Кыргыз тайганы дүйнөнү дүңгүрөтөт

taigan

Kыргыздар тайганчылык өнөрдү байыртан барктап, муундан муунга мурастап, табын билип таптап, аңчылыкка салып келген. Учурда кыргыздын таза кандуу тайганынын тукуму азайып, бул өнөр колго алынбай баратат.

Жалпысынан дүйнөдө тайгандын белгилүү болгон 16 түрү бар дешет адис-тер. Ал эми башка булактарда жыйырмадан ашуун тайгандын түрү бар деп айтылып келет. Тайгандын түрүнөн: казактын тазы, орус тайганы, польша хорты, англиялык грейгаунд, ирландиялык бөрү басар, фараон тайганы аталган фенель талибь кебек, ооган тайганы жана башка түрлөрү дүйнөлүк адистердин көңүлүн буруп келет.

Кыргызстанда болсо байыртан уламышка айланган таза кандуу тайган табыш кыйын болуп калды. Азыркы учурда адистердин баамында, өлкөдө аргындашкан тайгандын элүүгө жакын түрү бар.

«Салбуурун» аттуу аңчылык федерация-сын түзгөн Алмаз Акун тайганчылыкты калыбына келтирип, кыргыз тайганынын тукумун иликтеп келатат, анын башкы максаты — кыргыз тайганынын тукумун сактап, дүйнөгө даңазалоо.

Ал кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана аны таптоодогу кемчиликтер тууралуу мындай деди:

-Кыргыз тайганынын 67 ченеми бар. Учурда дүйнө жүзүндө таза кандуу асыл тукум кыргыз тайганынын 120сы гана катталган. Анын ичинде кыргыз жергесинде 6өка жакыны гана калган. Ал эми миңден ашуун тайган кыргыз тайганы менен каны аралашып, аргындашкан түрү катары катталган. Кыргыз тайганынын тукумун сактап калуу зарыл. Себеби, биздин тайгандар тоо-ташта, түздө, токойдо болобу ылдамдыгы, чапчаңдыгы, шамдагайлыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы, кайраттуулугу, эр жүрөк көк жалдыгы менен кескин айырмаланып келген. Ысык-суукка чыдамдуу, кышкысын терисинде тыбыт өсүп, суукту тоготпойт. Кийинчерээк алардын алгырлыгына гана маани берилгендиктен, майдаланып кетти.

Тайганчылардын айтымында, башка түрдөгү тайгандар бир жолу аңчылыкка чыгып келгенден кийин жүрбөй чарчап калат. Ал эми кыргыз тайганы күн сайын табында болуп, 7-8 күн удаасы менен чаалыкпай ууга чыга берет. Кыргыз тайганы карышкырга тайманбай каршы туруп, алып тынат. Анан дагы бир өзгөчөлүгү кыргыздын тайганы гана из кууп, жыт искеп, аң уулайт. Башка тайгандар из куубайт. Көз алдындагы олжосу далдаа жерге кирип кетсе, кууганды токтотот. Ал эми кыргыз тайганы из кууп артынан калбай жүрүп, акыры аңдыганына жетет.

Чынында өлкөдө тайганга кызыккандар саналуу гана. Учурда Кыргызстандагы тайгандарга чет элдиктер кызыгып, айрыкча арабдар менен казактар баасына карабай сатып кетишүүдө.

Айыл жергесинде мыкты мергенчилерде дале тайгандар бар. Чет өлкөлөрдөгү жарыштарда кыргыз тайганы бир нече ирет дүйнөлүк рекорд койгонун адистер айтып келишет. Ошондуктан кыргыз тайганына кызыгуу абдан күч алды. Себеби, беш-алты жыл мурда Англиядагы эл аралык тайган жарышында кыргыз тайганы марага озуп келип, дүйнөлүк рекордду жаңыртканы маа-лымдалган.

Эгемен болгондон бери Кыргызстанда эми гана тайган бааланып, барктала баштады. Белгилүү уста, мергенчи Ислам Исраиловдун айтымында, айрым кыргыздар тайгандын табын билбей, аң уулоо сезимин мокотуп, үйкүчүк кылып багып жүргөнү өкүнүчтүү.

Бишкек шаарынын гербинин автору, сүрөтчү Майрамкул Асаналы 5 тайган багып, бала чактан бул өнөргө кызыгып келет. Ал тайган таптоо өнөрү боюнча мындай дейт:

-Тайганды күчүк кезинен урбай, жалтаң кылбай тарбиялаш керек. Тайган өзү — эрке жаныбар. Өтө сылап-сыйпап эркелетсең мышыктай кылжың болуп калат. Уруп, кагып-силкип койсоң жалтаң болот. Ошондуктан балаңды кандай тарбияласаң, ошондой мамиле кылып, бекем, кайраттуу кылып тарбиялоо керек. Жугунду берип баксаң, кийин жугунду алып келет, эт менен баксаң элик-теке алат. Күчүк кезинде мылтык атып, улам жакындан атып, мылтык үнүнө да көндүрүү зарыл. Чырга сүйрөтүп, түлкү куудуруп жашынан таптаса, накта тайган чыгат..

Тайгандын өңү негизинен ар кандай болот. Кыргызда мурда кара тайгандар арбын болгон. Куу, көк, күрөң түстөгү тайгандар да кезигет. Боюнун өтө бийик болгону деле мааниге ээ эмес. Таза кандуу тайгандын бою 70-80 сантиметрге барабар болуп, көкүрөгү жайык келет. Кулактары узун, шалпайып турат. Кулактарын жүн каптап, буттарында, каптал жагында жүнү болгон тайгандар да кездешет.

Учурдагы базар экономикасынын мезгилинде айрымдар тайганды кадимкидей баалап сатып жүрүшөт. Тайгандын күчүгү эле бир жылкынын кунуна барабар дешет. Илгери бир мыкты тайган бир айыл элди баккан деген уламыш кеп бар. Тайганы бар малчыга карышкыр, түлкү жолобогонун да карыялар айтып калышат.

Кыргыз тайганынын тукумун сактап, мергендерге таратууну көздөп, атайын питомник ачууну көздөгөн демилгечилер болууда. Ошондой эле ар жыл сайын Тоң айылында кыргыз тайганын, мүнүшкөрлүк жана жаа атуу өнөрлөрүн кайра калыбына келтирүү максатында эл аралык «Салбуурун» фестивалы өткөрүлүп жүрөт.

Кыргыз тайганынын боюнун бийиктиги — 65-70 сантиметр, куйругу — чыгырык артып турат. Көзү — күрөң, кызыл түстө, бели ичке, көөдөнү кең, шалпаң кулак, жүнү тыбыттуу келип, арткы 2 буту иймегирээк келет. Тайгандар кара, куу, көк, күрөң түстө болушат.

Илгери казак, кыргыздардын ич ара чабуулунда казактын баатыры Кененсары Чүйдөн Бүргө баатырдын Калча деген уулун колго түшүрүп алган. Кыргыздар колго түшкөн жигитти куткарып алалы деп Кененсарыга көп мал тартуулашмак болот. Ошондо Кененсары: «мындай мал менде деле бар. Эгер баланы чыгарып кетем десеңер кыргыздарда Көкдолу деген 9 карышкырды бир алган тайган бар экен. Ошону мага алып келгиле», — деген экен.

Аңчылыкты жакшы көргөн Кененсары Көкдолу тайганын алып барганда, сүйүнгөнүнөн ордунан тура калган дешет. Мына ушундан улам кыргыз тайганынын баалуулугун билсек болот.

Жакында эле Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух ордо» маданий-этнографиялык борборунда «Салбуурун» эл аралык фестивалы зор салтанат менен өттү. Ал фестивалга куш салуу, аңчылык кылуу жана алгыр куштар боюнча Эл аралык ассоциациясынын төрагасы Гари Тримбрелла жана Кыргызстан, АКШ, Улуу Британия, Катар, Нидерланд, Түркия, Тажикстан, Иран, Өзбекстан жана Казакстандын өкүлдөрү катышты.Фестивалда куш салуу жана укумдан-тукумга келе жаткан аңчылыкты, тайганчылыкты өнүктүрүү боюнча кызматташтык тууралуу талкуу болду.

«Салбуурун» федерациясынын президенти Алмазбек Акунов белгилегендей, фестивалдын өтүшү куш салуу, тайган агытуу, салттуу жаа тартуу аңчылыгын жайылтуу болуп саналат. «Бул жөн гана аңчылык эмес, кыргыз элинин — маданий мурасы. Аңчылык эбак эле унутулуп калган, бирок биз кайра калыбына келтирип жатабыз», — дейт ал. Салбуурун фестивалында тайгандардын, алгыр куштардын көргөзмөсү да уюштурулду. Алмазбек Акунов өзү тарткан тайган тууралуу кино тасмасы көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, анын сюжетинен чет өлкөлүк меймандар кыргыз тайганы тууралуу кеңири түшүнүк алышты.

Кабыл МАКЕШОВ, «Барометр» («Кыргыз гезиттер айылы»), 25.09.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий