Чыгарма баалагандар чыга баштады

melis_sovetЖакында фейсбукта отургандар кеңешип, жакшы ырларын фейсбук баракчаларына коюп келаткан эки автордун китебине демөөрчүлүк кылып чыгарып беришти.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, элдин жандүйнөсү жардыланды деген менен жамандыр-жакшыдыр прозалык, поэтикалык китептер чыгып жатат. Арасында албетте жаманы да, жакшысы да бар. Буга кошумча интернет баракчаларына ар ким өз дараметине жараша жазган чыгармаларын коюп, окурмандар айрымдарын эрикпей талкуулап да жиберишүүдө. Акыркы кезде талкуулап эле тим болбой, таланты бар таанышы жок, акылы мол акчасы жокторго демөөрчү болгондор да чыга баштады. Чыкканда да алар чет өлкөлөрдө иштеген кыргыз жарандары.

Жакында фейсбукта отургандар кеңешип, жакшы ырларын фейсбук баракчаларына коюп келаткан эки автордун китебине демөөрчүлүк кылып чыгарып беришиптир. Мунун өзү кыргыз элинин руханий дүйнөгө кайдыгер эместигин айтып тургандай. Ал эки автордун китебин өз басмаканасынан чыгарып берип, үчүнчүсүнө даярданып жаткан Жаныбек Жанызак буларды айтып берди.

— Илгери «Агымда» Асыран Айдаралиев деген жигит иштеген. Бакиевдин тушунда ага бийлик кысым көрсөтүп Финляндияга үй-бүлөсү менен качып кеткен. Бир күнү ал мага бир сайт ачып берчи деп кайрылып калды. Мен фейсбукта ар ким өзүнчө баракча ачып алса болорун айткам. Анан ал «Кыргыз көчү» деген баракча ачып, ага акырындап 100-200дөй киши мүчө болду. Азыр миңден ашты. Үч-төрт ай мурун Асыран Эмил Каптагаев менен түз байланыш уюштуралы деп, аны өткөрдүк. Сөз арасында сонун маселелер козголуп кетти. Анан мен ал түз байланышты турушу менен китеп кылуу сунушун айттым. Асыран Айдаралиев макул болуп, баарын даярдап берди. Китепти «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» деп атадык. Анткени «Кыргыз көчү» баракчасында «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» деп жазылып, атайын тартип бар болчу. Ким ө,ң,ү тамгаларын колдонбосо, аны Асыран «Кыргыз көчүнөн» акырын чыгарып койчу. Кыскасы, ошентип китеп чыгып, «Учкунда» китептин бетачары болду. Сөздөн сөз чыгып отуруп чыгармачыл жаштарды колдоо демилгеси көтөрүлүп кетти. Анан «Кыргыз көчүнүн» мүчөлөрү ортого акча чыгарып, мен да салымым катары китепти арзандатып эки автордун китебин чыгардык.

Биринчи автор Уулкан Амираева болду. Кудайга шүгүр, башкалар сындап «мышык ыйлагыдай» деп жазгандай эмес, жакшынакай «Каректеги жаш» деген сапаттуу китеп чыкты. Кийин Москвада иштеген Тынычбек Анарбаев деген бардар жигит биз да китебин чыгара албай жүргөндөргө колдоо көрсөтөбүз деп калды. Ошентип алар авторлордун ичинен Сайпидин уулу Сатывалдыны тандашып, анын «Ырларымда жашайт дайым махабат» аттуу поэтикалык китебин чыгарып бердим. Эки автордун тең алгачкы китептери жарык көрүп калды. Башында «Кыргыз көчү» акын кыз Айжаркын Эргешованы тандашкан. Бирок ортодогу бир себептер менен анын китеби чыкпай калды. Эми буюрса үчүнчү автор Бакай Садыровдун китебин чыгаралы деп турабыз. Мени кыргыз элинин материалдык бакубатчылыктан руханий бакубатчылыкка багыт алганы кубандырып жатат. Буюрса бул ишибиз мындан ары улантыла берет деп ишенем, — дейт Жаныбек Жанызак.

Чындап келсе, азыр эл арасында таланттуу акын, прозаиктер көп. Кендирди кескен акчанын айынан андай таланттардын чыгармалары чаң басып сандыктарда жатат. Аларды гезит-журналдар да толук басып чыгара албайт. Интернетке коюлган күнү деле аны айылдардагы китеп сүйүүчүлөр толук окуй албайт. Бул жагынан алганда «Кыргыз көчү» баштаган иш өтө чоң утуш. Албетте, башында айткандай бардык эле чыккан китептерди эл окуп, китепке болгон суроо-талап дароо өсүп кетиши мүмкүн эмес. Бирок ошол эле кезде азыр айылдарда китепкана болсо, убактылуу китеп алып окуп турсак дегендер миңдеп саналат. Чындап келсе учурда карапайым эл гезит-журналдарга жарыяланган саясат, кандуу окуялардан, жагымсыз жаңылыктардан, жасалма сенсациялардан тажап, жандүйнөгө азык бере турган чыгармаларга суусап турат. Жогоруда айтылган эки автордун ырларын демөөрчүлөр кандай критерийлер менен тандап алышканын айта албайбыз. Бирок «көп түкүрсө көл болот» болуп, атасы тааныбаган кыргызга мекенинен алыста жүргөн кыргыз атуулу көмөк көрсөтүп жатканын колдоп коюшубуз керек. Кыргызстанда жашап, эл эсебинен байып, бирок эл үчүн эч нерсе жасабагандар, чычкан мурдун канатпагандар да толтура. Керек болсо атасы баласына, баласы атасына жардам бербеген заман азыр. Ушундай мезгилде талант менен үй-бүлөсүнөн башка байлыгы жок жаштарга жардам көрсөткөн Жыпаргүл Төрөбаева, Тынычбек Анарбаев, Бахтияр Балтабаев, Чынара Сарбагышова, Аида Ахмад Жамал, Айжан Кулманбетова, Замирбек Базарбаев, Улан Кошалиев, Совет Үсөн сыяктуу мекендештерге ыраазычылык гана билдиришибиз керек. Жаныбек Жанызак агабыз айткандай, «басмачылардын» күнү өтө берет, алар кандай болгон күнү да утулбайт. Эң негизгиси чыгармачыл жаштардын жаңыдан өнүп келаткан көчөтүнө суу буруп, «басмачылардын» тегирменине да дан салып жаткандар көбөйө берсин. Адам жандүйнө жагынан байымайын материалдык байлык жалгыз эч нерсе чече албасын турмуш өзү далилдеп жатпайбы.

Совет уулу Мелис,
«Жаңы Агым» гезитинин башкы редакторунун орун басары,
“Кабар Ордо,  29.08.13-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий