Искендер Жумабаев: Биз түшүнгөн руханий баалуулуктар эми кайрылып келбейт

Jumabaev_IАбийирдүү азчылык калыптанбаган коом турмушу ар дайым моралдык ориентирдин бузулуусуна алып келери адамзат тарыхында далай кайталанган. Бүгүн караламан калктын түркөйлүгүнөн мурда коомдун илим-билимдүү алдыңкы катмары түркөй үчүн академик, доктор, профессор даражасын сатып алган интеллектуалдуу кылмышкерлер толтура. Бирок алардын көбүн карпа-күрп кезигишкен жерден тайсалдатып коёр сакадай бою сары алтын бир илимпозубуз бар. Илимдер академиясынын босогосун аттаган чилистендин далайы бу кишинин алдында көзүн ала качарын жакшы билем. Ал киши доктор, академик, профессор да эмес, болгону филология илимдеринин гана кандидаты. Арийне бул наам ага илимге аз эмгек өтөгөнү же башкалардан билим деңгээли аз үчүн буюрган эмес, тек гана илимге ызаат мамиле жасаган дидары тунук саналуулардын бири.

Ал адам өмүрүн илимге арнап, өрнөктүү адабияттын эстетикалык көркөм баалуулугун изилдөөгө баш отун байлап, жашы алтымышка таяса да илимий даражага жутунбай келаткан Искендер Жумабаев. Аны менен үзөңгүлөштүн канчасы том-том китептердин артынан илимдин бийик даражасына жетип, какпаган эшиги, кол кысышкан таанышы калбаган менен Искендер Жумабаевдин алдында билими шоона эшпей турганын айрым уяттуулары сезген үчүн тайсалдап турушат.

Эмесе, сөзүнө кезек берели… 

– Өзүңүз билесиз, адабият айдыңында сын жана котормо жанры таптакыр өксүдү десек болот. Арийне сын болгон жерде туура ориентир калыптанып, ал эми котормо жанры адабияттын өрнөктүү үлгүсү го. Учурда кыргыз адабиятындагы өксүктүн бири ушул эмеспи?
– Азыркы учурда сын менен котормо гана өксүп отурган жок, бүткүл руханий маданият чөйрөсү оор абалда. Себеби заман алмашууда, ошон үчүн адабият менен искусство жаңы шартта жашап кетүүнүн жолун табышы керек. Бул – оңой эмес, бирок мүмкүн. Белгилүү го, тарыхта азыркыдан дагы оор учурлар болгон, бирок адабият, сүрөт, музыка жоголуп кеткен эмес. Сен айткандай, сын жазылып, шедевр чыгармалар которулуп турса жакшы болор эле, бирок азыркы турмушта кайсы жагы биз ойлогондой болуп жатат? Анүчүн мурдагы «Кыргызстан маданияты» сыяктуу маданий жумалык чыгып, котормо китеп чыгарууга өкмөт же маданиятты урматтаган бай адамдар каражат берип туруш керек. Бизде азыр андай боло элек.

– Совет доорунда кыргыз окурмандары орус жана дүйнө адабияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эле, азыр болсо бир гана орус тилиндеги адабияттарды эмес, дүйнөнүн башка тилиндеги чыгармаларды да кыргыз тилине которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Бирок буга мамлекет тарабынан да, Жазуучулар союзу тарабынан да демилге көтөрүлгөн жери жок. Коом агартуу жаатында далай ирет коңгуроо кагылгансыганы менен натыйжалуу иш жүргүзгөн тарап жок. Дегеле рухий баалуулуктун кунары качан сөз болуп, качан бааланат? Качан кыргыз тилдүү калың катмар китеп менен дос болууга шарт түзүлөт деп ойлойсуз?
– Анын себеби, азыр биз жашаган мамлекет Советтер Союзу эмес, Кыргыз Республикасы деп аталат. Бул эки мамлекеттин ортосундагы асман менен жердей айырма бар, ошону түшүнүп, моюн сунуп, көнүшүбүз керек. Биздин эгемен мамлекет кооз адабиятты котормок түгүл мектептер үчүн окуу китептерин жетиштүү санда чыгарууга акчасы жетпей жатат. Ал эми сен айткан коом жаңы котормо эмес, толгон маселе боюнча коңгуроо кага берип тажатып бүтпөдүкпү! Кандай иш болсо деле коңгуроону шыңгырата бербей, ар ким унчукпай иштегенге өтсө турмушубуз алда канча тезирээк оңолмок. Биз түшүнгөндөй руханий баалуулуктар эми кайрылып келбейт. Анткени азыр башка заман – информациянын, глобалдашуунун заманы, массалык маданият, постмодерн үстөмдүк кылып турган учур. Классикалык адабияттын теңдешсиз шедеврлеринин же Пауло Коэльо, Харуки Мураками сыяктуу азыркы учурдагы дүйнөдөгү эң көп нуска менен басылып жаткан жазуучулардын чыгармаларын котортуп чыгарсак кыргыз тилдүү окурмандар талашып окуйт эле деп ишенүүгө болобу? Жалаң кыргыздар эмес, башка өлкөлөрдө деле адамдар китеп менен анча достошпой калды деп жатпайбы статистика? Анткени азыркы муундагы адамдардын башка «достору» көбөйүп кетти. Ошон үчүн биздин жарды өлкөдө эмес, Батыштын гүлдөгөн мамлекеттеринде жүздөгөн китепканалар жабылып калып жатат ко?

– Мурда советтик цензура көп жазуучу-акынды эркин ойлонуп жазууга мүмкүнчүлүк берген эмес дечү элек, сыягы азыркы жакыр заман советтик цензурадан да чоң тоскоолдукка кабылткан жокпу калемгерлерибизди?
– Совет мезгилин артынан жамандай бериштин кереги жок, себеби цензурадан зээн кейитип айткыдай анча деле көп адам жапа чеккен эмес. Ага карама-каршы башка чындыкты айтса болот – алакандай Кыргызстанда эки жүздөн ашуун жазуучу чыгып, бул көрсөткүч боюнча биз улуу Кытай эли менен теңелип калсак керек эле. Эми жазуучулар азайят, мында эч кандай трагедия жок. Азыркы дүйнө англис, франзуц, немис, испан, кытай, орус тилинде  сүйлөгөн мамлекеттердин ареалдарына бөлүнөт. Биздин жазуучулар ушул тилдердин бири аркылуу дүйнөгө таанылууга аракеттениши керек. Андан башка жол жок.

– Бизде адабий институт жогунан жазуучу-акын болгусу келгендин баары эле журналистика же филологиялык илим менен чектелгендер. О.э. театрларда гример бөлмөдө иштегендердин көбү пенсия жашындагы карылар. Ушундан улам ой келет: биздин коомго көркөм адабият, көркөм дүйнө анчалык маанилүү эмеспи? Дегеле көркөм кадрларды даярдоодо мындай маселелерди кандай чечсе болот?
– Бизде адабий институт совет мезгилинде деле болгон эмес, жалгыз адабий институт Москвада болгон. Бирок биздин жазуучулардын арасынан ал институтту саналуу кишилер гана бүтүргөн. Совет мезгилиндегидей гонорар төлөтүп койсо, азыр деле акын-жазуучулар козу карындай жайнап чыгат. Алардын китептерин окуй албай биздин башыбызга эле мүшкүл иш түшөт. Театрдагы гримерлор, китепканадагы библиографтар, музейлердеги сактоочу искусствоведдер, академиядагы илимий кызматкерлер карыса – ал бир заман карыгандыгы, жаңы заман жаштарды башка тармактарга алып кетип жаткандыгынын белгиси. Жаңы заманда деле коомго көркөм адабият, кино, музыка, сүрөт, театр керек. Азыр деле коом үчүн бул чөйрөлөр маанилүү, бирок Совет мезгилиндегидей эмес, башкача мааниге ээ. Анткени коом турмушунда аткарган ролу башка. Жазуучуларды атайылап окутуш керек эмес, эмне дегенде, чыгарма жазуу – адамдын ички муктаждыгы. Ошол муктаждыгы тынчтык бербеген адам сөзсүз бирдеме жазат, тыюу салынганына карабайт. Ошол жазганында маанилүү данек болсо, ал азырбы, же элүү жылдан кийинби, баары бир басылып чыгат, элге тарайт. Тарыхта мындай фактылар өтө көп, аларды санап, окурмандарды чарчатпай эле коелу…

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 30.05.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий