Азия маданиятын бириктирүү Түштүк Кореядан башталууда

korea

Азия дүйнөлүк тарыхта өзүнүн ээлеген георграфиялык аянты же элинин көптүгү менен эле эмес, билимге, илимге жана дүйнөлүк маданиятка кошкон эч нерсеге теңегис салымы менен өзгөчөлөнүп турат. Азиядагы эң өнүккөн мамлекеттердин тарыхы Кытайдан баштап, эгемендикке жакында эле жетишкен Кыргызстанга окшогон мамлекеттери менен абдан түрлүү жана ошонусу менен дүйнөлүк коомчулукту кызыктырып келет. Ошол көптөгөн тарыхый жана маданий мурас азыркы муунга маанилүү сабак болушун, андан ар-бир азиялык улут өзүнө зарыл болгон тыянак чыгарышын азыркы убакыт талап кылууда. Турмушу менен социалдык абалы кыйынчылыктарга такалган Орто Азиялык мамлекеттерге миңдеген жылдык басып өткөн тарыхынын негизинде өз алдынча маданияттуулуктун улуттук өзгөчөлүгүн жарата алган Кытай, Япония, Корея окшогон өлкөлөр үлгү болуп келет. Алар өз гана улутун ойлобостон, башкаларга да үлгү боло тургандай иш-аракеттерди жасоодо. Андай мамлекеттердин бири Түштүк Корея.

Азия журналисттеринин маданий Форуму

Жакында Түштүк Кореяда жайгашкан Азия журналисттеринин Ассоциациясы (АЖА) Азия аймагынын 12 мамлекетинен журналисттерди өзүнө чакырып, бир жуманын ичинде Түштүк Корея мамлекетинин алдыга койгон пландарын тааныштырып жана учурдагы кылып жаткан иштерин көрсөтүп, жыйындын негизги максаты болгон башка улуттардын арасында кызыгууну туудуруучу жана сабак боло ала тургандай ийгиликтери менен бөлүшүүгө аракет кылышты. Азиялык 50-дөн ашык мамлекет кирген жана 2004-жылдан бери иштеп жаткан АЖАнын учурдагы негизги милдети аймактагы мамлекеттердин маалымат каражаттарынын ортосундагы байланышты жана карым-катнашты жандантуу, өбөлгө түзүп, күчөтүү. Бул максатты ишке ашыруу үчүн АЖАнын президенти Сингапурлук Айвен Ли мырза менен Кореялык Санг-Ки Ли мырзалар буга чейин бир нече жыйын өткөрүшүп, азиялык журналисттердин ортосундагы байланышты күчөтүү аракетин кылып келишкен. Түрлүү себептерден 2009-жылдан бери мындай жыйындар болбой калган эле. Эми 2013-жылы Түштүк Корея мамлекетинин колдоосу жана белгилүү ири компаниялардын демөөрчүлүгү астында, Азиянын 12 мамлекетинен – Кытай, Камбоджа, Индонезия, Бангладеш, Сингапур, Пакистан, Египет, Филлипин, Вьетнам, Туркия, Түштүк Корея жана Кыргызстандан — журналисттерди чакырып, чыгымын толугу менен төлөп берип, Кванджун шаарында уюштурулган “Азия журналисттеринин маданият Форумун” өткөрдү.

Анын негизги максаты Азиялык мамлекеттердин ортосундагы маданий байланышты жана өз ара карым-катнашты бекемдөөдө азиялык журналисттердин орду жана ойногон ролу кандай болушу керектиги талкууланды. Анда чыгып сүйлөгөндөр журналисттердин жалпы эле коомдун өнүгүшүндөгү ойногон ролу жана эл аралык байланыштарды күчөтүүдөгү ээлеген орду тууралу өз ойлору менен бөлүштү. Катышуучулардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде Азиялык маданий байланышты күчөтүүдө маалымат каражаттары чоң мааниге ээ экендиги белгилеген. Андан тышкары маданий байланыштарды жана жалпы эле улуттар арасындагы алаканы күчөтүүдө Европа Биримдигине окшогон Азиялык уюмдун зарылдыгы бар экени да айтылды. Аны менен кошо ар-бир мамлекеттин өкмөтү маданий жактан ачык саясат жүргүзүүсү керектигин да көрсөтүлдү. Коомчулукту бул ишке тартып, алардын алдынкы катарын журналисттер түзүүсү керектиги баса белгиленди.

Бул багытта кореялык басма сөздүн иши кандай экендиги айтылып, аларга мамлекет тараптан көңүл жакшы болуп жатканы катышуучуларды өтө кызыктырды. Форумдун кээ бир катышуучуларынын айтуусунда, улуттар арасындагы маданий байланыштар мамлекет тарабынан эске алынбай, көмүскөдө калып жатканы өтө өкүнтөөрү айтылды. Ошентсе да, алгачкы кадам жасалып жатканы кубандыраары, бул багытта Түштүк Корея үлгү болоору баса белгиленди.

