«АЛЫКУЛДУН СҮЙҮҮСҮНӨ КАРШЫ БОЛГОНУНА ТАЯТАМ ӨКҮНГӨН»

alikul_osmonovТаштан болор, кумдан болор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калар с
өздөрүм.
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып
өтөрмүн.
Минтип
өз тагдырын, келечегин билген, караңгыда жазылса да жарык берип келген ырлары менен эсте калган Алыкул акынды ким билбейт. Бул жолу анын сүйүүсүнүн тирүү күбөсүн жана кара кулпу кайтарып калган үйү кантип музейге айланганы тууралуу кеп козгойлу дедик.

«АЛЫКУЛ КЫЗЫНЫН АТЫН АЙДАЙ КОЁМ ДЕГЕН ЭКЕН»
Алыкул Осмоновдун өмүрүндө өчпөс тамга менен жазылып калган сүйүктүүсү Айдайдын жээни ЗАМИР САТАЕВДИ таптык. Аны менен кокусунан Ысык-Көлдөгү акын жашаган үйдөн кезигип калдык. Ал акынга куран окутуу максатында келгенин айтып, акын менен Айдай Жигиталиеванын сүйүүсү тууралуу апасынан уккандарын айтып берди.

alykutl4– Менин апам Жыпар, Алыкул Осмоновдун сүйүүсү Айдайдын бир тууган сиңдиси. Алыкул акын менен таежем Айдай кыз-жигит болуп жүргөндө апам 12-13 жашар секелек кыз экен. Апам аларды кеп кылгандарын айтып берейин. Таежем Айдайдын чачы узун, өң-келбети келишкен кыз болгон дешет. Экөө эки-үч жылдай кыз-жигит болуп жүрүшүптүр. Таежебиз Фрунзедеги кыз-келиндер институтунда окуган. Окуу жайдын жанында эки чоң кара бактын ортосунда жыгачтан жасалган отургуч бар экен. Айдай ошол отургучка отуруп, Алыкул үстүндөгү костюмун желбегей жамынып отургучтун жанында турчу экен. Алыкул менен жолугууга таежем дайыма апамды кошо ээрчитип алчу тура. Себеби үйдөн сиңдисин алып кетсе эч нерседен шек санашпаса керек. Алыкул экөө бир топко чейин сүйлөшүп, апам болсо ойноп кетет да. Ал кезде Алыкул Осмоновду акын болот деп ким ойлоптур? Бирок апам Алыкул тынбай ыр окуп жатып үйгө узатып келгенин айтчу. Апам менен таежемди окуу жайдан үйүнө узатып келип, анан кайра алар Алыкулду узатып, үчөө эки жолдун ортосунда эле жүрүшчү экен. Апам айтып калар эле, «Алыкул менен Айдайдын сүйүүсүнө мен гана күбөмүн» деп. Кийин таятам Айдай менен Алыкулдун мамилесине караманча-каршы чыгып, «Алыкул жетим, ал аз келгенсип оорукчан» деп Айдайды 19 жашында башка адамга турмушка бериптир. Таятам өтө катуу адам болгон дешет.

Кийин Алыкул Зейнептен кыздуу болгондо кызынын атын Айдай коёбуз деп чыккан экен. Зейнеп ал ысымга көнбөй коюптур. Аялдар жаалы келсе укмуш го. Акын айласы кетип «кызыма сүйүктүүмдүн атын коё албасам, сүйүүбүздүн күбөсү, Айдайдын сиңдиси Жыпардын атын ыйгарам» деп кызынын атын Жыпар деп койгон дешет. Бирок, тилекке каршы, кызы дагы каза болуп калат. Кийин таятамдар «Алыкул менен Айдайга бекер каршы болгон экенбиз. Балким, алар тирүү болмок, жок дегенде кыска өмүрүн бирге жашашат беле» деп абдан өкүнүшкөн. Айдай менен Алыкулдун түшкөн сүрөттөрү үйдө көп болчу. Кийин музейлерге сурап алып кетишти.

«ҮЙДҮ ОҢДОП ЖАТКАНЫМА КҮЛКҮСҮ КЕЛГЕНДЕР БОЛДУ»
Эми Алыкул Осмонов 1945-1950-жылдары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жашаган үйгө кеп нугун бурсак. Учурда ал «Алыкулдун үй-музейи» деп аталат. Үй көл жээгинен 100 метрдей алыста жайгашкан. Музейге баш бакканда эле Алыкулдун духун берип тургандай сезим калтырды. Анткени ошол калыбында калтырганга аракет кылышкан экен. Текчеде бир катар китептери, акын жаткан керебет, шам чырак, идиш-аяктар жана колдонгон медициналык аппараттар сакталуу. Музейдин жетекчиси БАКТЫБЕК АСАНБАЕВ:

alykul5– Мен Ысык-Көл жергесинен болом. Алыкул Осмоновдун фанатымын. Бир күнү акындын китебин окуп отуруп, «Эмне арман, көл жээгинде атым турса кара таштан» деген сабын окуп ичим тыз дей түштү. Көл жээгинде акын жашаган үйү бар деп укчумун. Дароо ошол үйдүн учурдагы абалы кандай болду экен деп ойлодум. 2005-жылы Чолпон-Ата шаарына көчүп келип, акын жашаган үй менен тааныштым. Ал бир учурда китепкана болуптур, андан кийин ижарага алып үй кылып жашашыптыр. Кийин үйдү кара кулпу кайтарып калган экен. Терезелеринин баары сынып, жылыткычтарын, мештин оозун, анча-мынча калган буюмдарды чыгарып кетишиптир. Жергиликтүү жетекчилерге барып, үйдүн документтерин тактап, толуктап, «Алыкулдун үй-музейи» кылып түптөгөнгө аракет кылдык. Бул жердеги сүрөттөрдү Бишкектеги «Алыкул үй борборунан», экспонаттардын көбүн туулган жеринен алып келдик. Үйдү оңдоп баштаганда «буга эмнеге убара болосуң, эмгегиң текке кетет» деген «акылдуулар» да чыккан. Музей ачылгандан бери жыл сайын кандайдыр бир иш-чара өткөрүүгө аракет кылабыз. Былтыр өзүнүн, сүйгөн жарынын, чыгармаларынын каармандарынын скульптураларын жасадык.

Бул үйгө келгенде негедир өзүмдү жеңил сезем. Үйдү тазалап, бак-дарактарды сугаруу – хоббим. Жашоодо ар кандай маселелер болгондо ушул үйгө келип жеңилдеп алам. Кыргызда «арбак билет» деп коюшат эмеспи. Кароосуз калган үйдү иретке келтирип, аз да болсо акындын аркасында эмгектерин жыйнаганым үчүн акындын арбагы ыраазы болсо керек деп ойлойм. Мындан улам Алыкул акын менин түшүмө качан кирет болду экен деп күтө берем. Музейге келгендердин көбү бул үйдөн эргүү ойгонуп, ырга болгон шык пайда болот деп калышат. Кээде өзүм дагы сөздөрдү уйкаштырып сүйлөп калсам, үй-бүлөм «сенде бир нерсе пайда боло баштаган го» деп күлүп калышат.

alykul2al

Айзат Анарбекова, “Супер-инфо”, №564 23-август-29-август, 2013-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий