Рахматулла Козукеев:«Төрт акындын эрке уулу болдум»

rahmatulla_kozukeevКыргыздан көмөкөйүнөн булбул үнү өчпөй, таңдайынан ыры төгүлгөн нечен төкмөлөр өткөн. Ошол көөнөрбөс өнөрдү аркалап, элге аттын кашкасындай таанымал болуп калган Рахматулла Козукеев биздин маек төрүбүздө.

ТӨКМӨ АКЫН ТУУРАЛУУ:
Туулган жери – Аксы району, Кызыл-Жар айылы
Туулган жылы – 1955-жыл, 8-март
Алган наамдары – КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты, «Түрк дүйнөсүндө» төкмө акындар фестивалынын алтын медалынын ээси (2006-жыл)
Учурда – КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү, «Жез таңдай» коомдук төкмө акындар мектебинин директору

«ТОКТОГУЛ АТАМ ТҮШҮМӨ КИРИП…»
– Атам сөзгө чечен, куйкум сөздүү киши эле, бирок төкмөлүк өнөрү жок болчу. Анын айтымында, тууган-уруктун арасынан деле акындар чыккан эмес экен. 6-класс болчумун. Бир күнү атам комуз сатып келип, «муну, анан майлуу токочту түндө башыңа коюп жат. Эгер түшүңө комуз кирсе, анда комузчу болосуң, эгер токоч кирсе, соргок болосуң. Бул сенден эч нерсе чыкпайт деген белги» деди. Айтканындай кылып жаттым. Түндө курсагым ачканынан туруп баягы токочту жеп алдым. Таң эрте атам ойготуп, түшүмө эмне киргенин сурады эле, «жеп алдым» деп ачыгын айттым. Ал «капырай, сен даана соргок турбайсыңбы» деп наалыды. Бирок Кудайдын кудурети белем, бир күнү мен тилеген түшүм да кирди.

Түшүмдө корообуздун жанында балдар менен чүкө атып ойноп жүрүптүрбүз. Аңгыча калың шым, тик жакалуу чепкен, бутуна чарык кийген Токтогул Сатылганов атабыз келе жатат. Колунда оор жүгү бар экен, аркан менен артынан тартып байлап алыптыр. Бир маалда баягы аркандын бир жиби үзүлүп кетти. Токтогул ата мага кыйкырып жатат, «Ай, бала, тартып койсоң болбойбу, азыр мойнумдагы жүгүм тээ сайга түшүп кетчүдөй түрү бар?!» деп. Мен чуркап бардым да, баягы аркандын үзүлгөн жеринен кармап, кырга алып чыктым. Анан тура калып атама түшүмдү айтсам, «Кудай жалгаптыр, балам, сен төкмө акын болот экенсиң» деп жоруду.

«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДОН КААЛОО УГУП, ЧӨЙЧӨК КӨТӨРГӨМ»
– 1977-жыл болчу. Бир күнү айыл өкмөтүнүн башчысы чакырып, «жакшылап ыр жатта, Чыңгыз келди, кирип ырдап чыгасың» деп калды. Ошол кезде элде каатчылык беле, агайларым мага суусар тебетей эмес, түлкү тебетей таап келишиптир. Анын да аркасы түлөп кеткен. «Түлөгөн жерин көрсөтпөй кийип ырдап чыгып кет» деп табыштап, мени Чыңгыз ага отурган бөлмөгө киргизишти. Совхоздун директору мени тааныштырды эле, депутат агабыз «мейли ырдасын» деди. Мен салам берип ырдап калдым. Анан ал киши колумдан кармап: «Мен бая тост сүйлөдүм эле. Эми дагы бир жолу каалоо айтууга уруксат эткиле. Бул төкмө акындык кыргыздын көөнөрбөс өнөрү болуп саналат»,- деп баштады. А менин алдыма кашайып чоң чөйчөктөгү коньяк туура келип калыптыр. Мен ичимден «Ушундай пайгамбардай кишинин тостун азыр көтөрбөгөндө качан көтөрөм? Ичип коё берейин эми, уу болсо да…» деп ойлонуп алгам.

Чыңгыз ага каалоосун айтып бүтүп эле көтөрүп жиберсе, мен да колумдагыны алып жиберипмин. Коньяк куйкалап эле кетти көөдөнүмдү. Анысы аз келгенсип, ушунчалык шимирипмин да, чөйчөктөн «чуйк» деп үн чыгып кетти! Уялганымдан жанымдагы аксакалга «Тартынып жатам, чыга берейинби?» десем, кулагы катуу немеби, «ал тамактан, уялбай жей бер»деп чоң табакты жылдырып коёт. Тамактан алып жатам, терим болсо куюлуп жатат желкемден ылдый. Акыры ачык эле уруксат сурап, чыгып кеттим.

«САХНАГА ТЕМТЕҢДЕП ЧЫГА АЛБАЙ…»
– Бир жолу айылга Тууганбай Абдиев 40тай киши менен концерт коюп келди, оркестрдин коштоосунда. Сахнаны жасалгалап коюшуптур. Кирип барсам ал «келчи бери, сыныңды көрөйүн, сырыңды төгөйүн» деп кошуп ырдап кирди. Алгач оозума эч нерсе келбей, тартынып турдум. Анан жооп бердим. Ошондо ал киши «устатың болуп жүрөйүн» деген кебин айткан.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармония ошол кезде жаңыдан бүтүп, тапшырууга берилмек экен, барып калдык. Кеченин алпаруучусу ыраматылык Жолдубай Кайыпов экен. Жанына барып «агай, менин фамилиям айтылганча тээ арт жакта тура турайын. Чакырганыңызда акырын чыгайын» деп сурансам, «ушул жерде туруп тур» деди. Бир убакта желкеме колун коюп, атымды атап, эл алдына чакырып салса болобу?! Сахнанын сүрүн ошондо сездим. Кадамым арбыбайт, сахнанын ортосуна жетсемчи же… Анан артымдан дагы 2 жаш төкмө акын чыкты. Үчөөбүз алым сабак ырдап, филармониянын ачылыш аземин ачып берген элек.

«БАЛДАРЫМ ӨНӨР БАГЫТЫНДА МЕНИ ЭЭРЧИШПЕДИ»
– Төкмө акындарды жандап чаап, Бишкектеги Искусство институтуна тапшырдым. Сырттан окугандыктан, 5 күн Эстекемдикинде, 5 күн Тууганбай агамдыкында, Ашыраалы Айталиевдикинде, Замикемдикинде жүрүп, эрке студент болдум окшойт.

Кийин 24 жашымда Ноокен районунун Маданият үйүнө директорлук кызматка бардым. Ортодо Бишкекке да чакырышты. Насип жок экен, филармониянын ырчысы болбой калдым.

Учурда өнөрүм текке кетпесин деп «Жез таңдай» төкмө акындар мектебин ачып, жаш таланттарды таптоо менен алекмин. Барпы атындагы театрдан бир бөлмө бөлдүрүп, жубайым экөөлөп жасалгалап алганбыз. Төкмө акындык да спорт сыяктуу, машыгып туруу керек. Окуучуларыма «кой кайтарып жүрүп деле ырдай бер кошуп, жадакалса аялыңа да ырдап сүйлө» деп айтып калам.

Өзүмдүн 4 кыз, 1 уулум бар. Бирок алардын бири да өнөр багытында мени ээрчишкен жок. Баары юрист болуп кетишти. Буга капа эмесмин.

«МАГА ҮЙ АЛЫП БЕРГЕН АДАМДЫН АЙКӨЛДҮГҮН КАНТИП АЙТПАЙМ?»
– Ооба, эл арасында «Рахматулла Ташиевдин үгүт иштеринде жүрүп үйлүү болду» деп айтылып жүрөт. Бул чындык. Ал саясатка аралашканга чейин эле экөөбүз тааныш болчубуз. Ага-ини катары санаалашпыз. Мен эч качан ага үй сурап кайрылган эмес элем. Жумушумдан берилген квартира бар эле, уулум үйлөнүп, ага бошотуп, батирге чыккам. Бир күнү Камчыбек менден «Ушул кезге чейин өз үйүңүз жокпу?» деп сурап калды. Чынын айтсам, катуу тийди. Батирде турарымды айткам. Ошол бойдон ал сөз унутулган.

Тиги батиримдин ээси Орусиядан келип, мен көчөдө калмай болдум. Бирөөлөр жеткиришсе керек, Камчыбек «буюмдарыңыз көчөдө турабы? Үй табыңыз, алып берем» деп калды. Мен кайдан табарымды деле билбейм. Балдары тапкан го, 25 миң долларга үй сатып берди. Бүтө элек үй экен, бир бөлмөсүн жасап, дароо кирип жашап алдык.

Кийин шайлоонун үгүт учурунда иниси келип сыртын бүтүрүп берди. Ичин өзүбүз жасадык. Мага жардам берип жатса, кантип анын айкөлдүгүн айтпайм, кантип аны жандабайм?

Гүлжан Эшбаева, “Супер-инфо”, №554, 14-июнь-20-июнь, 2013-ж 

Соц тармактар:

Добавить комментарий