Эстеликтер эскирип, оңдоо муктаждыгы күчөдү

Маданият министрлиги, эми эстеликтерди реставрациялоо же оңдоп түзөө маселеси курчуганын билдирүүдө. Ал үчүн жылына кеминде 50 миллион сом керек дешет адистер.
Маданият министрлиги, эми эстеликтерди реставрациялоо же оңдоп түзөө маселеси курчуганын билдирүүдө. Ал үчүн жылына кеминде 50 миллион сом керек дешет адистер.

Калкынын саны беш миллионго чамалаган Кыргызстанда беш миңден ашуун ар түрдүү эстеликтер бар. Алардын эки миңден ашууну мамлекеттик кароого алынган. Эстелик куруу маданияты кыргыздарда жүздөгөн жылдар мурда эле башталган.

Балбал таштар, күмбөздөр, коргондор, андан соң советтик мезгилде курулган коммунисттик духтагы эстеликтер, кийинки жылдары баатырлардын, чиновниктердин же колунда бар кыргызстандыктардын аталарынын эстеликтери тургузула баштады.

Андан тышкары, Кыргызстанда сөздүн чебери – акын жазуучулар, манасчылар жана искусство ишмерлеринин эстеликтери көп.

Бул эстеликтер эгемендик алганга чейин советтик Кыргызстандын акчасына курулган, көз карандысыз жылдары болсо, жеке ишкерлердин колдоосу жана мамлекеттик бюджеттен каржыланып келет.

Маданият министрлиги, эми эстеликтерди реставрациялоо же оңдоп түзөө маселеси курчуганын билдирүүдө. Ал үчүн жылына кеминде 50 миллион сом керек дешет адистер. Эстелик куруу абдан түйшүктүү иш, бирок, аны реставрациялоо андан дагы татаал.

Сүрөтчү – скульптор Садырбек Макеев
Сүрөтчү – скульптор Садырбек Макеев

Кыргызстандын булуң-бурчундагы көрүнүктүү эстеликтердин дээрлик бардыгы Бишкектеги чолок көчөлөрдө, көзгө көрүнбөгөн, байкалбаган жерлердеги устаканаларда жаралат. Мен ошолордун биринде сүрөтчү – скульптор Садырбек Макеевдин иш бөлмөсүндө анын жаңы эмгегине күбө болдум.

Скульптор алгач ар бир эстеликтин чакан үлгүсүн алдын ала таштан чегип алат. Ал мени чыныгы эстелик жасалып жаткан жайга да баштап барды. Көп кабаттуу үйдүн артындагы эски гараждын дат баскан темир дарбазаларын ачканда бет маңдайыман бийиктиги эки метрден ашкан алп манасчы Саякбай Каралаев тосуп алды.

Скульптордун жардамчысы мандаш токунуп олтурган улуу манасчынын, бирде колтугуна кире калып, бирде артына өтө калып, ылай чаптап колу бошобойт.

Эстелик жаратуунун түйшүгү

Макеевдин айтымында, бул эстеликти жаратуу үчүн өзүнүн бир нече жардамчылары менен бирге соңку үч айдан бери көз ирмебей эмгектенип жатышат. Бир караган кишиге эки жарым метрдик Саясакбайды эми кран менен көтөрүп барып ордуна коюп койсо эле иш бүттү дегендей сезилет. Бирок, художниктин алдында дагы көптөгөн уйкусуз түндөр бар.

“Бул эстеликтин ылайдан жасалган макети эле. Ал каткандан кийин түстүү металлдар менен ширетип, кайрадан жасап чыгабыз. Андан соң коло менен капталат. Кран менен иштейбиз, атайын балкалар, кескичтер, темир ширетүү керек”, — деди скульптор.

Манасчынын эстелигин ошентип кыш алдында Балыкчы шаарына алып барып түбөлүккө орнотушат. Ал мамлекеттик заказ менен жасалууда. Скульпторго бир миллион сом бөлүп беришкен. Каражаттын көбү эстеликтин материалдарына кетмекчи. Мисалы, скульптурада кадимки ылай дагы абдан баалуу материал.

“Мен бул эстеликке колдонгон ылайды Намангандан алдырып келдим. Себеби, ал жактын ылайы көздү чарчатпайт, таза болот. Биздин Ивановкада дагы мындай ылайлар бар, бирок ал кызыл болуп иштөө кыйын”, — деди Макеев.

Эстелик көп салынды, эми оңдош керек

Анткени менен Кыргызстанда учурда жаңы эстеликти курууга караганда, эскилерин оңдоого болгон муктаждык барган сайын жогорулап бара жатат. Парктарда, көчөлөрдө, тарыхый имараттардын алдында, музейлерде, атүгүл ээн талаа, тоо-таштарда дагы эстеликтер арбын. Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө, беш миңден ашуун эстелик бар. Алардын эки миңдейи мамлекеттик камкордукка алынган.

Маданият министрлиги эми бул эстеликтерди реставрациялоо же оңдоп-түзөө үчүн өкмөттөн кошумча каржылоо сураган:

Жолдошев Чынарбек — Кыргызстандын маданият министрлигинин тарыхый эстеликтерди коргоо бөлүмүнүн башкы адиси.

Ал өлкөдөгү көптөгөн эстеликтерди, аз аздан оңдоо иштерин баштоо үчүн эле жылына 50 миллион сом талап кылынаарын айтууда: “Азыр эң биринчи кезекте тарыхый эстеликтерди оңдоо муктаждыгы бар. Бир эстеликти оңдоого эл 11 миллиондон 20 миллион сомго чейин акча кетет. Жылына бирден-экиден оңдоо үчүн элүү миллион сом талап кылынат. Бул муктаждыктын эң төмөнкү чеги.

Реставратор жок

Сүрөтчүлөр үйүнүн төрагасы Таалайбек Усубалиев өзүн Кыргызстандагы, атүгүл Борбор Азия чөлкөмүндөгү сейрек реставраторлордун биримин деп эсептейт.
Сүрөтчүлөр үйүнүн төрагасы Таалайбек Усубалиев өзүн Кыргызстандагы, атүгүл Борбор Азия чөлкөмүндөгү сейрек реставраторлордун биримин деп эсептейт.

Бирок, Кыргызстандагы бардык эстеликтерди оңдоп-түзөө үчүн акча каражаттын тартыштыгы эле эң негизги тоскоолдук деп айтууга болбойт. Себеби, реставрация бул абдан кылдат жана татаал иш. Айсин Дүйшөналиева – тарыхый-маданий мурастарды каттоого алуу инспекциясынын башчысы: “Реставрация акырын-акырындык менен, көп жылдар бою жасала турган процесс. Андыктан, акча табылса эле эстеликтер оңдолуп калбайт”, — деди.

Маданият министрлигин өкүлдөрү буга кошумча, эстеликтерди жергиликтүү бийликтер, атүгүл жөнөкөй жашоочулар да өз алдынча оңдоп-түзөп турушу керек деп эсептешет.

Бирок, Кыргызстандагы эстеликтерди оңдош үчүн акча-каражат табуу же жөнөкөй атуулдарды жардамга чакыруу сыяктуу аракеттер маселени чечпейт деген адистер көп. Сүрөтчүлөр үйүнүн төрагасы Таалайбек Усубалиев өзүн Кыргызстандагы, атүгүл Борбор Азия чөлкөмүндөгү сейрек реставраторлордун биримин деп эсептейт.

Ал реставрация иши – бул өмүрү үзүлгөн адамды тирилткендей эле татаал иш деп мүнөздөөдө: “Түшүнгөн кишиге бул — өлгөн адамды тирилтүүгө тете. Эстеликтин авторлору аны оңдой алышпайт. Өлүм алдындагы адамга реанимациялык кызмат талап кылынгандан эле, бузулган эстеликке дагы атайын реставратор керек”.

Бүткөн чыгарманы кайрадан оңдоп чыгуу канчалык түйшүктүү экенин Усубалиев өз мисалында чечмелеп берди. Ал эстеликтерди дагы оңдойт. Бирок, көбүнчө сүрөттөрдү реставрациалоого адистешкен. Эң соңку эмгеги — Гапар Айтиевдин “Үркүн” аттуу белгилүү чыгармасын ал үй ай бою реставрациалаган.

Элдин талабы

Сүрөт, скульптура жана эстеликтерди оңдоп түзөө маселесине жөнөкөй кыргызстандыктар дагы кайдыгер карабайт. Анткени, бул алардын эстетикалык ырахат алуучу же эс алуучу жайы.

Бишкектин чок ортосундагы “Өчпөс от” аттуу эстеликтердин комплексине үйлөнгөн жаштар, студенттер, туристтер жана шаардын коноктору көп келет. Мен алардын айрымдарын кепке тарттым.

“Биз бул жерге шаардын эң бир кооз жерин көрүү үчүн келебиз. Тилекке каршы, эстеликтердин түбүнө таштандыларды ыргытып кетишкен, булганыч. Анысы аз келгенсип, эстеликтин айрым жерлеринде мрамор плиткалар түшүп калган. Ошолорду оңдогонго аз эле акча кетсе керек. Оңдоп коюшпайбы!” – дейт алардын бири.

Ал аңгычакты, калаанын башка бир учунда эски гараждын ичиндеги устаканасында сүрөтчү-скульптор Садырбек Макеев алп манасчы Саясакбайдын эстелигин жууруп олтурган кези. Ылай болгон колун муздак сууга жууп жатып, ал өзүнүн колу эмес, эстеликтин колуна көбүрөөк түйшөлгөнсүйт…

Ибраим Нуракун уулу, Би-Би-Си Кыргыз кызматы, 04.10.2013-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий