«Байыркы дүбүрттүн күлүгү, азыркы түйүндүн учугу»

sayakbai_karalaevБир кылым илгери, 1894-жылы жарык дүйнөгө келген улуу рапсод, «байыркы дүбүрттүн күлүгү, азыркы түйүндүн учугу» (Ч.Айтматов), кыргыз кулуну Саякбай Каралаев өзүн башкалардан сөөмчө өйдө санабай жашаган нукура жөнөкөй инсан болгон. Пендечиликтин ысык да, суук да үзүрүн бирдей бөлүшүп көтөрүп, эл-журт ичинде жетимиш жети жыл өмүр сүрдү.

Саякбайдын атасы Карала өзгөчө момун, жоош киши болуптур. Мал союлган жерден калбай же ырым кылганбы же уулун ушунча жакшы көргөнбү, айтор, «Саякбайыма бир нерсе бергиле, ооз тийгизип коёюн» — деп, кол кесер сурамжылап жүрчү экен. Көрсө, жакырчылыктын каамытын сүйлөгөн бечара өзүм, туугандарым жарыбаса да, көкүрөк күчүгүм таалайлуу болсо экен деп, астейдил тилек кылган көрүнбөйбү. Карала чоң ата уулу байлык да, мансап да ээси эмес, жараткан кудайдын бир өзүнөн алган — кызыл тил өнөрдүн эгедери болоорун аталык дилинен боолголоп, сезген таризденет!

Жокчулук — кедей үй-бүлөнү ташка да, түзгө да салат. Көл аягынан башына көчүп барышат. Үркүнгө катышат. Кайра көл аягына кайтып келишет. Кыскасы, кылым башындагы бул жердеги кыргыз баласы туш келген капсалаңдуу окуялардан оолак калышпайт.

Геолог Жапар Кенчиевдин эскерүүсүнө караганда, Саякбайдын «Манасты» айтуусу дал ушул Балыкчы шаарына маңдайлаш Семиз-Бел тоолорунун ичинде бир таңгалыштуу окуядан улам болуптур. Ал «бирөөдөн үйрөнүп алып манасчы болууга мүмкүн эмес» — деген эл арасында кеңири тараган ишенимди ого бетер ырастап турат. Атасы бекетчи болуп конгон азыркы Орто-Токой суу сактагычы турган чөлкөмдөн Семиз-Белге жарамазан айтып барган Саякбай, жалгыз кайтып келатып «Бектендин булагы» деген жерден ачуу-заар үндү эшитет. Он эки канат үйдөй чоң таш бар эле, анын ордуна чоң ак боз үй пайда болот. Эси ооп жыгылып, эс-мас неме ошол боз үйгө кирип «Чоң казатка» аттанып бараткан кырк чоронун кешигинен ооз тиет. Үй ээси — аял «коркпогун, балам» деп эркелете карайт… Аңгыча зор аттарды минишкен алп кишилер пайда болот да, «алтын кемер курчанган, аппак жүзүн нур чалган» Бакай карыя баарын бирден тааныштыра баштайт.

Алмамбет, Чубак, Сыргакты айтып, Семетей, Сейтекке чейин тааныштырып чыккандан кийин Бакай Саякбайдын оозун ачтырып таруу куят, анысы таруу эмес эле кум болуп чыгат… «Эми, балам, беш жылдан кийин «Манас» айтасың», — деп ал көздөн кайым болот. Ойгонуп эсине келсе айлана жымжырт, аты жанында оттоп турат…

Кийин Кызыл Армиянын курамында согушуп жүргөндө таңга жуук Айсарала аты минген Алманбет жолугат. «Манас баатырды эл ичинде айтып чыгууга убакыт жетти!» — деп, ал Саякбайдын оозуна баягы Бакайдай таруу куят. Бул жолу чын эле таруу экен, аны күймөлбөй жутат. Өңү же түшү болгонун ажырата албай калат…

Неси болсо да, бизге бир эсе салыштырмалуу жакын жашаган Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай менен катар эле Саякбай да илим тилинде али чечмелене элек жаратылыштын табышмак-сырдуу окуяларын баштан өткөргөнүнө шек кылууга болбойт. Ырас эле, «Манасты» бирөөдөн үйрөнүп,жаттап алып айтууга мүмкүн эмес! Анда албуут дарыя соолуп-соолуп отуруп, жолдогу чөөт тариздүү болуп калбайбы…

Менимче, Манаска ишенүү — индустардын йогдорунун күнгө жалынып, эч күч, колдоосуз эле жогору көтөрүлүп, эркин кыймылдаганындай кеп. Адам аң-сезиминде тышкы дүйнөнү унутуп, образ жана элестөөлөр дүйнөсүндө өмүр сүрүүсү кыргыз турмушундагы угуучу аудиториянын талабынан жана өзгөчөлүгүнөн да келип чыккан сыяктанат. «Манаста» болуп жаткан окуялар кайсы бир деңгээлде чыныгы турмушта кездешкен. Көп жылдар бою калмактарга, кытайларга каршы айыгышкан согуштун зардабы кечээги эле 1916-жылдагы үркүндө элибизге мүшкүл болуп кайталанбадыбы.

Сакемдин «легендарлуу эпиктик» (М.Ауэзов) мурасы жөнүндө көп эле айтылды, көп эле жазылды. Анын алптыгы ушунда, радиодон же телевизордон тигил же бул манасчыны көрүп-укканда, «аттиң, Саякбайдай айтпайт экен» деп этек күбүнүп туруп кеткен улуу муундагыларды далай эле көрдүм. Биз көбүнесе анын улгайып калганда айткан «Манасын» эшите калып жүрөбүз, а баралына келип, дүйнөнү алаканда кармап тургандай толкуган жаш кезинде не деген кызыл өрт болгонун элестетүү кыйын. Ушул жагынан анын бизден 50-60 жыл илгери жашаган замандаштарына суктанбай коюуга мүмкүн эмес.

1929-жылы казак жеринен кодуланган Мухтар Ауэзов Сакемдин туулган жеринде баш пааналаганын бардыгы эле биле бербес. Ыраматылык профессор Анварбек Хасанов бул туурасында көп айтып калаар эле. М.Ауэзов Ак-Өлөң, Оттук айылдарына келип, экөө бирдей граждандык согушка катышкан, экөө бирдей кыргыз элине таанылып, бири — манасчылыгы, бири — балбандыгы менен даңазалуу С.Каралаев жана досу Бөлтүрүк (Муса) Чормоновдун таңгаларлыктай баян-таржымалына күбө болот. Сакем да, Бөкөм да Мухтарга теңтуш, ары өз ара тууганчылыгы жакын кишилер эле. Жазуучу ошол келиште океан сындуу «Манас» жөнүндө алгачкы түшүнүк алган, улуу манасчыга жолугуу менен аны терең урматтоо сезими жаралган.

Арадан көп жылдар өтөт… 1988-жылы «Ала-Тоо» журналынын № 8 санына жарыяланган «Манас» жана «Саякбай» деген макаласында философ Азиз Салиев минтип жазат: «Саякбайдын артыкча өнөрүн терең түшүнүп, жогору баалагандардын бири «Манасты» изилдеген атактуу казак жазуучусу Мухтар Ауэзов болчу. Бир жолу Москвага жыйналышка барып калганыбызда ал киши мени көрүп, өзү жакында Ысык-Көлгө барып кайтарын айтты да, Саякбайды кошо ала кетүүгө болор бекен деп сурады. Манасчы менен мурдатан эле жакшы тааныш экенин жана бул жолу аны менен нукура чыгармачылык маселе боюнча кездеше тургандыгын сүйлөдү…»

Көрсө, Мукаң ошондо Сакебизди да, Бөлтүрүк балбанды да, демек, кыргыз турмушун да кыйла камтыган көлөмдүү чыгарма жазсам деген астейдил ниетте жүргөн тура.
«Түрк» деген сөздөн мурда жаралган «кыргыз» этноними залкар «Манасты» баштан-аяк чечмелөөгө түрткү берген талуу маселелердин биринен экенин ушул Сакебиздин мисалынан да баамдап-туюуга эбак эле убакыт жеткен. Муну акылман М.Ауэзов илгертен илгертпей түшүнгөн. Маселен, «Манас» — туруш-турпаты, форма-мазмуну, идея-умтулуусу жагынан нукура кыргыздыкы. Бир гана кыргыз деп ураан чакырат да, негизинен кыргыз урпактары биримдиктүү турууга шык-демөөр байлатат.

«Манас» — биздин энциклопедиябыз. «Манас» — биздин көрүнбөй ээрчип жүргөн рухубуз. «Манас» — бизди душман жанчканда да кан арасынан баш көтөрткөн намысыбыз. Мүмкүн, март жаратылыш ошол рухтун миллиондон бир же миң сан бөлүктүн кыпындай бир үлүшүн дубадай кайталап жүрсүн деп атайы Сакемдей алп таланттарды жараткандыр.

Улуу Кытай сепилин (2400 км) эмне үчүн курушкан? Кимден коргонуш үчүн? Калдайган калың элди кайсы душман мынча бийик жана узун сепилди салууга аргасыз кылды экен? Суроо артынан суроо…

А биз кумдан-таштан сепил салган эмес-пиз. Биздин сөздөн, абийир-намыстан, биримдиктен тургузган сепилибиз эле «Манастай» рухубуз болгон. Ал тарыхы ташка жазылып, кумга катылган байыркы кыргыз ураан-санжырасы. «Чептен эрдин күчү бек» экенин ата-бабаларыбыз ошентип далилдешкен.

Сакемди көрүп-билгендердин урматтап эскерүүсү эле — ага тургузулган баалуу эстелик деп эсептейм. Аны менен кошо бүркүт салышкан иниси Касымбек Усубалиев мындайча эскерет:
— Мен бул улуу кишини атынан айтпастан, ата дейм. Айкөлдүгү ашкан, башкача жаралган адам эле. Өзүнүн ал артыкчылыгын эч качан милдет кылбаган, ары боорукер, ары олуязаада болгон. Азыркы эмгек Баатыры, даңазалуу чабан Кайыр Мукашеваны адеп жаш келин кезинде көргөндө «бул кыздын жакында жылдызы жанат» деп кылчак-кылчак карап, бата берип кеткени бар. Айтканындай эле, кийин Кайыр бүткүл калкыбызга даңазаланды.

Оттук айылында жашоочу бүркүтчү Аркадий Деменчук мындай деген эле:
— Сакем мага да ата болгон. Тоо-ташты чогуу аралап жүрүп, бул кишиден кыргыз тилин, бүркүт таптаганды үйрөндүм. «Манасы» не деген керемет да, не деген шумдук. Орус, кыргыздан мындай олуя адамды көрбөдүм…

Уланта берсек, сөз толуп жатат. Турмуштун өзүндөй жымсалданбаган мүнөзүн эскерүү тек эле көзү өткөн кишиге айтылчу мактоо кептен эмес экенин чын жүрөгүңдөн, чын көңүлүңдөн туясың. Угуп отуруп ага кайсы бир деңгээлде окшошкуң, калыпка салынбай эркин, өз дараметиңдин деми менен жашагың келет. Аныкындай төгүлүп-чачылган илхам кандай чыгармачылыкта болбосун — сүрөтчүлүктөбү, жазуучулуктабы, журналисттиктеби же музыканттыктабы, айтор, ар кандай иш жан-дүйнө тереңин оргутуп, толкутуп турса деген ак тилек сезимди бийлеп келет. Оттой жанбасаң, көлдөй толкубасаң, желдей уйгу-туйгу эргибесең, анда жашоонун эмне кызыгы деп да кыялдана кетесиң.

Мундузбек ТЕНТИМИШЕВ, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери,
журналист, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты
,
«Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2013-ж.

Соц тармактар:

«Байыркы дүбүрттүн күлүгү, азыркы түйүндүн учугу»: 1 комментарий

  • 10.04.2015 в 14:50
    Permalink

    рахмат сиздерге мында да жакшыртыныздар.

    Ответ

Добавить комментарий