Темир БИРНАЗАРОВ, режиссер: «Бизде киноиндустрия эмес кинобазары түптөлдү»

t_birnazarov— Темир мырза, бүгүн Кыргызстанда ат тезегин кургатпай улам бир жаңы тасманын бетачары өтүп жатат. Мындан улам бизде кино индустриясы өнүктү десек болобу? Ушул тармакка бир саресеп салып берсеңиз?
— Мурунку кинонун өкүлдөрү дайыма өткөн кезин кусалык менен эскерип жүрүшөт. Туура, жакшы жетишкендиктер болгон. Бирок ал кезде мамлекет бул тармакка миллиондогон каражат жумшаган. Баарыбыз эле билебиз, ал кездеги маданият менен искусство ошол кездеги саясаттын идеологиялык куралы болуп турган. Албетте, режиссерлор да ошол система менен иштеген. Алар тарткан кино бүткүл он беш республиканын бирдиктүү кино прокатынан керек болсо коомчулукка таңуулоо жолу менен көрсөтүлгөн. Андыктан ал кездеги кээ бир режиссерлордун «менин түкүнчө деген тасмам мамлекетке мынча миллион пайда алып келген» деп мактанышы туура эмес.

Союз кулагандан кийин бул тармак тунжурай түштү. Кино базарынын аудиториясы тарыды. Кино базар майда бөлүктөргө ажырады. Эң башкысы, союз тарагандан кийин кино мамлекетке идеологиялык курал катары кереги жок болуп калды. Атургай искусство катары да кереги жок болуп калды. Биз базар экономикасына багыт алдык. Материалдык кызыкчылыктар жогору турган өлкөдө ар бир нерседен акча жасаларын баарыбыз жакшы билебиз. Анан бара-бара тунжурай түшкөн улуттук кинобуз бир топтон кийин барып элдир-селдир эсине келе баштады. Бирок кино тармагыбыз оңолуп кеткен жок. Тактап айтканда, кинону товар катары пайдаланса болорун билгендер чыкты. Андыктан кино искусство катары эмес эң биринчи кезекте товар катары өнүктү. Биздин жапайы рынокто эмне кылсаң да акча тап деген маселе биринчи орунга чыгып калбадыбы. Бирөөлөр мал-келин сатып кирди, бирөөлөр денесин сатып кирди дегендей. Ушундан улам азыр биздин ички рынокто кино тартуу, аны сатуу мода болуп турат. Бизде азыр кино индустриясы өнүктү дебей эле кино базары түптөлдү десек чындыкка жакын болот.

— Ошентсе да биздин кээ бир режиссерлор чет элдик сынактарга катышып жакшы байгеге ээ болуп келип жатпайбы?
— Бүгүнкү күндө кино ички рынок үчүн, тактап айтканда акча табуу амалы менен жана автордук кино деп экиге бөлүнөт. Ошол автордук кинолор сыртка чыгып байге алып келүүдө. Бул жакшы көрүнүш. Ал эми союз учурунда кээ бир жакшы фильмдер сыртка чыгуу укугун ала алышкан эмес. Тактап айтканда, ал кезде өзүн улуу деп эсептеген элдин таман алдында калган.

— Коомчулукта Актан Арым Кубат баштаган режиссерлор баш байгеге жетиш үчүн чет өлкөгө кыргыздын жаман жагын көрсөтүп анан жеңишке жетишип келет деген көз караштар бар. Сиз бул боюнча эмне дейсиз?
— Биз бул маселени чет элде өткөн кароо-сынактардын калыстар тобунда кимдер отурганынан улам эле билип алсак болот. Анын баары интернетке жарыяланат. Мен карап көрсөм дүйнөлүк кино сынактарынын калыстар тобу дүйнө жүзүнө белгилүү рухий лидерлерден, режиссерлордон түзүлөт экен. Мисалы, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Берлинде өткөн кинофестивалдын калыстар тобунун мүчөсү эле. Мындан сырткары биз билгенден алардын арасында азыр орустун көйкашка акыны Евгений Евтушенко бар. Анан ушундай инсандар кайсы бир элдин жаман жагын көрсөтсө эле аны тарткан режиссерго баш байге берип коюшабы? Өзүң элестетип көрчү, мындай болбойт. Булар дүйнөгө жаңыча караган, өз алдынча ой жүгүрткөн, кинону нукура искусство деп түшүнгөн, эпизоддорду, кадрга түшкөн ар бир майда-барат буюмду да сүйлөтө билген кинолорду гана чыгарма деп эсептейт. Албетте, ал тасма эң башкысы коомго улуу гумандуулукту алып келиш керек. Улуттарды чабыштырган маселе болбоого тийиш. Ошондой кинолорду гана дүйнөгө жайылтууга болот. Андан кийин формасына, жанрына карашат. Жаңы стиль болуш керек. Дүйнөлүк фестивалга катышууда ушул сыяктуу критерийлер бар. Мен андыктан жогоруда сен айткан сөзгө кошулбайм. Мындай сөздөрдү фестивалга катыша электер айтып жүрөт.

— Ошондо биз азыркы кыргыз киносун касса үчүн, анан фестиваль үчүн тартылган кинолор деп экиге бөлсөк болот экен да…
— Мен чыныгы чыгармачылык менен тартылган кинолорду жалаң эле фестиваль үчүн тартылат деп эсептебейм. Нечендеген мыкты кинолор фестивалга жетпей эле, бирок мыкты чыгарма катары сакталып жүрөт. Мисалы, Төлөмүш Океевдин «Бакайдын жайыты» деген киносу керемет эмеспи. Биздин ата-бабабыздан бери келаткан улуу салт-санаабыздын, көчмөн цивилизациябыздын аксакалдар менен тарыхка сиңип баратканын, ал эми атчан жаш балдардын талкаланган улуу көчмөндүк турмуштан суурулуп чыгып Европанын жардырууга, күрүлдөгөн илимий-техникасы бар агрессивдүү жаңы цивилизациясына аралашып кетип жатканы элестүү тартылган эмеспи. Улуу шедевр. Менимче ал Оскар сыйлыгына татыган бардык кинолордон бийик турат. Бирок бул кино эч кандай фестивалга катышкан эмес. Бирок чыгарма катары жашай берет. Демек кинону базар үчүн жана искусство үчүн тартылган кино деп гана экиге бөлүш керек.

— Биздеги кинону искусство катары карагандардын катары качан калыңдайт?
— Жана айтып кеткендей азыр биздеги кинолордун көбү товар катары гана тартылып жатат. Ал эми тилекке каршы кинону искусство катары баалагандар, автордук кино тарткандар аз. Мамлекет бул тармакка акча бөлгөндө гана кинону искусство катары кароо өнүгөт. Мисалы, мен эгер кино тартам десем андан канча акча табам, кеткен чыгымымды кайтарып аламбы деген суроолорго баш оорутпашым керек. Себеби мамлекет менин эмгегиме төлөп берип жатат да. Мындай кезде менде сүрөткер катары жакшы чыгарма жаратыш керек деген гана кызыкчылык калат. Анын формасын, тилин, мазмунун карайм. Ар бир эпизод менин кан-жаным, акыл көрөңгөм, дүйнө таанымым, талантым менен жуурулушуп жаралат. Айтор автордук тасма жаратууда режиссер анын чыгарма катары көркөм баалуулугуна басым жасайт. Көзгө гана көрүнүп, бирок жандүйнөгө күч келтирбеген эпизоддордон качат. Бул — автордук кино, бул — искусство. Ал эми базар үчүн тартылган кинолорго эч качан чек кое албайбыз. Себеби алар өздөрүнүн акчасына тартып жатат. Ар ким өзүнүн акчасын каякка коротушту өздөрү билет. Бул эми гезит чыгарган сыяктуу эле кеп да. Биз аларды кинобизнесмен деп айтсак болот. Булардын арасына орустун атактуу режиссерлору Тимур Бекмамбетов, Федор Бондарчук да кирет. Мен кинобизнесмендер тасма тартып келдик десе «ай балдар, силер кино тарткан жоксуңар, силер тартабыз деген сюжетти камера гана тартып атат. Ал эпизоддордо тереңдик, философия, көркөм баалуулуктар жок. Болгону эле актерлор ары-бери чуркап, бирин-бири өлтүрүп, бири-бири менен сүйүшүп жүрөт» деп айтып келем. Чындыгында эле ошондой. Булардын баары кайра-кайра колдонула берип жешилип бүткөн сюжеттер. Кинодо жаратып жаткан тасмаңа жөн гана кыймыл-аракет катары техникалык мамиле жасап койсоң да, чындап жандилиңди берип, көрүүчүнүн жүрөгүн, дилин, жандүйнөсүн козгогон маселелерди чагылдырсаң да болот. Көрүүчүнүн жүрөгүнө жетүү деген экранды канжалатып, же дагы башка бир окуялар менен элдин үрөйүн учуруу эмес, ар бир окуя менен Ала-Тоодой бийиктикти, Ысык-Көлдөй тереңдикти туюнтуу. Ал эми ошол эле көркөм баалуулуктарды жаңы стиль, жаңы каражат, жаңы тил менен берүү да өзүнчө чоң түйшүктү, чыныгы талантты талап кылат. Режиссер акын сыяктуу төрөлгөндө эле режиссер болуп туулуш керек. Окуп акын болуу мүмкүн эместей, билим менен режиссер болуп атактуу кинолорду тартышың мүмкүн, бирок чыныгы чыгарма жарата албайсың.

— Сиз өзүңүз да шакирт тарбиялагандай болуп жүрөт элеңиз…
— Менин таланттуу шакирттерим бар. Бирок өтө эле аз. Алардын алды чет өлкөдө өткөн сынактарда баш байге алып калышты. Былтыр кино тартам дегендерди жыйнап «эмне максат менен режиссер болгуң келет, эмнеге менден окуюн дедиң?» деген темада сүйлөшүп отурдум. Бир жигит менин «Белгисиз маршрут» деген тасмамды аябай мактап, укмуш тартылган, мага ушул тасмаңыз аябай жагат деди. Мен ушунун жүрөгүндө бир нерсе бар го, ушундан режиссер чыгат окшойт деп ойлоп, анын баш терисин байкоо үчүн «Белгисиз маршруттан» эмнени түшүндүң? Кандай таасир алдың?» деп сурадым. Курган бала «сиз бул фильм менен айыл жерине автобус жетишпей жатканын укмуш чагылдыргансыз» деп жатпайбы. Тууй ата… Күлкүң келет. Бирок аны күнөөлөгөнгө болбойт. Негизи кинону ар ким ар кандай түшүнөт. Бирок аталган тасма боюнча мындай ой жүгүрткөн талапкерден режиссер чыгышы мүмкүн эмес. Мастер класска башында толтура келип, бирок кийинчерек акырындап бир-бирден кетип отуруп эч ким калбады. Бир-экөө режиссер деген эмне, кино тартуу деген эмне экенин билгенден кийин «бул биздин ишибиз эмес экен, кечириңиз» деп кетип калды. Эми окутканда биз талапкерлерди техникалык жактан эле даярдайбыз. Эгер анын өзүнүн түпкүрүндө эч нерсе жок болсо аны мыкты режиссер кыла албайбыз.

— Акыркы кезде мурда ырчыларды таптап келген продюсерлер эми режиссер болуп чыга келди. Бул нормалдуу эле көрүнүшпү?
— Негизги маселе эле жогоруда айткандай акча табуу. Ырчыларды таптоо азыр кирешелүү болбой баратат окшойт. Ошондуктан продюсерлердин көбү кино тармагына ооду. Продюсерге акча эле болсо болду да, калганын уруп ойнобойт.

— Сиздин «Белгисиз маршрутуңуз» көп жерлерде көрсөтүлдү. Өзүн-өзү актадыбы?
— Аны мен мамлекеттин акчасына тарткам. Автордук кином. Өзүмдүн тиешелүү калем акымды алгам. Менин милдетим ал кинону тартып бүтүп аларга өткөрүп берүү гана болгон. Андан кийинки иштер мамлекеттин иши.

— Азыр кино тарткандар сулуу жашоону чагылдыра баштады. Кымбат үй, кымбат машина, кымбат жашоо ж.б. Мунун жакшы жагы барбы?
— Эми анын ошол кинодогу чагылдырыла турган мазмунга тиешеси болсо, албетте керек. Чынында бул кинонун сырткы кабыгы эле да. Азыр мен тартып жаткан фильмде да кычыраган үйлөр, кычыраган автоунаалар бар. Бирок анын артында көз жаш, арман, коркунучтуу жашоо, ыпластык. Кычыраган сулуу турмуштун артын да көрсөтө билиш керек.

— Азыр кайсы кинонун үстүндө иштеп жатасыз?
— Аяктап калдым. Бул көркөм тасмамдын аты «Түбөлүк колукту» болчу. Бирок тасма тартылып бүткөндөн кийин атын өзгөрткөнгө туура келди. Азыр атын тактай элекмин. Тасманын Айтматовдун чыгармасына тиешеси жок.

— Так ушул учурда сизди чыгармачыл инсан катары эмнелер ойлонтуп жүрөт?
— Албетте, парадокс. Бирок кээде өлүм да айрым адамдарга тынчтык, жайчылык алып келет. Мисалы, кээ бир бейжай, айылына тынчтык бербеген жаман адамдар каза болсо көптөр кубанат, чынбы? Мыкты адамдын көзү өткөндө деле анын айынан жол тийбей, кызмат тийбей жүргөн кээ бир адамдар тымызын кубанышы мүмкүн. Мен кээде ушул теманы тарткым келет. Ошол эле учурда сүйүү бизге бакыт алып келет дегендер да жаңылышат. Бул сезим баарыбызга эле бакыт алып келе бербейт. Анын артынан кайгы, арман, керек болсо өлүм келиши да толук мүмкүн. Кыскасы, менин көз карашымда өлүм менен кубаныч, сүйүү менен арман дайыма бирге жүрөт. Ошондуктан сүйүүмдү тапсам эле, же ага жетсем эле бактылуу болмокмун деш туура эмес. Азыр канчалар так ушу сүйүүнүн айынан бактысыз болуп жүрөт.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.04.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий