Жусуп Мамайдын жай ташы

jusup_mamai_alibiТоксонду тоголотуп, жүздү жүгөндөн алган кытайлык манасчы Жусуп Мамай кыргыз аттуунун мактанычы, сыймыгы. Бул кишини турган-турушу менен эле кыргыздын тирүү энциклопедиясы десек аша чаппасбыз. Манасын, сандаган кенже эпосторун айтпаганда да, анын кыргыздын этнографиясын, салт-санаасын, санжырасын, элдик табыпчылыгын, ырым-жырымын терең билгендиги таң калтырбай койбойт. Кептин баары, кылымдарда бир келчү бу кишинин казынасын толук жазып калдыкпы, ошондо. Муну эми Кытайдагы кыргыз аалымдары эске алышар. Бирок, акын, журналист Чолпон Субакожоева бул жагынан жакшы иш жасаптыр. Жусуп Мамайдын өз оозунан төмөнкү кызыктуу маалыматтарды жазып алыптыр. Көңүл буралы.

Жай таш баяны
1962-жылы «Манасты жазасың» деп Кара-Булакка алып барып койду. Жайдын толуп калган кези эле. Турсам оодандын чоңдору, азыркы Бактиярдын атасы Мамбетказы дагы бар. Карачийден өйдө саясий кеңештин жыйынын Карабулакта ачабыз деп калышты. Мамбетказы ал кезде Улуу-Чат оодан башчысы болчу. Кечиндеси өтүп баратсам эшиктин алдында бир топ кой байлануу турган экен, бир койду барып эле карап калдым. «Эмне уурдап алайын деп атасыңбы?» — деп бирөө тамашалады. «Мына бу боз койдун ичинде жай таш бар экен. Жетиге жете элек беш экен, керекке келчү кези экен» деп өтүп кетип калдым. Жай таш ача туяк малдан уй менен койдон көбүрөөк чыгат, малдын жумурунун туюк башында болот. Иса мурда Кара-Булактын башчысы эле. Иса менен Сулайман менин жай ташыма күбөчү болуп калган. Иса азыр да бар. Жай таш үч түрдүү болуп так болот үч же беш же жети болот. Жети болсо эң жакшы болот. Жай ташты оңойлук менен киши билбейт. Кечинде элдин өтүнүчү, келген башчылардын салаасы менен элге Манас айтып бердим.

Алдыма койгон сары майды Байгазы уста уурттатып отурду. Эртеси жыйын болуп калды. Бир маалда Иса менен Сулайман (Исакбектин астында аскер болуп жүргөн кишилер экен) экөө ташты көтөрүп кирип келди. Облас-тын жетекчиси Сей деген кытай болчу. «Бул кандай сөз? Жыйын ачсак бирөө бышкырам, бирөө чүчкүрөм, дагы бирөө заара кылам» — деп тынчыбайт. Кечинде Манас айтса талаага бир да адам чыкпады» деп калды. «Бул киши Манас эле эмес жай ташты да билет экен» — деп сөз кылышты. Аалы бакшы деген бар эле. «Мындай кылгылачы» деп алып көрүп, анык жай таш экен, так экен адам колуна түшкөндөн кийин деги эле жетиге жетпейт. Муну жөн жай, тынч эле окуса болот экен. Жай ташты ороо казып суу толтуруп окуйт. Жай таш эгер жетиге жетсе атка минип жүргөн кишинин астына жаадырып аркасын кургак кылып же бир капталына жаадырып, бир капталын кургак койгонго болот эле»-деп, ошол Аалы бакшы айтты. Ошол бакшы «жай ташты кургак окуганда шамал күчтүүрөөк болуп, элге зыяндуураак болуп калат, сууга түшүп өлчөмү менен окуганда жакшы болот» — деп айтып отурду. Ал кезде бир ооданда бир эле Джип машина бар эле. Орозо Айдарбек машина менен бизди Аксууга алып жөнөдү. Сулаймандын кызыл күмбөздөгү балдызыныкына конуп калдык. Инимди алып мен да Аксууга ошолор менен бараткамын. Жай ташты ошол кызыл күмбөздөгү Сулаймандын балдызына каттырып койгон бойдон унутуп калып, кийин келсем балдызынын көзү өтүп кетип, жай таш ошол бойдон жоголду.

Аалы бакшы аңгемеси
Ошол Аалы бакшынын киши окуганын бир жолу көзүм менен көргөмүн. Асылкан деген аял бир жолу жинди болуп кетти. Ал кезде биз кичине, ойноо бала кезибиз. Ушул төмөнкү учта Кара бакшы деген бар экен. Ошол кишиге сары Осмон деген кабар берип чакырткан экен. Жакындаганда ал бакшы Осмонду «сен бара бер, үйдүн эшигин түрүп койгула, мен Кара-Булактын суусуна боюмду салып алып, анан барамын» -деп калып калды. Бир маалда бакшы кыйкырган бойдон келаткан экен кандай болгонун билбейбиз, эки колунун ортосуна, эки бутунун ортосуна жыгач коюп таңып койгон аялдын жиби чечилип кетип эле бакшынын алдынан чыга калып, Карабакшыны көтөрүп чаап, сууга басып калыптыр. Ошондо Карабакшы көнбөстөн «мен кетпесем болбойт экен, менин алым жеткидей эмес» — деп кетип калды. «Муну Аалы бакшыдан башкасы көрө албайт»- дешти элдер кужурашып. Аалы бакшыга айтышыптыр , ал «макул, мен бир көрүп багайын» дептир. «Үйдү чекене жерге Кускун жер деген Кубулжандын баш жагындагы Тумшук өтөккө тигип, отун жыйнагыла» — деп буйруптур. Кыш кирип калган кез. Чоң үй тигилип, арча отунду тоодой кылып үйүштү. Биздин үй ушул жерде болучу. Бир күнү Аалы бакшы келди. Энем менен жээн таяке экен, «ушул үйгө кономун, кичине «биссимилласы» бар үйгө жатпасам эртең менен тура албай калам» — деп, намазын окуп жүрдү. Бакшынын айтканы боюнча беш үй тигилиптир. Бир күнү «бүгүн от көрүмү болот, бүгүн же бар, же жок болот» — деп отурду. Бакшы оозу-мурду күбүрөп шыбырап эле жүрчү. Атасы да Торгой бакшы деген саяк менен чериктин арасында бакшы болуп жүргөн киши экен. «Тың кишиден төрт-беш киши барып турсун, өзүм дагы окуяга учурап каламбы» деп чочулады. Карагул, Ысмайыл, Алымкул деген үч шайдоот даяр болду. Мени да «менин жаныма отурсун» деп бакшы буйруду. Энем саал коркту, атам «бирдемеге учурап калбаса болду» деди да кошуп койду. Мен 12-13 жаштагы бала кезим. Отту өтө чоң жаккан экен, жалын боз үйдүн түндүгүнө жаба коюп чыгып атат. Бир маалда бакшы отко кызарган кетмендин, типтик өйдө каратылып коюлган бычактын мизин тепсеп басып, «бургуй-бургуй» деп кыйкырынып, «түргүлө эшикти» деп түрдүрүп салып, жалынды созултуп эшиктен чыгарды. Кыпкызыл өгүздүн белиндей жалын эшиктен созулуп, талаага чыгып атты. Бир маалда билбей эле калдым. Жел боого жабышып бакшы чыгып баратыптыр. «Мени ууктан өткөрүп ийбей, тартып түшүрүп алгыла» — деп атат. Өзү тырмышып жел боого жармашып баратат. Керимбек деген үнү жоон киши бар эле, «арам чунактар муну күйгүзүп өлтүрөсүңөрбү?» — деп кыйкырып үч-төртөөлөп тартып, бакшынын таманын жерге тийгизди. Жанагы аялды керегенин бооруна таңып койгон. Аны «чечип ийгиле» — деп кыйкыргандай болду. Анан аялды алып келип коломтого койдой мууздады. Денесин башынан ажыратып, ошол керегеге жөлөп койду. Суу уурттап, бирдемелерди айтып окуп, башты алып барып ордуна коюп, денесин бери көздөй тартып, «тур акылет, тур» — деп, дагы бирдемелерди айтты эле, жанагы аял оонап барып, ордунан соп-соо туруп келди. Ошол бойдон сапсак болуп сакайып кетти.

Жазып алган Чолпон Субакожоева, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.05.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий