Эрнис Турсунов: «Кыргызстан өнүкпөйт десе өлгүм келет»

Белгилүү журналист Сымбат Максутова Эрнис Турсуновдон Мекен, маданият, тил, адеп-ахлак, акын-жазуучулар, Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ойлорун жазып алган. Биз бүгүн жана кийинки сандарда акындын ой толгоолорун жарыялайбыз.

ernis_tursunov_barЭрнис Нурдинович Турсунов 1935-жылы 24-августта туулган. Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен жогорку билим алган. «Булбул», «Жигиттер», «Бийиктик», «Автопортрет», «Бадахшан», «Сүйүү», «Чексиздик», «Жайкы жамгыр», «Ата-Журт», «Балбай жана анын доору», «Таттыбүбү», «Балбай замана», «Боронбай», «Автопортрет», «Ажал айтып келбейт», «Биздин замандын баатыры» ж.б. поэзия жана кара сөз чыгармаларынын, китептеринин автору. Э. Турсуновдун «Айчырайлуу кыздар» («Сулуулар»), «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Эрки күчтүүлөр», «Замандаш», «Баш мээси менен», «Байтик баатыр» сыяктуу драмалары кыргыз театрларына ийгилик менен коюлуп, «Олжобай менен Кишимжан», «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагун» деген опералык либретторлоруна композиторлор М. Абдраев, С. Осмоновдор музыка чыгарышкан. А.С. Пушкиндин «Евгений Онегин» романын, Н.А. Некрасовдун «Русь жеринде ким жыргайт» дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гоголдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский ж.б. чыгармаларын которгон. «Биздин радиотеатр» деген радиоуктурууларга мыкты драмаларды сунуш кылып, классикалык көркөм чыгармаларды фондуга жаздырган. Ал мусулмандардын ыйык китеби «Куранды» жана христиандардын ыйык китеби «Библияны» биринчилерден болуп кыргызчага которгон. Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» деген наамдар ыйгарылган. Адабият жана маданият тармагында ыйгарылчу эл аралык Түгөлбай ата коомунун, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктардынын лауреаты, мамлекеттик бир нече Ардак грамота, башка сыйлыктар менен сыйланган.

Кыргызстан — Ата Мекенибиз

Азамат Алтай аскерден качып барып, Америкада жанын корголоп жашап, өмүр бою Ата мекенин сагынып өттү. Адамда мындан артык трагедия болбойт. Суу алган келиндердин шыңкылдаганы, жылкылардын кишенегени, аттардын дүбүртү, койлордун маараганы, эненин жапкан наны, атанын мал айдаган шаңы Ата мекендин ыйыктыгын билдирет. Ростов-на-Донуда, же Красноярскиде акча үчүн 15-20 кабат үйлөрдү салып жаткан кыргыздар Ата мекенин сагынбай койбойт. Анын үстүнө Кыргызстан абдан сагына турган жер. Түркмөнстанда 40 градус ысыкта «Ата мекен ардагым, арналат сага ырларым» деп ырдашат. Кыргызстан — 40 миң булактардын, 30 миң өзөндөрдүн мекени. Дагы канча мөңгүлөр тоңуп жатат. Булардан атып чыккан шаркыратмалар, жайкалган жашыл төрлөр, көгөргөн көлдөр, өзөндөр эмне деген керемет. Анын арасында сайраган куштардын түрлөрү, тоо, токойдо жашаган жаныбарлардын көптүгүн айтпай эле коёлу, жер астындагы алюминий, вольфрам, алтын, күмүш, көмүр, жез, Менделеевдин мезгилдик таблицасындагы кен байлыктардын баары бар. Кыргызстандан миллионго жакын адам чыгып кетти, «алар башка жакта жыргап жатыптыр» деген жалган сөз. Жыргал Ата мекенде гана болот. Ар бир адам Ата мекени менен жыргаш керек. Анын салты, наркы, бешиктеги ыры, «Шырылдаң», «Бекбекейи», татынакай кыздары менен жашаган адам касиеттүү элдин, Ата мекендин кулу, куну, азаматы болуп тарбия алып, баркына жетиш керек.

Кыргыз тилди сүйлөп, сакташ керек

Экинчи маселе- тилибиз. Кийин киргизилген «бакалавр», «коммерсант», «сутенер», «капитан», «мерседес», «брокер», «диагноз», «олигарх» ж.б. сөздөр кыргыздын лексиконуна кирип, төл сөздөргө айланып кетти. Азыр буларды башкача айтсаң, көп кыргыздар түшүнбөйт. «Олигарх» дегенди, мисалы,»буржуй», «сүткор», «көпөс» десең түшүнбөйт, «магнат», «босс» десең түшүнөт. Капитализм менен бирге бизге мына ушундай сөздөр кирди. Мындан 80,100жыл мурда мындай эмес болчу. 1913-жылы туулган абышканы тирилтип туруп, 18 жаштагы жигит менен кыргызча сүйлөштүрсө, экөө бири-бирин түшүнбөйт. Мисалы, «кыргызча билет» деген жигитибиз искусство жаатында минтип сүйлөшү ыктымал: «филармониянын вокалдык инструменталдык ансамбли «Новый путь» колхозунун клубундагы партиялык активдин конференциясына концерт койду». Мында «койду» деген сөздөн башканын баары — неологизмдер. Абышка анын «конференция», «актив», «концерт», «филармония»деген сөздөрүнө түшүнбөйт. Анткени ал буларды көргөн да, уккан да эмес. Абышка «Жылкыбай чабдарынын чобуруна мангел күрмөп, алабата оргону, шахар өчүргөнү зайыптардын артынан кетти» десе, тиги жигит түшүнбөйт. Булар кыргыздын тилиндегиэле сөздөр болгону менен бирөө архаизм, экинчиси неологизм сөздөрүн колдонгону үчүн бири бирин түшүнбөйт. Тилдин өзгөрүшү, байышы — табигый көрүнүш. Парламентте отуруп алып,»бул — биринчи, бул экинчи тил болуш керек» дегендери туура эмес. Андан көрө кыргыздын өзүнүн сүйлөө маданиятын, нормасын так аткарыш керек. Кыргызда «барайлык», «келейлик», «отурайлык» деген сөздөр жок, «баралы», «отуралы», «келели» деп сүйлөш керек. Сөздөр бай сүйлөнүшү керек. Кыргызча жакшы билбеген, окууну жаңыдан бүтүп келгендер жогорку окуу жайларынын ректорлору, профессорлору болушууда. Алар кыргызчаны да, орусчаны да жакшы билишпейт. Күнүмдүк жашоодо сүйлөшкөндү билет, андан ары кооздоп, туура, так сүйлөй албайт. Кыргыз тили — жоголуп бараткан тил. Анткени ага ар түрдүү башка сөздөр кирип, кыргыздардын аң-сезимине сиңип калууда. Ал сөздөр туруктуу колдонулуп, эне тилдеги сөздөрдүн колдонуудан чыгышы же жоюлушу кыргыз тилинин өлүшүнө алып келет. Кыргыз тилинин жоюлушу кыргыздык касиеттин, демек, кыргыз мамлекетинин жоюлушуна алып келет. Кыргыз тили мамлекетти сактап турат. Тилдин проблемасы — аны сактап калууда. Тилди кыргыз сүйлөбөсө, башка улут сүйлөбөйт. Кыргыз тили жоголуп кетпеши үчүн жана кыргыз тилин сактап калыш үчүн кыргыздын жигиттери, кыздары кыргыз тилинде сүйлөөсү керек. Кыргыз тилин байытуу же аны менен илим, техниканы өнүктүрүү — экинчи маселе. Кыргыз тилин өл­түрбөш үчүн гана кыргыз баласы кыргызча сүйлөш керек.

Дүйнөдө 10 гана классикалык тил бар

Тил тууралуу статистикалык маалыматтарга кайрылайын. Дүйнөдө адамдар сүйлөшө, катыша, байланыша ала турган 6 миң тил болгон. Анын алды — 1,5 млрдга чейин кытай эли, арты 10 миң гана адам сүйлөгөн тилдер бар. Алар: юкагирлер, ненецтер, алебуттар, эскимостор, нифтилер, нанайлар, коряктар, хансылар, мансулар. Алардын өздөрү да, тилдери да жоюлган. Ал түгүл, булардан чоңураак хакастар, якуттар, тывалар, буряттар жалаң орусча сүйлөшөт. Булар Сибирде жашаган миллиондун тегерегиндеги адамдар. Топорков Данил Харитонович десе кулакка чыныгы байыркы орустун христиан фамилиясы угулат. Игорь, Олег, Максим — жаңы ысымдар эмес. «Федосеев», «Ярославль», «Святослав» деген аттар славян тилинен кирген. Якуттар «Урастыров», «Күннүк» деген аттары жоюлуп, орустун мына ушул аттарын алышкан. Орус тилинде укмуштай сүйлөшөт, өз эне тилин билбейт. Ошентип, тилдердин жоюлушу улуттун жоюлушуна алып келген. Ак чардактардын бийин, балыктын сүзгөнүн бийлеген чукчалар жалаң орусча сүйлөйт. Барабаны эскиче таризде жасалган, оттун тегерегинде бийлейт, бирок орусча сүйлөйт. Өсүмдүктөр, майда жаныбарлар жоюлуп кеткендей эле тил да жоюлушу мүмкүн. Дүйнөдөгү 6 миң тилдин 2 миңи жоюлуп кеткен, 4 миңдин 2 миңи колдонулбайт. 2 миңдин ичинде калкынын саны 10 миң адамга жетпеген нанайлар, юкагирлер бар. Юкагирлер юкагир тилинде өз ара сүйлөшпөйт, ошон үчүн тили жоголгон. Дүйнөдө 100 млн. киши сүйлөгөн 10 гана тил бар. Алар «классикалык тилдер» деп аталат. Ошол тилдерге адабияттар которулат. Мисалы, Алыкул Осмонов грузин тилин билген эмес, грузин чыгармасын орус тили аркылуу кыргызчага которгон. Арабча билбегендер Куранды орус тилинен которушат. Арабчаны алар канцелярдык тилдин деңгээлинде билиши мүмкүн. Азыркы арабдар өздөрү байыркы Курандын»тилин» билишпейт. Алардын тили да абдан өзгөргөн. Дүйнөдөгү 10 тилдин башында кытай тили турат. Кытай тилинде 1,5 млрд. кытайлар өздөрү жана жарым миллиарддын тегерегинде въетнам, лаос, тавулян, майнан ж.б. элдери сүйлөйт. 1,5 млрд адам англис тилинде сүйлөйт. Индия тилинде 1 млрддан ашык киши сүйлөйт. Кийинкиси — испан тили, бул тилде бүт Латын Америкасы, Африканын жарымы сүйлөйт. Бешинчи орунда — француз тили, алтынчы — немис тили, жетинчи — италия тили, андан соң — япон тили. Япон өзү 200-300 млн. калк. Анын тегерегиндеги аралдарда жашаган калктын баары япончо сүйлөшөт. Тогузунчусу — араб тили, 23 мамлекет араб тилинде сүйлөшүп, бири-бирин түшүнөт. Сирияда, Мароккодо, Аманийде тилдери айырмаланса да, 500 млндой калк арабча сүйлөйт. Онунчусу — орус тили, 150 млн. орус өзү сүйлөйт, дагы 150 млн. адам орус тилин билет. Бардык адабий чыгармалар ушул 10 классикалык тилге которулат. Калган тилдер — тар чөйрөдө сүйлөнгөн тилдер. Мисалы, Кавказда грузин, армян, азербайжан, лезгин, авар, тап, ногой, лак, кумук, ингуш, балкар, хабардин, татар, башкыр тилдери. Кыргыз тили мына ушулардын катарына кирет. Кыргыз тилинде сүйлөгөндөр өтө аз. Кыргызстанда 150 миң дунган, 200 миң уйгур, 700 миң өзбек, жүз миңдеген орустар, татарлар бар. 3 млн. кыргыз улутунун 1,5 млну — аялдар, 1,5 млн. эркектердин жарым миллиону кыргыз тилинде сүйлөбөйт. Ошентип, кыйын болсо 2 млн. адам кыргыз тилинде сүйлөйт. Кыргыз адабий тилин 10 миң кыргыз да билбейт. Ошону үчүн тилди сактоо — биринчи маселе. Ачка бол, ток бол, бирок суусун, Ала-Тоосун, абасын, элин сүйсөң, тилин сүй. Оруска кыргызча сүйлөтүштүн эч кереги жок. Муктаждык болсо, алар өздөрү үйрөнүшөт.

Кыргызга сиңген элдер

Кыпчактар чоң эл болгон. Буларда кыргыздар көп болгон. Аймагы өтө чоң, эли көп болгондуктан Чыңгызхан, Македонский, мунндардын чоңу Атилла аскерине кошуп алып, согуштарда кырылып жок болуп, кыпчактар Казакстанда, Монголияда, Кыргызстанда, Венгрияда, Россияда жашап, өз тилинде сүйлөбөй калган. Кыпчактар, меркистер, дөөлөстөр өз тилдери бар чоң эл болушкан. Төбөйлөр, коңурат­тар — жоголуп бараткан элдер. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда бир айыл коңураттар, бир айыл мундуздар, бир-эки айыл, Алайда наймандар, кыпчактар, тейиттер бар. Булар кыргызга сиңип кетип, кыргыздын санын көбөйткөн. Кыргыз тилинде сүйлөп калышкан. Булардын өз тилдери болгон. Чыңгызханды карасаңар, уруш-согуштар меркиттер менен монголдордун, монголдор менен татарлардын, түрктөр менен монголдордун, кыргыздар же дөөлөстөр менен монголдордун ортолорунда жүрүп турган. Тыва Республикасынын президенти биздин Ж. Назаралиевге»аракечтерди айыктырып бер» деп кат жазыптыр. Аны убактылуу дары менен айыктырса болот, ал эми бүтүндөй коомду кантип айыктырат?

«Манасты» башка эл айта албайт

Кыргызстанда кыргыз тил коому деген уюм бар. «Кыргыз тилин сактагыла!» деген ураандарын көрөсүң. Ага көчө, канцеляриялык тилдер аралашып кеткен. Ал эми адабий тил — такыр башка. Сөздүк түзгөн Константин Кузьмич Юдахинге «убактым жок агай» десем, силер такыр кыргызча сүйлөбөйт экенсиңер, «чолоом тийбейт дебейсиңерби» деп айтчу. «Убактым жок» деген көчөдөгү сөз, «чолоом тийбейт» деген адабий көркөм сөз. Же болбосо убакыт бар, чолоосу жок. Ишим мөндүрдөй жаап жатат, ишим чачтан көп деп айтылышы керек. Манастан бери айтылып келаткан «күндүзү кымыз, түнү кыз, күжүлдөгөн эр кыргыздын» тили көркөмдүгү жоюлуп баратат. Экинчиден, парламентте отурган депутаттар тилди ушунчалык бузуп сүйлөп жатышат. Ушинтип сүйлөбөй эле койсо… Анан дагы кыргыз улутун айтпай, кыргызстандык деп жазалы паспортко деп чыгышты. Кыргыздар улутун тургай уруусун сурайт. Бул тарыхый көрүнүш. Туугандан урук, уруктан уруу, уруудан улут, улуттан эл пайда болот. Бирине-бири жөлөк болуп турат. Бугу менен сарбагыш, саяк, солто уруулары кыргыз элин түзөт. Эгерде «мен сарбагыш уруусунан болом» деп башкаларды басынтса, ал — башка маселе, анда аны тартипке чакырыш керек. Уруулар жашай берсин, ал тарыхка да керек. Жалган окумуштуулар, жасалма жазуучулар пайда болуп, негизги өзөгүбүз болгон эне тилди туура түшүнбөй, эне тилди проблема кылып жатышат. Айталы, «Манасты» ЮНЕСКО тизмесине киргизебиз дешет. Биз тарыхта башкаларды таң калтыра турган эч нерсе кура элекпиз, болгону «Манас» эпосубуз бар. Аны киргизсе, киргизбесе деле кыргыздыкы бойдон калат. Анткени аны башка эл айта албайт. Дайыма ушуну талкуулап, билгени, билбегени деле айта берип, кадырын кетирип жатышат. «Манастын» жети осуятын айтышканы менен университет, мектептерде эч колдонулбай, жукпай, сиңбей жатат. Коммунисттик партиянын учурунда теңдик, бирдик, эркиндик дегендер күч менен жукчу. Кыргыз элине үстүртөн, тескери кетип «Манасты» проблема кылышат. Бул өзү масштабдуу, глобалдуу, проблемасы жок эле чечилген нерсе. Буга туура багыт берип, туура түшүнүү керек. Кыргызды сактап турган биринчи көрүнүшү — тил. Кыргыздын милдети — колуна курал кармап душмандардан чек араны сактагандай, кыргыз тилди сүйлөп туруп сакташ керек. Үйдөн, көчөдөн, жумуштан сүйлөш керек. Иш кагаздарын кыргызча жүргүзүү керек. «Расписканы» — кинилак, арыз же доо дейбизби, кыргызча киргизиш керек. Чыңгыз Айтматов «приемнаяны» кабылдама деди эле, бардык жерде кабылдама деп жазылып калды. Кыргыз тили өтө бай, байыркы тил. Мисалы, кошмо сөздөрдү орусча которгондо анчалык көркөм чыкпайт. «Чалды куйду, будуң чаң» дегенди кыргыздар жакшы түшүнөт. Бул орусча «переполох» деген эле сөз. «Чалды куйдуну» — өзүнчө, «будуң чаңды» өзүнчө которуу керек. Аны аралаштырганда чын эле «будуң чаң» болот. Катаклизм менен апокалипсис ушундай «чалды куйду», «будуң чаң» болуп которулат. «Ач кыйкырык, куу сүрөөн» эмне деген катуу сөз, бул орусча «стремительный бег» деген эле мааниде. Анан жанагы «Дорогу осилит идущий» деген орустун кайсы макалы деп жүрсөм, «жолду баскан арбытат» деген кыргыздын эле сөзү экен. Кыргыз тилин көркөмдөп, кыргыз сүйлөшү керек, аны орустун же өзбектин же дунгандын, башка улуттун сүйлөшүнүн зарылчылыгы жок бизге. Улутту сактап калыш үчүн милдеттүү түрдө кыргыз тилин кыргыз сүйлөшү керек. Бала төрөлгөндө энелер анын оозуна май салышкан, аны менен кыргыздын тилин, дилин салышкан. Калмак өлгөндө «як» деп өлөт, ошондо анын калмак экени билинчү деп калышчу. «Як» деген алардын теңир деген сөзү. Кайсы улуттун адамы болбосун, жаны кыйналганда өз тилинде энесин айтат же кудайын айтат. Мунун баары — генетика. Кыргызда таамай тийген бир сөз бар «энеңдин ичинде кантип жаткансың?» деген. Барган сайын кыргыздын улуу, байыркы сөздөрү унутулуп баратат. Каргыш, сөккөн сөздөрдүн өзүнчө тизмелери бар. «Оозуңдан кошок түшпөсүн» деген каргыштар бар. Ушактын, калптын өзүнчө терминдери бар. «Атам жокто чоң атамдын жылкысын баккам» деген калп сөздөр болгон.

Канатсыз балдар

Кыргызстанга орус улуту киргени самагон, тамеки, уурулук, базар келди. Кыргыз тамеки, насвай чекчү эмес. Жүз жылдар кыргыз арак ичкенди үйрөнгөнү менен «кокуй, келатат» деп көрсөтпөй иччү. Улуу Ата мекендик согуш бүткөндөн кийин, жеңиш биздики болду деген эйфория менен баары ичүүгө өттү. Эл согуштан кийин массалык түрдө иче баштады. Негизги аракечтер союз учурунда менин курагымдагы адамдар болду. Кыргыз биологиялык жактан кычкылга жакын болуп, илгертен айран, кымыз ичкендиктен, аны бат эле өздөштүрүп, андан кийин сайынмасын алды. Ошол ичкен доор азыр калбай калды. Кийинки доордо чоңойгондор аракеч болуштун кереги жок экенин түшүндү. Ичкени менен баягы массалык түрдө ичкендер жок. Азыркы балдардын өздөрүнүн башкача проблемалары бар. Азыркы балдарды «люди без крыльев» «канат-бутагы жок балдар» дейт. Ата энеси бар, бирок канат-бутагы жок. Чымындын канатын жулуп койсо, уча албай жүрө берет го, булар так эле ушундай. Буларда сүйүү, адамга адамдык мамиле кылуу, Ата мекенге кызмат кылуу деген барган сайын болбой баратат. Эгоизм кан, жанына кирип алды. Компьютер, интернет келгени ар ким өзү менен өзү. Жигиттер кыздарды баягы союз кезиндеги жигиттердей сүйбөйт. Биологиялык жактан гана керек учурда катышат, болбосо жок. Азыр бийликте кыргыз элине, жерине кайрымы, мээрими жок, башка тилдерди билген адамдар, жаштар отурушат. Мээрим, кайрым, ички дүйнөсү жалындап туруу, Мекенин, элин сүйүү деген жок. Мына ушуларды канат-бутагы жок деп айтып жатам.

Кыргызстандын өнүгүшү кыйын

Мен бир немис менен «Библияны», «Куранды», «Алдас китаби» деген бахаилердин куран китебин которуп жүрүп, Кыргызстандын келечеги жөнүндө сүйлөшкөн элем. Немистер Кыргызстандын 50 жылга чейинки келечегин минтип айтышты. Германия ири 7 державанын бири, техниканын атасы, көп самолетторду чыгарган, металлургияны иштеткен өлкө. Алар «Кыргызстан өнүкпөйт, негизги 5 нерседен куру калган дешти. Биринчиси — океандан миң километр алыс. Океан аркылуу нефти, көмүр, мазут ташыса болот, ал арзан күч. Ошол күч жок. Географиялык шарты туура эмес. Деңиз жээгинде отурган өлкөлөр ошон үчүн өнүккөн. Экинчиси — темир жолдун жоктугу. Темир жолдор Германияда, Россияда түйүн болуп салынган. Силерге араңдан зорго бир учу келет экен. Ал дагы силердики эмес, ТрансСибирге же Казакстанга карайт. Ысык-Көлдөн Жалал-Абадга, Оштон Нарынга, Таласка чейин темир жолдор жок, алар башка өлкөлөргө чыкпайт. Ал транспорттор менен килейген крандар, чоң машиналар келет, экинчи бир чоң транспорттон куру калгансыңар, дешти. Үчүнчүсү — автомобиль транспорту жок. 60-80 тонна жүктөрдү көтөргөн жүк ташуучу машиналар Россиянын, Германиянын, Франциянын жолдоруна жарайт, Кыргызстандын жолуна жарабайт. Жолдун баары өйдө-ылдый, буйткалуу, ийри-буйру. Чоң жүктөрдү Торугартка алып барыш өзүнчө азап. Машинанын кеткен чыгымын актабайт. Демек, мындан да куру калгансыңар. Төртүнчү — аба транспорту. Бирок самолеттор чоң жүк ташыбайт. Ошондуктан, транспорттун бардык түрү Кыргызстанга кызмат кыла албайт. Бешинчиси — кен байлыктар. Кыргызстанда кен байлыктын бардык түрү — вольфрам, алтын, күмүш, сымап, сурьма, темир, көмүр бар. Кен байлыкты алууда Каспий деңизинин ортосундагы скважинаны бургуласа болот, деңиздики жумшагыраак, Түркмөнстандын Мангыштактагы чөлүнүкү оңоюраак, Сибирдин сазындагы Тюмендики да оңой, ал эми тоолордун астында дагы миң катар тоолор жатат, анын астындагы кендерди алыш үчүн 2 миң километрге чейин казып чыгыш керек. Аларды абдан чоң бургулар гана казат. Андай бургулар Германияда жасалат, бирок өтө кымбат, алып келиши да кымбат. Кен байлыктарды алыш кымбат болгондуктан, бул дагы акталбай, калып калган. «Кумтөрдөгү» алтынды башкалар чыгарып кетип, күкүмүн гана карматып коюп жатышат. Анысын айтып мактанып, кыргыздын оозеки байыганы. Алтынчысы — рынок, базар экономикасы. Кыргыздарга рынок экономикасы жарабайт. Өзбекстан өзүнүн майда соодасы менен кылымдан бери жашап келатат. Кыргыздын базарга салган былтыркы үч сому быйыл да жүрөт. Акча ордуна турбай, иштеп туруш керек. Эгер кыргыз түшкө чейин акча тапса, аны түштөн кийин ичип алат. Гуманитардык жардамдан келгендер кыргызды байытмак беле? Базар экономикасынын өзүнчө маданияты бар. Аны Түркия араң өзүнө сиңирди. Жетинчиси — өндүрүш. Өлкөгө машина, дөөшү, крандарды чыгаруучу заводдор керек, алар жок. Кыргызстандын жаштары Гарвард, Кембридж университеттерин бүтсө дагы биякка келип иштей албайт. Анткени, авиаконструктор болом деген адамга авиазавод керек. Ал канчалык билимдүү болсо да, билим алган өлкөсүндө жумушчу болот, инженер боло албайт, анткени өз адамдары турат. Өндүрүш болбогондуктан, техникалык билим алгандарда татыктуу жумуш болбой, өксүйт. Гуманитардык билимге ээ болгондор чыгышы мүмкүн, бирок инженер, электрик, өндүрүшчү кадрлар өз кесибинде өнүгүп өсө албайт. Акыркысы — айыл чарбасы. Кыргызстан илгертен койчулук, уйчулук, жылкычылык менен мал-жан баккан. Карагыла, жериңердин 95%ы тоолор. Тоолордо жети ай бою кар жатат. Германияда мал түз жерлерде багылып, качан болсо союлат. Айыл чарбасы Германияда абдан өнүккөн. Кыргызстанда мал канчалык көп өстүрүлгөнү менен, аны экспорттоп, бюджетке акча түшүрө турган булактар жок. Эт комбинаттары иштебейт, эттен түрдүү продукциялар чыгарылбайт. Чоң-чоң инвесторлордун жалынса да келбей жатканы — алар баарын эсептеп чыккан. Маданиятыңар да тоңураак. Кыргыз араң салам берет. Жапондор, европалыктар тааныбаганга деле күлүп турат эмеспи. Ушунун баары Кыргызстанга терс таасирин тийгизет. Искусстводо деле ушундай. Классикалык искусство — опера, балет, симфония, кантата, сүрөт палитрасы, мыкты сүрөттөр жок. Көнүп калган курак, шырдак, сайма бар. Алар бийик искусствого кирбейт. Булар улутка таандык кол өнөрчүлүктөр. Баарын жашырбай ачык айтыңызчы, деп суранганда алар ушинтип тизмелеп, «кыргыздар артка кетип бараткан чагы» дешти.

Касым Тыныстанов тууралуу

Касым Тыныстанов сыяктуу лингвист, реформатор жок. Ал «этти» — » тарс этти», «дүңк этти», «былк этти», «шылк этти» деген сөздөрдөн этишти тапкан. Тап күрөшү деген сөз бар. Шырдакты жасап жатканда таптайт, ага биринчи табы, экинчи табы деп майда жүндөрдү салат. Кийиздин, шырдактын табы, катмары дегенден тап күрөшү дегенди таап чыккан. Таптоо деген сөздөн келип чыккан. Жыгачтын уюлу, баштын уюлу бар, ушул уюлдардан северный полюс, южный полюсту түндүк уюл, түштүк уюлду таап чыккан. Географиялык терминдерди таап чыкканына таң каласың. Түрк элдеринин ичинде лингвист катары анын алдына эч ким чыккан эмес. Ал өтө чоң феномен болгон.

Сымбат Максутова 1972-жылы Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. 20 жылдан бери басма сөз жаатында эмгектенип келатат. Учурда «Эркин Тоо» гезитинин сот-укук бөлүмүнүн башчысы. Үч китептин авто­ру. «От тутанган онунчу жыл же Убактылуу Өкмөттүн ишмердүүлүгү» китеби жакында жарыкка чыгат.

«Барометр» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий