С.Рысбаев — Кыргыз балдар адабиятынын Андерсени

СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ БАЛДАРГА АРНАЛГАН ЖАҢЫ КИТЕПТЕРДИН СЕРИЯСЫН ЧЫГАРДЫ

2-апрель — балдар китебинин эл аралык күнүнө карата белгилүү балдар жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаевдин жаңы чыккан “Баланын канаты”, “Шамбала”, “Сүйлөөчү китеп” аттуу үч көлөмдүү китебинин бет ачар аземи Республикалык К.Баялинов атындагы өспүрүмдөрдүн китепканасында болуп өттү.

Китептин тушоо кесүү аземине Маданият жана маалымат министри С.Раев, билим берүү жана илим министринин орун басары Д.Кендирбаева, КР Жазуучулар союзунун төрагасы Ч.Абыкеев,  Кыргыз Эл мугалими И.Бекбоев  ж.б. жазуучу, акындар, мектеп окуучулары катышты. Жолугушууда чыгып сүйлөгөндөр С.Рысбаевдин чыгармачылыгына бийик баа беришти.

Кечеде Бишкектеги №59 орто мектептин куурчак театры окуучулардын катышуусунда  С.Рысбаевдин “Шамбала” жомогу боюнча инсценировка коюшса, бала бакчалардан түзүлгөн топ интермедия аткарышып, автордун ырларын жатка айтышты. Мындан тышкары Токтогул районундагы Сары-Камыш айыл өкмөтү жазуучуну  аталган айылдын “Ардактуу атуулу” атады. Ошондой эле С.Рысбаевдин китептери боюнча окуучулар арасындагы сүрөт конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, автор тарабынан белектер тапшырылды.

Төмөндө биз “Кутбилимдин” активдүү автору, белгилүү окумуштуу С.Рысбаевдин чыгармачылыгына изилдөө жүргүзгөн макаланы жарыяладык.

“Кутбилим”

Сулайман Рысбаев — улуттук балдар адабиятыбызда татыктуу өз ордун тапкан жазуучу болуп калды десек жаңылышпайбыз. Анын тематикасы ар түрдүү жана да балдардын ой-кыялдарын ар тараптуу чагылдыруу, баланын дүйнө таанымын өстүрүү, ошону менен бирге эле таалим-тарбия берүү идеялары экендиги кубандырат. Жазуучунун чыгармачылык иш-аракетиндеги мындай багыттар, орошон ойлор анын алгачкы эле чыгармачылык табитинен байкалган. С.Рысбаевдин чыгармаларында балдардын кыял-жоруктары, курактык-психологиялык өзгөчөлүктөрү, жаратылыш менен адам баласынын алакасы, балдардын жаратылыш кубулуштарын таанып-билүүгө умтулуулары, эмгекке, адеп-ахлакка тарбиялоо, балдарды курчап турган чөйрө, анын балдардын аң-сезимине тийгизип жаткан таасири ж.б. жөнүндөгү педагогикалык идеялар кеңири чагылдырылган.

ЭЛДИК МОТИВ ЖАНА АВТОРДУК ЖОМОКТОР

Китептердеги жомокторунун ичинен айрымдары гана элдик мотивдеги жомокторду көркөмдүк жактан кайра иштеп чыкканы болбосо, дээрлик бардыгы өзүнүн автордук жомоктору болуп саналат. Чындыгында, мунун өзү кыргыз балдар адабиятындагы жомокчулук өнөрүн өнүктүрүүчү, улантуучу бир көрүнүш катары бааласак болчудай. Ал алгач «Жылмайып турган таш», «Сыйкырдуу жазуу», «Мендей менен Сендейдин жоруктары», «Баланын канаты», «Бакыт издеген бала», «Айжаз менен Бегулан» ж.б. жыйнактары аркылуу улуттук балдар адабиятыбызда чакан аңгемечи жана жомокчу катары таанылды. Андан кийин анын чыгармачылык аракетинен, дареметинен улам өзүнүн оригиналдуулугу менен айырмаланган «Адам-пери», «Шамбала», «Дыйкан менен мышык», «Күмүш булак», «Малай кыз менен каракчы», «Чыр дөбөдөгү кандуу курултай», «Умай бала», «Айбийке сулуу» ж.б. жомоктору жарык көрдү. Жогорудагы жомокторунда автордук концепция, өз алдынчалыктуу идеялык–тарбиялык багыт даана көрүнүп турат.

Чындыгында, жаш муундарды тарбиялоодо жомоктордун ролу баа жеткис. Орус элинин классик акыны А.С.Пушкин: «Кечинде жомок угам жана ошону менен каргыш тийген тарбиямдын кемчиликтерин толуктайм. Эмне деген укмуш, бул жомоктордун ар бири өзүнчө жаткан поэма», — деп жомокторго өзгөчө зор маани бергендиги, анын турмуштагы жана көркөм чыгармачылыктагы ролун айкындап турат.

Жаш муундарды тарбиялоодо жомоктордун күчүн жогору баалап, Чыңгыз Айтматов мындай деп жазат: «Биздин цивилизациялуу илимий-техникалык кылым жомокко ишенгиси жок, бирок бул жомокту керексиз нерсе катары четке кагуу эмес. Эгер минтсек, биз тараптан, ал тургай адамзат тарабынан акылсыздык болмок. Өткөндүн тажрыйбаларын чануубуз жарабайт. Жомок — бул адамзаттын тажрыйбасы. Биз жомогубузду, байыркы эстеликтерди сактагандай сактай билишибиз зарыл».

Демек, С.Рысбаевдин жаратмандык эмгеги балдарды поэтикалык образдарга, каармандардын түрдүү кылык–жоруктарына кызыктырат, тартат, аларды оң эмоцияларга чакырат, эмне жакшы, эмне жаман экендигин түшүнүүгө жардам берет, салымын кошот.

Жомоктор дидактикалык чоң  маани-маңызга ээ. Чындыгында жаш балдарга арнап жомок, аңгеме жазуу биртоп татаал, биртоп жооптуу да. Ал үчүн автор алардын ички рухий, аяр дүйнөсүн терең билип, аларды чыгармаларда ыктуу, чебер колдоно билүүсү кажет. Башкача айтканда, мыкты сүрөткер, бала табиятын түшүнө билген психолог болуусу зарыл. Мындай өзгөчөлүк касиет С.Рысбаевге тийиштүү. Ал чыгармачылык менен изденип, улам жаңы табылга таап, балдар кыялына, табиятына дал келген идеялар менен чыгармачылыгын улантып келет.

ЖОМОК ЖАЗУУНУН УСТАТЫ

Академик А.Э.Измайлов «Жомоктордо элге тийиштүү болгон адеп-ахлактык касиеттер сыйдырылган: Ата-Мекенди сүйүү жана коргоо, жамандык менен күрөшүүдөгү айыгышкан баатырдык, эмгекти сүйүү жана чеберчилик, адептүүлүк, достукка жана чыгармачылыкка берилгендик ж.б. Жомоктор элдин мүнөзүн, анын психологиясын, турмуштук позицияларын билдирет», — деп жазгандай, С.Рысбаевдин жомокторунда да кыргыз элине тийиштүү болгон адептик, рухий-ыймандык касиеттер сыйдырылган жана анын жомокчулдугу ошол улуулардын салтын кыргыз балдар адабиятына алып  келүүгө кылган зор аракети катары да баалап коюуга тийишпиз. С.Рысбаевдин «Күмүш булак», «Адам-пери», «Адам кантип ажыдаарга айланды» ж.б. көптөгөн жомоктору, ошондой эле  «Сүйлөөчү китеп», «Умай бала» ж.б. жомок-повесттери өз алдынчалуулугу менен ар тараптуу өзгөчөлөнүп турат. Автор чыгармаларында романтикалык идеялар менен реалдуу турмуштук окуяларды, тажрыйбаларды талдап, айкалыштырып, турмуш менен шайкеш бере алган. Мисалы, «Умай бала» жомок-повестинде бүгүнкү күндөгү окуялар көз алдыбызга тартылат. Анда айрым криминалдык топтордун балдардын өмүрүнө, ден соолугуна терс таасирин тийгизген зордук-зомбулуктуу аракеттери жана алардан коргоп калуу үчүн күрөш көрсөтүлөт. Мында, айрыкча маани берүүчү жагдай автор тарабынан изденип табылган поэтикалуу–жомоктук каарман Умай бала. Умай бала жомоктогу каарман Акылтайды зордук-зомбулуктан куткарып үйүнө алып келет. Жомок абдан кызыктуу жана элестүү жазылган. Кийинки жомокторунда да чыгармачылык изги издер көрүнүп, жаңы деңгээлге көтөрүлүп, балдарга тарбиялык маңыз-мааниге ээ болгон ойлор камтылган. Бекеринен аны белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиев «улуттук балдар адабиятыбыздын Андерсени» деп атабаганы көрүнүп турат. Мындай ойго ал анын чыгармаларын терең окуп, даана ачылган образдарды, өзгөчөлүү сюжеттерди анализдеп жүрүп отуруп келгени  ырас.

БАЛДАР АДАБИЯТЫН ИЗИЛДӨӨЧҮ ОКУМУШТУУ

С.Рысбаев балдар жазуучусу гана эмес, ал көрүнүктүү илимпоз, тилчи, педагог жана публицист. 1995-жылы педагогика илимдери боюнча кандидаттык, 2006-жылы доктордук диссертациясын жактаган. Доктордук диссертациялык изилдөөсүндө балдар фольклорун жаңы багытта, элдик педагогикалык негизде талдап, анын тарбиялык маанисин ачып көрсөткөн. Анын «Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы» деген бараандуу монографиясы улуттук педагогикабызда өзүнүн изилдөө өзгөчөлүктөрү, жаңы табылгалары менен айырмаланат. Бул монографиясында автор кыргыз элинин фольклордук педагогикасынын таалим-тарбия салттары, аларды мектепте окуу-тарбия ишинде колдонуу маселелери, элдик таалим-тарбиянын принциптери, методдору, аларды башталгыч мектептерде эне тили боюнча класстык тарбиялык сааттардын мазмунун жаңылоодо колдонуу проблемалары жана балдар фольклорундагы тарбия үлгүлөрүн эне тилинен класстан тышкаркы окууда пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү жана тажрыйбасы чагылдырылган. Ошондой эле илимий педагогикадагы жана элдик педагогикадагы балага тарбия берүүнүн принциптеринин жалпылыктары жана мүнөздүү белгилери ачык, так көрсөтүлгөн. Автор бул эмгегинде этнопедагогикалык маданиятты калыптандыруу, элдик билимдерди үйрөтүү менен бирге колдоно билүү идеялары артыкчылыктуу багыт экендигин белгилейт. Андан сырткары ал жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо этнопедагогикалык багытты сунуш кылып, аны өзүнүн тажрыйбасында бекемдегени менен айырмаланып турат. Анын  кыргыз фольклордук адабияты боюнча иштери жүргүзүлгөн илимий иштери менен үндөшүп турат. Себеби автордун чыгармаларында фольклордук ойлор, билимдер ыктуу колдонулган. Ошондой эле илимий иштеринде этнопедагогикалык багыт көрсөтүлүп, балдарды тарбиялоо маселелери изилденген.

С.Рысбаев бөбөктөрүбүз үчүн кам көрүп улуттук илим-билимге, маданиятка өз чыйырын салып келүүдө. Ага мисал катары бөбөктөрүбүз сүйүп окуп келе жаткан «Алиппе» китебин көрсөтсөк болот. Ушул китептен миңдеген балдарыбыз «А» тамгасын таанып, илим-билимге жолу ачылып отурат. Автордун мындагы жетишкендиги «Алиппенин» нукура кыргыз менталитетине негизделгендиги, шайкештиги болуп саналат. Дагы да болсо жаш муундар үчүн кам көрүп 2-3-класстардын «Кыргыз тили» окуу китептерин түздү жана ал китептер менен өлкөбүздүн бүтүндөй жаш жеткинчектери билим алышууда.

МЭЭНЕТКЕЧ ЖАНА ЖАРАТМАН

С.Рысбаев мээнеткеч, жаратман инсан. Ал дайыма күндөлүк турмуштун агымы менен жуурулушуп, актуалдуу маселелерге көңүл буруп, өз оюн басма сөз аркылуу  байма-бай билдирип келүүдө. Ошондой эле замандаштары жөнүндө да, балдар адабияты жөнүндө да өз макалаларын гезит беттерине жарыялап келет. Ал тургай поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, саресеп салып, канаттуу ойлорду белгилейт. Мисалы, «Адабий Ала-Тоо» журналына жарыяланган  «Алты акындын аруу дүйнөсү» деген макаласында «Мага Б.Чотурованын ырларынан – кеңдикти, алыстыкты, бийиктикти, күндөлүк  көнүмүштөн алагды кылар ажайып башка дүйнөнү эңсөө, ар нерсени тараткан көркөм поэтикалуу керемет портреттери, туулган жер, балалык күндөр, турмуштагы кыйчалыш татаал тагдырлар, анан да, алтын тоого жашынган, ар күнү аны чакырган аруу махабат, назик сезимдер өзгөчө баамга урунду десем болот» деп жазат. Мындан көрүнүп тургандай, поэзияга болгон мамиле, аны талдай, түшүнө билүү даремети жогору экендигин белгилөөгө болот. Ал өзү да аздыр-көптүр поэзия менен алектенген жайы да бар. Кыскача жыйынтыктап айтканда, С.Рысбаев көп кырдуу, таланттуу балдар жазуучусу, окумуштуу-педагог, публицист. Ошондой эле ал комузда мыкты ойногон аткаруучу десек да болот. Ал талыбас эмгегинин натыйжасында Тоголок Молдо, И.Арабаев, Түгөлбай Ата атындагы сыйлыктардын лауреаты болду. Балдар жазуучусу С.Рысбаевдин окумуштуулук, чыгармачылык даремети боюнча азыноолак гана кеп кылдым. Ал жана анын чыгармалары жөнүндөгү ойлор али алдыда деп ойлойм.

«Намыстуу болсоң, жемишиң арбын болот» деп И.Раззаков айткандай, эл керегине жараган намыстуу инсандардан болуп, жеңишиңиз арбын боло берсин. Калемиңиздин учу кургабай дагы да далай-далай кызыктуу чыгармаларды жаратышыңызга тилектешмин. Чыгармаларыңыз улам жаш муундардын жүрөгүнөн түнөк таап, алар үчүн рухий азык боло берсин. Жаратмандык ишиңиз илгерилеп, кыргыз эли үчүн аруу кызмат кыла бериңиз.

Найманбаев Муктарбек,
ЖАМУнун педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, доцент,

педагогика илимдеринин кандидаты,
«Кутбилим»

Соц тармактар:

С.Рысбаев — Кыргыз балдар адабиятынын Андерсени: 1 комментарий

Добавить комментарий