Гүлмайрам Өмүралы кызы

УУРТУМАН БИР ЖЫЛМАЮУ КӨРҮНДҮ

Алыс, алыс энекемдин кучагы,
Аттиң арман эрким мында тушалуу.
Айланчыктайм, түрпүм жетим көпөлөк,
Ар-бир тынык бүткүл тулкум кусалуу.

Эрке элем, өжөр элем кезинде,
Эмне бүгүн жерге оойт кежиге.
Мээрим чарчап күттүм үмүт ий… койчу,
Менин бактым кыйыр карайт ээрине.

Көкүрөктө ирип калды арзуулар,
Көксөгөнүм, көп күйүтүм айтылбай.
Караан келет мүдүрүлүп, тырмышып,
Канча ырлар калды жолдо жазылбай.

Убалы урса жазылбаган ырлардын,
Урсун мейли алсыз өткөн өмүрдү.
Унутулбай муңдуу ырлар төгүлсө,
Ууртуман бир жылмаюу көрүндү.

 

КУЧАГЫҢ МЕНИН БЕЙИШИМ

Энеке-ай мени карап кылгырба,
Ээлик бакыт билем жүрөт кыр-кырда.
Томсорбочу, ич-ичиңен сызбачы,
Толсун кайрат демөөр болгун кызыңа..

Тебелейм деп тагдырымдын тайкысын,
Теңшейин деп таалайымдын жай-кышын.
Кележатам өжөрлөнүп, тырмышып,
Келечекке бүт дүйнөсү бай кызың.

Билем кайгың бир мени деп уюган,
Бириндеген көз жашыңа буюгам.
Билгизбейсиң жайдар карап аяйсың,
Бирок жашың жүрөгүмө куюлган.

Кечир эне кечигүүдө жемишим,
Келем шашып кетирсем деп кейишиң.
Кубанчымсың мээримиңе чылаган,
Кучагыңдыр өмүрдөкү бейишим.

 

ЖҮДӨП АКЫЛ ТОМСОРОТ

Азап отун атырылтып,
Алсыздыктын өкүмү.
Кара күчкө басырынтып,
Катаал тагдыр көкүдү.

Жүрөк байкуш миң мыкчылып,
Жүдөп акыл томсорот.
Бырыш баскан жансыз ойлор,
Бир чекитте токтолот.

Уул кетти кулап төрдөн,
Уулап өзүн ачууга.
Эне издеген маңгурт сымал,
Элес берер картина.

Сулуу келин бетин жабат,
Таралбаган чач менен.
Аялдыктын жытын искеп,
Аттиң кууган күч кенен.

Силкине албай күйүт баскан,
Сезим неге тунжурайт.
Алдей айтып бейит жактан,
Аяныч үн угулат.

Жалчыбаган элим үчүн,
Жараткандан күч сурап.
Буулуккандан акын кызың,
Бийиктикке ой сунат!

 

КОШ БОЛ СҮЙҮҮ ЖАЗЫЛБАГАН ДАСТАНЫМ

Ук сөзүмдү ак жеримен жарылам,
Укмуштуудай сүйүүлөрдөн табылам.
Сени күткөн кырдан бирөө учурду,
Сага менчик ойдон эми чагылам.

Алыс болду аралыкдар өкүнөм,
Эсит күнгө кээде ичтен төгүлөм.
Кезиккеним колдон бергис бакытым,
Эриксиз сендик убададан сөгүлөм.

Кечир мени түшүнөөрсүң ичиңен,
Сага чындап кыйалбаймын ичимен.
Бир асылжан илип кетти кушуңду,
Жолукбадык, бул теңсиздик бүтүлгөн.

Коргой албай сендик бүткөн асманым,
Колтуктадым билегинен башканын.
Көктө жанган жылдыз сыяк жарык эткен,
Кош бол сүйүү, жазылбаган дастаным!

 

УБАЙГА ЖЫТ БУРАТТЫМ

Сүйүү издеп далай жылды узаттым,
Уучунда чың кармалып уяттын.
Ууктуруп удургуткан сезимди,
Убалына калдым жаштык курактын.

Келбей, келбей же күттүргөн бакыт күн,
Миң алдандым кызыгына бакыттын.
Асман тиктеп, куржунум бош жашапмын,
Арыбына арбалып кур такыттын.

Мен сүйүүнүн улуулугун ырдапмын, `
Бирок чындап чын сүйүүмдү кыйбапмын.
Жүдөө сезим салаа-салаа тылынып….
Жүрөгүмдү жалгыз өзүм ыйлаттым.

Өткөн күнгө өкүнүчүм кулаттым,
Өчбөс сүйүү мендик болуп курат ким?
Уулап алып аттиң байоо көңүлдү,
Узун түндө убайга жыт бураттым.

 

ТАГДЫР БАШКА

Билбейм кайдан байкоосуздан жолуктум,
Билбейм анан неге мага тоорулдуң.
Баш айлантып көңүлүмдү бүт бийлеп,
Байкатбастан махабатка жоорулдуң.

Жашап келгем тынч жашоодо жап-жалгыз,
Жароокерим азабым көп байкалгыс.
Жайнап кээде ыйлайт жүрөк негедир,
Жан-дүйнөмдө көп сөз жатат айталгыс.

Арзуулар көп биздик жашоо тарталгыс,
Арнап канча таттуу сөздү айтарбыз.
Эркелешип кыйыша албай турсак да,
Эки жакка амалы жок кайтарбыз.

Жактырбаймын чындап мындай жашоону,
Жалыныңыз күйдүрбөстөн койорбу.
Кезиктиң нээ кезикбечү кезимде,
Жаным мындай жакындыкты жойолу.

Кетсем эгер мен өзүңө берилип,.
Кездешүүлөр мага таттуу сезилип.
Кантип жашайм… кантип жашайм мен анан,
Бактылуулар катарынан терилип.

Кыял жашайт көңүлүмдө бүдөмүк,
Кыйыша албай кыйналыштык жүдөдүк.
Кызыктырган кандай күчтүү махабат,
Кызыгына батып бирге сүрөдүк.

Койчу жаным өзүбүздү билелик,
Кошулбаган тагдыр турса тирелип.
Өзөк өрттөп өкүнүчтө келемин,
Өзүң үчүн миң төрөлүп миң өлүп.

Боздоп турган жүрөгүмдү оорута,
Болду жаным эми жолум тооруба.
Чын жалганын ойлогум жок сөзүңдүн,
Чындап түшүп болдум сүйүү торуңа.

Кантип азып калдык экен жолуга,
Кантип жүрөм сенсиз турмуш жолунда.
Кадырыңды коюп жүрөк төрүнө
Кап өкүнчкө жашайм эми тоюна.

Жүрөгүмдө көп сөз жатат айтайын,
Бүтбөйт, бүтбөйт кайсы бирин айтамын.
Кирпигимдин талы сайын чачырап,
Сен деп жанган сүйүү нурун байкагын.

Жазгы жамгыр асманымда себелеп,
Жабыркаткан сүйүү мага не керек.
Канча жолу сууруламын, батамын,
Дүңгүрөгөн дүйнөм жүзү тегерек.

Кубанчымды, кайгымды да тең ээлеп,
Кут даарыган күнгө дале жете элек.
Эсим жыйып көңүлүмдү чектеймин,
Бирок билбейм сенсиз жашоо не керек.

Тагдыр башка бирок көңүл жетелеп,
Тамшандырган бакыт сендик эселеп.
Мен ыразы тартуу кылган сүйүүңө,
Кош бол жаным, коштошоюн эртелеп.

Жок, жок жаным коштошкум жок эртелеп,
Жарпым жазып азга алайын эркелеп.
Эзилди-го жүрөк канча зыркырап
Эми кимдер бул ооруга эм келет.

Уктап калган сүйүүм сен деп термелет,
Уурданганым жүрөгүмдө эңгиреп.
Ушул сиздин бир иретки сүйүүңүз,
Узун жылдык убайымга тең келет.

Мен сезинем алдыңызда күнөөлүү,
Мемиреймин унтуп ошол күнөөнү.
Коштошоюн ырым менен бөлөнүп,
Махабатка чылап коюп дүйнөөңдү.

Мейли жаным канча отко күйөлү,
Башка бирок тагдырыбыз түнөгү.
Билгизишбей ар-намызда тең жашап,
Биз сыйлашып бактылуудай жүрөлү.

Соц тармактар:

Добавить комментарий