Зинакан Пасаңова

1956-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Мурдаш айылында төрөлгөн.

1973-1978-жж. Кыргыз Мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин) кыргыз филологиясы факультетинде билим алган.

1979-80-жж. Алай райондук “Күжүрмөн эмгек” гезитинин бөлүм башчысы.

1980-1990-жж. Эл депутаттарынын Ош облустук аткаруу комитетинде жалпы бөлүмдүн референти.

1990-1997-жж. Ош шаардык “Ош шамы” гезитинин башкы редакторунун орун басары.

1997-2004-жж. Республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинин Ош, Баткен облустары боюнча өз кабарчысы жана Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин социалдык жана маданият бөлүмүнүн башчысы.

2004-2014-жж. “АКИpress-Ош” маалымат агенттигинин редактору;

2015-ж. ушул күнгө чейин “Колорит” коомдук фондунун жетекчиси.

З.Пасаңованын чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө эле башталып, 1972-жылы “Эрте жаздын байчекейлери” аталыштагы аңгемеси республикалык “Кыргызстан пионери” гезитине сандан-санга жарыяланган.

1998-жылы Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

2002-ж. Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. 2008-ж. “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышуучу” төш белгилерин алган. Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык юбилейлик медалынын ээси.

Прозалык жана поэтикалык 9 жыйнактын автору.

 

Китептери

Турмуштун асма бактары (эсселер түрмөгү)

Мезгил (ыр жыйнак)

 

Кара сөз

Сен эмген эмчек (аңгеме)

Аял сыры (аңгеме)

Билерик (аңгеме)

Жомогуңду укканы кайра келем, Паашакан (аңгеме)

 

Ырлар

КЫШ ЭЛЕГИЯСЫ

Күтүүсүз жаап берди биринчи кар,
Көңүлүм али кышты күтүнбөгөн
Үйрүлүп мага тонун жылуулап жаап,
Уулумдун жылый түштүм мээриминен.

Жаап жатат сабап-сабап апаппак кар,
Кыш түнү зериктирме, сыртта аяз…
“Баягы-ы жомоктордон айтып берин?”
Балдарым бала чагын эске салат.

Балалык жомок менен бактылуудур,
Турмуштун таанып кийин өнү-түсүн.
Ал кезден эмне калды эстеринде?
Кышпы же … оор өтчү,  жарык өчүп…

Жарыксыз, суук үйдө отсуз калып,
Наристе эки уулумду боорго басып.
Аларга айтып берчү жомоктордун,
Бактылуу бүтчү аягы тан калаарлык.

Азыр кыш ызгаар эмес мурдагыдай,
Жылытат уулдарымдын үйрүлгөнү.
Таптым мен издегеним бул турмуштан,
Өкүмүн жүргүзө бер,  Өмүр эми!

 

«БОЛЖОЛУ ЖААНЧЫЛ БОЛОТ БЫЙЫЛКЫ ЖАЗ…»

Болжолу жаанчыл болот быйылкы жаз
Боз чаңгыл туман  кетпей шаарга чөгүп.
Бетимден аяр сылайт майдалап жаан,
Билгенсип турганымды жакшы көрүп.

Март айы жаан-чачындуу, кыян журот,
Деп тынбай эскертишет синоптиктер.
Оо, быйыл жамгырды мен эңседим көп,
Сырымды бөлүшөр ким андан өтөр?..

Көктөмдун илебине  ким жибибейт
Жаралган таштан жүрөк болбосо эле.
Сүйүүсүз суз күндөрдү четке сүрөт,
Сезимди кытыгылап шок делебе…

Жамгырын каалап турам ушул жаздын,
Көнүлдүн толтурчудай бөксө жагын.
Болду эми, кезек берип прозага,
Мен эми жаз жөнүндө ыр жазбаймын.

 

ТҮШҮМӨ КИРБЕ ЭМИ СЕН

Күндөргө кайрып учугу менден узаган,
Түшүмө кез-кез киресиң күңүрт жан болуп.
Кусалык эзип эсиңе түшөт окшойм мен,
Айтылбай жүргөн ичтеги арман козголуп.

Оюңа койсом кеткиң жок эле өзүмдөн,
Оорутуп жүрөк, озунуп сага “кош!” дегем.
Ошондон башка калбаса керек эч аргам,
Ал  үчүн мени миң мерте, мейли, күнөөлө.

Бизге эми “кечир, жаңылдым” дештин не керек?
Бирикпес болуп ортобуз эчак бөлүнгөн.
Тагдырым ушул жамандыр, же жакшыдыр,
Табалбай калдым бакытты издеп өзүндөн.

