Абдылдажан Акматалиев, академик: «Манастаануучу» деген – илимпоз деген сөз…

a_akmatalievАкадемик Абдылдажан Акматалиев «Манас» эпосунуну тегерегиндеги маселелер, манастаануу илимине болгон өзүнүн көз карашы тууралуу кызык маек куруп берди.

-Кийинки мезгилдерде «Манас» эпосунун тегерегинде бир топ кызуу ой-пикирлер жаралууда. Алардын бири – Манас академиясын түзүү жөнүндө. Өткөндө Жогорку Кеңештин билим, илим жана маданият комитетинде да бул маселе каралып, жалпы сессияга алып чыгышмак болду. Сиз бул маселеге кандай карайсыз?

— «Манас» эпосуна карата баарыбыз эле күйүп-бышып жатабыз. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Эпоско маданий мурас катары карап, аны изилдөө, басып чыгаруу, жайылтуу, окутуу маселелерине туура, так мамиле кылсак, анда жакшы натыйжалуу жыйынтыктарга келерибизге шек жок. Бирок, кээде теңирден тескери да кетип жатабыз, ага каршы пикир айтуу да кыйын болуп калды, таза, тунук, ачык-айкын ойлорду селдей эле агызып кетип жатат. Эми өзүң сөз кылган Манас академиясына келсек идея, алга умтулуу жакшы. Манас академиясы деп жаркырап турса жаманбы?! Колдойм! Анын илимий, методикалык, кадрлык, финансылык, материалдык, техникалык базаларын чыңдап келип, акырындап отуруп ийгиликке жетишүү керек. Азыркы учурда колубузда эмне бар? «Манас» ордо улуттук маданий – этнографиялык музей, анын тутамында Манас академиясы, академиянын «Манас» бөлүмү, Арабаев университетинин Манастаануу институту иштеп жатат. Жакшы. Дагы колдойм. Ошентсе да, булардын ортосунда чынын айтайын эч бир байланыш жок, ар ким «Манасты» өзүнө тартып, Өкмөттөн каражат талап кылып турушат. Өкмөт бирөө эле, бардыгына акчаны таба бербейт. Эмне кылуу керек?! Аталган мамлекеттик мекемелер бирдиктүү комплекстүү иш-пландарды, программаларды чыгаруусу зарыл. Анын ошого жараша каражат бөлүнүп турса деген тилегим бар.

— А илимий, педагогикалык кадр маселесин кандайча чечсе болот?

-Менин пикиримче, анын азырынча жолу мындай. Академиянын жана гуманитардык багыттагы жогорку окуу жайларынын илимий темаларынын көпчүлүгүн атайылап пландуу түрдө «Манас» эпосуна бурса эмне үчүн болбосун.

— «Манастаануу» деген түшүнүккө Сиз кандай түшүнөсүз, азыркылардын баары эле манастаануучулар болуп кетишпедиби?

— «Манас» эпосун окуса эле же бир-эки макала жазып койсо, текстин түзсө же конференцияда доклад окуп, сүйлөп койсо, аспирантурада жүрсө эле манастаануучу болуп калбайт. Мына, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев «Манас» эпосунун кысылган вариантын жазып коомчулукка чыгарды. Эми суроо туулат. Бексултан Жакиев манастаануучубу? Жок, анда ким? «Манас» эпосунун жайылтуучусу десек дал келет. Мен деле эпостун текстин түзүүгө катышып, конференцияларды өткөрүп келем, мен да манастаануучу эмесмин, эпосту жайылтуучумун. «Аа кушту атынан чакыруу керек». Азыркылардын көбү өзүң айткандай «манастаануучулар» эмес. «Манастаануучу» болуш үчүн эпостун текстин жакшы өздөштүрүп, аны илимий мүнөздө терең изилдеп, проблемаларды чечип, мазмундуу макалаларды, монографияларды жазып туруу талап кылынат. «Манастаануучу» деген илимий чоң жоопкерчилик, сөзгө этият мамиле кылып, маани беришибиз зарыл. «Манастаануучу» деген – илимпоз деген сөз.

Менин тилегеним – адабиятчылар менен бирге «манастаануучу» деген атка тарыхчылар, сүрөтчүлөр, педагогдор, психологдор жана башкалар да татыктуу болушса.

— Манастануунун борбору академияда калыбына келеби?

— Аракет кылып жатабыз. Илимий борбор академияда болушу шарт, ал эми илимий-методикалык, педагогикалык борбор жогорку окуу жайлардын базасында болушу оң. Мисалы, И.Арабаев атындагы университетке бул жагынан өтө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Улуттук илимдер академиясын «Манас» эпоссуз элестетүү мүмкүн эмес.

— Сиздердин институттагы «Манастын» кол жазмалары менен кантип таанышса болот?

— Ар бир кызыккан окурманга эшик ачык. Эпостун варианттары бүгүнкү күндө компьютерге түшүрүлүп, электрондук архивдештирүү иши колго алынды. Демек, таанышуу мүмкүнчүлүгү дагы кеңейет.

— «Манас» эпосунун мыйзамынын кабыл алынышына эки жылдай убакыт болуп калды, кандайдыр бир пландар ишке ашып жатабы?

— Азыркыга чейин бизге тиешелүү болгон жагдайды алсак кубана турган деле эч нерсе жок. Улуттук программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн 2012-жылы 1 млн. сом бөлүнүп, залкар манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин варианттарында «Манас» эпосунун академиялык басылыштары чыкмак. Каражат жок. 2013-жылы да 1 млн. сом бөлүнмөк, үмүт менен күтүп келе жатабыз. Ал эми архивдик материалдарды калыбына келтирүү үчүн 500 миң сом өткөн жылга каралмак. Бирок….

— Эпостун башка варианттарын кантип чыгарып жатасыңар?

— Демөөрчүлөр менен. Мына быйыл да демөөрчү издеп жүрөм, дайыма кайырчы абалда жүргөндөн жүдөдүм, тажадым. Бирок, үмүттүн шооласы үзүлбөйт дегендей, демилгем суубайт. «Турар» басмасынын директору Тилек Мураталиев менен «Улуу Баян» фондусунун жетекчиси Бакыт Романов жолугуп, азыр Омор Сооронов түзүп чыккан Тоголок Молдонун «Манасы», Айнек Жайнакова түзгөн Саякбай Каралаевдин «Семетейи» (1-том), «Сейтеги» жарык көргөнү турат. Өзгөчө залкар манасчыларыбыздын бири Тоголок Молдонун кол жазмасы биринчи жолу окурмандарга жеткирилмекчи. Бул чоң ийгилик. Тилек менен Бакытка институттун жетекчиси катары ыраазычылык билдирем.

— Сиздерде китеп чыгаргандан кийин анын бет ачаарын өткөрүү салтка айланып калды эле, жаңы жарык көргөн «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» эпосторунда окурмандарга тааныштырууну пландаштырып жатасыздарбы?

— Кудай буюрса, «Турар» басмасы, «Улуу Баян» фондусу менен апрель айында тагыраак айтканда китеп күнүндө республикалык масштабда чоң иш-чара өткөрөлү деген тилегибиз бар.

Зайырбек Ажыматов, “Кабар ордо”, 17.04.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий