр сүрүп келген эки чоң кубулуш. Түш да, оору да адамдын өзүндө, тулку боюнда, жан дилинде, терең түпкүрүндө. Алардын сыртка чыгууга болгон бирден-бир мүмкүнчүлүгү, аң-сезимдин өзгөчө абалы. Түш көрбөгөн да, оорубаган да адам болбосо керек. Демек, адамзаттын жашоосунда алардын ээлеген орду эбегейсиз зор. Түш менен ооруну «өлүмдүн кабарчысы» деп, каршы күрөшүп келебиз. Ал эми бул эки чоң кубулуштун башка жагын кабыл алгыбыз жок. Бирок манасчы башынан өткөргөн «түш көрүү», «оору» процесстери аркылуу үлкөн дастанды кабыл алып, эс-жадына багып, дүйнөгө тартуулап жатпайбы? Адамзаттын жашоосунда түш да, оору да терең сырга оролгондуктан, адамзат тикесинен тик туруп, ар дайым алар менен алпурушуп келет. Ал эми аларды толук түшүнүүгө кудурети жеткен эмес, себеби трансценденталдык дүйнөнү кабылдоодо адамдын мүмкүнчүлүгү чектелүү экен. Учурунда айтылуу батыш ойчулу И.Кант белгилегендей: «Башка дүйнөнү билип, түшүнүү үчүн биз бул дүйнөдө керектеп, алып жүргөн эс-акылыбыздан ажырашыбыз керек».

Ааламдын сырын толук ачууга умтулабыз. Мүмкүнбү? Себеби аалам өзүбүздө. Өзүбүздү толук ачалмайын, ааламга баш багалбайбыз. Бабалар айткан 18 миң ааламдын бири, адам баласы. Ар бирин өз-өзүнчө ачып чыгуу мүмкүн эмес. Ал бир өлбөс, өчпөс бүтүндүк, бир система. Ааламды түшүнүүгө адамдын эс-акылы, аң-сезими тоскоолдук кылат. Ал эми аны түшүнүүнүн, кабыл алуунун бирден-бир жолу эс-акылдын, аң-сезимдин өзгөчө абалы окшобойбу. Ошондон бир чыркыраган чындык чыгат бейм. Аң-сезимдин өзгөчө абалында жаралган манасчынын айтып жаткан баяны чексиз мейкиндиктен келген кабар. Адамдын эс-акылы үчүн, бул кабар гениалдуу. 6-7 жаштагы баш-териси ката элек, эс-акылы жетиле элек тестиер бала-манасчынын транс абалындагы оозунан чыккан зор тексттин терең философиялык ою академиктердин башын маң, өзүн таң калдырып келген ааламдын миң сырынын бири эмес бекен?

Жогоруда берилген манасчылардын башынан кечирген бир катар мисалдарынан улам, катардагы адамдын мүмкүнчүлүктөрүнө чак келбеген, кандайдыр бир сырдуу окуялар менен коштолгон табигый кубулуштарга байкоо жүргүздүк. Арийне, мындай материал толук кандуу илимий иликтөө ишинин талаптарына жооп бербеши мүмкүн. Бирок, сөздүн толук маанисиндеги «Азыркы Манастаанууга» келиш үчүн алгачкы илимий кадамдар ушундай гана мүнөздө боло алат.

Адабияттар:

1. Буудайбек Сабыр уулу. «Эркин Тоо», № 56-57. 26.08.95.

2. Лорд А.Б. Сказитель. – М.: Издательская фирма «Восточная литература» РАН, 1994.

3. Манас. Мамбет Чокморовдун варианты. – Бишкек, 1995.

3. Омор Еркетанов. «Эркин Тоо», №56-57., 26.08.95.

4. Путилов Б. Эпическое сказительство: Типология и этническая специфика. – М.: Издательская фирма «Восточная литература» РАН, 1997.

5. Рерих Н.К. «О Вечном…: – М.: Политиздат, 1991.

6. Сыдыкбеков Т. Бел-белес: Роман-эссе. Б., 1996.

7. Шомфаи Кара Д. Религиозный синкретизм жителей кыргызской деревни. Шаманизм и ислам. «Центральная Азия и культура мира». №1-2 (12-13) Бишкек., 2002.

8. Ясперс К. Стринбург и Ван Гог. Опыт сравнительного анализа с привлечением случаев Сведенборга и Гельдерлина. Перевод с немецкого Г.Б.Ноткина – Гуманитарное агенство «Академический проект». С.-П., 1999.

Талантаалы БАКЧИЕВманасчы, филология илимдеринин кандидаты,
«Көк асаба»

Соц тармактар:

Добавить комментарий