Түпөйүл ойго малынтып түшкө кирбе сен,
Түгөйүң менен таттуу өмүр сүрүп жүрсө дейм.
Кезикпейм эми,  үмүтүң үзгүн түңүлүп,
Кайрылбайм эми, кабарым сурап издебе!

 

КЫШКЫ ОЙЛОР

Кыш чилдеси. Жааган улуу кар.
Жагат мага ушул тазалык.
Маанай күтүп кардай апаппак,
Жашагым бар дайым тазарып.

Барпайышат аппак гүлгө окшоп,
Бубак баскан  түркүн дарактар.
Кар алдында калды көп ойлор,
Көкөйүмө тийип бараткан.

Турмушуң кур, кээде чилдедей,
Сөөктү тепчип ызгаар-бурганак.
Сылабады эч бир чекемден,
Сыноосунан өттүм бир далай.

Көңүлдө от, жеңет кыш суугун,
Кут төгүлгөн кезим. Көөнүм ток.
Медер тутаар жарым бар туруп,
Мүңкүрөөгө эч бир жөнүм жок.

Айың кеппи?!  Эрөөн албаймын,
Өзүмдүн да суук сөзүм жок.
Ардактаарга турса балдарым,
Арман кылбайм. Ага жөнүм жок.

Жагат мага жааса улуу кар,
Жаш баладай малтап кечким бар.
Жан дүйнөмдү дайым жаңылап,
Жөпжөнөкөй жашап өткүм бар.

 

«ФЕВРАЛЬ УЗАП БАРАТ… КЕЛАТАТ  МАРТ…»

Февраль узап барат… Келатат  март.
Чатырдан эриген кар «чылп-чылп» тамат.
Көңүлүм ала-шалбырт, сууган сезим…
Элүү жетинчи кыш,
Элүү жетинчи жаз!..

Күндөр эх! Күкүм болуп ушаланган,
Кыялдар талпынуудан талды канат.
Өмүрдүн көбу кетип, калды азы…
Элүү жетинчи кыш,
Элүү жетинчи жаз!..

Февраль бүтө электе куят жамгыр,
Февраль бүтө электе гүлдөйт бадам.
Жаз жытын жаным эргий кучактадым,
Элүү жетинчи кыш,
Элүү жетинчи жаз!..

Жаз менин куткаруучум, үмүт байлайт,
Тагдырым не белегин турат камдап?
Жазмыштын өкүмүнөн ким кутулар…
Элүү жетинчи кыш,
Элүү жетинчи жаз!..

 

КАЙЫП СҮЙҮҮ

Сен жеңбедиң, жеңди мени бир сөзүң:
«Арман болгус өткөрөлү бул кечти?!
Ача жолдо «аттиң!» детээр эртеңки күн,
Алтын жашты байлап бербес бизге эч ким».

Калдым, калдым бул сөзүңдү кече албай,
Сен деп ойлоп кадырыма жете алар.
Кары кирсиз каардуу кыштын бул кечи,
Кайып сүйүү кайдан мага туш келди?!

Өмүр дайым жоомарт эмес. Экөөбүз,
Эми мүмкүн жолугушпай өтөөрбүз.
Бирок, ушул кышкы кечтин жарыгы,
Ишене албайм көкүрөктөн өчөрүн…

 

КАЛЕМДЕШТЕР

Ызгаар суугун кыш чилденин тоготпой,
Ыр окуштук топтолушуп топ акын.
Көкөй кести көр оокатты унутуп,
Ыр угуунун ырахаты… Оо таттуу!

Агарды го биздин көңүл бир бүгүн,
Ырга түткүс өкүнүч, муң эч жоктой.
Көпкө умтулуп, азга жеткен өмүрдү,
Көк шер сездик көк Асаба орнотор.

Дымагыңар дүйнөнү да багынтаар,
Дымып неге жүрдүк экен Акындар!
Каректерде өчкөн отту күйгүзүп,
Калаар өлбөй артыбызда жакшы ырлар…

 

АРЫБА, ЖҮРӨК!

Жүрөгүм кийинки кез ойго салат,
Бузулуп ыргагынан албуут кагат.
Акактай таза жашап өтөмүн деп,
Арытып алдым бекен, атаганат!

Ишенчээк мүнөз күтүп жаш баладай,
Бардыгын өздөй көрүүм эч калбады ай!
Айыпсыз шагым сынып, маанай чөксө
Жүрөгүм тилинди го далба –далба.

Бошоңмун кайгысына башкалардын,
Күйүтүн жоготуунун мен да тарттым:
Жүрөгүм көтөрө албай тең бөлүнүп,
Сөгүлүп миң жеринен кабыргамдын.

Эркиндик  эңсеп туйлайт сезимдерим,
Эс-акыл  кылалбастан кээде ээлик,
Эргисем… турмуш тороп жолдон чыгат,
Жүрөгүм  эрксиз кайра кишенделип.

Жеңилби бир өмүрдүн жүгүн артыш,
Жешилээр акыры бир күн жүрөк байкуш.
Жайынча жашай албас мендей жанга,
Жүрөгүм, түтө билген сага алкыш!

Арыса арыгандыр солгун тартып,
А бирок, баары билет карыбасын.
Согуудан калганыңча бырыш түшпөй,
Сүйүүдөн танбай өткөн сага таазим!

 

КУТМАН ТАҢ

Жекшембинин кутман аруу таңы атты,
Асман бүркөө, болбосо да күн ачык.
Оокат жасап ойгонгончо балдарым,
Ырыскылуу эне болгон күн бакыт.

Дем алыш күн мага өзгөчө кутмандуу,
Дасторконго даам толтуруп эң таттуу,
Бул күнү мен жөпжөнөкөй энемин,
Үйдүн куту, балдарыма урматтуу.

Күтөм ушул жекшембинин ак таңын,
Күндү тосуп, эрте турар адатым.
Мээримине бир үй-бүлө жылынган,
Бул күнү мен эң бактылуу апамын.

 

МЕН

Көргөнгө мен — жөнөкөй көптүн бири,
Тырмышып тартып келем турмуш жүгүн.
Умтултат учкул кыял кыраан куштай,
Көңүлүм кайт болсо да кээ бир күнү.

Аздырбы, же жетиштүү жолду бастым,
Асыл ой, аруу максат-тилекти арзып.
Айтаарга сөз бериптир мага Теңир,
Ак жолум болбосо да дайыма ачык.

Оюнуна канып-канбай жаштык чактын,
Өзүмө өтө эрте милдет тактым:
Өмүрдүн бир кемтигин толтурчудай, же
өзгөртүп жиберчүдөй бүт бардыгын

Тооруса торун  жайып көрпенделик,
Туткуну болгонум жок  тепселенип.
Адамдык ар -намысты бийик койгон,
Азаптын азабын да келет жеңип.

Сүйүүдөн жолум болбой -бар арманым,
Аялдык жылдызым, чын, «жарк» жанбады.
Антсе да ашыктыкты ыйык  тутуп,
Ага  арнап  ыр жазуудан эч танбадым.

Энелик бакыт деген не керемет!
Жеткирдим эки уулумду эресеге.
Эми экөө –асманга учсам кош канатым,
Кош тирек – эгер башым көккө жетсе.

Алыска чыкканым жок Ата Журттан
Эңсебейм бейишин да  бөтөн жактын.
Жетээрлик эгер сүйсөң өмүр бою,
Жер гүлүн мурас кылган  аталарым.

Мен жолго  түшкөм  эчак кайра кайткыс,
Жүрөгүм толо максат, ойлор асыл.
Тагдырым оомал-төкмөл оор болсо да,
Миң шүгүр, эл алдында жүзүм жарык.

 

УУЛУМА

Күндөр кандай тез өткөнүн карачы,
Күүлөп канат, талпынасың учууга.
Жаза басар жолдон сактап арачы,
Жаныңда эми боло албасмын, уулум ай!

Жүрбөстүрбүз жетелешип эми биз,
Жүрөгүмдү төшөсөм да жолуңа.
Балалыктын уясынан узаттым,
Кер мурутчан жигиттиктин дооруна.

Уулум, сени бакыт үчүн төрөгөм,
Багып келдим балапандай  бөпөлөп…
Балалыгың өттү эле бактылуу,
Өмүрдү да  сүйгүнчүктүү жашап өт.

Куттуу үйдү жарык кылар чырагым,
Саябандуу бак болор деп турамын.
Адам туулат аркалоого бир милдет,
Ал  милдеттиң  өтөсүнөн чыга алгын!

Башың көккө жетсе дагы бузбагын,
Улууга урмат, кичүүлөргө ызаатың.
Байлык берсе башкаларды унутпа,
Жашоодо  көп карып менен мусаапыр.

Балам, дайым адал нан жеп чоңойдуң,
Ак жашап өт. Ыйман болсун жолдошуң.
Амандыгың ар убакта тилөөгө,
Ата-энең да бешенеңде бар болсун.

Соц тармактар:

Зинакан Пасаңова: 2 комментария

Добавить комментарий