Нуркыз Рыскул кызы

nurkyz

Нуркыз Рыскул кызы жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Нуркыз Рыскул кызы 1991-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылында төрөлгөн. Алгач Ак-Кыя айылындагы орто мектептен Асаналы Абдраимов атындагы окуп, кийин Бишкек шаардык №87 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган.

Учурда Кусейин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин 4-курсунун студенти.

Эл аралык “Нурборбор” чыгармачыл жаштардын академиясынын алдында уюшулган “Жаңы толкун” адабий клубунун жана университеттер аралык түзүлгөн “Кеменгер” студенттик клубунун мүчөсү. Учурда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бейөкмөт уюмдар жана жаштар комитеттери менен иштөө бөлүмүндө стажы өтүүдө.

“Поэзия, сени сүйөм!” (2011) аттуу ыр жыйнагынын автору.

“Кыргыз жаштар поэзиясынын” (2012) антологиясына тандалма ырлары кирген.

Кыргыз радиосу тарабынан уюштурулган: “Таланттар таймашы” уктуруусунун акындык өнөр боюнча 2-даражадагы дипломдун ээси.

 

Ырлар

 

ДАН ЭКТИМ

Жол күтүп ырдан, талганын сезбей каректин,
Жоругум ушул ыр дүйнө менен алекмин.
Жакшына тилек үмүтүм болуп аскадай,
Жаңырган жазда жашоомо ырдан дан эктим.

Кастарлап күндөн, караңгы түндөн баладай,
Карч уруп жанды, каарыган суукка карабай.
Байралып ырга, бүртүгү болдум ак кардын,
Бакытка тунуп, балпактап төгүп аябай.

Кагазым, калем сабыма кардай чачырап,
Кайрыгы ырдын, кайрадан жаңы жазылат.
Бактыма келген, ырысым жазган ырымды,
Бапестеп багып өтөйүн дедим асырап.

 

ЖАМГЫР

Көөдөнгө дабаа таппай жара баскан,
Көп издеп каякадыр бара жатсам.
Көп күтүп эңсеттирген көл шал болуп,
Көнөктөп жамгыр төктү мага жаккан.

Калкалап бак түбүнө жашынбадым,
Качпадым, жүзүм тосуп жашырбадым.
Каалабай көпкө турдум тоңгонума,
Каалабай ак жамгырдын басылганын.

Төктүң сен, а мен чыдап тоготподум,
Төгүлдүм, а сен карап сооротподуң.
Апкелдиң чын жүзүмдү ыр дүйнөмө,
Агызып жүзүмдөгү боёкторум.

 

* * *

Кол чатырга колумдагы карабай,
Коюнума агып кирчи аралай.
Таарынычым тагдырыма жазылып,
Тазарайын там туң баскан баладай.

Жүрөгүмдө кыш болсо да жай кылган,
Жүзүмдү жуу, боегума кайгырбайм.
Түйшүгүмдү жууп кетчи тазалап,
Түшкө кирип дүнүйөмдү тар кылган.

Балким үшүп чыйрыгат деп караба,
Баштан ылдый суу болоюн аяба.
Жан дүйнөмдө турат ызгаар кыш болуп,
Жаачы жамгыр, жаз чакырып ага да.

 

ЫР

Таңда тосуп сулуулуктун нурларын,
Таптым жашоо дүнүйөнүн жыргалын.
Жан дүйнөмдүн кыйналганын билгизбей.
Жарпым жазат дилден чыккан ырларым.

Болбосом да ырга чебер күлүгүң
Болгум келип тилегендин биримин.
Көөдөнүмдө ыр кемеси бар үчүн,
Кубанычтуу кечээкиден бүгүнүм.

Азап кайгы, алсыроодон талашып,
Аруу тилек үмүт отун жаратып,
Ал ансайын сулуулугун арттырган
Адамзатка ырдын өзү жарашык.

Уйку бербей ойго салып түндөсү
Улам дүйнөм жазга айланып гүлдөчү.
Ырысымсың бешенеме жазылган,
Ырахаттуу ырдын ыйык дүйнөсү.

Кандайдыр күч тартып алып жетелеп.
Каалгып учуп сезимимде көпөлөк.
Көкүрөккө жарык берип тургансыйт
Көзгө илинбес кичинекей көзөнөк.

Жашыл шибер жазга айланып чар тарап,
Жан дүйнөмдө өзүнчө бир салтанат.
Ырахаты сезимдеги эргүүнүн,
Ырларымдын саптарында жар салат.

Кыйырында поэзиянын басып жай,
Кыялдануу а мен үчүн бакыттай.
Көлгө айланып толгон ырлар өмүргө
Кылым бою түгөнбөгөн азыктай.

 

ТУУЛГАН ЖЕРИМ

Уратпай улуулардын курган чебин,
Умтулуп улаш үчүн турган кезим.
Кай жака каксам дагы канатымды,
Кастарлайт караан болуп туулган жерим.

Суктанып көз тойбогон теребелиң,
Сууларың, кучагы кең денелериң.
Кечирчи, канатым жок уча албай,
Керемет кучагыңды тебеледим.

Көркөмдөп даңазалап сүйөөрүмдүн,
Көркүңө көзүм тойбой бир өзүңдүн.
Жашоомдон кубат алып жашасамбы,
Жарымын бөлүп берип жүрөгүмдүн.

Көнөктөп ырдын көзүн ачпай жазып,
Көл болуп көкүрөккө батпай жатып.
Бороонуң, ызгаарыңа бирдей түтө,
Бооруңа калсам бекен таштай катып.

 

АК ЖООЛУК

Апакең келин күтүп кабагы ачык,
Ак жоолук балким жүрөт мага катып.
Ɵзүңдүк кылып алчы жароокерим,
Ɵзгөлөр кете электе ала качып.

Ааламым ушунчалык тарып кетти,
Ак шамдай ыр дүйнөмө жанып кечки.
Ар кимди бой жетти деп көз салдырбай,
Ардагым түбөлүкө алып кетчи.

Бооруңа кысчы бекем сүйүнөйүн,
“Болду”-деп бойдоктуктан түңүлөйүн.
Ак жоолук үлбүрөгөн куп жарашып,
Атакең апакеңе жүгүнөйүн.

 

САБАК

Барган менен сабагыма кечикпей,
Баарын койуп кулагыма эшитпей.
Олтурганда терезеге кадалып,
Ойлор келди ак кар баскан эшиктей.

Кардай аппак канат күтүп келишкен,
Канча адамдын арасынан сени издейм,
Кайда экеним, кандайлыгым сурабас,
Кайгысы жок, телегейиң тегиз бейм?

Айланчыктайм өзүмдү издеп кайдалап,
А аппак кар ааламды бүт аймалап,
Төгүп жаты, төгүп жатты бакытты,
Түгөл баарын сүйүү менен саймалап.

Сезимталын көрчү кандай көнүлдүн,
Сен көзүмө жылдыз болуп көрүндүң.
А мен кайкып миң бүртүкө бөлүнүп,
Арууладым ак жүзүңө төгүлүп.

Арзууларым көз ирмемде чектелип,
Азыр мына жолугууга кез келип.
Карегине кадалаарда ардагым,
Кала бердим бут алдында тепселип.

Сага деген кусалыгым тарап бат,
Санаа басып окуп бүткүс барактап.
Кайрып алган канатымды каккыча,
Калган экен сабагым да аяктап.

Соц тармактар:

Нуркыз Рыскул кызы: 3 комментария

  • 27.04.2013 в 11:44
    Permalink

    жакшы жазылган ырлар бар бол бактылуу бол

    Ответ
  • 02.05.2013 в 17:02
    Permalink

    Эң сонун ырлар, жүрөктөн чыккан ырлар жүрөккө жетет.

    Ответ
  • 12.04.2015 в 21:10
    Permalink

    Нуркыз онорун оркундой берсин алтышка.

    Ответ

Добавить комментарий