Улукмырза Полотов: Улуттук колоритти сактап ырдагандар аз (1-бөлүк)

Polotov_UlukКР эл артисти, профессор, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын мугалими Улукмырза Полотов менен болгон маек.

– Аваздык өнөрдүн сырын кантип ачкансыз?
– Атай Огонбаев айтчу экен, «ырчы ырдап атканда көмөкөйү көрүнүп туруш керек» деп. Мына, кептин баары ушунда. Муну дүйнөдөгү нечендеген музыкалык теорияны жазгандар да айтып келген. Менин таңгалганым: Атай Огонбаев муну өзүнүн жеке туюму менен билген болсо керек. Болбосо ал мезгилде вокал искусствосуна арналган атайы адабияттарды Атай окуду дейсиңби? Ал өзүнүн табигый талантынын аркасында гана ушуга көзү жеткендей…

Негизи эле анык кыргыз ырларынын аткарылышын карап отурсаң, аткаруучунун көмөкөйү ачылып турмайын, ийине жетпейт. Мисалга, ошол эле Атай, Мусанын ырдагандарын өздөрүнүн аткаруусунда уксаң, түшүнөсүң. Алар: Боогачынын «Үкөйү», Эгинчиевдин «Айнагүлү», А.Огомбаевдин «Даанышман» сыяктуу ырлар. А өзүмдүн түшүнүгүмдө: киндик менен табарсыктын ортосундагы аралыкта боштук бардай туюлат. Мына ошол жерге ырчынын деми топтолот. Ошол дем анан үндү бери жакка түртүп чыгарат. Болгондо да өзөктөн. Себеби, дем топтолгон жерде булчуң жыйрылып, иштей баштайт. Албетте, табарсык менен киндиктин төмөн жагына дем барышы мүмкүн эмес, чынында барбайт. Бирок ырчыга ошондой түшүндүрбөсөң, жетпейт. Тек гана туура дем алганды билсең, ошол мен айткан жердин булчуң эти жыйрылып, ырдоого жеңил болот. Негизи ырчыга көкүрөктөгү демди кармаш үчүн киндик тушту борсойтуп кармап турууга үйрөтүү – мугалимдин биринчи тапшырмасы. Болбосо канча аракетиң текке кетет. Мен көп ырчыны көрүп, угуп жүрөм, үндөрү мыкты. Бирок демди туура эмес алгандыктан, анча угумсуз. Ал эми демин мен айткандай туура кармаган ырчыларды уксаң, үнү сайсөөктөн чыгып, сайсөөккө жетип, уккандын чери жазылат. Ага ошол киндик тушундагы булчуңдар жардам берет. Анан албетте, көмөкөйү жаңгак тоголонуп кирип кеткидей ачылып турушу зарыл. Жакшы ырдоонун мен билген сыры ушул… Ушул эки нерсе шайкеш келгенде гана ырчынын көмөкөйү (тамагы деп да айтабыз) музыкалык аспапка айланат.

– Бир таңгалганым, негедир сиздин класстын босогосун аттаган ырчылардын дээрлик көпчүлүгү мыкты ырчы болуп чыга келишет. Анан да баарынын ырдоо манерелары бири-бириникине жакын болгондуктан сиздин «фабрикадан» чыгышканы билинип турат. Бирок кээсинин бара-бара чыңырган үндөрү жоголуп кеткендей туюлат, бул эмнеден?
– Алтын үндү түпкүрдөн алып чыгыш үчүн (киндик тушту айтканы. О.Ш.) арбир окуучумду кара терге түшкөнгө мажбурлайм. Тилекке каршы, ырчы болом дегендин баары эле күнүгө кара терге түшкүсү келбейт, көбү жалкоо. Андайлары мен айткан тапшырмаларды класстан чыккандан кийин унутуп калат. Унутпагандары сен айткандай, элдин алдына чыкканда чыңырып ырдап, качан болбосун өз формасын жоготпойт. Окуучуларымдын арасында айрым «жылдыз» болуп элге таанылып калгандары бар, алардын ырдаганын уккуң келбейт. Себеби, баягы мен айткан тапшырмаларды унутуп, жөн эле отуруштагы ырдаганды сүйгөн саанчы аялдардын биринен айырмасы жок. Кээси мага жолугуп калган жерден аябай тилдейм. Уяты барлары кайра келип, үнүн өз калыбына жеткирүүгө аракет кылат. Ырчылыктын эң жаман жери – өзүнө өзү ишенип алгандагысы. Албетте, анын кемчилигин көп учурда угармандын баары эле туйбайт, а бизге окшогондорго оркоюп көрүнөт да. Азыр эле сөзүбүздүн алдында белгилүү ырчы кыздарыбыздын бири келип кеткенин көрбөдүңбү: кудай урган ал кийинки күндөрү эл алдында фальшь ырдачу болду. Башында мыкты үнү бар эле. Көрдүңбү, мугалим айтканды эсине түйбөгөн ырчынын үнү гана эмес, керек болсо кулагы да бузула баштайт. Колундагы комузу башка нотада, үнү башка нотада жүрөт, анан да уялбай жакында эле элге концерт берди. Мындайлар көбөйүп кетти, баарын суу чыбык менен сабай турган гана киши жок.

– Канча жылдан бери мен да сиздин артыңыздан ээрчип, вокалдан сабак алдым, албетте, ырчы болуш үчүн эмес, ырдоо маданиятынын усулун кагазга түшүрүү үчүн. Бирок өзалдымча окурманга жеткирип берүү колуман келер эмес, ошондуктан ырчыны тарбиялоонун арбир майда-чүйдө машакатынан өйдө түшүндүргөнгө аракет кылсаңыз. Себеби бул эмгекти жалпы окурман журтуна арнагым келбейт, тек гана аваздык өнөргө кызыккандар үчүн зарыл болор деп ойлойм. Арийне, адам өмүрү түбөлүк эмес да, сиз деле жетимиш жашты таяп калдыңыз. Ушул сиз билген сырлар кийин туюк бойдон алтын башыңыз менен кошо кетсе, улуттук музыкабыздын өксүгүн толтура алабызбы… Себеби, нукура кыргыз үнүн профессионалдык бийиктикке жеткире ырдаганыңыздан мурда канчалаган ырчыларды өзүңүздөй ырдоого тарбиялап келатасыз. Кудай-таала сиздей жандын көчүрмөсүн кыргызга кайра береби-жокпу, билбейбиз. Ошонүчүн элибиз: «Атаң карыганда алдап-соолап күчүн ал» дейт, биз сиздин тажрыйбаңызды, өнөр сырыңызды алып калалы дегенибизге аний дебессиз…
– Өзүң кээде айлап-жылдап жоголуп кетип атпайсыңбы… Билгендерден сурап калам, дайныңды таптырбай кетесиң. Болбосо качан эле сен экөөбүз китеп жазалы деп жүрбөдүк беле. Арбир кесиптин табышмактуу, сырдуу жактары болот, сен муну менден жакшы түшүнөсүң. Бирок баарыбыз эле өз кесибибиздин сырын кагазга түшүрүүгө келгенде, жокпуз. Мен деле канча жолу вокал жөнүндөгү түшүнүктөрүмдү кагазга түшүрүп көрдүм, болбойт экен, буга абдан өкүнөм. Окуучуларыма баарын эле оозеки түшүндүрүп келатам, бирок ал нерсе баарыбир түбү барып жоголот да. Эгерде кесиптик тажрыйбаң боюнча аназиздериң кагазга жеткиликтүү түшүрүлсө, албетте, ал кийинки муундарга кандай пайда. Эң өкүнүчтүүсү: не деген улуу таланттарыбыз өттү, алардын талант сырын ачкан эмгектер колго урунбайт. Айталы, Б.Миңжылкиев, С.Кийизбаева, А.Мырзабаев, Х.Мухтаров, К.Чодронов, С.Токтоналиев сыяктуу опера ырчылардын вокалдык өзгөчөлүктөрүн элге жеткиликтүү жазып берген бир да музыковедибиз чыккан жок. М.Рыскулов, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Жумадылов, Б.Бейшеналиев, А.Өмүралиев өңдүү улуу таланттардын көзү өтүп кетти. Алардын сахна чеберчиликтери келечек муунга кандай формада жеткирилери туурасында убагында ойлонуп, убагында атайы иш-аракет кылбаганыбыз – театр искусствосу үчүн орду толгус жоготуу. Себеби, алардын алтын башы менен көп нерсе кете берди. Ушулардын кимиси жөнүндө театровед, искусствоведдердин эмгеги жарык көрдү?! Кээде гана радио-теледен эскерүүлөр берилгени болбосо, кыргыз искусствосунун жогорудагыдай корифейлери унутта кала берет. Алардын өнөр сырын изилдегендер чыкпай келатканы кейиштүү. Болбосо мындай сыймыктуу инсандарыбыздын сахна сыры келечек муунга сабак болуп калыш керек. Мисалга, көркөм кадрларды искусство институту, консерватория, училища, театр жана филармониянын студиясында окутуп атабыз, бирок студенттерге тарбия берүүгө келгенде колубузда окуу куралдары жетишсиз. Профессионал искусство өнүгүш үчүн анын терең сырын өз жонтерисинен сезген жогорудагы улуу таланттардын айтылып калган сөздөрү, эскерүүлөрү жана өздөрү жөнүндө жазылган эмгектер болсо, кандай жакшы болмок. Арийне, М.Рыскулов же Б.Миңжылкиев, С.Жумадылов сыяктуу улуу таланттардын өнөрүн чечмелеген эмгектер китеп болуп калганда – келечектеги жаштарга теория эмес, практика жүзүндө окуу усулуна айланмак да. Себеби булар улуттук театрыбыздын сыймыгы болгондон кийин, демек, салттуу өнөрдүн пайдубалы да ошолордон түптөлөт. Ириде, өнөр мектеби деген нерсе ошентип калыптанат. Мындай улуу таланттардын арбиринин өмүрү – керек болсо элибиздин басып өткөн тарыхы да.

– Сиз айткан бул көйгөй абдан маанилүү экенин биздин коом алигиче түшүнө электей. Мурда Совет доорунун аркасы менен театр, кино тармагынын жерпайы түптөлүп, дүйнө элдериндей эле биз дагы көркөм дүйнө таануу шыбагасына ээ болуп калганыбызга шүгүр. Ал эми азыр өнөр өстөнүнө жардам берүүдө мамлекет казынасынан каржы жагы каралганы менен көркөм кадрларды тарбиялоо жагы унутта калгандай туюлбайбы сизге?
– Туура маселе. Совет мезгилинин жакшы жагы: профессионал театрлар курулуп, Власов, Ференин көмөгү менен тунгун композиторубуз А.Малдыбаевдин «Айчүрөк», «Манас» сыяктуу опералары жазылып, элибиздин рухий мурасы болуп калды. М.Абдраев, К.Молдобасанов, Н.Давлесов, А.Жумакматов өңдүү композитор-дирижерлор билим алып чыкты. Ошол эле жогоруда биз санап өткөн жоон топ таланттар тарбияланды. Керек болсо, С.Каралаев, С.Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосу том-том китеп болуп чыгып, канчалаган теле тасмага тартылды. К.Орозов, Ы.Тумановдун комуз күүлөрү оркестрге салынып, улуттук музыкабыз шаңшыган кереметке айланды, улуттук кино жаралып, Т.Океев, М.Убукеев, Б.Шамшиев сыяктуу таланттар өсүп чыкты. Айтор, санап отурсак, толтура кеп бар. Бирок эмки кеп: биз ошол уюткубузду кантип сактап калууда. Мурдагыдай Москваны карап отурар мезгил эмес, уучубуздагы таланттарды тарбиялоо, өстүрүү жагы өзүбүздүн милдет. Андыктан сен айткандай, көркөм кадрларды тарбиялоодо – «жетим өз киндигин өзү кесет» дегендей, келечек муунду профессионал искусствого тарбиялашыбыз керек. Биз азыр театр же музыка күйөрмандарын тарбиялоодон мурда, керек болсо театр артисттери менен музыканттарды, ырчыларды тарбиялоо жагына көбүрөк көңүл бурар мезгил келди. Азыр карап отурсаң, артисттердин маданий деңгээли карапайым элдикинен деле көп айырмаланбай калды. Себеби, өзалдыбызча эгемен мамлекет болдук деген жылдардан бери маданиятыбыз артка чегинди, бул жашыра турган кеп эмес. Атайы усулдук адабияттарды чыгарууга көңүл бурулган жери жок. Музыка жана театр терминдери кыргызчаланбагандыктан айылдан келип, эки ооз орусча сөздүн башын кошалбаган балдар-кыздарга билим берүү кыйын болуп эле келатат. Мисалга өзүм андай жаштарга колуман келишинче кыргызча жеткирүүгө аракет кылам, бирок көп учурда түпкүрдөгү мааниси окшошпой атканын сезип турам. Андыктан биздин мамлекет жалаң эле социалдык-экономикалык маселелерге көңүл бурбастан, маданият тармагын комплекстүү түрдө өстүрүүнү унутпашы керек.

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 20.08.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий