КӨК-ТОНДУУ МАЗАР БАЯНЫ

mazar

Өзгөн районунун Саламалик айылына болгон иш сапарыбызда бир ыйык жерге көңүлүбүз түштү. Ал – тарыхы жагынан көпчүлүктүн көңүлүн бурган Көк-Тондуу мазар-күмбөзү. Оң капталындагы жети булакка ээлик кылган бул мазардын уламыштары тууралуу Абдымиталип аксакалдан уктук.

– Абдымиталип ата, бул мазар-күмбөздүн тарыхына эч бир окумуштуу кызыгып көргөн жокпу?
– Бул мазар аалымдар тарабынан изилденип келет. Абдыразак Кимсанов деген аалым бар, куйма кулак, билимдүү киши. Ошолорду ээрчип жүрүп мен да бул мазар туурасында маалыматка ээ болуп калгам. Аталган сырдуу мазар ыйык жер болуп саналат. Мында кимдин, кайсы тарыхый инсандын сөөгү жатканы ушул күнгө чейин тактала элек. Чоюн Өмүралиевдин изилдөөсүндө бул мазардын тарыхынын башталышы 1100-жылга барып такалат.

Уламыштарга караганда, Мухаммед пайгамбар өмүрүнүн акырында өзүнүн сахабаларын чакырып, Арстанбап бабага курма берет. «Бул курманын 500 жылдан кийин Чыгыш тараптан ээси чыгат, ошого бересиң» дейт экен. Арстанбап баба аны оозуна салып алып 500 жыл жашап, ар кай жакты кыдырып жүрүп ушул айылга келгенде көчөдө ойноп жүргөн балдардын бири келип «мага деген аманатты бер» дептир. Арстанбап баба оозунан курманы алып чыкса сөөгү гана калыптыр, аны алган баланын аты Акмат Жасави болот. Арстанбап баба тиги балага «менин өмүрүм бүттү, сен менин жаназамдын башында турасың» десе, ал «мен жаназаңдын башында тура албайм, болгону 7 жашар баламын» дептир. «Менин жаназамдын башында периштелер турат, сен болгону күбө болуп коёсуң» дептир. Ошентип, Арстанбап бабанын жаназасына 7 жашар Акмат Жасавиден башка эч ким күбө болбогон экен. Бул мазар ошол кишиникиби же башканыкыбы, эч ким далилдей албайт.

Бул экөө тууралуу биздин айылдын аталышына карата да уламыш бар. Алсак, айылдын Саламалик деп аталып калышын Арстанбап баба менен Акмат Жасавинин саламдашканы менен байланыштырышат. Бул мазарга тиешелүү дагы бир уламыш бар. Айылда көк чапан кийген аксакал пайда болот. Ошол аксакалдын сөөгүн ушул жерге беришкен экен. Атын эч ким билбегендиктен, «көк тондуунун мазары» деп жатышып Көк-Тондуу мазар аталып калган.

– Күмбөз кандайча тургузулуп калган?
– Бул күмбөз 1100-жылдарда караханиддер тарабынан салынган экен. Көп кылым өтүп, эскиргенинен жергиликтүү молдолордун сунушу боюнча айланасын бышык кыш менен тосуп жаңылап койгонубузга аз эле жыл болду.

– Мазардын төмөн жагындагы булактын күмбөзгө тиешеси барбы?
– Булактардын башы күмбөздүн астында болуш керек. Себеби күмбөздүн оң капталынан 9-10 метрдей аралыкта катар-катар жети булак чыккан. Бул булактын пайда болушу да күмбөздүн тургузулушу менен туш келет го, сыягы. Мазардын ыйыктыгын ашырып турган да ушул булактар. Биз жаш кезде бар болчу. Ата-бабалардан да сураштырып көрдүк, эч ким билбейт экен. Баары эле «тээ атам заманда» деп коёт. Бул булак чоң аталарыбыз жаш кезинде кандай болсо, карыганча деле ошол бойдон туруптур. Мен 75ке чыктым, бала кезимде кандай болсо, дагы эле ошол бойдон.

Түбү кайсы жер экенин эч ким билбейт. Жети түрдүү ооруга дары деп айтып келебиз. Бирок кайсы ооруларга экенин эч ким изилдеген эмес. Элдик медицина деп көп ооруларда колдоно беребиз. Көбүнчө бала-чакада кандайдыр бир жаралар пайда болсо жетелеп келип жуундуруп коёбуз, бат эле жок болуп кетет. Канчалык көп ичсе да ичти такыр оорутпайт. Жайында абдан муздак, кышында жылуу болот. Касиеттүү булак.

– Бул жерде көрүстөндөр көп экен, ушул мазардан улам көрүстөнгө айланса керек…
– Мунун айланасындагылар бүт чечендердин көрүстөнү, мурда бул жерде алар көп жылдар бою жашаган. Илгери Өзгөн районунун эли да ушул жерге алып келип сөөк жашыргандыктан, чоң мазар болуп калган.

mazar2

Уулбү Каныбекова, “Супер-инфо”, №566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий