Бишкек шаары бирөө, Бишкек баатыр экөөбү?

Bishkek_baatyrТарыхчы, санжырачы, дегеле өзүн билерман санагандар арасында Бишкек деген эки ысым бар экени маалым: бири – баатыр, бири – дыйкан. А борбор калаабыз кайсы Бишкектин атынан коюлганын так кесе айтып берчү жан барбы? Албетте, шаарыбыз дыйкан Бишкек эмес, баатыр Бишкектин атынан коюлганынан шектенбейбиз, бирок тарыхчы-санжырачыларыбыз ушу күнгө чейин экөөнүн так айырмалап бердиби? Себеби экөөнү тең бир эле учурда баатыр, бир эле учурда дыйкан катары даңазалаган кептер арбыды. Ал эмес жакында Т.Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрыбызда Бишкек баатырга арналган спектакль коюлду. Пьесанын автору ЖК депутаты Каныбек Иманалиев. Театр сахнасында коюлган ал чыгармада солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр дыйкан катары өзү да карапайым эл менен бирге буудай сээп тирилик кылганы чагылдырылат.

Албетте, биз тарыхчы эмеспиз, бирок журналист катары бул маселени коомчулукка алып чыгуу милдетинен качканыбыз болбос деп, колубузда болгон маалыматка коомчулуктун назарын буралы дедик. Эмесе кеп ирети менен болсун:

Дыйкан атанган Бишкек Чаа бийдин жаш токолунан төрөлгөн Жоочалыштын баласы Кенендин тукуму болуптур. Кенен жаш курагында көз жумуп, анын колуктусу Кубул салт боюнча кийин өз биртууган кайниси Белектин колуктусу болуп калган. Бишкек кийин 3 кыз (аттары белгисиз), 5 уулду болот. Алар: Баймурат, Манаккозу, Жорготай, Рыскул жана Манапбай. Кийин баралына жеткен Бишкек Чүй жергесинде эң биринчилерден болуп дыйканчылык менен алектенип ашкабак, дарбыз, кара буудай менен арпа эккени боюнча маалыматтар бар.

Ал маалыматтардын көбүндө: азыркы Бишкек калаа Чаа бийдин тушунда аңыз талаа болгон экен. Ал эми Бишкектин отурукташкан жайы Пишпек станциясы болгону дайын. Тактап айтканда, тогуз жолдун тоому эсептелген жай болгондуктан ал жерде өткөн-кеткендин баары азык-түлүк сатып алып турган. Ошондон улам эл оозунда:

– Кайдан келатасың?

– Бишкектен.

– Кайда баратасың?

– Бишкекке, – деген дарек пайда болгон.

Бара-жүрө Бишкек ал жерди өзбек адаштарынын көмөгү менен чайханага айлантып, соода борбору катары кеңейткен.

Демек, биз сөз кылган каарман дыйканчылык жана соода борборуна ээлик кылган солто уруусунан чыккан Бишкек экени түшүнүктүү го дейм. Ал эми эрдигине келсек, 18-кылымдагы Жунгар баскынчыларына каршы күрөштө батылдык көрсөтүп, эл оозунда баатыр атанганын билебиз. О.э. 1770-жылы Чүй өрөөнүнө баскынчылык кылган казактын Абылай ханы менен айыгышкан салгылашта өз эрдигин көрсөткөн.

Кийин анын сөөгү Төрткүлгө (азыркы Бишкек шаарынын «Ысык-Көл» кино театры жайгашкан жер) коюлганы дайын.

Ал эми экинчи Бишкек баатырга келсек, анын уруусу – саруу. Саруудан чыккан Конок баатырдын шоораты 17-кылымда жаңырган экен. Анын 6 уулу болгон. Улуусу – Кыркуул баатыр. Ал өз заманында Фергана өрөөнүнүн адилеттүү башчысы жана мекен сакчысы катары белгилүү болгон. Кийин анын атагы уулу Жапасурга өткөн. Ал да атасынын кылычын колдон чыгарбас Фергана өрөөнүнүн коргоочусу болгон. Жапасурдан Эркөбөк туулуп, Эркөбөктүн экинчи аялынан Бутак туулган. Бул ысым дарактай бутак жайып көктөсүн деген тилек менен коюлат. Айткандай эле кийин Бутак баатырдын атагы алыска тарап, эл оозунда Бута баатыр атанып калган. Ал да өз замандаштары Бердике, Атаке, Садыр жана Жайыл баатыр сындуу өзүн далай-далай эр-сайышта тааныткан.

Негизинен Бута баатыр эмне себептен Бишкек атанган?

Сарбагыш уруусунун баатыры Эсенгул менен Бута баатырдын тиреши абыдан курч болгону жөнүндө мындай маалымат бар: Экөө биринчи жолу беттешкен катуу кармашта Эсенгул Бута баатырды кекиртектен тиштеп жарадар кылган амалы менен жеңишке жетет. Бирок Бута баатыр да Эсенгулду ошол катуу кармашта жарадар кылып, каршылашы өмүр бою сол бутунан аксап калганы белгилүү. Экөө ошол бойдон бири-бирине тиш кайрашкан бойдон калат. Акыры экөөнүн кандуу кармашына даа бир кезек келет. Бута баатыр өз найзасын узартуу үчүн бир учуна бишкекти (сабаны бышкан) бекем байлатып, таймашка чыгаары менен Эсенгулду ээрден оодара сайып түшүрөт. Кийин эл оозунда Бута баатырды Бишкек баатыр дегендер арбып, Бишкек баатыр деген ысым жайылган экен. Ошондо Эсенгул баатыр Бута баатыр минип чыккан Тиштээк Тору аттуу тулпардын тебелендисинде калат. Тиштээк Тору ал мезгилде аты алыска угулган амалы менен таанылган жылкы болуптур. Санжырачылардын айтымында, ал дайыма душман менен беттеше келгенде каршылаштын дене мүчөсүнө тиш салып жулуп алчу экен. Ошондон улам ага Тиштээк Тору деген ат илээшет. Атүгүл Атаке баатырды жандап жүргөн бир акын мындай деп ыр жаратканы бар: «Бишкек келатат,/Бишкекти көтөрүп Тиштээк келатат./Калмактын кара калпагын/ Калдайтып тиштеп келатат/.»

Негизинен Бута баатыр өзү менен беттешкен баатырлар менен кармашууда найзасына төрт жолу бишкекти улаштырып чыккандан улам ага Бишкек деген ысым оогондой… Ал өзүнүн ишенимдүү жигиттери менен кол курап, душмандарын Кытайдын чегине чейин кууганы айтылат. Кийин казаттан чарчаган жигиттери менен Аксы жергесине кайтып бара алышпай, Чүйдүн Аламүдүн суусун бойлоп отурукташканы боюнча гана маалыматтар менен тааныштыгыбыз бар.

Ошондон улам тарыхчы, санжырачыларга собол узаткыбыз келет: Эгер Бишкек баатырдан экөө болгону чын болсо, борбор шаарыбыз кайсы баатырдын атын алып жүрөт?

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 10.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий