Жок дегенде АЙТЫШТЫ жайына койгулачы, туугандар…

aytyshСтуденттик кезде айтыштын өтө туруктуу күйөрманы элем. Кезеги келе калса ичкен ашымды коё сала, шымаланып, кыйкырып, бакырып сүрөй албасамда ичимен АЙТЫШтагы ар бир сөздүн түбүндө түнөп, талдап, сүрөп жүргөн күндөрүм эсимде күнү бүгүнкүдөй. Азыр ошол кездегидей айтышты көрө албасам да, тек гана сыртынан көз салып, өзгөчө өсүш жараткан төкмөлөрдүн дымагынан кыргыз улутуна тиешелүү улуулуктун, ток пейилдүүлүктүн жана намыстын учкунун көрүп СҮЙҮНӨМ… Бирок кеп анда деле эмес. Кеп башкада… Мен бүгүн бир жакшы, бир жаман ой таштагым келди ортого. Ким бирөөгө катуу айтып алган болсом кечиресиз?

Биринчиден… Айтыш өнөрүн алып жүрүүчүлөрдө көнүмүш болуп калган бир артыкчылыкты баса белгилеп айткым келди. Мүмкүн кыргыз коомундагы башка адамдар да ушул саамалык жөнүндө ойлонуп көрүшөөр. Кезеги келсе жигиттик кадамдарга баруу деген нерсе бүгүн кыргыз коомунда кызыл китепке кирчүдөй болуп калбадыбы, ошондон улам жөн жай айта салдым.

Кечээ айтыш жыйынтыкталды. Соӊунда Азамат Болгонбаев азаматтыгын көргөзүп жаш төкмө Болот Назаровго батасы менен кошо калыстар берген башбайгесин сунганын уктум. Албетте, бул айтыш өнөрүндөгү жаӊылык деле эмес, дегеним буга чейинки айтыштарда маселен 2005-жылы автомат акын Женишбек (Токтобеков) Аалыга (Туткучев) калыстардан мурун башбайгени ыйгарып, агалык колдоосун көрсөткөнү, кийин Барскоон айтышында Аалы Туткучевдин Азамат Болгонбаевге «достук» үчүн мен алчу башбайгени сага узатайын деген «жигиттик» чечимдери. Андан кийинки эле айтыштарда теӊ чыгып калган акындар улуусуна жол берип баш ийген адаттары бир саам кыргыз кызы катары менин ар бир клеткамды дүрбөлөӊгө салып, ушундай бир кульминациялуу учурлардагы чын дилден көзүмө жаш ала сүйүнгөн кездеримди кантип айтпай коюшум керек?

Мүмкүн ким бирөө төкмөлөрдүн бирине келин… бирине жеӊе… бирине аяш болгон үчүн Жазгүл ушуну айтып атат дешээр. Жок, кеп анда эмес. Кеп ушул өнөрдүн улуулугунда. Ушул өнөрдү алып жүрүүчүлөр көп учурда намыс ишине келген кезде көр пенделик кызыкчылыктан өйдө турууну, «улууга урмат, кичүүгө ызаат» деген макалды так өзүндөй турмушта колдонгонууну жакташат.

БИРОК… БИРОК…БИРОК…

Экинчиден, сонку кездер өтө саясатташып, бөлүнүп, жарылып бараткан кыргыз коому «Улуу өнөрдү» алып жүрүүчүлөрдү да көрпенделикке, жер-жерге бөлүнүүгө аргасыз кылган. Төкмөлүк деген мыкты өнөрдөгү мен жогоруда айтып жаткан салттуу жакшы эрежелерин талкалап жаткан учурлар арбып баратат. ДЕГЕНИМ, нарындыктар айтыш өткөрсө сөзсүз нарындык бир акынга башбайгени берели!!! Таластыктар өз балабызга тарталы, токтогулдуктар айтыш уюштурса биздин бала бозоруп калбасын, айтыш Ошто өтүп атса өз балабызга колду көбүрөөк чабалы, эмнеге БИЗДИН балага байге бербей койдуӊар? деген майдалыктар, тар акылда калчанган ой-жоорумдар. Ай туугандар койгулачы ушундайды деген бири жоктой!

Мүмкүн мен журналист катары, жөн эле кыргыз кызы катары соӊку кездер бул чыныгы картинаны өтөөөөө арбын көргөндүктөн ирээнжип баратам. Айтышка баргым келбей калганы да ушундандыр мүмкүн.

СУРАНЫЧ… Урматтуу мекендештер кыргызда ТАЛАСТЫК АКЫН, ОШТУК АКЫН, ТОКТОГУЛДУК АКЫН, ЧҮЙЛУК АКЫН, КӨЛДҮК АКЫН деген түшүнүк жок. Кыргызда «КЫРГЫЗДЫН МЫКТЫ ТӨКМӨСҮ» деген гана түшүнүк бар. Ансызда алакандай элде санай келсе манжага жетпеген төкмөлөр бар. Ким кайсыл айтышка кандай даярдык менен келет… Ал элдин сынында. ЭЛДЕН өткөн тараза барбы?

Жазгүл Жамангулова
(Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Соц тармактар:

Добавить комментарий