МАКЕЛЕК АКЕГЕ АЧЫК КАТ

Жаш чамаңыздын атам менен айрымасы анча алыс эместигин эске алганда сизди ата десем деле жаңылышпаган болоор элем. Бирок “аке” деп атоо деле кыйыр кеткендик болбойт болсо керек. Кыргыздын илгертеден улуу билген бул сөзүн сиз деле чанбайт болсоңуз керек. Кыргызда буга чейин аке деп аталып калган жети гана киши бар экени да бизге аян…

Урматтуу Макелек аке!

Эми айтаар сөзүмдү түз эле баштай берейин. Менин сизге минтип ачык кайрылуума сиздин ушул эле “Көкжал” аялдамасындагы маегиңиз себеп болуп калды. Анда мындай деген сөзүңүз жүрөт: “Бир жолу бир сайтта “Кыргыздар, кыргыз тили жоголобу?” деген талкуу болду. Мен мунун талкууланганынан уялдым. Себеби, алсыз кишилер “Мен бар боломбу? Жоголомбу?” дегендей коркунуч ойлордо болот. Өнүккөн улуттардын жаштары мындай талкууларды жасабайт. Кыргыз тилин сен сүйлөсөң, мен сүйлөсөм анан ал кантип жоголмок, аны бирөө келип жоготмок беле?!. Ошондо мен «Манас» бар, Чыңгызыбыз бар кыргыз тилин жоголот эмес, өнүгөт» деп жооп жазып койсом, балдар «кайсы эле сөз болсо, «Манас» менен Чыңгызды көтөрүп чыгасыңар» деп капаланды. Эми кыргыздарга кылымдардан бери руханий тирек болуп келгени эмне? Ошол эле Манас. «Манас» эпосунун тили, Чыңгыз чыгармаларынын тили болот экен, кыргыз тили эч качан жоголбойт…

Бул сөзүңүз чын сөзүңүзбү же жөн эле сооротууңузбу? Урматтуу Макелек аке, эгер бул сөздөр чын эле сыздын көз карашыңызга таандык болсо анда менин сизге айтаар бир нече ооз суроом бар. Катымдын аягына чейин чыдап окуп чыгат деп терең ишенем.

Кыргыз элинин айтылуу азаматтарынын бири, коомдук ишмер маркум Исхак Разаковтун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот” деген сөзү Кыргызстанда учкул сөзгө айланып көчөдөгү көрнөк-жарнактарда, мамлекеттик кызматкерлердин иш бөлмөлөрүндө, гезит-журналдардын алдыңкы сабында ураан болуп жаңырыкка айланганы белгилүү. Бирок ураан деген ураан экен. А чындыктын жообу кээде ага баш ийбейт тура. Ага азыркы Кыргызстандагы чириктешкен саясий кырдаалы күбө. А сиз “сен сүйлөсөң, мен сүйлөсөм неге жоголот?” депсиз. Бирок башкалар сүйлөбөй жатпайбы? Мисалды алыстан издебей эле коёлу. Сиздин аспирантураны бүткөн кызыңыз да кыргыз тилин үйрөнүү сунушун эми коюп жатыптыр. Бир улуттун тил күйөрманынын кызынын абалы ушул күндө болсо, анда тиги жалаң гана кыргыздардын башы бириккен олуттуу соорунда микрофон сунсаң “партияниң парлак саясити астыда…” (уйгурча) деп туруп бир сүйлөмүнүн бир тал кыргызчасы жок аксакалдарыбыздын балдарынын абалы ит ыйлагыдай эле болсо керек бекен дейм. Биз окшогон майда улуттун тилин биринчи болуп эсинен чыгаргандар да көп кезде так ушул алгач озунуп чыккан мыктылардын балдарынан башталып келгени да терең ойго салат. Бул боюнча Мухтар Шаханов да Азаттыктын кабарчысына берген “Ааламдашуу — казак-кыргыздын шору” деген маегинде оор үшкүрүнө ой толгойт. Ал М.Авезов, Сабыт Муканов баштаган бир кездеги казактын аттуу баштууларын, болгондо да тил өнөрүнүн чеберлеринин чоң жаңылыштыгын, алардын бүт баары балдарын орусча тарбиялаганын өкүнүч менен тилге алат.

Ч.Айтматовтун кызы Ширин Айтматова болсо “Кыргызча сүйлөйүн деп акцентимден уялам” дейт (Азаттык үналгысы. “Ыңгайсыз суроолор” программасынын 2011-жылдагы 28- январдагы чыгарылышы.”Мекенчилдик менен улутчулдук кайсы жерден ажырашашат”)

Урматтуу макелек аке!

Сиз көргөн сайттагы тил жөнүндөгү талкууну мен көргөн жокмун. Бирок сиздин сөзүңүздөн улам ал мага өтө маанилүү талкуудай сезилди (тескерисинче сиз уялган, жактырбаган болсоңуз да). Ошондо уят деп унчукпай койсок кемтик өзү толоор беле? Бүгүн уят деп ооруну жашырганда эртең өлүм ашкере болсочу? Тил жана улуттардын абалын иликтеген дүйнөлүк статискаларга, кортундуларга таянсак кыргыз тили да жоюлуп кетүү кообуна улам жакындап бараткан тилдердин тизмесин толуктаарын сиз билбейсизби? Өнүккөн улуттардын жаштары мындай теманы талкуулабайт депсиз. Аныңыз чын. Бирок биз окшоп бутуна тыңдап тура албай жаткан улуттардын жаштары түгүл айтылуу азаматтары баш болуп бул темага көңүл буруп келген. Өзүбүздүн эле залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовту алалычы. “Кыргызстан маданияты” гезитинин 1987- жылкы 17-декабрындагы санында анын “Эне тилдин тагдыры” деп аталган көлөмдүү макаласы жарык көргөн экен (аталган макала 2009-жылы Слова билим борбору тарабынан өзүнчө китеп кылып “Бийиктик” басмасынан чыгарган). Андагы козголгон олуттуу маселелер, көйгөйлөр арадан чейрек кылым өткөн бүгүнкү күндө биздин тагдырыбызда кайталанып олтурат.

Бүгүнкү күндө алакандай аз кыргыз эчен бөлөк сүйлөйбүз. Кээде бирибизди-бирибиз түшүнүшө албай да калабыз. Мисалы мен Кыргызстанга барсам тилимден эч ким деле шектенбейт. Көпчүлүгү көлдөн болосуңбу (Ысык-Көл областын демекчи) деп сурашат. Кичигимден Кыргызстан китептерин көп окуп, радиосун көп тыңшаганымдан жана айылдаштарымдын кыргызчаны таза сүйлөгөнүнөн (азыр күн өткөн сайын жаштардын тилинде ханзучаны айтпаганда да казакча, уйгурча сөздөр улам коюулашып барат) болсо керек. “Кытайлыкмын” десем алгач таңыркай карашат. “Тилиңдин бизден айрымасы жок экен го” дешет. Ал эми Улуу-Чат жакта жүрсөм эки үч жолу: “Казаксыңбы?” деп сурагандарга туш болуп ичтей ызаа болдум. Сөзүмдүн бир жеринде казакча кошсом мейли эле. Таң калыштуусу жарым сөзүмдү уйгурча аралаштырсам эч ким “уйгурсуңбу?” деп сурабайт көрүнөт. Кудум Кыргызстанда жарым сөзүңдү орусча кылсаң “оруссуңбу?” деп сурап койбогондой.

Өзүңүз жакшы билесиз. Кыргызстанда негизги адабий тилдин өлчөмү бар. Ал эми биз жуңголук кыргыздардын адабый тили такыр башкача. Ал өлчөмдөн такыр алыс. Акын-жазуучу, редактор, изилдөөчүлөрүбүз деле уйгур тилин аралаштырып урдура берет. Филология илимдеринин доктору болгон сиздин тилиңиз жөнүндө да кыргызстандыктардын пикири башкача экенин мурдагыларды айтпаганда да жакында эле жарык көргөн “Кыргыл чалдардын балдары, тилиңды тарт” деген макалаңыздан кийин дагы бир жолу байкадык (алар өздөрү жарым орусча кылып кете берсе эч нерсе эмес).

Сиз айтасыз:

“Манас” бар, Чыңгызыбыз бар, кыргыз тили жоголот эмес, өнүгөт» деп. Анткен менен азыр “Манасты” уккандардан Майкл Жексонду уккан жаштардын саны алда канча басым экенин тана албайбыз. А Чыңгыз Айтматовтун чыгармалары болсо алгач бүт орус тилинде жарык көргөн. Тун чыгармаларын эсепке албаганда дээрлик басым чыгармалары кыргыз тилинде автордон башка котормочулардын тили менен сүйлөгөн. Биз улуу билген ушул эле Айтматовту, сиз эң мыкты деп билген ошол эле “Жамийланы” (“Айтматовду тогуз жолу зыярат”) кыртышы сүйбөй “Айтматов деген саткын. Бизди жамандап “Жамийла” деген жалапты жазып ошондойго ою жутунуп турган европалыктардин сүрөөнү менен даңкы чыгып кеткен” деп мурун чүйрүп жүргөндөрдүн оозуна ким капкак коёт? Ушундай кат-кабат маселелер менен жоопсуз суроолордун кара булуту түрмөктөлүп турганында “кыргыздар, кыргыз тилин жоготобузбу?” деген суроонун жаралбай коюшу мүмкүнбү? Анан ал суроого түздөп жооп берип, жол көрсөтүп, кеңеш берүүнүн оордүна “алсыз кишилер «мен бар боломбу? жоголомбу?» дегендей коркунуч ойлордо болот” деп ачуу какшык жылдыруунун зарылчылыгы барбы же зардабын тартабызбы? “Кыргыздарга кылымдардан бери руханий тирек болуп келген” көп нерселер азыр башка маданияттардын, бизге жат дүйнөлөрдүн чаңына какай баштады. Илгерки “кой багып коюп капталда, жамбаштап жатсаң сонун да” деген заманда түркүк болуп келген тил, дин, салт-санаа бүгүнкү жаштардын дилине комсоо көрүнө баштады. Жаштардын мындай жатташуусуна чоңдордун жаңкындай тоотпостугу, кайдигерлиги да себеп болууда. Канча кылымдарды карытып ата-бабадан келген акындар айтышы бүгүнкү күнү бизде жоктун кашы. Былтыр Кызыл-Сууда акындар айтышы болду, деп уктум. Айтыш башталаарга эки-үч саат калганда сахна жасалып, акындарга канча убакыт берүү боюнча ошол кезде араң кеңеш болуп айрым жетекчилер “беш минут жетишеби?” деп жүрүшөт дейт. Беш минут айтышмак түгүл саламдашууга араң жетишээрин билбейт көрүнөт. Өмүрү айтышка назар салып кулак төшөп көрбөгөнү бешенеден белгилүү болуп турбайбы. Адатта бир кичинекей тушоо той үчүн деле алдын ала бир нече күн мурда ийри олтуруп түз кеңешип дегендей тойдун жүрүшү, кандай өткүзүү боюнча тактап алышат го. Анан эки элдин мыктылары атаандашчу олуттуу жарыштын даярдыгына ушунча кайдигер мамиле жасоо кандай кана өкүнүчтүү. Казактар бул жагында алда канча алдыга озуп кетти. Сизге түздөн-түз тиешеси жок болгон менен биз талкуулап жаткан темага кыйыр түрдө болсо да тийешеси бар бул нерсеге кайрылбай коё албайым. Ачуу болсо да айтпай амал жок. Казак төкмө акындары биздин төкмө акындарды акын катары деле санабай калды (бул жерде быздин Жуңго мамлекетибиздеги төкмө акындар жөнүндө). Мындай айтсам көбү моюндагысы келбейт. Эмесе кайсы акыныбыздын кайсы саптарын жатка билесиң десем тыңгылыктуу эч нерсе айта албайт. А казактын улуу муундарын айтпай эле коёюн, жашы жыйырма бештин кырындагы Эржанат, Жамыйга, Арай сыяктуу бала төкмөлөрүнүн оозунан жазма акындардын калеминен жарала элек керемет саптар төгүлүп кетип жүргөнүн жакшы билем. Бирин-эки сабы түгүл бүтүндөй бир айтышты толук жаттап алгыңды келтирген сонун айтыштар өтүп жүрөт аларда. Учкул сөзгө айланып эмитеден элге тарай баштаган канаттуу саптары канчалап саналат! Мен бул сөздөрүм аркылуу биздин акындарды кемсинтким жок. Бизде да таланттуу төкмөлөр болууга тийиш. Бирок өзүбүз колдобой жатабыз. Казактар окшоп чындап колго албай койдук. Бизде “кунан чабыш” деген бар. Жылкынын тулпар болот деген жаш тукумдарын, жалаң кунандарды өзүнчө жарыштырат. Бул биринчиден анын дараметин сыноо болсо, экинчиден жер тааный берсин, топко, келечектеги чоң байгелерге даярдана берсин дегени. Анын сыңарындай биздеги төкмө жыттуу жаштардын да өзүнчө мектебин ачыш керек эле казактар сыяктуу. Бат-бат акындар айтышын уюштуруп чабыт берип туруу керек эле. Антпесек эртең төкмөлүк өнөрдүн учугун үзүп алчудайбыз. Азыр деле казактар бизди акын улут катары санагысы келбейт көрүнөт. Бир кездеки “ШКА” Нын акылчысы, автоном райондук жазуучулар коомунун орун басар башчысы, казактын кашка жазуучусу Шамыс мырза айтат: “айтыш өнөрү казак улутунда гана калды. Кыргыз жана башка улуттарда да бар, бирок аларда өтө негиз эмес (“Теңир-Тоо сайты” “Шамыс Кумар менен маек” 2010-жыл 6-айдын 13-күнкү чыгарылышы) . Буга сиз эмне дээр элеңиз? биздин улуу өнөрдү Шамыс мырзанын колдон түшүрүп жатканына эмне себеп? Ошентип оорагыбызды арттырып келген өнөрлөрдү колубуздан алдыргандай болуп олтуруп калабызбы? дагы жакшы, кыргызстандыктар озунуп бул өнөрдү ЮНЕСКОнун тизмесине кыргыздыкы деп илдирип койгон экен.

Чын эле Кыргызстан демекчи, төкмөлүк өнөрү бир мезгил Кыргызстанда да унут калып койгон. Жакынкы мезгилдерде гана Садык Шернияздын жеке колдоп кубаттоосу менен кайрадан жанданып калган чагы. Өзгөчө Аалы, Азамат баштаган жаш акындардын дүбүртү күч алып, үмүттун шооласын улап турган кез. Бир өкүнүчтүүсү алардын толук жыйнактары да элге тарабай жатат. Акындар айтышын бүт чогултуп өзүнчө тасма кылып таратуу, бизде казак акындарынын тасмалары казактар арасында жамырап кеңири тараганы, а кыргыздарда андай руханий чаңкоону басчу суусун кем экени жөнүндө бир жолу жаш акын “Калемгер” клубунун жетекчиси Мирлан Самыйкожо жана “Айтыш” коомдук бирикмесинин жетекчиси төкмө акын Азамат менен учурашканымда айткан элем. Кийин ушул боюнча Азаматты жумушуна издеп барып таба албай тек телефондо гана сүйлөшүп кайра жоолукканча бул жакка аттанып кеткем. Ошол аракеттердин таасыры болдубу же башкалар тарабынан тарабынан даярдалдыбы айтор кийин Аалы Туткучовтун тандалмалары төрт сааттан турган айтыш тасмасы жарык көргөнүн көрүп аябай сүйүндүм. Дароо эки жүздөн ашуун көбөйтүп айлыма жөнөттүм…

Казактарда мындай тасмалар нече ондоп табылат. Башка жакта кандай экенин билбейим. Текестин айрым дүкөн, ашканаларында уйгурларда ушул тасмаларды коюп коюшат.

Мынча болду дагы айтайын. Биздин мамлекетибизде казак айтышы ушунча өнүгүп област жана автоном даражалуу 30-40дан ашуун акындар айтышы өткөзүлсө Казакстанда машинадан машина тандап баш байге берген улуу сөздүн жарышы эчен кайталанган. Кыргызстанда мыкты акындар он нече болсо Казакстандагы мыкты акындардын катары нече онго жетет. Ошого карабастан Казакстанда азыркы айтыштын эрежелерине нааразы болгон акындар менен сынчылардын тобуда арбыган. “Айтыш кайтыш болду” деп макала жазыптыр наразы болгондордун бирөө. Анын айтымында азыр чыныгы өз маанисиндеги, илгеркидей эркин айтыш жоголгон. Бүгүн баардыгы сызыктын ичинде, чындык муунтулган ченде айтылат дейт ал. Ошолор дагы ошол деңгээл мүмкүнчүлүгүнө ыраазы болбой, нукура айтыштын бийигине кол созуп жатканда биздин (Жуңго кыргыздарынын) айтышынан ооз ачууга, төш кагып айтууга канчалык негиз бар? Кызыл-Сууда айтыш болду деген кабардын гана тараганы болбосо ушул кезге чейин тасмасынан дарек жок. Айтыш жөнүндө бирээр макала-маек дегенден кабар жок. Сууга ыргытылган таштай бир чулп этип ошол бойдон дайынсыз. Өзүнүн туу тутаар өнөрүнө ушунча салкын мамиле жасаган элдин эртеңки күнү тили жок болуп кетпейби деген суроонун жаралышы эми табигый эмеспи?

Сизди “уялдырган” ал темага Айтматов уялбай эле кайрылып өзүнүн башка жазып жаткан зарыл чыгармаларын кайрый туруп, терең ой, узун сабак кылып жазган макаласында өзүнүн Муктар Ауезовтун токсон жылдык маарекесине катышканын, алп таланттын, айтылуу сөз зергеринин Алматыда өткөн ушул маарекесинде (өз мекенинин борбору, өз элинде) бир да казакча макала окулбаганын чоң кейүү менен кеп салат. Мугалимдерге кайрылган дагы бир сөзүндө: “ “кыргыз мектептер, кыргыз бала бакчалар жок, келечекте эне тилибиз жоголуп кетпесе экен”,- деген маселе көтөрүп чыккам. Бирок , ассимилациядан эптеп жаныбызды сактап калдык. Бирок, ошого карабай дагы кыйын-кыйын маселелер курчап турат.” деп эскерткен. Ошол “кыйын-кыйын маселелердин” бир көрүнүшү бүгүн биздин тагдырыбызда. Азыркы кош тил агартуусунун айылдардагы өнүмү жөнүндө айтпасам да менден жакшы билет болсоңуз керек.

Урматтуу Макелек аке! Ушуну менен катымды азырча соңуна чыгара турайын. Одоно кеткен жерлерим болсо айкөлдүк менен мамиле жасайт деп терең ишенем.

jashylaiarЖашылайар

Булак: Көкжал сайтындагы Жашылаяр аттуу колдонуучунун жазганы.
(
http://www.kokjal.net/bbs/forum.php?mod=viewthread&tid=5563)

Жазууну арап графикасынан оодарган Тынчтыкбек Бекташ уулу

(Эскертүү: стилистикасы сакталды)

Соц тармактар:

Добавить комментарий