Айбек Жангазиев, Д.Садырбаев атындагы Кыргызтелефильми студиясынын жетекчиси: «Имаратыбыз жыйырма жылдан бери оңдоло элек…»

a_jangazievАйбек мырза, бир топ жылдан бери Дооронбек Садырбаев атындагы Кыргызтелефильми студиясын жетектейсиз, аталган студияга Д. Садырбаевдин аты берилгендигине аз эле болду. Ага чейин болсо студияга мамлекет тарабынан тиешелүү деңгээлде көңүл бурулган эмес эле. Азыр кандай көңүл бурулуп жатат?
Азыр деле эч кандай көңүл бурулган жок. Студиянын ачылгандыгына быйыл 45 жыл болду. Мындан жыйырма жыл мурун ремонттогон элек, ошондон бери ремонттой элекпиз, 45 жылдыгыбызга карата эки жактан коноктор келет, аларды жакшы тозуунун аракетинде учурда демөөрчүлөргө кайрылып, алардын берген акчасы менен жок дегенде имараттын ичи-сыртын шыбап, ремонттоп коелу деп жатабыз. Ошондой эле өкмөттөн акча бөлдүрүп берүү үчүн ЖКнын депутаты, Дооронбек агабыздын бир тууган карындашы Гүласал Садырбаева Маданият жана туризм министрлигине кайрылган, аталган министрлик жардам береби, жокпу азырынча белгисиз.

Толук ремонттоп чыгуу үчүн жалпысынан канча каражат кетчүдөй?
Төрт миллион сом болсо эле жетмек, андан ашык акчанын деле кереги жок.

Кино тартуучу апараттардын абалы кандай?
Аппараттарыбыз эски, жаңы аппаратыбыздан болгону экөө бар, эки аппарат эч нерсеге жетпейт экен, ошентсе дагы эптеп жеткирип, колубуздан келишинче кинолорду тартып жатабыз. Мисалы былтыр толук метраждуу көркөм тасмадан экини тартсак, кыска метраждуу көркөм тасмадан ондон ашык тартканбыз. Буюрса быйыл дагы ошончо тартсак деген оюбуз бар. Андан тышкары быйыл сериал кино тартууну дагы көздөп жатабыз. Сериалдын сценарийи толугу менен жазылып даяр болгон. Азыр чоңдорго, демөөрчүлөргө кайрылып, акча издеп жатам. Ошондой эле эки мультфильмдин сценарийи жазылып даяр болгон, аны дагы тартышыбыз керек. Мультфильм тартуу негизи абдан оор, акчаны дагы көп талап кылат, эгер өкмөт жардам берип, каражат болсо, мыкты мультфильмдерди тартсак болот.

Тарткан кинолоруңуздар КТРК аркылуу көрсөтүлүп жаткандан кийин кинонун тартылышына мамлекет жардам бериши керекпи?
Негизи мамлекет жардам берип, каржылашы керек болчу, бирок жардам берген жок. КТРКнын берген каражаты эч нерсеге жетпейт экен. Мамлекеттен болгону айлык алабыз, андан башка эч кандай каражат берилбейт. КТРКга ким жетекчи болуп келбесин, «аталган студиянын эмне кереги бар» деп жоюп жибергилери келишет. Буга чейинки жетекчилердин баардыгы тең ошентишкен. Ошол себептен, аталган студияны кармап калуу максатында студияга Дооронбек агабыздын атын ыйгардык.

Азыркы жетекчи Кубат Оторбаев, антпей элеби?
Кубат анте элек, эгер Дооронбек аганын аты коюлбаганда ал деле ошентмек болуш керек.

Кандай кинолорду тартып жатасыздар, сиздердин кинолор менен, коммерциялык негизде тартылып жаткан кинолордун айырмачылыгы эмнеде?
Биз негизинен тарбиялык мааниси жогору, көркөм кинолорду тартабыз. Биз коммерциялык кинолорго окшоп, тарткан кинобуздан эч кандай акча таба албайбыз, эптеп акча таап тартып, аны КТРК аркылуу коомчулукка бекер тартуулайбыз.

Кинонун сценрийлерин кимдер жазат?
Жазган балдарыбыз бар. Драматург, жазуучулар жазган чыгармаларын алып келишет. Аны Генадий Базаров баш болгон режиссерлор отуруп алып талдайбыз, ошентип анан баардыгы даяр болгондон кийин кинону тартабыз.

Актер, актрисалар деле бекер тартылып бере бербесе керек?
Албетте аларга өзүнчө акча төлөйбүз. Бирок, Дүйшөн Байдөбөтов, Замир Сооронбаев сыяктуу артисттер бекер эле тартылып беришет. Аларга мен түшүндүрүп айтам, «байкелер ушундай акчам жок, тартылып берип койгула» деп, алар, макул болуп тартылып беришет.

Учурдагы тартылып жаткан кинолорго режиссер катары кандай баа бересиз?
Учурда кинолор абдан көп тартылып жатат, жакшысы да бар, жаманы дагы жок эмес. Мен деле эки жыл мурун элге окшоп, коммерциялык негизде кино тартсамбы деп ойлоп, бирок тарткым келген жок. Себеби аны тартып баштасак, башка иштерибиздин баарын токтотуп, бир гана ошол кинонун үстүндө иштешибиз керек экен.Анын үстүнө аталган кинолордун көбүн жаш балдар тартып жатышат. Режиссердун окуусун окуганы деле, окубаганы деле тартып жатат. Тарта беришсин, аларга биз эч убакта каршы болбошубуз керек. Кээде ошол тартып жаткан жаш балдар чакырышат, «байке келип, киномду көрүп кетпейсизби» дешип. Барып көрүп, өз баамды берем. Буга чейин бир балага киноң жакшы болбой калыптыр десем, жакшы эле деп такыр болбой койгон, өткөндө келиптир, «байке мен жаштык кылыптырмын, чын эле сиз айткандай менин кином жакшы болбой калыптыр» деп. Андыктан, биздин милдет, жаш режиссерлордун билбеген нерсесин үйрөтүп, аларга жардам гана беришибиз зарыл.

Убагында Дооронбек Садырбаев менен бирге жүрүп, «Ак баранын көз жашы», «Кайран эл» «Махабат дастаны» кинолорун бирге тарткан экенсиздер, Садырбевдин чыгармачылык таланты боюнча эмнелерди айта аласыз?
Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовду кылымда бир жаралган инсан деп айтып жүрбөйбүзбү, анысы сыңары Дооронбек байке деле кылымда бир жаралган инсан болчу десем жаңылышпайм. Дооронбек агага Кудай талатты ченебей берген эле. Өзгөчө кино жаатында. Өкүнүчтүүсү Дооронбек ага саясатка аралашып кетти. Эгер саясатка аралашпай, режиссер бойдон калганда анда баардыгы башкача болмок беле деген ой келет. Мен Дооронбек ага менен 1979-жылы тааныштым. Анда ал кыргызтеле­филим студиясын жетектеп, кинолорду тартып, атагы таш жарып турган кези болчу. Бала кезимден эле режиссер болууну самачу элем, Университетте окуп жаткан жеримен эле Дооронбек агага келип, студиясына иштеп алгам. Атам раматылык Муса Жангазиев режиссер болуума каршы болуп жүрчү эле, Дооронбек ага менен иштеп жатам десем, «иштей бер»- деп каршы болгон эмес. Дооронбек ага анда мени эле, азыркы бир катар белгилүү режиссерлорду тарбиялап өстүргөн. Баарбызга тең бирдей мамиле жасап, кинонун тартылышы боюнча ар бирибизге эринбей түшүндүрүп берээр эле. Турцияга чогу барып, ал жакта дагы бирге иштеп келдик. Режиссер кезинде кайда барса, мени жанына ала жүрөөр эле. Кыскасы Дооронбек ага менин бир тууган агамдай эле болчу. Өмүрүнүн акырына чейин экөөбүз бир туугандай болуп жүрдүк.

Студияга атын берүү боюнча демилгени сиздер көтөрүп чыктыңыздарбы, же өкмөт өзү эле билип ыйгардыбы?
Бийлик алмашкандан кийин Роза Отунбаева башында турган Убактылуу Өкмөткө кайрылып жатып ыйгартканбыз.Негизи аталган студияга Дооронбек аганын аты эбак эле берилиши керек болчу, бирок, тилекке каршы берилбей келген да.

Маектешкен Мирлан Алымбаев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.05.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий