Обончу Апаз Жайнаков 53 жаш курагында дүйнө салды. ӨРҮКЗАР ӨЗҮҢСҮЗ КАЛДЫ

jainakov

«Кыргыз жери», «Өрүкзарга кетели» деген ырларды эшитпеген кыргыз болбосо керек. Бири Баткендин гимнине тете болсо, экинчиси өлкөнүн гимниндей кулакка жаңырып, жүрөккө жете турган ырлар. Ушундай керемет аваздарды жараткан обончу, КРнын Эмгек сиңирген артисти, кайталангыс талант Апаз Жайнаков арабызда жок эми. Обончу 9-октябрда 53 жаш курагында дүйнө салды. Ушул жылдын март айында атактуу обончу биздин гезитке басып өткөн жолу, үмүт-кыялдары тууралуу кенен маек куруп берген эле. Арадан алты ай өткөн соң акыркы маеги болуп каларын ким билиптир, аттиң… Кайталангыс таланттын көзү өтсө да, артында ал жараткан не бир керемет обондору, тарбиялаган окуучулары, таасирленген замандаштары калды.

– Мен Баткен облусунун Баткен районунда төрөлүп-өскөм. Ата-энем чарба кызматкерлери болгон. Мектепти аяктагандан кийин Самаркандек айылындагы техникумга тапшырдым. Көп өтпөй эле 2 жылга Чехословакияга, аскердик кызматка жөнөп кеттим. Аскерден келгенден кийин Ош педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө эки ирет тапшырып, сынактан өтпөй калгам. Эмне кылмак элем, айылга барып совхоздо трактор оңдоочу, электрик болуп иштедим.

Талантым жөн жаткырбады көрүнөт, кийинчерээк «мен окушум керек» деп Бишкектеги Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, вокалдан сабак алдым. Дал ушул жерден чыгармачыл адам кандай боло тургандыгын түшүнгөм. Студияны аяктагандан кийин тааныштарымдын «билимиңди өркүндөт, жогорку билим ал» дешкендерине карабай айылыма келип, мурдагы жумушумда иштеп жүрдүм. 1985-жылы тилегим орундалып, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, жогорку билимге ээ болдум.

Окууну аяктап, бала бакчада эмгектендим. Ал күндөр кечээкидей көз алдыма тартылат. Наристелердин агайлап мен келчү автобусту утурлап чыгышканы, ырдап жатканымда кубануу менен угушканы… Балдар менен иштөө көпкө уланган жок. Анткени Баткен райондук Маданият үйүнө жумушка чакырышып, ошол жактан баш-отум менен чыгармачылыкка киришип кеттим.

«БАЛДАРЫМДЫН БИРИ ЖОЛУМДУ ЖОЛДОСО БОЛМОК…»
– Кайра-кайра эле окууга тапшырып, ырдап жүрүп 1982-жылы үй-бүлө күттүм. Жубайым экөөбүздүн турмуштун ысыгын да, суугун да кошо тартканыбызга 31 жыл болду. Мен кандай иш жасабайын дайыма өз оюн айтып, колдоп, кубаттап келет. Экөөбүз 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрдүк, 2 неберелүү болдук. Чоң уулум менен кызым жогорку окуу жайды аяктап, өз адистиги менен эмгектенишет. Экинчи уулум Максатбек Баткен облустук драма театрында эмгектенет, балдарымдын ичинен чыгармачылыкка аралашканы ушул. Кенжетайым Эркин ЖОЖдордун биринде окуп жатат. Балдарымдын арасында жан дүйнөсү ырга жакыны жок. Бирөөсү менин жолумду улантса жакшы болмок. Үмүт үзүлбөйт, балким, неберелеримдин арасынан чоң атасынын чыгармачылыгын уланткан артист чыгар деген ойдомун.

«КЫЗЫЛ ӨРҮККӨ» ТААСИРЛЕНИП БАТКЕНИМЕ ЫР АРНАГАМ»
– Элде «Апаз Жайнаков «Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга» деген ырын кимге арнады болду экен? Кимди өрүкзарлуу Баткенге алып кеткиси келген?» деген суроолор жаралашы мүмкүн. Мен бул ырга обонду «жазда келем айылыңа, кызыл өрүк, түштү көөнүм көркүңө сени көрүп…» деген ыр саптары бар эмеспи, ошого таасирленип жазгам. Баткениме ыр арнасам деп көптөгөн жазуучуларга буюртма берген элем. Бирок алардын биринин да ыры купулума толбоду.
Бир күнү дүкөндөн кичинекей китепчени көрүп калдым. Акын, жазуучу Мадина Тураеваныкы экен. Окуп көрүп, көптөгөн чыгармаларынын ичинен «Сыйыналы бир келген бактыбызга» деген ыры жан дүйнөмө жагып, ага обон жараттым. Ыр чыгары менен бат эле элдин жүрөгүнөн түнөк таап кетти. Мени да сүйгөн адамына арнаса керек деп ойлошот го, арзышкандар бири-бирине «жүр ээрчишип кетели өрүкзарга» деп ырдап жүрүшөт. Чынында, бул чыгармамды сүйгөн адамыма эмес, туулуп-өскөн жериме, Жаратканым жолуктурган жан шеригибиз менен татыктуу өмүр сүрүүгө аракет кылалы деген максатта ырдап чыккам.

«БИР СААТ БОЮ ТЫНБАЙ ЫРДАГАМ»
– Чынында, артисттердин жашоосу дөңгөлөк үстүндө өтөт. Ар кандай кызыктар менен коштолот. Алгачкы жолу 1992-жылы Бишкекте отчёттук концертимди берип, кийин ошол эле программа менен райондорду кыдырып жүргөм. Алай районунун Маданият үйүндө ырдап жатканымда электр жарыгы өчүп калды. Эл атайын менин ырларымды укканы келсе, аларды кайра таратып жиберүүгө болбойт эле. Ошондо аккордеонумду алып 1 саат бою тынбай ырдап бергеним эсимде.

«АГАЙ БОЙДОН КАЛДЫМ»
– Менин жашоодо ыйык тутканым – ата-энем, үй-бүлөм жана чыгармачылыгым. Чыгармачылык эч качан карыбайт, ал дайыма жаш бойдон кала берет. Ушул кезге чейин көптөгөн кызматтарда иштеп, Кудайга шүгүр, тааныш, кесиптеш күттүм дегендей. Учурда өзүм эки жолу тапшырып өтпөй калган окуу жайда, ОшМУда студенттерге таалим берип келем. Артыбыздан чыгармачыл жаштардын өсүп келе жатканы, албетте, cүйүнтөт. Бирок айрымдарынын батыш элин туурап чыгып жаткандары өкүндүрөт. Биз – чыгыш элинин урпактарыбыз. Сахна – ыйык жер. Алар нукура кыргыздын баалуулугун, салт-санаасын, айкөлдүгүн даңазалаган ырларды ырдашса сонун болмок…

Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти:«АПАЗДЫН АМЕРИКАЛЫК ЖЫЛМАЮУСУ БАР ЭЛЕ»
– Апаз экөөбүз 1980-жылдары Бишкекте, тагыраак айтканда, эл чыгармачылыгынын 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн фестиваль учурунда таанышканбыз. Оштон барган таланттардын баары азыркы Токтогул көчөсүндөгү «Пишпек» деген мейманканага жайгашып, ошол жерден Апаздын алгачкы ырларын уккан элек. Музыка дегенде ичкен ашын таштаган жигит экенин байкагам, ошондо эле. Кийин да эже-инидей катышып жүрдүк. Акыркы 5 жылда Ошто, филармонияда чогуу иштешип калдык. Аябай тартиптүү, токтоо, ыймандуу, жулунбаган жигит болчу. Анын жүзүндөгү «америкалык жылмаюусун» эч ким унутпаса керек. Анткени ал учурашып-коштошкон сайын маңдайындагы алтын тиштерин көрсөтүп жылмайып турчу. Кээде биз «ушул тиштериң сага аябай жарашат» деп тамашалап калар элек.
Апаз аз жашады. Ошентсе да өлбөс-өчпөс ырларды элине калтырып кетти. Жакында эле Насирдин Исановдун 70 жылдыгын белгилегенде концерттик программа Апаздын «Кыргыз жери» деген ыры менен башталды. Ырды угуп жатып Токон Эшпаев, Абдыманап Төрөбеков, Динара Акулова, Саламат Садыкова болуп «Апаз ооруп жатыптыр, сурап койсок болот эле» деп сүйлөшкөн элек. Тилекке каршы, ага жетишпедик. Эмне дейбиз, ажалга эч кимдин алы жетпейт экен. Апаз инимдин жаткан жери жайлуу болсун!

Жолболду Алыбаев, КРнын Эл артисти:«АПАЗ БАТКЕН ЭЛДИК ТЕАТРЫН ТҮПТӨП КЕТТИ»
– Апаз мага 6-октябрда өзү чалган экен. Иштер менен жүрөт элем, «Апаз, үйгө барганда өзүм чалам, кенен-кесири сүйлөшөбүз» дегем. Үйгө барып чалганымда, тилекке каршы, телефонун көтөрбөдү. Көрсө, ал ошол учурда ооруканада экен. Экөөбүздүн акыркы сүйлөшүүбүз ошол болду.
Апаздын жарата турган ырлары, жасай турган иштери алдыда көп болчу. Тагдыр экен, жабышкан оорусу аны арабыздан алып тынды. Жаш кетсе да, кыргыз маданияты үчүн зор салымын кошту, кыргыз эли, чет жердеги мекендештерибиз сүйүп уккан кыргыз жери тууралуу ырларды жаратып кетти. 2006-жылы Баткен облусуна Элдик театрды түптөдү. Жакында эле «ошол театрга Апаздын ысымын берели, сүйүнүп калсын» десем, «анын көзү тирүү да» деп болбой коюшкан эле.

Саламат Садыкова, КРнын Эл артисти:«АПАЗДЫН ӨЗҮН КӨРБӨЙ ТУРУП ЫРЛАРЫН ЫРДАП ЧЫККАМ»
– Апазды чыгармасы аркылуу тааныдым. Өзүн көрбөй туруп «Кыргыз жери» ырын ырдап чыккам. Кийин гана тааныштык. Аябай сый элек. Студент кезинде да кеп-кеңештеримди берип, жакшылык-жамандыктарына катышып, эжелик милдетимди аткардым. Мүнөзү токтоо, оор басырыктуу жигит эле. Ооруп борбордук ооруканада жатканында барып «жадырап-жайнап, күлгөндө күлүп, бакырганда бакырып жүрсөң, үкө» деп абалын сурап кеткен элем. Кудай Таалам пендесине жашты өлчөп берет тура. Өмүр суусу ушул экен. Эми калган жашын балдарына берсин. Инимдин жаны жаннаттан болсун!

Бегайым Тажибай кызы, Дамира Арстанова,
«Супер-инфо», №571, 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж.

Соц тармактар:

Обончу Апаз Жайнаков 53 жаш курагында дүйнө салды. ӨРҮКЗАР ӨЗҮҢСҮЗ КАЛДЫ: 1 комментарий

  • 17.10.2013 в 22:04
    Permalink

    Апаз Жайнаковтун, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

    Ответ

Добавить комментарий