Абдыкерим Муратов. «Ажы Сахыб Рахманкул хан — кыл чокудагы эң соңку кыргыз ханы»

«Ох, кандай гана оор, Мономахтын тебетейин кийип жүрүү»

(А.С.Пушкин «Борис Годунов»)

БИРИНЧИ БӨЛҮМ: ООГАНДАГЫ КҮНДӨРДҮН КУНУ ЖАНА КУТУ

Биз билген жана биз билбеген инсан

rahmankul khanРахманкул Жапаркул уулу (1912, Ош облусу, Чоңалай жергеси — 1990) — Кичи Памирдеги  ооганстандык кыргыздардын ханы (1949-78). 1947-жылы Шинжаңга (Кытай) качкан. Пакистанга улагалаш Миңтеке деген жерде кытайлык чекарачыларды конокко чакырып, аларды өлтүрүп, курал-жарагын олжолоп, Кичи Памирге өтүп кеткен. Өзүн өзү хан көтөрүп, Ооганстанда 1964-жылдан кыргыздардан өкүлү катары Лоя Жиргага (Чоң Жыйынга) катышкан. Өзүнүн 70 миңден ашуун кою, 2 миңден ашык топозу, 300дөй төө, жылкылары болгон. Чоң-чоң жайыттарды ээлеп, соода карым-катынаштарын да өзү көзөмөлдөп турган. 1978-жылы Ооганстанда Апрель революциясы жеңгенден кийин узакка созулган граждандык согуш ал жактагы кыргыздардын тынчын алып, жашоосун кыйындаткан. Рахманкул хандын жетекчилиги менен ошол жылдын июль айында Памирден 1300 кыргыз (280 үй бүлө) Пакистанга көчүп кеткен. Гильзит  өрөөнүнүн ысык жана нымдуу абасы, жут, жугуштуу оорулар, качкын турмушундагы оор абал кыргыздардын көпчүлүк бөлүгүн кыйнаган. 1982-жылы август айында Рахманкул хан 293 түтүн (1138 адам) кыргыздары менен аба жолу аркылуу Түркияга (Ван көлүнүн боюна) көчүрүлгөн.

(«Кыргыз тарыхы», энциклопедия. — Б., 2003. 332-б.)

Жаңы эле жарык көргөн кыргыз тарыхынын энциклопедиясына ушунча таржымалы кирген Рахманкул хан ким болгон, анын тагдыры кандай, неге аны буга чейин тереңден билбей келдик, ал кыргыз улутунан чыккандардын тарыхындагы эң акыркы ханбы же өзүн өзү хандыкка көтөргөн бирөөбү деген суроолор бүгүнкү кыргыз окурманын ойлондурбай койбойт.

 

Европага кандай кабар тараган?

1950-жылы америкалык жубайлар Дж. жана Фр. Шорлор «дүйнөнүн төбөсү» болгон Памирге саякатка чыгат, анан алар Пакистанга өтүп, ал жерден Рахманкул хан тууралуу мындай кабар угат: «Эки жыл мурда өзүнүн уруусу менен Рахманкул Орус Памирине өтүп, ал жерден бир кербенди тоноп алып адамдарын өлтүргөн. Орустар артынан изине түшкөндөн кийин Кытай Түркстанына качып, Миңтеке чекарасына келип жайгашкан. Миңтеке болсо Даваш Карачукур өрөөнүнө жакын, Тегирменсуунун түштүгүндө, Кытай менен Пакистандын чекарасынын ортосунан орун алган. Ал жерден Рахманкул анча чоң эмес Кытай заставасы менен ынтымак түзгөн. Биз алар менен жолугушардан бир ай мурда (б.а. 1949-жылы июлдун аягында августтун башында) ал өзүнө заставанын командири менен 8 кишисин мусулман элинин майрамына байланыштуу эртең мененки сый тамакка чакырат. Кытайлыктар тамак ичип жатканда Рахманкулдун адамдары бозүйдүн артынан жашынышып келип баардыгын жайлап салышат. Мылтыктарын, кийимдерин, аттарын жана азык-түлүктөрүн алышып, Ооган чекарасына өтүп, кайрадан Памирге келип тынчып калышат».

Мына ушул маалыматты америкалыктар кайдан, кимден, кайсыл учурда, шартта алганы белгисиз, бирок мында таңкаларлык бир-эки жагдай бар: биринчиси, Рахманкул ханды бир өлкөдөн экинчи өлкөгө эркин өтүп жүрө берген, чекарага баш ийбеген алгыр куш катары көрсөтүү. Буга ишенсе болот. Экинчиси, ошонун эле карама-каршысы — анын кербендерди тоношу, чекарачыларды өлтүрүп, алардын мүлкүн алып качып кетиши. Менимче бул туура эмес, өзү динге берилген киши болсо (анын ажы болгонун эстеңиз) диний майрам күнү, болжолу, Ыйык Айт майрамында конокко кишилерди чакырып, анан аларды өлтүртүп салганы акылга сыйбаган көрүнүш. Ушул информация АКШга жана андан ары дүйнөгө тарап кеткен. Балким бул инсан тууралуу дагы бир сырттагы кыргыз — «Азаттыктын» кызматкери Азамат Алтайдын да жаман пикирде жүргөндүгү ошондондур. Ушундай эле кабарды дагы бир америкалык изилдөөчү М.Назир Шахрани алгачкы маалыматтарында таратат, ал Рахманкул «өзүн өзү ооган кыргыздарынын ханымын» деп жарыялаган деп жазат. Памирде, анан калса Рахманкул хандын жанында адегенде батыштыктардын дээрлик болбогондугу, болгондорунун да маселени сырттан билгендиги жанагыдай имиш-имиштерге ишендирген болуу керек.

 

Чынында Рахманкул хан ошондой беле?

Дагы айрым бир тарыхый, этнографиялык булактарды издеп көрөлү. Өткөн кылымдын 70-жылдарында Ооган Памиринде канча калк жашаган, б.а. Рахманкулдун карамагында канча киши болгон деген суроо кызыктырбай койбойт. Ооган Памиринде кыргыздар көпчүлүгү тейит, кесек, найман, кыпчак уруусунан болуп, алардын ичине сиңишип кеткен башка улуттар — калмактар менен вахандар бар эле. Бир маалыматта (Хулум) 30 миң киши кыргыз тилинде сүйлөйт десе, дагы бир маалыматта (Г.Редар) 20 миң деп айтылат. Башка булактар 250гө жакын бозүй, миңдей жан болгонун кабарлайт (П.Мирвальд, Х.Ромер). Дагы бир жерде 469 бозүй тууралуу сөз жүрөт. Рахманкул хан өзүнүн Кабылга берген билдирмесинде 3000ден ашуун жан бар деп айтыптыр. Мына ушул фактылар көрсөткөндөй Памир кыргыздарынын саны толук такталган эмес, аларды отурукташтырып, эсепке алуу өтө кыйын болгон. Булар тоонун араларында жылып, көчүп-конуп жүрүшкөн, айрым жерлерде жалгыз-жарымдын көтөрүлгөн өргөөлөр да болгон, айылдар чакан-чакан кыргыз (кийиз) үйлөрдөн куралган. Өзгөчө балдардын өлүмү көп болгон, бул Памирдин катаал климаттык шарты, дары-дармектин жетишсиздиги, витаминдүү азыктар менен камсыз болбогондун айынан эле. Р.Дордун маалыматы боюнча хандын үчүнчү аялы Ава Бүбү он үч бала төрөсө да үч гана баласы аман калган, тун келини Орун Бүбүнүн үч баласынын үчөө тең чарчап калган, ушундан улам Памир кыргыздары анчалык көбөйө алган эместей, а түгүл бара-бара жоголууга бараткан эл болгонбу деп ойлойсуң. Мына ошол катаал шартта жашагандарды бириктирүү, аларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай аман алып жүрүү милдетин кимдир бирөө мойнуна алыш керек эле. Ал бийлик ээси гана эмес, акылдуу, данакер, баатыр, тубаса элчи болбосо, бул татаал милдет колунан келмек эмес. Бир жактан Орус каптап келатса, бир жактан Ооган, бир жактан Пакистан, бир жактан Кытай кысып турса, буягынан мунусу, тиги жагынан тигиниси улам талап атса, ошолордун ортосундагы элге ким эле башчы болууга жулунуп чыксын, өзүн өзү ким эле хан көтөрсүн. Ошондон улам чыгара турган куласа — Рахманкулду тарыхый шарт жана географиялык аймак хандыкка алып келген.

Ошондой эле бул иште анын урук-тукуму — генеологиялык жагдай да чечүүчү фактор болгондой. Мына, аталарынын ирети: Жапаркул ажы — Кожожар — Касымбек — Атамбек — Авалбек… Булар (Кожожардан башкасы) дээрлик баары жок эле дегенде миңбашы деген мансапка жеткен кызмат тепкичиндеги кишилер эле.

 

Жакындан билгендердин айткандарынан

Рахманкул хан тууралуу көрүп-билгендердин пикирине кунт кое окуп чыгыңыз:

«Кыргыздардын ханы абдан акылдуу, шартты дароо түшүнүп, туура чечим чыгарган, өз боюна тыкан, жарашыктуу кийинген адам экен» (Дж.Шор). Кылдан кыйкым издеген, мурда ханды аткезчи (контробандист) жана тоо пираты катары гана кабыл алган америкалык жергезер аял бул жолу анын ишмердүүлүгүнө, адамгерчилигине ыраазы болуп, «Марко Полонун изи менен» деген китебине ал тууралуу жазып, хандын сүрөтүн өз колу менен тарткан.

«…Рахманкул — акылман, көрөгөч адам. Кыргыздар өз ханын аябай урматташып, анын айтканын аткарып, сыйлашаары дароо эле көзгө урунат. Ага карата элдин ишеними ушунчалык күчтүү деңиз, кокус ал кайтыш болуп кетсе анын ордун ким ээлейт деген ой эч кимисинин башына келбейби, же андай сөздү ооздоруна алгысы келишпейби, айтор, бул жагынан сөз козгоо өтө кыйын…» (Р.Дор).

Демек ал сөздүн толук маанисинде лидер болгон, анын артынан көпчүлүк ээрчиген жана айткан-дегенин кыйшаюсуз аткарууга милдеткер болгон. Айтуудан Памирдеги кыргыздар гана эмес, алыс-жууктагы башка калктар да араздашып калса, маселени чечүү үчүн атайын Рахманкул ханга келишкен.

«Хан бийлигинин эң негизги эки жооптуу багыты бар. Орчундуусу — тышкы элдер менен болгон алака, карым-катнаш жана элди өз ара, ич ара бийлөө, башкаруу маселелери. Сырткы алака маселеси боюнча мурда, Ооганстанда монархтык бийлик маалында, хан жылыга Кабылга саламга барып турган. Аерде хан шахтын өзү, премьер-министр менен жолугуп, кыргыздардын коомчулугунун маселелерин чечкен. … биз алгачкы жолу хан менен Ооган өкмөтүнүн мүчөсүнүн кабинетинде тааныштык. Андан кийин анын Кабылга келишинин урматына Британ элчилигинде атайын берилген сый-урмат тамагы маалында кайрадан учураштык. Моюнга алыш керек, кыргыз коомчулугунан ошончолук алыс, башкача бир шартта анын өзүн аябагандай ээн-эркин кармашына, анан аны айлана-тегерегиндегилердин ошончолук сыйлап, урматташканына бир топ таң калдык. Өзүн чыныгы аксөөктөрчө тутуна билип, өзгөнү урматтоого аргасыз кылчу нукура ажары бар экен. Татаал шартты так баамдаган курч акылы, жагдайды алдын ала туура баамдай алышы аны менен сүйлөшүүдө бир топ эле этият болууну шарттап турат. Не бир чалкеш маселелердин кыябын келтире кыйыта сүйлөп, жымсалдата айтып, ошол эле учурда ушунчалык сылык-сыпаа түшүндүрө алаарына биз өзүбүз далай жолу күбөдөр болдук. Ооба, ошону менен бирге эле, ушул нукура чечендиктин башатын соолтпой, элдик оозеки чыгармачылыктын орошон салттуу байлыктарын оожалта өнүктүрүп жүрүп олтурган коомчулуктун өкүлдөрүнүн ушундай табийгый сапаттарына суктандык. Биз, европалыктар, андай касиеттен бир топ алыстап кеттик.

Рахманкул Ооганстан өкмөтү, жергиликтүү бийлик менен кыргыздардын ортосунда элчилик, манапкер милдетти аткарат. Андыктан, мейли өкмөт өкүлү, соодагер, же бир саякатчы болобу, Памирге келген ким гана болбосун, адатта эң алды менен ханга саламга келет да, анан гана барып өз ишине киришет» (Р.Дор).

Көрүнүп тургандай, Рахманкул памирлик кыргыздардын жолбашчысы гана эмес, ал Ооган өкмөтүнүн эсептешер кишиси, а түгүл Закир шах аны кадимкидей сыйлап, урматтап турган, Британия өкмөтү да анын кадыр-баркын сезген. Мына ушундай ишеним аны «Памирдин кожоюну» кылган. Ооган эмири ага «кариядар» же «Памир пасбани» (ээси) деген атайын наам берип, укугун чексиз көкөлөткөн, бүткүл Ооганстандын Памир тараптагы чекарасын кайтаруу, кишилерди өткөрүү-өткөрбөө ишеними ага жүктөлгөн. Ага атайын расмий документ берилип, анда минтип жазылган экен: «Рахманкул Афгани. Пашибани Памир. Бадахшан. Памир хурд» (кыргызчасы: «Рахманкул Афгани. Памирдин сакчысы. Бадахшан. Кичи Памир.»).

 

Хан бийлиги колго кантип келди?

Рахманкул хандын урпактарынын бири, Түркия атуулу Абдулметин Кескиндин айтуусу боюнча бул кыргыздардын тобунун биринчи көчүүсү 1930-жылдарда жүргөн. Памир коопсуз деп Ажы Жапаркул хандын жетекчилигинеде мында келишет. Ошо кезде Чыгыш Түркстанда ар кандай көтөрүлүштөр чыгып, ал жердеги түрк уруулары менен Жапаркул хан бул аймактардан дээрлик Үрүмчүдөн башка жерлерге үстөмдүк кылган жана баш-көз болгон. Ызы-чууларды басуу үчүн Кытай өкмөтү СССРге расмий кайрылат да, орус куралдуу күчтөрү келе баштайт, ошондо 1932-33-жылдары Кытайдын ал аймагын таштап, дагы Памирге кетүүгө мажбур болушат. Бул жерге да ар тараптан, эң биринчи кезекте Орусия тараптан коркунуч туула берет. Ошол кезде 2-дүйнөлүк уруш чыгып, СССР кичине алаксый түшөт. Жапаркул хан 1942-жылы жерге берилет, кыргыздар аны кайгы менен акырет сапарга узатат. Негедир трагедиялуу жана карама-каршылыктуу өмүр кечирген Ажы Жапаркул хан тууралуу маалыматтарды кыргыз тарыхчылары изилдөөгө да албай, ал киши тууралуу айтпай да  келет.

Атасынын ордуна аксакалдардын жыйынында (кеңешинде) уулу ажы Рахманкул баарынын чечүүсү менен хан болуп шайланат. Ошо кезде бул хандыктан карамагында 2000дей жан болгон. Булар эми 50-жылдардагы Памирдеги конфликттерден улам ал жерден кайрадан, экинчи мертебе Чыгыш Түркстанга оошот. Бирок бул жерде Кытай бийлиги бир жактан,  СССРдин таасири экинчи жактан көпкө жашатпайт эле, кайрадан кайдасың Памир дешип, «дүйнөнүн чатырына» чыгып кетишет.

 

Памир кыргыздары, алардын ханы жана жашоо-шарты

Рахманкул хандын бир топ сапаттары жеркезерлер жана этнографтар тарабынан белгиленип келет, Р.Дор башка айылдан колу сынып келген он жашар баланын сыныгына шакшак коюп бергендигин, аялдардын элечектери өтө эле калдайып оор келип, машакаты да көп экен деп эсептеп, бул салтты алып таштатканын, ургаачыларга паранжа, же башка бетин тоскон нерселерди жаптыртпагандыгын, эркектерге Шыңжаң уйгурларындай кара баркыт күрмө-шым кийүүгө (колунда бар болсо) уруксат бергендигин жазат. Ал карамагындагыларга: «Эл-журт келгиле, балдарды өз каалоолору менен үйлөндүрөлү, балдардын жакын мамилеси кудалардын сыйына айлангандай болсун. Балдарыбызды кыйнабайлы», — деп айтчу экен. Демек, хан деспот эмес, анда демократиялык башталмалар арбын болгондой, бул эми түшүнүктүү: булардын бир тобу Совет жергесинен качып өткөн өксүктөр болсо, анан да алар ар кыл өлкөгө көчүп-конуп өтүп жүрсө, жашаган жери шамал менен сууктун, оору менен өлүмдүн мекени болсо, анан дагы аларга хандын каары кошулса эмне болот деп караган өңдүү.

Рахманкул хандын айылы жети өргөөдөн жана элүүгө жакын жандан турган. Көпчүлүк айылдар үч-төрт боз үйдөн гана туруп, алар да жайыт-конуш которуп, тынымсыз көчүп-конуп жүрүшкөн. Памир кыргыздары июнь этегинде кыштоодон жайлоого, октярбдын аягында жайлоодон күздөөгө, декабрдан кыштоого көчкөн. Хандын мейман үйү 80 баш бозүй (кийиз үй, же кыргыз үй) болгон, кыргыздар анча-мынча таштан үй салган менен аларда жашаган эмес, негизги турагы бозүй болгон. Рахманкулдун баласы Вакилдин жашаган үйү 70 баш болсо, ашкана үйү 50 баш болгон.

Хандын Улуу Памирде 6 миңдей малы бар экен, Кичи Памирде андан көп дешет, малдан тышкары Сархадда фермасы, жерлери болуптур, аны туугандары иштетет экен. Чоң улуу Абдула Вакилдин байлыгы мындай: кой-эчкиси — 10 миңдей, топозу — 100, төөсү — 17, жылкысы — 12. Анан ал бир жолу француз жеркезерлерине: «Эгерде Памирде түз, даңгыраган дөңгөлүк жүрчү жолдор болсо эки-үч автомобиль да сатып алып коймокмун», — деп тамашалаган экен.

Памирлик кыргыздар азырга чейин эле балыкты аз жешип, жылкынын этин тамак катары эсептешпей, каза, карта, чучук дегенди билбейт экен, буга караганда алар ислам динине өтө берилген деп айтууга негиз бар, анткени мусулман өлкөлөрүндөгү көп элдери (мисалы, Түркия түрктөрү) жылкы этин жегенди күнөө катары санашат. Бир жолу Ооганстандын газетасына Памир кыргыздарынын сүрөтү басылган, алар Толубай ажы, Осмон ажы, Мамат ажы, Рахманкул хан ажы, Абдылла ажы жана Молла Асан, Молло Пиримберди деген кишилер экен. Мына ушуга караганда памирликтер Меккетилле-Медине менен тыгыз байланышып, ажыга барып турган, динди катуу карманган, тапкан-ташканын ажылыкка жана зекет берүүгө, башка кайрымдуу иштерге сарптаган. Беш убак намазын, отуз күндүк орозосун үзгөн эмес. Мына ушул жагынан да алар Советтик Кыргызстандагы улутташтарынын башкача жашоо образын жактырышпаган.

Памирлик кыргыздар Вахан тараптагы тажиктерди отун катары чым чаптарып иштетип мандикерчилик акысына кой берген, өздөрү да ошол жактардан топоздун, койдун, төөнүн жүнүнө, эт-майына, куруттарына ар кандай буюмдарды алмаштырып келген да, ага кошо бир топ кишилер нашаа тартышып, бир койго бир жумага жетерлик нашаа алышып-беришип тургандар да болгон.

 

Памирдеги хандык жана Ооган бийлиги

«Кыргыз тарыхы» энциклопедиясына жазган макаласында (Б.Урустанбеков, Т.Чоротегин) Кичи Памирде Рахманкул, Чоң Памирде Акжол хан уулу Жолой хан башкаргандыгын айтат. Муну Р.Дор бекемдебейт, Оогандагы кыргыздар бир гана Ажы Сахиб Рахманкул хандын бийлигине баш ийет деп белгилейт.

Оштук журналист А.Нурдинов Кичи Памир менен Чоң Памирди жердеген кыргыздар күн ысыкта гана катташат, кышында ашуу бекип калат деп жазып, кан жаңыртуу үчүн эки памирликтер куда-сөөк болушарын да айтып өтөт. Рахманкул хан кеткенден бир топ жылдан кийин 1989-жылда Кичи Памирде 102 бүлө, 460 жан (241 эркек, 183 аял, 82 наристе кыздар, калгандары балдар) жашарын, Улуу Памирде 102 кожолук, 513 адам болгондугун белгилейт.

«Азаттыктын» кабарчысы К.Молдокасымовго берген информациясында Түркиянын Ван шаарындагы Жүзүнчү жыл университетинин профессору, кыргыз фольклористи, атайын Рахманкул хан тууралуу изилдөөлөрдү да жүргүзүп жүргөн профессор Сулайман Кайыпов Ооган мамлекетинин башчысы Закир шах Памирдеги кыргыздарды салык төлөөдөн жана балдарынын аскерге баруусунан бошоткондугун, Ооганстан-Кытай, Ооганстан-Пакистан чекараларын талашуу, тактоо ишинде Рахманкул чечүүчү ролду ойдогондугун белгилет. Мына ушундай кызматы үчүн ага Закир шах 1965-жылы Ооганстандын 4-даражадагы Мамлекеттик Жылдыз медалы менен сыйлаган. Анын күбөнаама-баракчасында мындай жазылган: «Алланын амири менен Ооганстандын өкүмдары болгон Падышага берилгендиги, аянбагандыгы жана Ооганстанга кылган кызматтары үчүн Памир ханы Рахманкул хан мамлекеттин жогорку нышаанасы болгон 4-даражадагы Мамлекеттик Жылдыз медалына Падыша Закир шах тарабынан ылайык көрүлдү.

Падыша Мухаммед Закир шах. 1347-Шамси. 23.11.1347″.

Мына ушундай сыйдагы кишини каракчы, тоногуч катары көрсөтүү бул тарых алдында чоң күнөөгө баткандык. Бүтүндөй ошол региондогу калктардын башын кошуп, ынтымак куруп, өз салтанатын бекемдеп, таанымал болгон соң аны «сайип хан» деп кыргыздар гана эмес, терегек-четтеги жаамы фарс тилинде сүйлөгөн элдер улуу инсан катары урмат кылып, кыргыз болгондор башка улут-элдердин ичинде Рахманкулдун даңазасы менен ээн-эркин жүрүшчү, кыргыз болгондугуна сыймыктанышчу экен.

Памир кыргыздары менен Ооган бийлигинин ымаласы XIX кылым этегинде эле жакшы болуп, Ооган падышасы Назир шах бул жерлерге келип, кыргыздардын сый-урматын бир нече күн көрүп, таш бетине келип-кеткен датасын чектирип жаздырып, кыргыздардын көкбөрү тартканын тамашалап, анын байге-соорунуна өзү бешатар мылтык тартуулаган экен. Ал падыша Рахманкулдун атасы Жапаркул миңбашы менен абдан жакшы мамиле түзгөн. Аларда бийлик атадан балага өткөн, монархиялык түзүлүш болгон (1978-жылдагы Апрель революциясына чейин бул бийлик түзүмү сакталып, акыркы монархиялык бийликтин башчысы Закир шах Италияга качып кетип, анан кечээ жакында эле АКШ баш болгон антиталибдик коалиция Кабылдын бийлигин кулатканда кайра Закир шахты алып келүү маселеси көтөрүлбөдүбү). Мына ошол Жапаркул ажы менен Назир шахтын достугу кийин уулдарына Рахманкул ажы менен Мухаммед Закир шахка ооп өткөн жана булар ошол достукту улантып келген.

 

Рахманкул хандын рухий дүйнөсү

Памир кыргыздары менен Кабыл ортосу негизги унаа — ат менен бир нече күндүк жол болуп, кыргыздар негизинен Ооган шаары Файзабаддагы тажиктер менен соода алакасын түзүп турган. Көбүнчө чай, мата сыяктуу нерселерди кой, эчки, карамалга алмаштырган. Кыргыз тили ал жерде оозеки формада гана колдонулуп, жазуу фарсий жана араб тилинде жана арибдеринде жүргүзүлгөн. Рахманкул хан көп тил билген экен, Жами, Рудаки, Бедил сыяктуу чыгыш классиктеринин чыгармаларын, куранды, хадистерди, дагы башка көптөгөн китептерди түптилинде окуган, алардан өзүнө жана өзгөлөргө үлгү тапкан, билгендерин башкаларга өткөрүп берген.

С.Кайыпов журналист Б.Чыныбаева менен болгон интернет-маегинде минтип жазат: «Улуу Памирге (Түркиядагы булардын көчүп барган айылы — М.А.) биринчи жолу 1997-жылдын 18-майында бардым. 21-майга чейин Рахманкулдун уулдарынын бири, айкелчи Махаммед Акбардын үйүндө жүрдүм… Биринчи эле күнү текчесиндеги арабча кол жазма жана эски басма китептерине көзүм түштү. Бир, эки күн өтүп, үйүр алгандан кийин китептердин чоо-жайын сурадым. Акбар аке: «Ажымын китептери абдан көп болчу, көчүп-конуп жүрүп баары жоголуп бүтө турган болду», — деп мага сунду. Ар бир бетин абайлап карап, «тишим өткөн» жерлерин окумуш эттим. Китептердин барактарынын четтерине кооздоп жазылган ар кыл жазуулар, сыя, кээде кара калем менен тартылган сүрөттөр барактаган сайын көзгө урунуп жатты. Кээ бир сүрөттөр ал китепке атайын жасалган иллюстрация сыяктуу дегеле кооз жана орундуу. Бул жазуу менен сүрөттөрдүн жөн эмес экендигине көзүм жеткенден кийин: «Акбар аке, буларды сиз тарттыңыз беле?» дедим. «Жок, мен тарткан эмесмин. Ажымын тарткандары. Четтериндеги жазууларды да ажым жазган. Окуган китептин мазмунуна ылайыктап, четине кооздоп сүрөт салып коер эле. Жактырган же жактырбаган жерлеринин тушуна өз пикирин жазып койчу,» — дебеспи. «Мындай китептерден дагы барбы?»- дегенимде, «Китептен көп неме жок эле. Памирден көчкөнүбүздө бир чоң жыгач сандыкка салып, кылдат жерге көмүп келгенбиз. Арадан көп убакыт өтүп кетти, чирип калды бекен,»-деди. Маселенин төркүнүнө ошондо түшүнгөм. Китептерди дыкаттык менен карап чыгып, Рахманкул ханга таандык жазууларды дептериме каттап алдым. Окуган китебинин майын чыгарып, жазып, чийип окуганына таң калдым. Памирде экенде китеп окууга кызыгуу абдан өрчүгөндүгүн байкоо кыйын эмес. Анткени, Рахманкул хандын жакын курдаштарынын бири Мамыт Ажы Козубай уулунун Памирден көчкөндө эки сандык китепти «душмандын колунда тытылбасын, таза сууда эзилип жок болсун» деп дарыяга салдырып жибергенин айтышкан».

Ошол эле информатордун айтуусу боюнча ал окуган китептеринин актай жерлерине көбүнчө тоо-таштын, имараттардын, куштардын сүрөттөрүн тартчу экен, расмий каттарды бирөөлөргө жаздырбай өз колу менен гана жазып, өзү жөнөтүп турган. Бедилдин ыр жыйнагында мындай саптар бар экен:

Күзгү ааламдын түсү менен түспөлү:
Кызыл, сары өз эркинен болгон жок.

Улуу кичүү аял менен эркектин,
Ынтымагы өз эркинен болгон жок.

Мерездердин таш жүрөгү солк этпес,
Көңүл зарың өз эркинен болгон жок.

Көрсө жана тартса деле кусалык,
Жок каларың өз эркинен болгон жок.

Айтпа Бедил, уккан менен көргөнүң,
Арман-зарың өз эркинен болгон жок.

Улуу акындын ушул ыр саптарынын жанына Рахманкул хан:

Эй, бечара Рахманкул хан ажы,
Кечиң, шаарың өз колуңда болгон жок
«, — деп жазып койгон экен. «Бул саптарды Рахманкул хан турмуштук тажрыйбасы артып, убакыттын адам ыктыярына баш ийбей турганын, өмүрдү кандай сүрсөң да түбү келип өкүнүч экенин таамай тааныгандан кийин, жүлүнү сыздап отуруп чийгенине күнөм жок. Бир өлкөнүн баштөбөлдөрү менен кешиктеш болуп, ишенимине кирип, иштерин аткарып, айтканы эки болбой турган чекене да болсо өкүмдардын өзүнө өзү «Эй карып, бечара» деп кайрылышын башкача кантип түшүндүрүүгө болот?» деп жазат С.Кайыпов.

Анын окумалдыгына дагы бир мисал — баягы 60-жылдары Фрунзе шаарынан чыккан «Манастын» төрт томдук көк китебин орус криллицасында окуп, жанында сактап жүрүп, окуган сайын хан болгонуна, ажы болгонуна карабай, жашынын токтолуп калганына карабай, өксүп-өксүп, бугун, ызаасын чыгарып, ыйлап алчу экен. Балким түпкүлүктүү кыргыз журтунан бөлүнүп калган өзүнүн өксүк тагдырын улуу Манастын тагдыры менен байланыштырат болуш керек. Алооке менен Коңурбай сыяктуу Манастын душмандары сыяктуу өз душмандарын социалисттик түзүлүштөн көрөт болуш керек. Же өз тагдырына, өзү ээрчитип жүргөн аз гана кыргыздарынын тагдырына өксүгөн, же орус таасиринде калган, тоталитардык бийлик басып алып, марксизм-ленинизмдин идеясы менен коммунизмге карай кенен арыштап бараткан биздин тагдырга өксүгөн болуу керек…

 

Памирде мамлекеттик түзүлүш болгонбу?

Сулайман Кайыповдун маалыматы боюнча Рахманкул хан эларалык дипломатиянын эреже-нормаларын жакшы билген, дүйнөлүк саясат менен таанышып турган, Ооганстанда чыккан басмасөз басылмаларын Кабылдан, Файзабаддан маал-маал атайын саттырып алып, өзү ал жакка түшкөндө издеп жүрүп сатып алып, Памирге ала келген. Мына ушуга караганда ал ХХ кылымдын 2-жарымынын деңгээлиндеги бийлик башы болгон. Ал коомдун багыты кайда бараткандыгы менен кабардар эле. А балким СССРдин акыр бир күн кыйрашын да болжолдогондур.

Ушулардан улам анын Памирдеги хандыгы тарыхта мурда болгон жана болуп жаткан мамлекеттик түзүлүш принцибинде курулуп жана ошолорго негизделип башкарылып келгендигин көрүүгө болот.

Мамлекеттик түзүлүшү мындай курамдардан турган:

Хан — Сахыб Рахманкул ажы Жапаркул уулу

Увазир —

Кариядар (айыл ээси, айылбашы) — Жалилдер тукуму

Аксакалдар тобу (кеңеши), же тескөөчүлөр, калыстар — Эшназар, Азимбай, Тозукул.

Бектер —

Молдо жана молдорлор — Ажы Токто Мухаммед Молдо жана молдобашы Көк Сатыбалды.

Кеңешчилер —

Агаманап —

Манаптар —

Мырзалар —

Чарбачылар —

Койчу-жалчылар —

Мындай кызмат орундары азыркы шайлоо системасы сыяктуу эл тарабынан тан алынган кишилерге гана берилген.

Эң чоң маселелер Межилисте талкууланып турган жана ошол жерде чечилген. Ошондой эле чекара кайтарган төмөндөн жогоруга карай баш ийген аскери, алардын кумандандары (командири), сарбаздары, өздөрүнүн аскерий тартиби болгон. Билим берүү системасы начар уюшулгандыгы менен, бирок баары бир өнүкпөгөн формада жана деңгээлде болсо да бар эле. Анын араб тилин, арибин, ислам дининин шариятын үйрөтүүчү системасы болуп, анын окутуучу-мудариси ажы катары өзү эсептелген. Демек, Рахманкул ханды азыркынын тили менен айтканда устаз-мугалим, тарбиячы катары да караганыбыз жөндүү. Аны баары «хан ажым» дешип өтө урмат менен карашып, үлгү тутуп, айткандарын кыйшаюусуз аткарып турган, ушуга караганда ал чыныгы мамлекеттик жетекчинин деңгээлине көтөрүлгөн да, анын карамагындагылар хан көргөн, хандык көргөн эл катары таалим-тарбия, өрнөк алган жана өздөрүн ошого ыңгайлаштырган.

С.Кайыповдун маалыматы боюнча Рахманкул түзүмү мамлекеттик түзүлүштүн элементтерин алып жүргөн. Алар:

 — этностук биримдик;

 — экономикалык принциптердин негизинде курулушу;

 — жашоодо, коргонууда, урушка чыгууда биримдикте турушу;

 — бир тууга баш кошушу;

 — орток максаттын алдыга коюлушу;

 — капитализмде жашабай туруп эле улуттук консолидация процессине кириши ж.б.

Башкаруу принциби укуктук жактан үч нерсеге негизделген:

 — биринчиси, ислам дининин шарыятына;

 — экинчиси, памирлик кыргыздардын этнопедагогикасына, этникалык салттарга;

 — үчүнчүсү, Ооганстан өлкөсүнүн мыйзамдарына.

Жогорудагыдай чен-өлчөмдөр менен караганда Рахманкулдун мамлекети өзүнчө хандык болгон, Памирдеги кыргыз хандыгы болгон да, Рахманкул кыргыз улутунун эң акыркы хандык түзүлүшүнүн башкаруучусу, ханы катары тарых барактарына жазылган.

Анын хандыгы ар жактан барган, көбүнчө кулак деп, басмачы деп, бай деп Совет жеринен козголгондордун калканар жайына да айланган, деги эле Памир жыйырманчы жүз жылдыктын чуулгандуу жаңы өкмөтүнө кылкелишпегендерди өзүнө топтогон. Анын бир мисалы Букар эмири Алим хан да ошол жерге кетип, ошол жакта жан сактагандыгын айтсак жетиштүү болот, дагы бир топ падыша бийлиги тушунда чоң кызматтарда тургандар, таанымал дин кишилери Ооган жери аркылуу башка өлкөлөргө — Пакистанга, Иранга, Түркияга, Араб өлкөлөрүнө өтүп кеткен же ошол ооган жеринде, элинде, мамлекетинде түбөлүк калып калган. Бул жагынан Ооганстандын тарыхтагы, анын ичинен мусулман дининдеги улуттардын тарыхындагы орду абдан чоң болгон.

 

Дүйнөнүн жүрөгүнө айланган «дүйнөнүн чокусу»

Мен өткөн кылымдын 90-жылдарында Бишкекте 72 жаштагы Айтмахаммад Ажы Турсун деген киши менен бир нече жолу баарлашып калгамын. Ал кишинин айтуусунда өзүнүн түбү Өзгөндүн Мырзарык деген жеринен болуп, үч жүз жылдай мурун алардын аталары ошол Мырзарыктан суу чыгарган экен. Уруусу кесек, уругу кызылаяк бу кишинин айтуусунда кийин биртуугандардын мунасасы бузулуп, Шыңжанга көчүп кетет, аерде 50-жылдарда чоң чатактар чыгып, зулумдук жүрүп, Ооган чегине — Памир тоолоруна өтүшөт да, Рахманкул ханга кошулат, кийин анын увазири даражасына жетет.

Ооган жериндеги Ажы Сахыб Рахманкул хан Ажы Жапаркул хан уулунун орду жөнүндө айтканда ал адамзаттын тарыхындагы эң бир кыйчалыш-кыйын жылдарда, үч-төрт өлкөнүн, үч-төрт диндин, үч-төрт маданияттын кысымында, буларга кошо табияттын эң бир катаал шартында элин массалык кырылып калуудан сактап калгандыгында жана ошол карамагындагыларды бүгүнкү заманга өткөрүп бергендигинде, хандык системаны ХХ кылымдын цивилизациялуу мамлекеттери менен параллель алып жүргөндүгүндө деп билгенибиз жөндүүдүр.

Бул Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздардын тарыхы тээ тереңден келет. Рахманкул ажынын хандыгын ошол узак тарыхый контексттен караганыбыз жөндүүдүр. Италиялык жеркезер Марко Поло (болжолу 1254-1324-жылдарда өмүр кечирген) бул жерден 1271-1275-жылдарда Кытайга өткөн эң алгачкы европалык киши катары, Борбор, Чыгыш, Түштүк Азия тууралуу 1298-жылы жазылган «Китеп» деген саякатнаамасын айтып берип кагазга түшүргөн киши катары белгилүү. Ошол киши минтип жаздырыптыр: «эки тоонун арасында… айбан аттуулар көп, айрыкча килейген аркарлар жыш. Алар укмуштай чоң келип, мүйүздөрү каркайып, жоондугу үч-төрт, ал турсун алты сөөмгө чейин жетет экен. Малчылар ал мүйүздөрдөн өздөрү үчүн күрөк, кашык, тамак жана суу куюучу идиш жасап алышат. Бөрүдөн малын коргоо үчүн ошол мүйүздөрдөн тосмо, короо жасашат. Бөрүлөр көп учурда койлорду да, аркарларды да кырып ташташат. Ээн талааларда жол белгиси катары үйүлүп коюлган аркарлардын сөөктөрү менен мүйүздөрү арбын. Кышында, кар калың жааганда ошол белгилерди боолголоп, адамдар жолго чыгышат. Он эки күн бою келе жаткан жерибиз Памир деп аталат. Андан бир үйдү да көрө албадык. Тамак-ашты жанга алып жүрүү керек. Бул жер бийик жана суук болгондуктан, учуп келген канаттуу көрүнбөйт. Ал турсун от да башка жерлердегидей жалындап күйө албайт».

Мына ушул жаздыргандардан эмнени көрөбүз? Марко Поло он эки күн бою үй көрбөгөнүн айтат да, анан малчылар, койлор жөнүндө сөз кылууда? Же ал адамдар Памирде эмеспи, түшүнүксүзүүрөөк. Бирок, адамдар жок болушу да мүмкүн окшойт.

Экинчи факт, Марко Поло эң алгач жердин атын Памир деп жаздырат. Ал эми бул жерлер тууралуу грек тарыхчысы Птоломей Комед деп атаса, ал жерге барган VI кылымдагы кытай жеркезери Суан-Цзан болсо Памило деп атаган да, «адамдардын жашаганы байкалбайт» дейт. Тарых барактарында бул аймакты Фамир деген атоо да (Эдриси) учурайт, Памыл дешет ал жерди кыргыздар азыр да. «Бами дүнүйа» — «дүйнөнүн чокусу», «боми боле» — «чокулуу капкак», «асмандын эле асты», «жердин төбөсү» деп түшүндүрүшөт тилчи-топономисттер. Мына ошол «дүйнө төбөсүн» Жер шары пайда болгондон эле «Жердин киндиги» дешет. Ага себеп — Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган эң жакын жол ушул Асман менен Жер ашташкан аймактан, Асманды Жер түркүк болуп көтөрүп тиреп турган тоолордон өткөн. Он эки күндүк жол бассаң ааламдын бир жагынан экинчи жагына өтүп тургансың, демек Индия менен Кытайга Европадан өтө турган жана Чыгыш өлкөлөрүнөн Европага алып бара турган Улуу Жибек жолунун эң чечүүчү да, эң керектүү да, эң кооптуу да бөлүгү ушул Памир участогу эле. Демек Памирге ээлик кылуу дүйнөлүк кербендерди башкаруу, ошол кездеги дүйнөлүк соода тармагына ээ болуу дегендикке барабар болгон. Карабайсызбы, азыр ушу күндө да ошол Памирде адамзаттын эң байыркы куралы — канжар менен суперзаманбап ракеталар, үндөн ылдам учуучу аскер истребителдери бирдей аракеттенип, деле ушул жерлер жалпыпланеталык талаштын чордонунда туру.

Ал жерлерге кыргыздар качан барганын так айтуу кыйын: балким Марко Поло аркарлар арасындагы кыргыздарды аралап өткөндүр, балким кыргыздар кийин барышкандыр. Бирок тарыхта так нерселер да бар: Чоңалай, Каратегин, Ысаркөлөпкө чейин XVII кылымда калмак жапырыгы Ысыккөл, Нарын кыргыздарын кууп барат, ошол кезде Памир аларды сактап калган, аерлерде таянып барган жергиликтүү кыргыздар да бар болгон болуу керек, иши кылып кыргыз этносунун уруш-талаштардан аман калышында Памир өзгөчө орунда болгон, аман калган кыргыз уруулары кийин топ-топ болуп кайра жерине кайтат, ал жакта дагы бир топтору калат, анан Кокон хандыгынын таасири да чөлдүк жана тоолук кыргыздарга катуу тийип, Дарооткоргонго чейин чебин куруп турган кезде Памир кыргыз урууларын дагы бир сактайт. Мында да Кокон хандыгынын айбары алыскы тоого жетпей калган. Ырас мында Памир Кокон хандыгынын да, Кабыл эмирлигинин да, Кашкар эмирлигинин да кароосунда шарттуу түрдө үчкө бөлүнүп турган кездери болуптур. Ушунун өзү эле ал аймактын талаштарга жем болуп келгенин кабарлап турбайбы. Бул жерлерге Орус падышачылыгы улам оолугуп көз артып келаткан, башка диндеги, башка тилдеги элдер памирликтер менен кайнаса каны кошулбас эле. Канткен менен 1876-жылы Орусия бул жерлерди кошуп алат. Ошол эле кезде Англия бул аймакты жаңы кожоюндарынан кызганып, орус таасирин жоготуу үчүн активдүү аракетин кылып кирет. Бийик тоодо шамал менен жарышып өскөн тоолуктар болсо «арык байтал алты күндө семирген» (Марко Поло) жайыттарын эчкимге бергиси келбей жанталаша коргоо үчүн колдоруна курал алат.

 

Козголуу

1895-жылы 27-февралда мамлекет, өлкө, чекара деген түшүнүк Памирге да эми чындап жетет. Дүйнөнүн дүңгүрөтүп турган Улуубритания менен Орус падышачылыгы «дүйнөнүн чокусун» үчкө бөлүп салды — бир жагы Орусияга, дагы бир жагы Чин (Кытай) өлкөсүнө, дагы бир бөлүгү Ооганга кетти. Ошондо кала берсе азыркы Тажикстандын Мургабы менен Ооган тараптагылар тууган-уругуна карабай эки өлкөдө бөлүнүп калышат. Муну менен улуубританиялыктар менен орустар мусулмандарды ажыратып салабыз деген арам ойдо болушкен. Бирок адегенде чекаралар анчалык бекилген эмес, ал жерлердин чекарачылары да, жашоочулары да, ары-бери өткөндөрдүн тагдырын чечүүчүлөр да памирлик кыргыздар болгон. Ошон үчүн да булар менен үч өлкөнүн жетекчилери тең эсептешкен. Өзгөчө Кабыл шаарына Сахиб Рахманкул хан түшүп, шаар көчөлөрүн аралап баратканда өзүнчө бир көрк болгон, тоо бүркүтү келаткандай оогандыктар жарыла жол бошотуп, ийилип таазим кыла салам айтып турган, бул жердеги өзбек, тажик, пуштун калкы кыргыз ханына мынчалык Закир шах көңүл бурганынын сырын түшүнө алышчу эмес.

Бирок бул күндөр алыска созулбады. 1978-жылы Ооганстанда 27-апрель төңкөрүшү болду. Коммунисттер, орустар Ооган жерине оолугуп келаткан эле. Ооганстан монархиясынын эң соңку башкаруучусу Закир шах өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду. Бийлик алмашты. Коркунуч жакындап келе берди. Дал ошол кезде Памир Ооганстанында туруу Кеңеш өкмөтүн жек көргөн Рахманкул үчүн коркунучтуу эле. Айланы кайдан издөө керек? Ары жагы Кытайды, андан ары Индияны, Пакистанды, бул жагы СССРди «дүйнөнүн чатырынан» карап туруу үчүн «Жер киндиги» Памирди талашкандар сайдын ташындай болуп кетти.

Рахманкул хандын Аскакалдар межилиси кайра-кайра кеңеш курду: эмне кылуу керек, башка диндегилерден жана коммунисттерден кантип сактануу керек? Ошондо Рахманкул хан орустар жетпес жерди — Пакистанды тандады, анын үстүнө дини бир эмеспи, ошентип алардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Маселе оң чечилип, 1978-жылы июлда Кичи Памирдеги негизинен тейиттердин миң үч жүздөй кишиси Пакистанга жол алды. Ырас, бул улуу көч оңой болгон жок, бир тобу бааруудан баш тартты. Хан барбагандарга маакул болгон экен, а түгүл калгыла деп да айтыптыр. Бирок көпчүлүк ажы кайда болсо, биз да ошол жакта болобуз деп ал кишини ээрчип жөнөшкөн. Маселе абдан тез чечилгендиктен көч бир түнү эле шашылыш жолго чыкты, А.Нурдинов уккан боюнча Вахжирд деген ашуу менен 200дөй түтүн, 1,5 миңдей киши ашып өткөн. Өз айлында эместер үй-бүлөсүнөн айрылып түбөлүк Памирде калып да калган.

(Уландысы бар)

Соц тармактар:

Абдыкерим Муратов. «Ажы Сахыб Рахманкул хан — кыл чокудагы эң соңку кыргыз ханы»: 1 комментарий

Добавить комментарий