Ишеналы Арабаевдин Алиппеси жөн китеп эмес

alippeИшеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу, педагогика илиминин кандидаты, доцент Миргүл ЭСЕНГУЛОВА менен биргеликте атайын топ түзүлүп, кыргыздын алгачкы агартуучу илимпозу И.Арабаевдин 1932-жылы чыккан «Табыйат таануу алип бееси» китеби жарык көрдү. Бул китепти барактап отуруп, ошол кездеги кыргыз тилинин стилистикасын, жазуу эрежелеринин башкача экенин байкаса болот. Китептин ичинен «э» жана йоттошкон тамгаларды да көрүүгө болбойт.

«Кыргыз элинин чыгаан уулу И.Арабаевдин илимий-агартуучулук талантын феноменалдуу көрүнүш катары даңазалаган биртоп тарыхый факторлор бар. Аларды бул инсан өз колу, өз эмгеги менен жаратып, элине мурас катары калтырып кеткен. Албетте, бул мурастарынын сап башында жаңыча жашоого өткөн жалпы кыргызстандыктардын көзүн ачып, билим менен илим дүйнөсүнө жетелеген анын алиппелери турат. ХХ кылымдын башындагы кыйын доорду башынан кечирген кыргызстандыктар үчүн анын бул эмгектеринин кызматы чоң. Ал эле эмес ар башка муундарга жана ар башка максаттарга арналып жазылган И.Арабаевдин жана анын калемдештеринин алиппелери бүгүнкү күндө да ар тараптуу илимий изилдөөлөрдүн өзөгү. Демек, алар өздөрүнүн илимий актуалдуулугун дале жогото элек.

Тилекке каршы, бул эмгек кыргыз коомчулугуна канчалык керек жана баалуу болсо да, айрым себептер менен азыркы учурга чейин көмүскөдө калып келген. Анткени китептин айрым көчүрмөлөрү кай бир адамдардын колунда жана жеке архивдеринде болуп, кеңири коомчулукка жеткен эмес.

Ушуларды эске алуу менен Ишенаалы Арабаевдин бул эмгегин элге кайтарып, коомчулуктун назарына сунуштоо маселеси көптөн бери каралып келген эле. Ошондуктан мага Россиянын Химки шаарындагы Россия мамлекеттик китепканасынын филиалында сакталып турган Ишеналы Арабаевдин Дмитрий Шамгунов менен жазган ушул китебинин жалгыз түп нускасынан көчүрмө алып келүү милдети жүктөлгөн болчу. Бул китепти латын алфавитинен кириллицага оодарып, түстүү сүрөттөрүн заманбап кылып даярдап редакциялап, тарыхый эмгекти кайрадан кыргыз элине тартуулай алдык.

И.Арабай уулу менен Д.Шамгун уулунун «Табыйат таануу алип бееси» деген китеби учурунда Кыргыз эл агартуу комиссариатынын жана Кыргыз мамлекеттик басмасынын тапшыруусу боюнча 1930-жылы жазылган жана ал 1932-жылы Москвадан латын алфавити менен басылып чыккан. Бул окуу китеби башталгыч мектептердин 3-4-класстары үчүн түзүлгөн союздук программанын, ошондой эле 1930-жылы Татар мамлекеттик басмасы тарабынан басылган «Табыйаттын иш китеби» аттуу китебинин негизинде түзүлгөн.

Аталган китеп мындан 80 жыл мурда жазылып чыгарылса дагы, анда азыркы учурда эске ала турган биртоп керектүү материалдар жана методикалык ыкмалар бар экен. Анда Жер, Күн системасындагы планеталардан баштап түндүк уюл жакта жашаган жаныбарлар, ысык алкактагы өсүмдүктөр, айыл-кыштак чарбалары, токой чарбачылыгы, өнөр жайлары жана электрдин колдонулуштары балдарга жеткиликтүү чагылдырылган.

Дагы бир баса белгилей турган нерсе, адамдын өз дене түзүлүшү, анын ар бир мүчөсүнүн аткарган милдети, организмдин жетилүүсү жана чарчоосу, дем алуу, тамактануунун мааниси, кан айлануунун жүрүшү жана башкалар жөнүндөгү маалыматтар да камтылган.

Китепти окуганда кыргыз элинин азыркы учурда пайдаланылбай калган терминдеринин жыш колдонулганын байкаса болот. Улуу педагог, агартуучу Ишеналы Арабаевдин бул китеби 3-4-класстын окуучуларына арналган. Ошол жылдары башталгыч мектептин балдарынын окууга даярдыгынын сапаты анча жогору болбогонун эске алсак, окуу китебиндеги айрым материалдар алар үчүн татаалдай сезилет. Бирок азыркы окуучулар 80 жыл мурункулардай эмес. И.Арабай уулу менен Д.Шамгун уулунун «Табыйат таануу алип бееси» башталгыч мектептин мугалимдерин даярдоочу университеттерде жана колледждерде да окутулса ашыктык болбос эле. Ал «Табият таануунун методикасынын, окуу китептеринин тарыхы» менен тыгыз байланышта, Кыргызстандын педагогдорунун топтогон бай тажрыйбасын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Компетенттүү мугалимди даярдабай туруп, жаштардын билим сапатын көтөрүү мүмкүн эмес» дейт китеп авторлорунун бири Миргүл Эсенгулова.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.09.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий