Өлкөбүз адамдын адамдыгын качан тарбиялаар экен?

22 жылдык соңку тарыхыбызда республикабыздын, коомубуздун, жалпы эле эл-журтубуздун дейли  жашоо турмушунда эмнелер болуп жатат ?

Төмөндөгүдөй  бир маалыматтар айтылып жүрөт. Өлкөбүздүн аянты дүйнөнүн 117 өлкөсүнүкүнөн чоң. Суу байлык жагынан 110 өлкөдөн алдыдабыз. Сабаттуулук жагынан дүйнөдө 14-орундабыз. АКШ 9чу, Россия 22чи, Франция 29чу, Германия 30чу, Жапония 31чи, Канада 58чи, Малайзия 98чи, Түркия 100чү, Кытай 102чи орунда. Ушулардан улам тыянак сөз: демек, карандай сабаттуулук аздык кылат экен да. Ал сабаттуулуктарды аракетке келтирип, жалпы элдик дем, демилге жаратуу керек экен да. 1800-жылдары жашап өткөн америкалык ойчул, жазуучу Эмерсон Ралф Уолдо: ”Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү – байлык менен билимдин деңгээли эмес, шаардын чоңдугу эмес, өлкө тарбиялаган адамдын адамдыгы” деген экен.

1945-жыл, 14-август. Жапония императорунун капитуляция жарыялап, анан элине кайрылып айтканы: “Эл-журтубуз муундан муунга бир үй-бүлөдөй болуп, ыйык жергебиздин түбөлүктүүлүгүнө түбөлүк ишенимде бололу, бардык жоопкерчиликтердин оорчулуктарын эстен чыгарбайлы. Алды жактагы жолубуз түгөнбөгөн түбөлүк жол болсун. Күч аракеттериңерди бириктирип, аны келечекти курууга арнагыла. Нарк-дөөлөт пайдубалыңарды, руханий асылзаадалык  аброюңарды сактагыла, империя урматына деп чечкиндүү иштегиле, дүйнөлүк прогресстен артта калбагыла”.

Дагы бир мисал. 1800-жылдары жапан элинен Байган Исида деген акылман чыккан экен. “Эмгек деген эмне? Эмгек деген бул – баарынан мурда адамдын өнүгүүсү, ал эми өндүрүштүк көрсөткүчтөр экинчи катардагы маани. Жалкоо адам өспөйт, өнүкпөйт” деп эл арасында агартуучулук иш жүргүзүптүр.

Соңку тарыхыбызда болуп өткөндөрдүн баары, менимче, эл-журтка терең чечмеленип айтылып, коомчулукта туура түшүнүктөрдү калыптандырып, кары-жаш дебей калайык калкты келечекке түздөө керек деген маанидеги сабак. Өсүү , өнүгүү, жетилүү, жаңылануу, акылга келүү, мунун баары ири алдыда талдоочулук таамай ой, таамай сөз таасирлеринен башталат окшобойбу деген ой келет экен, Жапониянын мисалынан улам.

Кыргыз коомчулугу, элдин өзү, эл башчылары, бизнес чөйрөсү, саясый күчтөр ойлоно турган маселелер көп экендигинде талаш жок. Замандын өзү ар кандай оң-тескери таасирлерге жыш. Айла-амалдануулар өзүнчө бар өнөргө айланып, адамгерчилик деген түшүнүктүн өзү жок болуп бараткандай. “Менимче – жалпы адамзат коому үчүн ядролук согуштан кийинки эле өтө кооптуу жагдай – эчен миң жылдар урпактардын элегинен өтүп иргелген руханий дөөлөттүн эң башкысы – адамгерчилик касиеттердин алсызданышына жол берилгендиги” деп улуу Чыңгыз бекеринен айткан эмес экен да. “Цивилизациянын чыныгы көрсөткүчү өлкө тарбиялаган адамдын адамдыгы” болсо , анда неге ушул жагы республикабызда эң башкы маселе катары каралбай келет.

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардан, тестиер балдарыбыздан баштап, окуу жайларындагы уул-кыздарыбызга, бизнесте , мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүшкөн жаштарыбызга чейин баары бир кездерде, аманчылык болсо, карыйт, агала чач абышкалык, байбичелик куракка жетет. Ошондо алардын эл арасындагы абалы кандай болор экен? Мунун өзү – коомчулук, мамлекеттик деңгээлде ойлонула турган, азыртадан баштап кам көрүлө турган маселе да.

Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кенеши деп бир топ жыл мурда бозүйдө иш башталган. Негизги максат – калк арасында карыялык кадыр- баркты калыбына келтирип, “дүжүр чалдар”,  кээ бир депутаттар кыйынсынып Аксакалдарды “ак шакалдар” дегенге чейинки мазактоолорду жок кылып, карыялык калыстык касиетти коомдо, эл турмушунда өзүнүн татыктуу ордуна ээ болгудай дэңгээлге жеткирүү. Көптү көргөн, көптү билген, өткөн-кеткендерге ойдогудай ой жүгүртө алган кадырман карылар уюмдаштырылып, мүмкүн болушунча шарт түзүлүп, ушул иш күчөтүлсө, элдик колдоого алынып таанылса, ушунун өзү, бүгүнкү кыргыз турмушундагы эң бир тарыхый иш болгону турат. Кытай Эл Республикасында бул маселе мамлекеттик деңгээлде колго алыныптыр. Бул деген —  иштин көзүн таба билгендик. Айыл жерлеринде , шаар аймактарында Аксакалдар чогулуп, чер жаза баарлашып тургудай атайын жайлар бар экен. Карыган кезде өзү менен өзү болуп жалгызсыроо – азаптуу, адамдын адамдыгына жарашпаган жат абал.

Гезиттерди үзбөй окуган, теле-радиодон айтылгандарга жакшы кабардар 85 жаштагы карыяга жолуктум, айылдан. Далайга баарлаштык. Көнүлүндөгү ойлорун айтты. Бир азга тунжурап, анан: “Кенжеке, жашагым келбей калды” деди. “Байке, мен сизден ушундай сөздү угат белем, бул эмне дегениңиз?” десем, “Ук, жөн-жайын айтып берейин. Жамандык-жакшылыкта эл чогулган жерлерге чакырышат, барсам жалаң ушак сөздөр, калжың сөздөр айтылат, анан “табым жакшы болбой турат” деп шылтоолоп кетип калган учурларым болуп атат. Сенин жездең экөөбүз чер жаза ой бөлүшүп, ошонун өзу кандайдыр  бир дем болор эле мага. Ал киши о дүйнө салды. Мен үй күчүк болуп жалгыз калдым. Жашагым келбей калды дебатканымдын жөнү ушул”. Демек, карыяларга да санаалаштык, сырдашчылык чөйрө зарыл экен да. Кыргыз элдик карыялык каада-салтты калыбына келтирүү – турмуштук да, тарыхый да кыя өтө алгыз зарылчылык экендигине бийликтегилер түшүнүүгө милдеткер.

Кенжалы САРЫМСАКОВ,
КР Аксакалдар Кеңешинин мүчөсү,
ардагер журналист,
“Көк асаба”

Соц тармактар:

Өлкөбүз адамдын адамдыгын качан тарбиялаар экен?: 3 комментария

  • 22.08.2014 в 05:17
    Permalink

    Замандын агымына баш ийбей коё албайт экен адам. Ошондой болгон соң заман берип аткан мүмкүндүктөрдү пайдаланып карылыкка камдуу баруунун жолун калың элге айтып, түшүндүрүп барышыбыз керек деп ойлойм. Айтайын дегеним, азыр баары акчага байланыштуу болуп калды. А жакынкы жылдарда болсо, нак акча эмес электрондук акчага байланыштуу чечилип калганы турат баардык маселелер. Мына ушул багытта иш алып баруу керек. Албетте жалгыз акча менен эле жашабайбыз, бирок акчасыз маданият да, идеология да керектүү деңгээлге жетиши кыйын. Мен болсо ушул эки нерсени, материалдык жана руханий байлыктарды бирдей, тепетең өнүктүрүп кетчү жолду адамдарга түшүндүрүүгө аракет жасап жүрөм.

    Ответ
    • 22.08.2014 в 09:07
      Permalink

      Туура айтасыз. Бири биринен артык, маанилүү деш болбойт окшойт. Экөөнү тең бир алып барыш зарыл. Бирок ага жетиш да оор экен.

      Ответ
  • 18.11.2014 в 19:54
    Permalink

    Интернеттен,кыргыз мамлекетибиздин жарандары тарабынан идеология тушунугун ачыктоого багытталган видео роликте кыргыз эли үчүн ислам дини толук идеология болуп берет, Манас дастаныбыз баш болгон эпосторубуз,макал лакаптарыбыздын улуттук идеологияда орду жок делген түшүнүктү беришиптир.
    Манас дастаныбызды макал-лакаптарыбыздын идеалогиядагы маанисин бир ойлонуу менен карап көрүүнүздөрдү сунуштайм. Пикирим, аз убакта эмес, тилибиздин аны ташыган руху кыргызча суйлөгөн атабабабыздын бар болушундан бул учурга чейин бизге жеткен макал-лакаптары, улуттук келечектин ээси болгон муундардын жаркын келечеги үчүн таарбия берүү, дүйнөгө көз карашын калыптандыруу,жашоону танып билүүдө жакшы жагын жандай биле ала турган жетик ойлуу, сезим менен эмес жашоо чындыгы менен тушунуп талдай турган тетик муундарды жаратууда колдонулган тарбия берүүдөгү улуттук ыкма десем болот. 2200 жылдан узак кылымдар боюу улут болгон тарыхый жолунда 11 кылым мусулмандыкты таанып келген атабабабыздын, керексиз дебей, бизге жеткирген бул улуттук рухий байлыгыбызды барксыздай көрүп четке кагуубуз,биздин жетик бир тушунукто болгондугубуздан кабар бербейт.
    Ал эми көөнөрбөй,чыгышы (жаралышы десем жаңылыш болоор) белгисиз Улуу Дастаныбыздын жок болбой калкыбыздын акыл-эс, эс-тутумунда жаңыланып доордон доорго жаңырып жашап келиши Жараткандан эмес дей албайт болушубуз керек. Балким, Жараткандын Кыргыз калкыбыздын алып жүрүүсүн каалаган, адамзатка керектүү, жоготулгус маанидеги (адеп,жүрүм-турум,кулк-мүнөз,каада салт ж.б) адамдык баалулуктары камтылып жүрбөсүн дегим келет. Бул бизге берилген улутубуздун руханий байлыгын чектеп, себепсиз-барксыз көрүүгө акыбыз жок демекчимин.

    Ответ

Добавить комментарий