Кыргыз улутунун түп тамырларын кимдер кыркып, элибиздин этникалык пайдубалын кимдер кемирип жатат?

МАНАСТЫН КҮМБӨЗҮН КАЙТАРГАН КУМАЙЫК

(Мамлекет жетекчилеринин жана Жогорку 
Кеңештин депутаттарынын эсине)

(Башы өткөн санда)

Япондук билим берүү системасы өз жаштарын эки чоң багытта — дүйнөлүк илим-билимди өздөштүрүүнүн жана япондук рух-дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоо философиясына таянат. Япониянын бир өзгөчөлүгү — ар бир мектебинде сөзсүз пианино ж.б. музыкалык аспаптар турат. Кайсы бир аспапта улуттук музыканы ойной билүү — ар бир япондук баланын ар намысы. Мектептеги «мораль» аттуу сабакта улутуңду тааны, адегенде япон бол, анан дүйнө маданиятын тааны деп окутат. (Караңыз, А.Жумагулова. Школьное образование Японии — Бишкек, 2005, 71-бет).

Кыскасы, бөлөк өлкөлөрдүн расмий документтеринде демократиялык идеалдар менен катар жаштарды өз улутунун, өз мамлекетинин баалуулуктарына тарбиялоого багыттар ачык-айкын көрсөтүлөт. Башка мамлекеттер мына ушинтип өз мекенинин ичинде өз идеологиясын чечкиндүү жүргүзүп, өз территориясында өз укугун бекем орнотуп, балдарынын биздегидей «башы жок бака, көзү жок көгөн» болуп, ар кимдин таасирине «мурунтуктатып», туш келди баспай, өз улутунун дөөлөттөрүнүн нугунда атуул болуп калыптанышына камкордук көрүп, өз калктарынын кызыкчылыгынын сакчылыгында сагызгандай сак жана бекем турушат. Маселен, ошол эле Түркияда эгер түрк кызы чет өлкөлүктөргө турмушка чыга турган болсо, ал кызды Түркиянын граждандыгынан ажыратып, мекенинен чыгып кетишине жана кайра Түркияга кайтып келишине тоскоолдук жараткан мыйзамдык база иштелип чыккан. Ушундан улам түрк кызынын чет өлкөлүккө турмушка чыгышы өтө сейрек кездешет. Түрк улуту 50-60 миллион болсо да, Түркия мамлекети өз калкынын сакталышына ушундай жолдор менен кам көрөт. Чындыгында эле, мамлекет өз улуту үчүн ушинтип кам көрбөсө, карапайым масса биздин Кыргызстандагыдай чачылып кетиши мүмкүн го. Кыргызстанга карап көрөлү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында 2011-жылдын ичинде эле кыргызстандык 911 бийкеч чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан. Анын ичинен АКШга 35, Германияга 13, Түркияга 66, Казакстанга 53, Россияга 355, Өзбекстанга 53, Тажикстанга 31, Кытайга 19, Түштүк Кореяга 151, Түндүк Кореяга 43 («Политклиника» газетасы 5.04.2013) бийкеч күйөөгө кеткен. Мынакей, улуттук бекем тарбия албаган кыздарды эркинсиңер деп ээн-жайкын кое берген «жапайы» демократиянын натыйжасы. «Ай дээр ажо, кой дээр кожо жок» болуп, мамлекет элди таштап койсо, ушундай боло берсе, кыргыз улуту көбөймөк турсун, мындан ары күзүндөгү тартылган суудай сан жагынан улам азая берип, ээси жок тоо-ташта ээн калган отордой болуп, калкыбыз акыры туш-тушка чачылып, жок болуп кетиши да мүмкүн. Кыргыз мамлекети өзүнүн улут турмушун регулировкалоочу функциясын кескин активдештириши зарыл.

Ал эми Малайзияда улуттар аралык ынтымакты жана малай улутун сактоо үчүн жарандардын бөлөк диндерге өтүшүнө тыюу салынган. Алдыңкы өлкөлөр демократия деген нерсе өлкөнүн ичиндеги тартип жана жоопкерчилик, улут бүтүндүгүн сактоо кызыкчылыгы менен байланышканда гана түшүм берерин жакшы туюнушат. Демократия демократия үчүн эмес, ал улуттун сакталышына жана улуттук иденттүүлүгүн жоготпой, алдыга карай арыштап, өнүгүшүнө кызмат кылыш керек. Ушундай философияны биз кыргыздар качан тутунуп жашайбыз, качан ойгонобуз?

Өнүккөн өлкөлөр тарбия институтун унуткарган, аны таназар албаган, тарбия ишинин тизгинин стихиянын колуна карматып койгон мамлекет Кыргызстандагыдай адеп-ахлак башаламандыгына жол ачаарын жакшы түшүнүшөт. Ал өлкөлөрдө таалим-тарбия маселеси стратегиялык маселе катары ар дайым мамлекеттин көңүлүнүн чордонунда турат. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Коомдогу өтмө-катыштык жол-жобосун жүзөгө ашырып турган улуу феномен-тарбия механизми аркылуу гана коом — коом катары сакталып турат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт.

12. ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? ЖЕ ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ОСУЯТЫ

Кыскасын айтканда, коомубузду каптаган адеп-ахлак кризисинин шартында эгемендүү кыргыз мамлекети өлкөдөгү тарбия институттарына так багыт, нуска болуп бере тургандай улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий, адептик-ыймандык нарктарга негизделген таалим-тарбия стратегиясын, концепциясын кечиктирбей иштеп чыгып, анын негизинде узак мөөнөттүү тарбия программасын, практикалык иш-чаралардын комплексин кабыл алышы күн тартибинде турган зарыл милдет. Мына ушундай олуттуу кадамга КРнын Президенти А.Атамбаевдин «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө» ЖАРЛЫГЫ (Бишкек ш., 2012-ж.,27-январь) негиз берип турат.

Бир баласын баптист кылып, экинчисин буддист кылып, үчүнчүсүн христианин кылып, кыргыз үй-бүлөсүнүн нравалык негиздерин талкалап жаткан же чет өлкөлүк диндик секталарга кыргыз мамлекетинин катуу мамилеси болуш керек. Ошондой эле, турмушубуздун башка сфераларындагы ар кандай демократиялык ураандарга жана «гумандуу жардамдарга» жамынган чет жактык миссиялардын аракеттеринин ички мотивацияларын да тикийип көзөмөлгө алуу кажет. Биздин өлкөдөгү ар ким кайсы динди тутса өз эрки деген жобо жарандарынын улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүсү өнүкпөгөн Кыргызстандын шартында тескери натыйжаларды берүүдө. Кыргыз мамлекети өз жарандарынын туш-тушка чачылышына, «өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илишине», «башы жок бака, көзү жок көгөн» болушуна каршы бөгөттөрдү коюп, аларды адашуудан жана камгак сыяктуу ар жакка тоголонуудан коргоочу чараларды көрүүгө тийиш. Катардагы ар бир жарандын Манас атанын ар намысына ээ болушуна жетишишибиз керек.

Т.Сыдыкбековдун «Көк асаба» тарыхый романында эзелки кыргыздардын салтында жаш баланы туулган жердин топурагы менен таткантуу, жалатуу, ал топурактан тумар жасап, мойнуна тагуу ырасмысы болгондугу жазылат. Мындай ырасмынын ушу бүгүнкү күнгө чейин элибиздин ичинде сакталып, колдонулуп келгендигин Бектур Исаковдун фактылар аркылуу далилдеп жазганы бар. Бул ырасмынын сыры жана өзгөчөлүгү анын педагогикалык терең маңызында жатат. Кыргыздар мына ушинтип, адам баласынын башаты, башталышы туулган жерде экендигин балага туйгузууну, билгизүүнү анын кенедей кезинен баштаган. Дагы бир жолу айталы, кичинекей кулунчакка, «туякка», тукумга биринчи иретте, башатты, тамырды таанытуу, эстутумду түптөө кыргыздардын таалим-тарбия системасында өзүнчө бир айныгыс мыйзам катары жашаган. Бекеринен «Манаста» «айтып берчи кулунум, ата-бабаң айылыңды, ары түбү дайыныңды» деп айтылбайт. Кыргыздардын педагогикалык философиясында бала өз бир боор эл-жеринин кыртышынан тамырлап, чынар дарак сыяктуу бүчүрлөп өсүп чыгууга тийиш, башкача айтканда, өз улутунун топурагынан «программаланып» чыгышы керек. Ошондо гана ал өз элинин адамы, азаматы боло алат. Ошондо гана анын дүйнөлүк баалуулуктарды өздөштүрүүсү түшүмдүү болмок.

Советбек Байгазиев, Филология илимдеринин доктору,
«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.04.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий