Чоң манасчы Шапак учурунда бааланбай калган…

shapak_manaschy

Шапак манасчы тууралуу учурунда анчейин эске алынбай келүүдө. Аныгында, ал “Манас” үчилтигинин үч бөлүмүн тең айткан чоң манасчылардын бири болгондугу талашсыз. Манасчы 1863-жылы Кочкор районуна караштуу Шамшы деген жерде колунда бар үй-бүлөдө туулган. Шапак Рысмендеев эч кандай мектепте окубаган, ошентсе да анча-мынча арап тамгасын таанып, окуганды билгендигин айтышат. Манасчылык жолун­да айтылуу манасчы Балык­тан, анын уулу Найманбайдан, ошондой эле кадимки Акылбек менен Сагынбайдан үлгү алган. Бул тууралуу өз учурунда Манас изилдөөчүлөр К.А.Рахматуллин да, Ө. Жакишев да белгилеп айтып өткөн. Албетте, бар­дык манасчылар сыяктуу эле түш көрүү, аян берүү да бол­бой койгон эмес. Бирок ошол түш көрүүгө чейин эле “Манас” менен “Семетейден” айрым үзүндүлөрдү айтып жүргөн экен. Шапак манасчыдан 1935-1948-жылдар аралыгында “Манас” трилогиясынын үч бөлүмүнөн материалдар жазылып алынган. “Манас” бөлүмү боюнча: “Ма­настын төрөлүшү жана бала­лык чагы”, “Манастын өспүрүм чагы”, “Көкөтайдын ашы” жана “Чоң казат” бөлүмдөрү,“Семетейден”:традициялык сюжеттин курамындагы баардык негизги окуялар камтылып жазылган. “Сейтек” бөлүмү да толук жый­налган. Ал жаздырган вариантта эпостун традициялык окуялары деп эсептелип келаткан баардык негизги эпизоддор толугу ме­нен бар. Бирок көпчүлүк окуя­лар үстүртөн кыска баяндалган. Мындай өзгөчөлүгүн мурунку изилдөөчүлөр туура байкап, ва­риантка жалпы мүнөздөмө бе­ришкен. Мисалы, К.Кырбашев минтип жазган: “Трилогия Шапактын айтуусунда өзүнүн көлөмүнүн аздыгы, окуянын кыскалыгы жана тактыгы ме­нен айырмаланып турат. Башка манасчыларга караганда Ша­пак традициялуу эпизоддорду кыскача кылып берүүгө ара­кеттенгендиги байкалат”. “Көкөтайдын ашы” менен “Чоң казат”сыяктуу белгилүү, чоң эпизоддордогу Шапактын варинатына да изилдөөчү К.Кырбашев мындай мүнөздөмө берет:” Негизинен, бул эпизод (“Көкөтөйдүн ашы”) ашка эл­дин келиши, Коңурбайдын Маа­никерди суратканы, ат чабуу, жамбы атуу, күрөш оюндары, Манас менен Коңурбайдын сай­ышы, байгеден чыккан чатак жана эки колдун беттешүүсү сыяктуу окуяларды ичине алат. Шапакта да Көкөтөйдүн ашы “Манас” бөлүмүндө берилип, мурдагы чыр-чатактын аягы ушул ашта уланат да, анан ары “Чоң казатка” өтөт. Бээжинге аттанууга да негизги түрткү болгон себептердин бири, эл арасында “Көкөтөйдүн ашында­гы” кандардын Манастан тарт­кан запкысынын аягы чырга айланып, алар Манаска каршы кеңеш кургандыгы болуп сана­лат. Ушул кеңеште жедигердин Багышы, Жетим чалдын Агы­шы, Эштектин уулу Жамгырчы, Кара жаак эр Үрбү, Кандын уулу Жүгөрү, казактардын Көкчөсү, Элемандын Төштүгү катышат. Жалпысынан алганда, Шапак­тын вариантынын “Чоң казат” эпизоду мерчемдүү традиция­лык мотивдер менен пайдала­нып, толук берилгендей көрүнсө да, өтө кыска схема түрүндө жа­зылган. Мисалы, жети кандын кеңеши, алардын бирден элчи жибериши, колдун жөнөшү, Ка­ныкейдин кырк чорону кийим-кече менен жабдышы, колдун жолдо жүрүшү, Алмамбет менен Сыргактын чалгынга жөнөшү, ат тандоо, Чубактын жаңжалы, Макел дөө (Мадыгел дөө) менен беттешүү, жылкы тийүү. Мын­дан кийинки окуялар да башка варианттардай эле традиция­лык эпизоддордон турат: Ма­настын жеңиши, Коңурбайдын Манасты алдашы, алардын ортосундагы акыркы беттеши, Манастын өлүмү,Каныкейдин Манаска күмбөз салдырышы. Ушул сыяктуу сыртынан кара­ганда традициялык сюжеттин курамындагы бардык урунттуу учурлар камтылган менен, алар кеңири сүрөттөлбөстөн, үстүрт гана баяндалып калган”.

Шапак манасчы тууралуу анын көзүн көрүп, батасын алып калган, азыркы аксакал манас­чыбыз Сапарбек Касмамбетов минтип эскерет: “Торпогубу жоголуп кетип, издеп чыктым. Мыкандын суусунун үстүндөгү көпүрөдөн өтүп, Чекилдек де­ген жер бар, ошол Чекилдектин сазында жайылып жүргөн көп малга барып, торпокту таппа­дым. Кыштын күнү эмне, бат эле күн батып, күүгүм болду. Ары токойдун жээгине барсам, бир чал кырчаңгыга эки таңгак отун артып атат. Чырпыктардан эки таңгак кыркып алыптыр. Эски тончон, башында тумагы бар, узун бойлуу, ноочасынан келген сакалдуу, үстүндө боз чепкени бар.

— Ой балам, бери кел! – деп чакырды. «Ии, кайдан келе жатасың? Кимдин баласысың?», – деди. Баягынын жанына бар­дым. Анда Касмамбет дегенди эл жакшы тааныбайт.

— Сайраке деген байбиченин, – дедим.

— Тиги Сыдыктын кызы тур­байбы, тааныйм, тааныйм. Ал аябай сөзмөр, жакшы байбиче. Кандай, жакшы жүрөбү? – деп калды.

— Ооба, жакшы жүрөт.

— Анда кел, мобул отунду ар­тыша кой, эмнеге келдиң эле? – деди.

— Тетиги торпок биздики, ошону издеп келдим эле.

— Ой, кой антпе, мени ме­нен барып үйгө жатып ал, анан эртең менен жолго салып коем, айдап кетесиң, – деди.

— А энем капа болот го…

— Эчтеке болбойт. Эр-жигит ар кайда жүрө берет, бир түндөн эчтеке болбойт.

Анан отунун артыштым, эки сыйра суудан өткөндөн кий­ин, жардын бооруна жанаша салынган бир бөлмө үйү бар экен. Эшигинин алдына отун­ду түшүрдүк, бир жакшы курч балтасы, беш-алты, эчкиси бар экен. Ал кезде улуулардын ал­дында ишти милдеттүү катары аткараар элек. Сакалдуу киши­ни көргөндө, ордубуздан тура калып, орун берип, керек болсо дамбал, көйнөгүнөн бери жууп берээр элек. Көрсө, 1942-43-жылдары тарбия ушунчалык өскөн экен.

Баягы отунду заматта эле кыркып ийип, тыкыйта жыйып салдым. Жыйып ийсем, «Кел балам, айланайын, конок ча­кыртып келбейт. Сенин аркаң менен биз дагы сорпо ичип ка­лалы» – деп, бир сары улакты кармап, союп атпайбы абышка. Анда дагы, малды кыйын сой­чумун, бир жагын кармап, баш, шыйрагын күйгүзбөй куйкалап ийдим. Казанга асып салып, чайга олтурдук. Жокчулук кез да, калама менен чай ичип ол­турабыз. «Абышкага алып кой­дум эле» – деп, «жаздык бомпо­зий» деп койчу элек, кемпири ошондон алып келди. Сөздөн сөз кызып отуруп, «Ой, балам, эмне билесиң?», – деди. «Ак­сакал, мен талаага уктап кал­гандан кийин эмне болгонун билбейм, ырдагым эле келет. Же «Манас» айта албайм» – деп, баштан өткөндү төкпөй-чачпай айтып бердим. «Оо, анда сени да касиет кармаган экен. Кел, бала, мындай олтур, мен дагы жакында Фрунзеден (Бишкек­тен) келдим. Шапак деген ма­насчы менмин», – деди. «Кел, айланайын, билгендей эле сой­гон турбаймынбы малды дагы» – деп, өзү «Манастан» баяндап айтып берип, «Эми сен айт!», – деди. Ошол жерден кандай ай­тып кеткенимди билбейм, бир кезде: «Токтот, токтот, эт быш­ты, айланайын», – деп токтотту. Эми ошондо казанга түшкөн улактын эти бир жарым саатта бышат да, азыр ойлосом кырк мүнөттөй айткан окшойм. Кай­сы жеринен айтканымды бил­бейм. Анан ошентип айтсам эле, «Батамды берейин, айланайын, келечегиң бар бала экенсиң», – деп батасын берди. Эртең менен турсам, байбичеси улактын бир жамбашын ороп берип: «Муну энеңдин башына салып кой», – деп бир шалы жоолугун берип жөнөттү. Көрсө, ошол киши ка­димки Шапак Рысмендеев экен. Кийин элүүнчү жылы келсем, эки баласы бар, экөө тең аскер­де экен. Өзү кемпири экөө беш эчкисине карап, отун-сууга жа­кын деп, токойдун ичине көчүп барган экен. Өзүнүн айылы ошол турган жеринен бир ча­кырым ары жайгашкан Көкжар деген айыл».

Рыспай Исаков, «Арена.kg»

Соц тармактар:

Добавить комментарий