Азия маданий борбору

Форумдун алкасында Корей жарым аралынын түштүгүндө жайгашкан жана Түштүк Кореядагы демократиялык өнүгүү жолунда өзөктү түзгөн Кванджун шаарында курулуп жаткан Азиянын маданият Комплексин кыдыруу да болду. 2004-жылы башталган бул ири курулуштун негизги максаты, ачылган соң ага Азия мамлекеттеринин улуттук өзгөчөлүгүн, тынчтыкты бекемдөөдө зарыл болгон сабактарды өздөштүрүүнү, жаш муунга маданий мурастын баалуулугун көрсөтүү жана аларга арналган бөлүктөр менен ордолорду куруп, ишке киргизүү. Аянты боюнча бул Комплекс 140 миң чарчы метр жерди ээлеп, жер астында 4 кабат, жер үстүндө 4 кабаттан турган бир нече имараттар курулмакчы. Имараттын ички аянты 130 миң чарчы метрди түзүп, ага бир эле мезгилде 8 миңге жакын адам кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Курулуш 2014-жылы аяктап, расмий ачылышы 2015-жылга каралган.

Ири Комплексти куруш үчүн Түштүк Корея өкмөтү 712 миллиард корея вонун же болбосо 700 миллиондон ашык Америка долларын багыштаары каралган. Анын бир өзгөчөлүгү энергиялык жактан үнөмдүү болушу үчүн күндүн энергиясы менен жарыкталып, жердин энергиясы менен жылытылаары каралган. Электркубаттуулугу -10 миң киловатты түзмөкчү. Экологиялык жактан адамдын турмушуна жагымдуу шарт толугу менен иштелип чыккан. Мындай ири курулуштун ишке кириши менен Азия мамлекеттери маданият тармагында дүйнөлүк эң ири борборлордон өзгөчө боло турган Комплекске ээ болот.

Түштүк Кореянын Май революциясы

Комплекстин демократиялык өнүгүүнү жана тынчтыкты сактоону изилдей турган ордосун ачууга Түштүк Кореянын 1980-жылкы май революциясы түрткү болгону Форумдун катышуучуларын өтө кызыктырды. Аскердик хунтанын бийликке келип, адам укуктарын тебелеп, демократияга чек койгону менен макул болбогон Кванджундук жаштар, өзгөчө ошо кездеги студенттер, көтөрүлүшкө чыгып, аскерлер менен атышууга чейин барышкан. Натыйжада көп курмандыктар болгон. 1980-жылдын 18-майынан 26-майына чейине созулган көтөрүлүш аскер күчтөрүнүн курал колдонуусу жана шаарга танкаларды киргизип, кандуу аракеттеринин натыйжасында көтөрүлүш басылган.

  

Көтөрүлүш мезгилинде 137 адам курман болсо, ар-кандай жаракаттардын натыйжасында баш-аягы болуп 650-дөн ашык адамдын өмүрү кыйылышы менен көтөрүлүш басылган. Бирок анын таасири астында бара-бара Түштүк Корея демократияны калыпка келтирип, коомчулуктун ролун күчөткөн. Кандуу аракеттери үчүн ошо кездеги мамлекет башчылар өз жазаларын алып, бири атууга кетсе, экинчиси өмүр бою түрмөгө кесилген. Кыргызстандагы революцияга окшоп, корейлер да таамай атуудан жалтанбастан, эркиндик жана демократия үчүн өмүрлөрүн аяшкан эмес. Көтөрүлүштүн курмандыктары хунта тарабынан эксковаторлор казган аңга көмүлүп, 1997-жылы гана атайы тандалып алынган жердеги мүрзөлөргө кайрадан курман болгондордун сөөктөрү коюлган. Элдик бийлик жана демократия бекем орногон соң, Май революциясынын курмандыктарына арналган атайын Мемориялдык музей тургузулган.
Корейлер май революциясы бүт элди ойготуп, келечекте демократияны, адам укуктарын коргоону жана тынчтыкта жашоону эң зарыл нерсе катары эстей жүргөн окуя деп баалашарын айтышат. Бул дагы элдин арасында жаңы заманда өз тарыхыбызды унутпастан, экономикалык, социалдык маселелер менен кошо маданият маселесин да дайыма ала жүршүбүздү далилдейт.

Кубан Таабалдиев,
Бишкек-Сеул-Кванджун,
«Кабар» МА

Соц тармактар:

Добавить комментарий