Устатым менен өткөн күн

t_abdiev2Элмирбек Иманалиев өнөр өстөнүндө оозеки адабият менен жазма адабиятты куштун кош канатындай кастарлап келаткан апыз. Ал өз чөйрөсүндө оозеки аңгемечи экенин билгендер аз. Себеби өзү да сыр сандыгынын ачкычын бекем катынган өнөрпоз. Жамы журт аны мыкты обончу, дастанчы, манасчы, төкмө акын, актер катары гана тааныса, биз Элмирбектин дагы бир чыгармачыл дасмиясын «24.kg» МА окурмандары үчүн ачып берели дедик. Анын адабий куржунунун оозун ачтырып, устаты Тууганбай Абдиев жүнүндө жазган эссесин тартуулайбыз…

«24.kg» МА эскертет: Төмөндөгү Элмирбектин эссеси бу жолу толугу менен жарыяланууда.

***

Устатыбыз залкар төкмө акын Тууганбай Абдиевдин алаканына 13 жашымда чымыным менен кошо кондум.

– Осокем айткандай «дың» десе эле жарайт, анын үстүнө ырчынын тулгарасы, кадимки Эшмамбеттин чөбөрө жээни болсо, өзүн тентек дешсе, айылда жүрсө баңги-саңги болуп бузулуп кетпесин деген кайран киши мени мектептин жетинчи классын бүтөрүм менен эле борборубуз Бишкекке алып келе берген.

Ошентип сароозумда шаардын шардана шартын да алгач Тууганбай атам үйрөттү. Мен алгач үйүнө келген күнү да меймандары бар экен. Чоң мис табакка күлчөтай менен эт келди. Анан ар бирибизге бирден ичи бош майда табактар таратылды. Менин ага таң калганымды байкаган, тамашакөй Тукабыз өзүнчө бир карсылдап күлүп алды да:

– Бизде ушундай, аш жегенде да интернаттын балдарындай өз-өз табагыбызга салып жейбиз, жырыгыбыз жуга тургансып. Кел балам, биринчисин мен салып берейин, кийинкисин өзүң салып же! Айылдагыдай бул жакта апаң жок эми, ачка каласың! – деп менин табагыма үймө кылып салып берди.

Баарынан кызыгы кийин башталды… Ал учурда устатыбыз «Восток 5» кичи районундагы Ленин проспектиси 36-11 деген үйдүн биринчи кабатында жашачу. Үй ичиндеги ажатканга мени менен ал да кошо кирип келсе болобу…

– Ай балам, сенин туугандарың (мен айтылуу чоңко элиненмин, ошолорду айтканы) бизди «сууга сийген жинди шаардыктар» дешет ко, ошолор биз болобуз. Мынабу ак чарага ушаткандан кийин артынан минтип суу агызып коюп жүр! – деп унитаздын зымынан ылдый тартып суу агызды.

Эртеменен үйүнөн чыгып, филармонияга жөнөдүк.

– Жөө басып баралы, сага шаарды көрсөтөйүн. Көрүндүгүн бересиңби? – деп тамашалап күлүп коёт. Бир убакта «Айчүрөк соода борборунун» тушуна келгенде колун жаңсап: «Мына, бул чоң универмаг, менин апенди досум Уркаш (манасчы Уркаш Мамбеталиев) деген бар, айлыгы тийгенче бир костюмду күндө бир маал кармалап кетип турат» деди. Биздин жол таш менен тегеректелген жердин алдына кирип баратты. Жер төлөдө жети сегиз албеттүү жаш жигит картошкадай тоголок бирдемени стакандардын алдына ката калып дуулдуп ойноп атыптыр. Мен түшүнбөй аң-таң калып аларды карадым.

– Мына буларды көрсөң, минтип акыры-ын айланып, жолобой өтүп кетип жүр, – деп өзү аларды айланып өтүп көрсөттү жарыктык. Мен Тукамын сөзүнө делдейип карадым. «Булар мошенниктер, чөнтөгүңдү кагып алышат» деди. Айтор алар зыянкеч немелер экенин боолгодум да, «жолобойм» деп чочуп кеттим. Ал дагы мыйыгынан жылмайып койду. Алдыбыздан бир кайырчы байматтап чыгып калды эле ага чөнтөгүнөн майда пул сунду. «Атаңгөрү, Горбачевдун кайра куруусу менен ушулар кошо келди» деп кабагын бүркөп койду. Анан айтылуу «Ала-Тоого» келдик, анан тарых музейин, анан «Усубалиев жыйырма беш жыл мыкчыган үй» деп Акүйдү көрсөттү да, Тоголок Молдо көчөсүнөн оңго бурулдук. Мына, – деди – бул жерде тез-тез бокс өтүп турчу эле, болбой калды деп дагы кабагын бүркөп койду. Көрсө, биз ошондо азыркы Кожомкул атындагы спорт сарайын айланып бараткан экенбиз.

Ошентип филармонияга да жеттик. Менин көзүмөн учуп жүргөн филармонияга кирип келдик. Азыр Качкынбай деген агайыңа жолуктурам, сен окуй турган студиянын деректири деди. Биз бешинчи кабатка лифт менен көтөрүлүп бараттык. Сен эми тоодо чоңойгон баласың, мындан ары мунусун калдыратып жаман көрүнбөй, тепкич менен эле жөө чыгып-түшүп жүрө бер деди. Ал өзүнчө сөз… кийин түшүндүм.

Бешинчи кабаттан чарчы бойлуу аксаргыл мыкчыйган киши бизди тосуп алды. Ал жана айткан Качкынбай Асанбаев агай эле. Биринчи сөзү эле «Эмине документтериң бар?» деген мага азаптуу суроо болду. Менде мектептеги деломдон башка эч документ жок эле да. Окуу жайга сегиз жылдык билим менен өтөт экенбиз. Менде жети жыл араң…

«Жок-жок-жок-жок» деди студиянын жетекчиси. Ошол замат көзүмө туулуп өскөн айылым тартылып,  койлордун маараганы, уйлардын мөөрөгөнү кулагыма жаңырды.

– Ыргыткан таштын баары менин башыма тийет, опять Асанбаев күнөөлүү (бул анын дайыма айта турган төл сөзү эле), муну деректир гана чечиши мүмкүн», – деди тигил агай. Ошол замат шашкалактаган устатым мени ээрчитип ылдыйкы кабатка жөө түшүп жөнөдүк.

– Деректирдин үстүндө да деректир бар ушинтип, Акунга кирели эми деп, жайдары ишенимдүү басып баратты. Кош каалгалуу көркөм кызыл тамдын төрүндө көзайнекчен, чачын буралта тараган киши олтуруптур.

– Ассалоо-ом алейкум…

– Тукам карсылдап күлүп, – Сага узуу-ун салам айтпасам болбой калды, Акун… – деди.

– Келиңиз Тууганбай аке, – деп жарык кабыл алды.

– Бир эрке, ыйлаак балдар болот, бирдеме болсо эле «атама айтам» деген. Ошол бала – мен, атам – сен болдуң Акун! – деп мени тааныштырып, болгон жайымды айтты. Ошондо филармониянын деректири, мурдагы маданият министри Акун Токтосартовдун устатымдын тамашалуу сөзүнө бүлкүлдөп күлүп: «Сиз ишенип, шакирт кылам деп алып келген балаңызда талант бар экени шексиз, Тууганбай аке! Анча-мынчага көз жумуп бир таланттын ажарын ачып койгондун күнөөсү жок чыгар, калганын өзүм чечем», – дегенин укканда жанагы койлордун маараганы, уйлардын мөөрөгөнү кулагымдан алыстап, кайрадан борбордук универмаг, андагы устатымдын досу Уркаш абам «ашык» болгон костюм, картошка ойноткон жер-төлөдөгү жигиттер, жаркыраган филармония көз алдыма тартылды!

***

1993-жыл эле. Тууганбай атам үйүндө, улуу кызы Курманжан эжебизди турмушка узатып калды. Келген кудалары, жакын санаалаштары, дос, туугандары баары бар. Мени ырдатабыз деп калышты. Башка жер болсо да ким билет, Абдиевдин жакшылыгында төгүп ырдаш анда менин үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Буга чейин жөн гана сыртынан карап коюп тим болуп жүргөн устатымдын комузу – менин колумда турганы мени ого бетер сүрдөтүп, комузду күүлөмүш болуп беш мүнөттөй буйдалып отура бердим. Тууганбай атамдын Армия деген жакын досу бар, мага карап:

– Эй, саяк да, моңолдордон коркчу беле!? Ырдай бер! – деп мага дем берген болду. Устатым да үмүттүү күтүп олтурганын байкадым да, токтошко болбой калды. Бар күчүмдү салып, коноктордун баарын эле четинен мактап, төгө бердим. Бали, бали деп олтуруп калышты. Ошондо устатым комузун өз колуна алып:

– Илгери Коргоол атам мен жакшы ырдаган күндөрү кадимкидей кубанганынан ыйлачу. Көрсө, аркамда сөзүмдү айтып, ырымды ырдап, ордумду басса деген шакиртиң көңүлүңдү толтуруп турса, чоң кубаныч турбайбы, – деп мага карата биртопко төгүлө ырдады. Кандайдыр көңүлүн төшөп төккөндө көл болуп толкуп калаарын да биринчи ошондо көрдүм. Жандилимди төшөп олтуруп уккан экемин. Ошентсе да баарын кармап кала албадым. Бирок булар кулагыма уюп калыптыр:

Аман бол Элмир балапан,
Айлансын сенден жан атаң.

Барчыным тапка келиптир,
Байкап турам баятан.
Тамтаңдаган сен элең,
Тай-тайлаган мен элем.
Так ырдап турсаң жанымда,
Талыкшып кетип баратам.

Эсен бол Элмир балапан,
Эшмамбет болот таятаң.
Эл алдына чыгарып,
Ээрчиткен мендей жан атаң.
Эки ооз айткан ырыңа
Элжиреп кетип баратам.
Кырчын кез өтүп кетиптир
Кылчайып артым карасам.
Өзүңдө калсын өчпөстөн
Өнөрүм, ырым, тамашам.
Алгың келсе өнөрдү,
Алакандап беремин
Аны да аш кылууга жарасаң?!

Мактабайын көзүңө,
Манчыркап калба сөзүмө.
Ата сөзү – асыл сөз,
Акыл болот өзүңө.
Жакшыңды айтсам жакшы деп,
Жаштык кылып көппөгүн.
Катаңды айтам ката деп,
Көңүлгө алып чөкпөгүн.
Кур сөз айтпайм билип жүр,
Кулагыңа илип жүр!    
Ырчы болсоң каралдым:
Калың эл сени уксам дейт
Карап айт калыс сөз менен.
Жеткире ырда оюңду,
Жебедей таамай сөз менен!

Азырынча «Тайторум»
Арам териң чыга элек.
Алты ооз ырың арбыбай,
Атагың көптөр уга элек.
Кунан болсоң карагым,
Кургатпай териң чабамын.
Алыска болжоп күчүңдү
Абыдан териң аламын.
Жалпынын көзү түшөрдө
Жалыңа тумар тагамын.
Быштыңда чаап бышырам.
Ар жагыңда бар болсо,
Асыйыңда ашырам.
Көңүлдөгү оюмду
Көмүскө кантип жашырам!?
Көрө элегиң алдыда
Көп сыноо өтөт башыңан.

Акын деген ким болот ? –
Агайын менен бир болот.
Бирде жолуң тар болсо
Бирде жолуң кең болот.
Таразанын ташын да
Тактап койсоң тең болот.

Эл ичинде эмне бар,
Эчен түркүн пенде бар.
«Аман бол жолдон чыкпа!» деп
Үндөгөндөр дагы бар.
Артыңдан айың сөз кылып
Сүйлөгөндөр дагы бар.
Айтканыңа кулагын
Түрбөгөндөр дагы бар.
Алдынан чыксаң акын деп
Сүрдөгөндөр дагы бар.
Алтыныны тартып алчудай
Сүйбөгөндөр дагы бар.
«Жүздөшөлү мындан…» деп
Сүйрөгөндөр дагы бар.
Ар бирөө айтат ар кепти
Айтканын туура кабыл ал.
Түзүктөп угуп, түшүнүп…
Түз жагын өзүң таап ал.
Жаманын ылгап – кагып сал!
Жакшысын ылгап – алып кал!
Жашырбай элден жүзүңдү,
Жалбырттап оттой жанып кал!
Аман койсун кудайым,
Атпай кыргыз журтуна
Аргендей үнүң салып кал!

Эстүүсүң балам Элмирбек.
Эстеп жүр ушул талапты:
Билгенимдин баарын бил!
Кылганымдын баарын кыл!
Болгону менден үйрөнбө
Бопорос менен аракты! – деп ырдады. Мен ошол замат бир бөлмөсүнө кире калып Сашкадан (Сардарбек кичүү уулу) калем, дептер сурап алып жазып койдум. Эртеси устатымдын өзүнө көрсөтсөм:

– Жаза жүргөн чоң өнөр балам, калем кармаган ырчы кош жорго минген кишидей болот, Калык менен Ысмайылдын артыкчылыгы – алар жазуучу да болгон. Болбосо көп ырлары айтканы айткан жерде, дегени деген жерде кала берип канчалар изи жок кетишти деди.

Тууганбай атамдын өзү да комуз алса, Коргоолдон, калем алса, кадимки Байдылдан кем эмес эле.

Элмирбек ИМАНАЛИЕВ, «24.kg» MA, 12.09.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий