Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары

jyrgalbek

Жыргалбек Касаболотов аз бирок саз жазат. Бир баштаганда Манас айткан манасчылардай токтоно албай, толкуп, буркан-шаркан түшүп укмуш ыр саптарын жарата алган бул акын үчүн мындай сапат, менимче, жакшы сапат. Бул өзүн баалай билгендик, поэзияны урматтай билгендик. Самандын арасынан кызыл данды көрө да, тандай билгендик.

Бирок бул жай Жыргалбек үчүн өтө жемиштүү мезгил болду. Көп ыр жазды. Жакшы ырларды.

Алар менен бөлүшкүм келет. Силер да Рахат алгыла.

ТААЗИМ

Жыйылган элге мылтык атылды эле,
Жылуу кан жылжый түшүп басылды эле.
Жырткычка кийин сени теңегендер
Жыландай жылчыктарга жашынды эле.

Тирештин кайтпас жолу ыйык болгон,
Тилеги бийлик эмес, Бийик болгон,
Мекендин жаркын доорун көксөгөндөр
Мергендин бутасында кийик болгон.

Айталбай ачуу сөзүң бышып жеткен,
Автомат аткан октон ысып кеткен.
Кыргыздар, качпагыла!… деген бойдон
Кыраандар кырдан ашып учуп кеткен.

Ала-Тоо баарыңарды жоктоп турат,
Арамдар артыңардан боктоп турат.
Азыр да, ак-караны талкан чалып
Акыйкат арабасы токтоп турат.

Ок тийген ташты көрсө эстеп коюп,
Оюнда ошол күндү жектеп коюп,
Төтөлөп ар ким өтөт, келечекке
Төшөлгөн жаныңарды тепсеп коюп.

Жоону аяп, кетпес ката кетирдикпи?
Жок кылып бүтпөсө экен, кесир бизди.
Билбесе бир топ кыргыз кадырыңды,
Бир боорум, айланайын, кечир бизди!

24-май, 2013-жыл

 

ТЕКТИРДЕ

Көз албай көк мелжиген аскалардан,
Көрүнбөй алыс жүрөм башкалардан.
Тагдыры коркутпастан Кожожаштын
Тандаган өз жолумду баштап алгам.

Көз салбай алганыма, балдарыма,
Көп болду көөдөн муздап калганына.
Байкоосуз жылан чакпай, жылкы теппей
Баарына колду шилтеп салганыма.

Көңүлүм көк чокуга конуп калган,
Көөдөнгө миздүү кыял толуп калган.
Жүрсөм да кызыккансып бул дүйнөгө
Жүрөгүм мөңгү болуп тоңуп калган.

Ийрилген изим бузуп тоонун карын,
Ичимден көксөп келем жоонун канын.
А бирок жарым жылдай жаным жылбай
Азыр мен аска-зоонун боорундамын.

Чындыгын жазып кеткен катым калды,
Чыйырда ташыркаган атым калды.
Бошонуп бийик зоонун камагынан
Боюмду таштаар учур жакын калды.

Өмүрүм өткөн чагын жоктоп турат,
Өзөгүм дүрмөт күчүн топтоп турат.
Бүгүнкү мен отурган чакан тектир
Бүркүттүн уясына окшоп турат.

 

ТАҢ

Ай-аалам ак-карасы бөлүнүүдө,
Абайлап таң шооласы төгүлүүдө.
Топтолгон булуттардан айырмалуу
Тоолордун сөлөкөтү көрүнүүдө.

Агарып аздан-аздан чыгыш тарап,
Асмандын ар тарабы тунуп барат.
Калтырбай жыйып-терип калгандарын
Караңгы күн батышка жылып барат.

Жарыктан, чыдай албай уятына,
Жашынды, жарганаттар уясына.
Тоо жактан тунгуч жарык өрдөп кирди,
Тотуккан булуттардын кыясына.

Көгүш нур көк асманга келип жетти,
Көрсөтпөй жылдыздарды терип кетти.
Асманга аркан бою көтөрүлгөн
Акыры Чолпон дагы эрип кетти.

Төбөсү жарык Күндүн баш багууда.
Төргө өтүп, төгөрөктү башкарууда.
Уланып тирүүлүктүн салтанаты
Ушинтип, дагы бир күн башталууда.

20.07.2013)

 

ҮМҮТ ҮРӨНҮ

Жомоктой бала кезден баалаганым —
Жоокердик өнөр болчу, каалаганым.
Элирген кыялымда эңсечү элем,
Эч адам эрдигиме даабаганын.

Кылычтын кызыл өртү өчпөй калган.
Кыялым иш жүзүнө көчпөй калган.
Өмүргө маани берген ошол тилек
Өзөгү бүчүр бойдон өспөй калган.

Байкабай дөңгүлдөрүн кашат, белдин,
Башкалар күткөн ишти жасап келдим.
Өзөктүн өспөй жүргөн данын коруп,
Өзгөдөн каткан бойдон жашап келдим.

Курагым кулагымдан бурап түштү.
Купулга толоор максат сурап түштү.
Сөңгөгүм борпоңдугун жашыра албай
Сөздөрдөн курган дүйнөм урап түштү.

Көрүнбөй 40 жыл бою топтогонум,
Көп болду көк булуңда токтогонум.
Өзгөрүш керек болуп турат бүгүн!
Өткөндө калып кетсем жок боломун.

Аралаш жеңүүчүсү, жеңилгени,
Айланат ай-жылдардын тегирмени.
Болоттой бекем кылсын, өткүр кылсын,
Болбосо тартып кетсин Теңир мени!

Эңсеткен Эр Өнөрүн улаганым
Эмдиги тагдырымдан сураганым.
Үмүтүм арткан ушул өзөгүмдүн
Үрөнүн өстүрсөм деп убарамын.

Андыктан жарык берип жүрөгүмө,
Адамдар! Азыркымды сүрөгүлө.
Эскирген калканыма көңүл бурбай
Эл күткөн Эр болсун! деп тилегиле.

Соц тармактар:

Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары: 2 комментария

  • 18.09.2013 в 18:54
    Permalink

    Акындын да акыны болот белем,
    Акыл сөзүн көп сөздөн отоп жеген.
    Арык-тогу көрүнбөйт, ашыгыраак,
    Баары бир кыл козудай, көгөндөгөн.

    Билем мен да бир тобун, «акын» деген,
    Ырын айтып, күнгөй-тескей чөбүн жеген.
    Арасында кыпчылган мен да бармын,
    Шибер чөптү тандай албай, сереңдеген.

    Жыргалбектин таланты ташкындасын,
    Ырларын окугандын мооку кансын.
    Жарыгына жылынып, жер көгөрүп,
    Максаттуу иш оболоп, күйүп жансын!

    Ответ
    • 18.09.2013 в 19:01
      Permalink

      Ырдын биринчи мөзү ката кетип калыптыр, кечирим сурайм. Акындын деген сөз «акыгдын» болуп. Билгендер оңдоп коюдарын суранам.

      Ответ

Добавить комментарий